Салкынай Алиева, ырчы:
"Өзүмдү көпкө чейин түшүнбөй жүрдүм"
- -Турмушка чыкканы көрүнбөй кеттиң? Ыр сүйүүчүлөр Салкынай Алиева деген ысымды унутуп калган жокпу?
- Эми бул суроону күйөрмандардын өздөрүнө бербесе... Бирок, ар кимдин өзүнүн күйөрманы бар деген чын. Мен көптөн бери жаңы ырларды жаздыра элекмин, сахнага да чыга элекмин, бирок ошого карабастан, мурдагы жаздырган ырларымды угушуп, мен жөнүндө кызыгып сурашып, көрүп калышса таанышканы мени кубантат.
- Буга чейин эмне менен алектенип жаттың?
- Ушундай бир учур болду, жашоодогу мындан аркы жолумду аныктаганга туура келди. Ошондуктан ырдан алыстап, эс алып, өзүмдү тапканга аракет кылдым. Ошол аралыктагы убактымды бүтүн бойдон үй-бүлөмө жумшадым. Бирок, эртеден кечке үйдө отуруп калган жокмун. Отуралбайм дагы, отургум да келбейт. Дайыма алектенчү бир нерсе сөзсүз таап алам. Орто Азиядагы америкалык университетте иштесем деген кыялым бар эле. Аным ишке ашып, ошол университетте иштеп аттым.
- Фамилияңды Воинова кылып алмаштырыпсың? Жолдошуң алмаштыр дедиби?
- Жок, бул өзүмдүн позициям болду. Бир үй-бүлө болуп турмуш куралы деп жаткандан кийин чыгыштын аялзаты катары күйөөмдүн фамилиясын алууну туура көрдүм.
- - -Воиновдордун үй-бүлөсүнө кандайча туш болуп калдың?
- Жолдошум экөөбүз тең америкалык университеттин студентибиз. Ошол жактан таанышып, жылдызыбыз келишип калды. Төрт жарым жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук.
Далер аттуу уулдуу болдук. 1 жаш, 8 ай болду. Папасынын көчүрмөсү. Жолдошум экөөбүз тең бала тарбиялоодо япондуктардын тарбиялоо ыкмасын колдонобуз. Баарына уруксат беребиз, "болбойт" дегендин ордуна "керек эмес" деген сөздү колдонобуз. Муну дагы абдан бир коркунучтуу кырдаалдарда айтпасак...
- Спорт чөйрөсүндөгү адамдардын үй-бүлөсүнө туш болгон соң, спорт менен машыксаң керек?
- Мурда анда-санда эле баскетбол ойноп койбосом, спорт жөнүндө ойлончу да эмесмин. Ар бир кыз кылганды кылчумун, мисалы, жарым жыл спорт залга барып, кайра эки жыл катары менен барбай коюп... Ал эми баламды төрөгөндөн кийин, мына ошондо машыкканга туура келди. Мрунку калыбыма келиш үчүн абдан көп иштедим. Ошондон кийин фитнес менен йоганы сүйдүм. Азыр ырахаттануу менен машыгам.
- Өзүңдүн үй-бүлөң жөнүндө айтып берсең?
- Менин үй-бүлөм да чыгармачыл адамдар. Атам кино оператор. Белгилүү режиссерлор Болот Шамшиев, Рустам Ибрагимбеков ж.б. менен чогуу иштешкен. Учурда өзүнүн экинчи фильмин Азербайжандан тартып бүтүп, үчүнчүсүн "Казакфильмде" тартып жатат. Апам чыгармачылыкка профессионал катары аралашып жүрбөсө да, ага абдан жакын. Ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөт. Киноактриса болгусу келчү экен, актриса болсо деле болмок. Ага таланты да, сулуулугу да дал келмек. Бирок, атам үй-бүлө же карьера деген талапты коюптур. Апам албетте үй-бүлөнү тандаган. Ошондо да апам актрисалык жөндөмүн жоготкон эмес, биз кичинекей кезде үй-бүлө үчүн ар кандай кечелерди уюштуруп ийчү. Ал эми менден улуу эжем ыр жазат, сүрөт тартат. Жакында алгачкы жолу картиналарынын көрсөтмөсү болгону турат. Мен эжем менен да абдан сыймыктанам.
- Сенин ырчы болуп калышың жөн жерден эмес экен да?
- Ооба да. Сахна-менин кичинемден берки эле кыялым болчу. Менин бөлмөмдө дайыма музыка жаңырып тураар эле. Чоң-чоң артисттерди туурап, микрофондун ордуна таракты колума кармап, сахнаны элестетип ырдачу элем. Университетке тапшырганда да ырдап, вокалдан сабак алып жүрдүм. Бир курдай "Жаным" деп аталган жаңы ыр жаздырдым. Анан ошол ырым менен көптөгөн студенттер аралык өткөрүлгөн фестивалдарга катышып жүрдүм. КВНде да ойночумун. Кыргызстандын курама командасына кошулуп, бир нече жолу Москвага да баргам.
- Ал эми чоң сахнага качан кадам таштадың?
- Мени ошол КВНдин биринде белгилүү шоумен жана продюсер Ассоль Молдокматова байкап калыптыр. Профессионалдык сахнага чыгышыма сунуш кылганында, баш тарта алган жокмун. Ошентип, биргеликте мага жаңы образ издеп, психологдор менен кеңешип, бий үйрөнүп, репетиция кылып... Ошентип отуруп чоң сахнага чыктым. Мага Ассоль айымдын жардамы чоң болду. 2004-жылы режиссер Э. Салиев , "Булут (Облака)" фильмине ырдаганы жана эпизоддук роль жаратканга чакырды. Ошол фильмге деп аткарган "Кое бербе (Не отпускай)" деген ырыма атам клип тартты. Ыр да, клип да ойдогудай болгондуктан, ошол ырым мага таанымалдыкты алып келди десем болот.
- Жакынкы аралыкта күйөрмандарыңды эмне кылып сүйүнтөйүн деп жатасың?
- Башта айткандай, узак убакыт ойлонуп, "Мен бул жашоодон нени каалайм? Эмне кылсам? Кайда барсам, менин чын эле ырдагым келеби же жокпу? " деп өзүмдү өзүм түшүнбөй жүрдүм. Ошол учурда жолдошум "Ырдаба, үйдө отур!" деп койбой, "өзү чечим кабыл алсын" деп эркиме койду. Ошол кырдаалда мага жардам берген жолдошума ыраазымын. Айткандай чечимди өзүм кабыл алдым. "Жүрөккө буйрук бералбайсың а тагдырдан кача албайсың" дегендей, баары бир сахна, ырсыз менин жашоом жок экенин билдим. Эми чыгармачылыкка катуу киришейин деп атам. Болбосо ага чейин менеджмент жана маркетинг тармагы боюнча, even- менеджмент- продюсердик бөлүмүн да кызыгып окуп көрдүм... Учурда жаңы бир ырды, ага тартыла турган клипти тартайын деп даярданып атам. Азамат Такырбашев деген музыкант ырдын тексти жана аранжировкасынын үстүндө алек болубатат. Ыр менин күйөрмандарыма жаңылык болот деп ойлойм. Анан андан ары да жаңы ырларды улам көбөйтүп, талыкпай тартуулай берем.
- Кайындардан өзүнчө турасыңарбы?
- Ооба.
- Үй-бүлөң менен бош убакытты кандай өткөрөсүңөр?
- Жакында эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бүт китептерин кайталап окуп чыктым. Негизи жолдошум экөөбүз тең кино көргөндү жакшы көрөбүз. Жаңы кино келгенин уксак эле кинотеатрларга жөнөйбүз.






