Партиялар парады, парламентке барабы?
"Ата-Журт" "атажутка" айланбаса экен…
Капчыгы калыңдар, катарга!
Парламент шайлоосуна камылга бакиевдер Кыргызстан калкын канга боёп кайдадыр качкандан башталса дагы, кечээ жакында күжүлдөп күчүнө кирди.Борбордук шайлоо комиссиясына 29 партия наказ берип, документин тапшырганы дайын болду. Дагы кудайга шүгүр, республикада расмий катталган 145тен ашуун партия бар деп жаттык эле, алардын бардыгы аттанса, өлкөнүн шайлоочулары түгүл, бүт экономикасы чак келер беле, келбес беле, ай, шегибиз бар.
Ошентсе да, саясый "көзү ачыктардын" айтымында, бул парламенттик шайлоого ашып кетсе, 7-8 партия чыгат.Алардын алдуу, күчтүүлөрү да белгилүү. Алар албетте, акчасын самандай сапырып, жалаң АКШ долларынан доолдай тиктиргендер. Аны ар бир шайлоочу билип, сезип турат. Бирок, андай акча кайдан агып келгенине эч кимдин көзү жетпейт. Айталы, республика түштүгү бүт кыйрады. Түштүк калкын кантип кыштан алып чыгуунун амалын издеп, кыргыз мамлекетинин башы маң. Өкмөт куржуну курук. Ушу тапта мамлекет бюджети 30 млрд. сомго таңсык. б.а., жетпейт. А бюджетибиздин болгон бүткөнү 50 млрд. сомдон анча-мынча ашат. Алыскы чет мамлекет, уюмдардын, жакынкы "боордош" деген өлкөлөрдүн берер карыз, бекер жардамын жалдырап күтүп турубуз. Ал болсо болот, болбосо, эч ким милдеткер эмес. Ушундан улам Кыргызстан саясый партияларына каражат кайдан агып келип атат? Аларды эмне үчүн өлкө экономикасына, б.а., өндүрүш өнүктүрүп, товар чыгарууга, бери калганда Атажурт, Атамекенине инвестиция, кредит иретинде жумшабайт? Андай суроо коюп, жооп издеген эч ким жок. Болсо да табылбайт.
Бирок бир нерсени боолголосо болот. Өз күчү менен бутуна турган саналуу ишкерлерди эсепке албаганда, Акүй акырынан жем жегендер, министр, губернатор, аким, өкүм ж.б. аткаминерлер мамлекеттин мал-мүлкүн, ишкана-мекемелерин менчиктештирип, бюджет каражаттарын кагып жеп, тынымсыз пара алып байыгандар. Дүнүйөсү, акча каражаты жетиштүү. Мүмкүн ошон үчүн ишкерлик кылууга мойну жар бербейт. Мүмкүн кызматтан ажырасам же колтийбестикке ээ болбой калсам, ошол дүр-дүнүйөмдөн кол жууп , камалып кетемби деп коркот. Өткөн сапарда силердин гезит жазды өңдөнөт: "Ата-Мекен" партиясынын 25-тизмесине илинүү 25 миң долларга чыккан имиш деп. Албетте, аны далилдеш кыйын. Бирок алдуу-күчтүү, демек парламенттен арбын орун алуу мүмүкнчүлүгүнө ээ партиялардын бардыгында долларбайларды тутамдагандар додолонуп кезек күтүп турат деген имиш көп. Алар кимдер? Көпчүлүгү Акаев менен Бакиевдин кешигине кекиртектен тоюп, аш кылалбай аткандар.

"Бригада" "колхозго" айланды
Алдуу-күчтүү партия дегенде, кимдер аталууда? Албетте, Кыргызстан социал-демократия партиясы (КСДП), "Ата-Мекен", "Акшумкар" сыяктуу 4-5 партия. КСДП менен "Ата-Мекенде" административдик ресурстар күчү арбын экендиги айгине. Чөнтөктөрү да калың. "Ата-Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев менен "Акшумкар" партия башчысы Темир Сариев мамлекеттик кызматка илинбей, Акүй акырынан жем жебей калганына байланыштуубу, айтор айланасына жалаң акчалууларды чогултуп атат деген кеп бар. Атүгүл Максим Бакиевдин "көрөр көзү" Оксана Малеваная Текебаевдин штабын идеологиялык жактан машыктырып жатыптыр деген кабар жарыяланды. Үйтүрмөдө экендигине карабай. Аны "Дело №" гезити О. Малеваная Бакиевдин политехнологу катары Украинадан издеп таап, Акүйдө иштетип аткан В.А.Никитиндин "изденүүсү" "Ата-Мекен" партиясынын айныгыс программасына айланганы менен далилдеди.
