"Альфа":
"Биз көтөрүлсөк,
бийлик айласын таппай калат"
7-апрелдеги окуя жөнүндө ар түрдүү пикир, видеотехникалык далилдер болгону менен бул каргашалуу күн боюнча ойдогудай иликтөө иштери жүргөн жок. Ак үйдөн ок атылганы ырас. Башкы күнөөкөрлөр өлкөнүн сыртына чыгып кетти. Редакцияга азыр 7-апрелде элге ок атты деген айып менен шектелип абакта жаткан "Альфа" кызматкерлеринин ата-энелери жана кызматташтары кайрылышты. Алар каргашалуу окуя боюнча төмөнкүдөй ой бөлүштү.


Роман,
"Альфа" кызматкери
(белгилүү себептерге байланыштуу аттары өзгөртүлдү):
-6-апрель күнү кечинде өздүк курамды чогултуп "тапшырма аткарууга барасыңар" деп, бирок кайда барарыбызды айтышпады. Биз Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин (УКМК) борбордук аппаратына чогулдук. Бирок өлкөдө башаламандык башталганын билгенбиз. Эртеси аскердик тревога менен саат 11лер чамасында "Форум" жайгашкан имаратка алып барышты. Ал жерге биз эки жүк ташуучу, бир жеңил машина менен бардык. Барсак, эл көп жыйналып, милиция кызматкерлеринин көпчүлүгү таяк жеген экен. Абал өтө кооптуу болуп, элди башкарууга мүмкүнчүлүк жок эле. Бизге "карыш жылбастан митингчилерди тосуп тургула, бирок элди атпагыла" деген буйрук берилди. Биз менен генерал УКМК башчысы Суталинов кошо жүрдү. Аңгыча биз тарапка алыстан таш ыргытылып, ал улам күчөп жатты. Бир убакта митингчилер бизди курчоого алып кысып келе жатканда, жол боюндагы бир имаратка качып кирүүгө аргасыз болдук. Алар артыбыздан кирип, айнектерди талкалап, бизди бирден алып чыгып сабап жатты. Биз эч кандай чара колдонбой туруп бердик. Мени ошол жерде бирөө арматура менен башка чапканда, эстен танып жатып калыптырмын. Ошол күнү байкаганым, чабуул койгон кишилер мас эмес эле. Мас кишинин аракети андай болбойт. Алар эч нерседен тайманбаган, өтө агрессивдүү абалда жүрүштү. Андан кийин Оштогу башаламандыкта болдук. Үйү күйгөн, жакынынан ажыраган кишилер да асманга ок атканда алыска качып жатышты. Ал эми "Форумдун" алдындагы элдин аракети өлүмдөн да кайра тартпаган кишилер эле. Алар акыл-эси ордунда эместей, эч нерсе сезишпей эле алга жүткүнүп турду.

- УКМКнын куралдары кантип элдин колуна өтүп кетти? Бул боюнча атайын провокация жасалды деген чынбы?
Темирлан,
"Альфа"кызматкери:
-Биз атайын бөлүк болгондон кийин эгер бир жактарга чыксак, толук курал, аскердик тил менен айтканда, "по полной программе" менен чыгабыз. Куралдарыбыз машинада болчу. Бизди эл сабап, эч ким калбаганда, көтөрүлүшкө чыккан кишилер куралдарды бүт бойдон алып алышкан. Бизге "Форумдун" алдында эл чогулду, ошол жерге барып милицияга жардам бересиңер деп айткан эмес. Ошондуктан биз толук куралданып барганбыз. Ошол машинанын айдоочусу азыркыга чейин ооруканада жатат. Биз Ак үйдүн алдында да, "Форумда" да эч кимди аткан жокпуз.

- Анда токсонго жакын кишини ким атты?
Кудурет,
" Альфа" кызматкери:
-Бул жерде үчүнчү күчтөр болду. Биз аскер адамы болгондон кийин, октун кайдан чыгып жатканын жакшы ажыратабыз. Снайперден чыккан ок "Илбирс" менен Тарых музейи тараптан чыгып турду. Андай снайпер куралы "Альфада" жана өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө жок болчу. 7-апрелден кийин Азимбек Бекназаров "бакиевдер алып келген жалданма киши өлтүргүчтөр колго түштү" деп атайын билдирүү жасаган. Ал айткан күнү УКМКнын СИЗОсуна андай кишилер камалган эмес. Кана, ошол көзгө атарлар? Эми каза болгондордун ата-энелеринен кутулуу үчүн биздин жолдошторубузду камап жатат. Ал жигиттер 10-майга чейин Утурумдук өкмөттүн мүчөлөрүн кайтарып жүрүштү. Экөө алар менен Оштон келсе, аэропорттон тутуп камап коюшту. Ак үйдүн чатырына биздин балдар чыкканы ырас. Бирок алар жөн гана дүрбү салышкан. Өкмөт үйү стратегиялык маанидеги объект болгондуктан, башка күндөрү деле анын чатырында эки көзгө атар жоокер болот. Азыр абакта жаткан балдар андан кийин деле банктарды, өкмөт мүчөлөрүн кайтарып жүрүштү. Бизди каалашынча пайдаланып, кордой берген болбойт. Биз көтөрүлсөк, жаман көтөрүлөбүз. Эгер күч органдары көтөрүлсө, кайсы бийлик болсо да алапайын таппай калат.