Султан эми үйлөнөт
Кыздардын жүрөгүнө чокту салып, азыркы учурда бир көрүнүп, бир көрүнбөй жүргөн ырчы жигит Султан Садыралиев бойдокчулук менен эми чындап кош айтышты. Башкача айтканда ал бүгүн жердеши, таластык кыз Асел Раяпованын колун кармады. Султандын ата-энеси кыргыздын салты менен болочок келининин кулагына сөйкө салып, кудалар шаарыбыздын "Ормон хан" кафесинде жолугушту. Ал эми үлпөт той кийинчерээк болот экен. Бактылуу бийкеч сүйгөнүнөн үч жаш кичүү. Славян университетинин экономика жаатында билим алып, окуусун быйыл эле бүтүргөн. "Буга чейин Султанды кимге гана үйлөнтүп, кимге гана күйөө бала кылышкан жок" дешип, фанат-күйөрмандары дагы ишенишпей койбосо болду эми.


"Качанаак келин " болгуң келеби?
Жөнөкөй эле бишкектик Амина жана Жамиля аттуу эки курбу ушундай аталыштагы оюн-зоок акциясын демилге кылып чыгышты. Акциянын аты аталып тургандай, эгерде кимде-ким келинчек болууну кааласа, ага талап кылынган чач жасалганы, макияжды жасатып, зер буюмду тагынып, үлпөт көйнөктү, туфлини кийип, сумканы көтөрүп койкоюп келиши керек. Эң жеңил жагы, күйөө баланын кереги жок. Аны кыздар көчөдө жүрүп өздөрү таап алышат. Анткени, топтолгон "келинчектер" шаарыбыздын ар кайсы жерлеринде (Курманжан-Датканын эстелигинин жанында, Ала-Тоо галереясында, Панфилов жана Сүйүү паркында жб.) сүрөткө түшүшүп, шампан атышып, каруселдерге түшүшүп "күйөө балдарды" чабышат. Эгерде жигит жакпай калса, кинодогудай качып кетсеңиз болот. Акция 24- сентябрда болот. Андыктан азыртан чамдагыла селкилер!


Нурбек Эгенден "Манастын төрөлүшүн утурлап"
"Аталар керээзин" тартуулап таанылган режиссер Нурбек Эген эми "Манастын төрөлүшүн утурлап" деген тасма тартты. Алгачкы бет ачаары 30-августта "Ала-Тоо" кинотеатрында болуп, учурда Бишкектин айрым кинотеатрларында жана Ош драма театрында да кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлүп жатат.Тасмада коомчулуктун ар кандай катмарынан, ар башка кесипти аркалаган адамдардын портрети аркылуу өлкөнүн портрети чагылдырылат. "Белгисиздиктен чарчаган эл өзгөрүүлөрдү, чыныгы лидер, руханий ата, Манастын туулушун күтүп жатканын көрсөтүүгө аракеттендик", - дейт Н.Эген.