Кеп анда эмес. Акчасы канчалык калың экендиги билинбесе да, бул үч партиянын калк арасында кадыры күчтүү. Канткен менен кандуу болсо да, апрель революциясын ушулар уюштурду деген уламыш бар. Анын үстүнө убактылуу бийликке да ушулар келди. Шайлоого бийликти бошотуп барабыз деп эл алдында ант бергендигине карабай, дагы эле ушулар турат. Акүйдөн алыстамыш болуп, ар кандай декреттерге кол коюп атат. Айталы, экс-президент А.Акаевдин кол тийбестигин алуу жөнүндө. Ушуга окшогон темалардын тегерегинде ой жүгүртө келгенде, парламенттин бул шайлоосунда аларга тең келер партия жоктой. Мүмкүн "Республика" партиясы жандай чабаар деген божомол бар.
Арийне, саясый серепчилер "Ата-Журт" партиясына айрыкча көңүл буруп атат. Акчасына да, аткаминерлерине да, офисине да карап. Айрым айың сөздөргө ишенсек, партиянын күнүмдүк чыгымы эле 70-80 миң долларды түзөт. Ал эми эски Правда көчөсү менен Киев көчөсүнүн жаңы курулган 6 кабат офисине тете курулуш ааламда бар-жогун билбейбиз. Жүздөгөн кызматкерлери эң акыркы электроника жабдыктары менен куралданган. Эң негизгиси, акча, байлыктын ээлери ким? К. Бакиев бийликке келгени "Бригада" деген ылакап атка конгон парламент мүчөлөрү- Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров жана ошол кездеги ЖК төрагасы Марат Султанов. Бакиев мезгилиндеги республиканын экинчи адамы - администрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев.
Эсиңиздеби, миңдеген митингчилердин кысымы менен 2006-жылдын 9-ноябрында президент Бакиев жаңы Конституцияга кол койгон. Эгер жаңылбасам, мамсекретарь Адахан Мадумаров дүйнөдө мындай демократиялуу Конституция жок деп жарыялап, парламент башчысы Марат Султанов, комитет төрагасы Исхак Масалиев, оппозицияны колдогон депутаттар катуу майрамдап, Кыргызстан гимни жаңырып атканда жалгыз Камчыбек Ташиев "Позор! Позор!" деп орусча кыйкырып турган.Өз пикири, көз карашы бар экен деп, анысына таң берейин десең, бүгүнкү күндө "бригаданы" "колхозго" айлантып, парламенттик шайлоого бар байлыгын чачып атыр. Анткенибиздин себеби, анда "Позор!"деп орусча бакырган ал Конституция парламенттик башкарууга ык койгон башмыйзам болчу. Атүгүл анын ачуусу мен "ОР" гезитине интервью берип: "Экинчи депутаттыкка талапкерлигимди койбосумду расмий билдирем" деп жиберген (16.07.06.). Эмне демекпиз, Алыкулду бура айтканда: "Адам деген айныгыч тура, бечара ". Баса, Ташиев мырза Бакиев саясатына канчалык кулдук уруп, куру даңаза кылганы менен ортосунан кара мышык өтүп кеткенсиди. Бирөөлөрү "бригада" мүчөлөрүнүн айрымдары (Ташиев, Султанов, Жапаров) Максим Бакиевдин "улуту" башка дегенсип, Жаныш Бакиевге жан тарткан дешет. Бирөөлөрү аны президентке арбын акча берген Данияр Үсөнов жыга чапкан дешет. Дегенде да, мамлекеттин миллиондогон акчасы Ташиевдин мойнуна тегирмендин ташындай илинип, кылмыш иши ачылганы кыргыз кыйырына дүң болгон. Андан кызыгы, азыр шайлоого Данияр Үсөновдун аялы - Динара Исаева менен чогуу баратат. Акыл, абийир эмес, акча жеңсе, алдым-жуттумдуктан куру эмес, ал жеңеси менен парламентте чогуу отуруп калышы ыктымал.
Баягы, баягы, Бакиевдин таягы!