- Бакиевдер тарабынан жалданма киши өлтүргүчтөр бар экенин ошол күнү байкадыңарбы?
Александр,
"Альфа"кызматкери:
-Ким экенин билбейбиз. Аларды жашыруун кармашты да. Кантип эле күч органдарынын көзүнчө элди ат деп буйрук берсин. Кийинкисин ойлойт. Азыр эл "Альфа" десе эле, элди атат деп түшүнүп калды. Биз элди атуу үчүн эмес, аларды коргоо үчүн түзүлгөнбүз. Бизди ат десе, өз элин ата берет деген зөөкүрлөр деп түшүнгөндөр катуу жаңылат. Айлыктын аз экенине карабай күнү-түнү машыгып иштеп жүрөбүз. Ошондой буйрук берилсе деле атмак эмеспиз. Өмүрүбүзгө коркунуч келип, темир менен сабап жатканда, жада калса муш менен жооп кайтарган жокпуз.

- Эми силерге кандай күнөө коюлуп жатат?
Роман:
- Альфанын жигиттерин кылмыштуу буйрукту аткаргансыңар дейт. Бул канчалык деңгээлде туура экенин дагы териштирүү керек. Азыркы Утурумдук өкмөт деле У.Барктабасовду кармаганда 7-апрелдегидей буйрук берди го. Эгер бир нерсе болуп У.Барктабасовдун кишилери бийликке келсе, биздин балдар кайра камалабы? У.Барктабасовду кармаганда кандай аракет көрсөк, 7-апрелде да ошондой эле аракет жасадык. Ошондуктан жазыксыз жолдошторубузду бошотуп берсин. Биздин айтарыбыз ушул.




Гүлмира, учурда абакта жаткан
"Альфа" жоокеринин энеси:
- Эң ириде биз жетинчи апрелде курман болгондордун баарынын жакындарына көңүл айтабыз. Бул кандуу окуяга кабыргабыз кайышты. Балдарыбыз төрт айдан бери УКМК абагында жатат. Бекназаровго кирсек, "референдум өтсүн, өтсө эле ишибиз алга жылат" деп айткан. Күт деди, күттүк. Биздин каалаганыбыз эле адилет сот болуп, балдарыбыздын тагдыры чечилсе болгону. Бирок үмүтүбүз акталбай жатат.
Балам болгону 22 жашта. Аскердик окуу жайын, аскердик лицейди бүткөн. Мен ушундай болот деп ойлогон эмесмин. Мына, төрт айдан бери өзүбүз да сурамжылап, баарын иликтеп бүттүк. Биздин балдар күнөөсүз эле олтурат. Чындык жок болуп жатат. Камалганда да жалаң карапайым кишилердин балдары камалды. Кана, ошол Жаныш Бакиевди жандап жүргөн балдар? Алардын бири камалган жок.

Ниязов Алымбек, учурда абакта
жаткан "Альфа" жоокеринин атасы:
- Учурда жети бала 7-апрелде элди аткан деп УКМК СИЗОсунда камалып жатат. Менин балам ошол күнү Ак үйдүн чатырында болгон. Ал ошол окуяга чейин деле чатырга чыгып иштеп жүргөн. Бул анын кызматы болчу. Муну контрснайпердик иш-чара деп аташат экен. Аларга 7-апрелде башаламандык болот деп эч ким эскерткен эмес. Азыркы камалып жаткан жети баланын ата-энеси өз балдарыбызды жакшы билебиз. Ошол күнү да телефон аркылуу сүйлөшүп, элге ок атпагыла деп кайра-кайра эскертип жаттык. Эгер эсиңиздерде болсо, Утурумдук өкмөт "Мекен шейиттеринин" алдында балдардын кыркына чейин күнөөлүүлөрдү таап жазалайбыз деген. Бирок эч кимди таба албай, айлалары кетип, балдардын кыркына бир-эки күн калганда, өздөрүн кайтарып жүргөн жигиттерди садага чаап, камап жатышат. Биз сот адилеттигин күтүп, күнөөлүү болсо жазасын алсын, күнөөсүз болсо бошотсун десек, булар ишти создуктуруп келүүдө. Биз актап бергиле же такыр чыгаргыла деп талап койгон жокпуз. Сотко чейин үй камагына чыксын деп жатабыз. Себеби, балдар төрт айдан бери кыйналып кетти. Башкаларды чыгарып эле жатышпайбы.

Дамира, учурда абакта жаткан
"Альфа" жоокеринин энеси:
- Эгер "Форумдагы окуяны айтсак, үч миң кишиге 60 киши кантип туруштук бере алат эле. Бирок "Альфанын" ошол жерде автомат, пулеметтору бар болчу. Атам десе, кырып салышмак. Биз ошол күнү бардык ата-энелер балдарыбыз менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, элди атпагыла деп какшап жаттык. Сотту создуктуруп жатышат. Биздин балдар күнөөсүз жерден садага чабылды.


Р.S. Азыркы бийлик укуктук мамлекет курабыз, адам укугун сыйлайбыз, өлкөдө бир гана мыйзам деген авторитет болот деп байма-бай какшап келет. Бирок ошол эле мезгилде "Альфанын" балдарын бир айдан кийин, курман болгондордун кыркылыгына эки күн калганда камап жатат. Анысы аз келгенсип, төрт айдан бери иш сотко өтпөптүр. Бул маселеде "Мекен шейиттеринин" урук-туугандары эмне дейт? Алардын да оюн угууга даярбыз.
Келдибек НАЗИРОВ