Түлеев түрмөдөн түнөк тапкан жок

Качкында жүргөн экс-Бишкек шаар мэри Нариман Түлеев аэропорттон кармалды деген кабар интернет-сайттарга ошол замат жамгырдай жаап, шамалдай сабаган. Кыргыз чекисттери "кыраакылык" кылып кармаптыр. "Атажурт" партиясынын парламенттик шайлоого талапкерлеринин 4-тизмесине илинип, заң боюнча богуна куурай саялбасын билип, самолеттон өзү шаңдуу түшөр замат. 3 саат аэропортто кармап, 2 саат "үч тамгада" сурак кылды дейт. Ушунун өзү мыйзам бузуу экендигин утурумдук өкмөт билер бекен? Башкы изкубар Бекназаровго берер кеңеш: мыйзамдарды, жок дегенде Шайлоо кодексин оңдотуп, анан дүйнөнү издетип айкырык салса...

Бакиевдин кудалары көп сырды билеби?
Чүйдүн Ысык-Атасынан Кененбаевдер деген күчтүү династия бар. Кайсы бийлик келбесин, Кененбаевдердин ыргыткан ташы кулап келет. Маселен, Кубан Кененбаевдин Айжан аттуу кызы Максим Бакиевге, Айзадасы Данияр Үсөновдун баласы Муратка күйөөгө узап, Кубанды бүгүн- эртең Бишкек мэри болом деп дөөлөткө магдырап турганда, Закиржандын бийлиги эл кыргынынан түшкөн. Бирок, Кененбаевдерди Кененбаев кылган Арсланы дешет. Финансы тармагын, андагы ири "махинацияларды" ыраса катырганы үчүн Айдар менен Максим жанынан карыш чыгарбачы тура. Энди ошол Арсландын айыбын "Айчүрөк" борбордук дүр-дүнүйө дүкөнүнүн, "КыргызКредитБанк" банкынын ээси Джоржио Фиаккони ачат деген айың күч. Анткени, ал аталган банкты убагында Максим тартып алганын айтып сотко кайрылууда. Энди, сотто Арсландын "афералары"да чубап чыгышы мүмкүн имиш. Себеби, Фиаккони да убагында ЦУМду чоң афера менен итбекер (болжолу 240 миң сомго) сатып алганы белгилүү. Бирок 2007-жылы Фиаккони ЦУМду жанындагы базарчиги менен 24 млн (!) долларга казактарга сатып ийди деген имиш чыккан. Жок жерден эбегейсиз дүнүйөгө ээ болгон Фиаккони каражатынын басымын "КыргызКредитБанкына" жумшайт. Анан банктын ити чөп жеп баштаганда даяр ашка Максим Бакиев келип, италиялык ишкердин "кемирген дүнүйөсүн тартып алган. Көрсө, ошол "финансылык баскынчылыктын" артындагы дирижёрлук пультта Арслан Кененбаев турган имиш. Эми, бүгүнкү бийлик Арсландын айыбын чукушка күчү жетеби же "чөнтөккө соломой" саясаты баарын чечеби?


Акбар Рыскуловдун арманы аттын башындай
Бардык бийликтин жана элдердин акын булбулу Акбар Рыскулов "Беш жылымды Бакиев уурдап кетти" деп "Жаңы Агымга" жарыя берди. Эмне болуп, кантип уурдады? Жанын кыйнап тапкан уйкаштыктарына акча төлөтпөй койдубу? Биз билгени, казакча катуу сүйлөгөнүн эске албай, Казакстандагы элчиликтен алып салды. Айыбы ошол. Ал укугун коргоп уйкаштырып да, карасөз менен да кайыр айтканын укпаптырбыз. Ыр уйкаштыргандар элчи болгону Латын Америкасы менен Орто Азиядагы артта калган айрым мамлекеттерде гана кездешет. Бетибиз чымырабайт экен.


А.Бекназаровду "батьканын" арагы ууланттыбы?
Кечээ айтылуу Азимбек Бекназаров ууланып, "кул жетпестердин" ооруканасына жеткирилди деген кабар тарады. Божомол-дөдөмөл көп. Аны бири: ууланардан мурда ал Нариман Түлеев менен жолугуп, суракка алган экен. Нариман Минскиден алакелдим эле деп, белорус арагын сунуш кылган имиш. Азимбек мырза "сахарым бар эле" деп, андан аз эле ооз тийген экен. Ошол бойдон оозуна эчтеме албаптыр. Ошентип айрым ойрон саясатчылар анын ууланышын "батьканын" арагына байланыштырып атат.


Кубанычбек Исабеков Кумтөргө конобу?
Адегенде "Акшумкар" партиясына өтүп, "Кумтөргө" конот, б.а., бир кезде "Кумтөрдөн" алган "теракысын" ошол партия фондусуна кошот деген жоромол тараган. Партия лидери Темир Сариев "полкумда" "акжолчулар" толуп кетти деп чоочуганбы, айтор Исабековду "акшумкар" да, "көкшумкар" да кылбай коюптур. Исабеков "курама темир курч болот эмеспи" деп, жалаң интернационалдардан иргелген "Содружество" партиясынын босогосун сагааласа, алар да алданбаптыр. Айласы кеткен Исабеков "Курулушчулар" партиясынын 1-тизмесине "Кумтөрдөн" доллар куюлтам деп кирди дейт.


Өлүм жазасы керек!
Гезитибиздин №3 санында "Бишкекте нефть бизнесменин үй-бүлөсү менен атып кетишти" деген материал чыккан. Анда болуп өткөн өтө кейиштүү окуяны, жаналгыч бандиттердин ырайымсыз зөөкүрлүгүн сүрөттөп, коомчулуктун, бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн айрым жерлерин аша чаап жазып жибериптирбиз. Ал үчүн маркум Жолдошбек Керимкуловдун үй-бүлөсүнөн кечирим сурайбыз.
Биз деле окуянын кандай өткөнүн кошуналарынан, атбашылык дос-тааныштардан угуп жазганбыз. Тергөө иштери бүтсө, бул окуяга сөзсүз кайрылабыз. Негизи эле бийликтин, мыйзамдын алсыздыгы, пара деген балакеттин күчүнө бандиттер, киши өлтүргүчтөр күчөдү. Себеби, алар жасаган кылмышы үчүн өлүм жазасына кабыларын эң сонун билишет. Ошондуктан бүгүнкү бийлик "бандиттик беспределди" токтотуу үчүн өлүм жазасынан мораторийди алып салышы керек. Болбосо, канча деген үй-бүлөлөр алардын азабын тартканы менен тигилер тиешелүү жазасын албай келет.
"Лозунг-пресс"