"Ата-Журт" партиясынын парламенттик тизмеси менен тааныша келген адам антип айтпаска аргасы калбайт. Биздин оюбузча, партиянын "атаманы" Ахматбек Келдибеков болгону менен өзүн үчүнчү орунга түшүрүп, Мыктыбек Абдылдаевди биринчи орунга алып чыгыптыр. Анын эки себеби болушу мүмкүн. Генерал Абдылдаев эки бир тууганы -Керимкуловдор менен А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да арыгын чаап, суусун сугарган "дыйкандардан". Устукандын улуусун ушулар алчу. А. Келдибековго кезек тийчү эмес өңдөнөт. Анын үстүнө Максимдин досу, Жаныштын касы (демек, "бригаданын" да) Данияр Үсөнов менен акыйлаша кетип, майлуу-жайлуу кызматтан ажыраган.
Экинчиден, канткен менен "ыйманы" бар жигит эмеспи, Акаев режиминде да, Бакиев режиминде да бакыйган кызматтарды ээлеп, куйругуна "калбыр" байлап чыга келгенин унутпаса керек. Мисалы, Кыргызстан соцфондун башкарып турганда Келдибеков мырза ансыз да өлбөстүн күнүн өтөгөн кары-картаңдардын эсебинен чекара бөлүгүнө 200 миң сом, М.Акаеванын "Мээрим" фондуна 300 миң сом, мамлекеттин 2200 жылдык тоюна 16,2 млн. сом бөлгөнүн, ошондой эле көптөгөн финансы механизацияларды жасаганын Жогорку Кеңеш комиссиясы казып чыгып, эч ким эч жерине куурай саялган эмес.
Ал эми Бакиев заманында ЖКнын бюджет жана финансы комитетин жетектеп туруп, 2007-2008-жылы депутаттар үчүн 75 даана "Тойота-Камри" автомашинасы кымбат сатылып келинди кылып, бир кыйласын сол чөнтөккө солоду деп бир чуу чыккан. Ал чуу президент тарабынан А.Келдибековду КР Салык комитетинин жетекчиси кылып дайындоо менен тым-тым болду сыяктанат. Арийне салык комитетинде материалдык байлыктарды ары аласалдырып, бери аласалдырганын айтпаганда да ( ал тууралуу кең-кесири "Форум" гезитине жарыяланган "Ахматбек Келдибековдун "келемиштик жүрүштөрүнөн"(11.05.10.) аттуу макаласынан кеңири кабар алса болот. Кыязы, чындык өңдөнөт, ага жооп болгон жок), Максим Бакиевдин Өнүктүрүү жана инвестиция борборуна делинип, "АзияУниверсалБанкка" 10,5 млн. доллар эмне үчүн которулгандыгын изилдеп көрсө, кыйла из табылар беле? 2010-жылдын февралында ОсОО "Флюра" ишканасынан 35 млн. сом жашыра коём деп, анысын финполиция жетекчиси Акимжан Муйбиллаев менен эң ири суммада соодалашып жатып жаптырган деген каңшаар да далайга калк аралады.
Кыскасы, Бакиев бийлигинен миллиондорду басып, өлкө экономикасын өлмөсөк абалга алып келген чиновниктердин дээрлик бардыгынын башы ар кайсы партиялардын колтугунан чыгып атканы кызык. "Ата-Журт" партиясын айтпайлы, алардын экисинин бири ошол "окопто". Кыскасы, ат менен да, куш менен да издетип таппай атам деген Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов, кумар оюндарынын "кудайы" Роман Шин ж.б. Азимбек Бекназаровдун жанында, мүмкүн бир ашканадан табак талашып тамактанып жүрөт.
"Ата-Журт"тизмесине атактуу Марат Султанов да 17-орунга илинди. Ал мамлекет казынасын кантип майкандап, байлыкка кантип белчеден батканы көп жазылды. Айрыкча Шалхар Жайсаңбаев менен "жайлап" кеткен 18,5 млн. доллар жөнүндө. Кайталабайлы. Бир гана эмне үчүн 17-орунга түштү деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени, партиянын дымагы 17 эмес, элүүдөн ашуун орун алабыз деп турат. Алышы толук ыктымал. Анткени, түштүк электоратын, айрыкча өзбек калкын алар баарынан озунуп алып койду дешет. Түндүктө да таасири күчтүүлүгүн, б.а., 12 теңтөраганын 8и алдуу, малдуу түндүктүк эски чиновниктерден турарын Курманбек Бакиевдин эң ишенимдүү нөөкөрү Садыр Жапаров басма сөзгө бакылдап айтты. Ал эми айрым саясатчылар Марат Султановду президенттикке таптап дешет. Жүйө барбы? Бар!

Иса КЫДЫРАЛИЕВ