Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Динара Орозбаева,
"Алмаз экөөбүз 10 жыл
өткөн соң табыштык"
Динара, жолдошуң Алмазбек Раимкулов экөөңөрдүн сүйүүңөр интернетте сүйлөшүүдөн башталыптыр. Демек, сен "виртуалдуу" сүйүүгө ишенгендердин бири экенсиң да?
- Ооба, ишенем. Биздики чындыгында эле ушундай болду да. Бирок, Алмаз мени кичинекей кезимде көрүп эле жүрчү. Ал Ош районунан мен жашаган Куршаб айылындагы аяш атасы Кадыралиевдердикине көп келип турчу. Алмаз анын уулу, маркум депутат Санжар Кадыралиев менен жакын достордон эле, а биз алар менен кошуна турчубуз. Алар менин улуу байкем менен да мамилелери жакшы эле. Кийин айтканына караганда мени ошондо эле байкап жүрүптүр. А мен анда мектепте окуган, олимпиада, конкурстардан калбаган активистка, тыпылдаган-тың кыз элем. Ошентип, мен мектепти, университетти аяктап, КТРде иштеп калдым. Бир курдай андан интервью алганы телефон чалгам, ошондо баягы айылдагы секелек кыз Динара экенимди укканда "Тагдырдын табышмактуулугун кара" деп таң калган. Көрсө, ортодон 10 жыл убакыт өтүп, Алмаз балалыгыбызды унутканга жетишиптир... Ошондон баштап Алмаз мага өзү телефон чала баштады, интернеттен сүйлөшүп жүрдүк. Интернет-алысты жакын кылып, экөөбүздүн сүйүүбүздүн күбөсү болду. Бир күн сүйлөшпөй калсак же телефон чалбай калса кадимкидей сагынып кетчүмүн, көрбөй туруп эле. Бирок, башында биздин "виртуалдуу" сүйүү ушундай бекем үй-бүлөгө айланат деп ишенген деле эмесмин. Көрсө, баары буйруктан экен. Менин дагы бир курбу кызым болочоктогу күйөөсү менен интернет аркылуу таанышып, азыр Германияда жашашат. Бир кызы бар. Бирок, алардыкы биздикинен бөлөкчө кырдаал, биз Алмаз экөөбүз кичинебизде көрүшкөн болсок, ал экөө таптакыр тааныш эмес болушчу.
"Динараны Америкага алакачып кеткем" деп айтканы бар. Өзүңө айткан эмес беле, алам деп?
- Ал мындай болгон. КТРдин ошол кездеги жетекчиси Мелис Эшимканов мени Раимкулов жөнүндө атайын репортаж даярдап кел деп Америкага жөнөткөн. А океандын арыжагында калып калам деген оюмда жок болчу, курбу кыздарым да "Ала кел" деп узун тизмени колума карматышкан... Ошентип мейманканага келип түштүм, а кечинде мени Алмаз үйүнө конокко чакырды. Барсам үйү толтура киши, ата-эне, туугандары, кыргыз достору... Башыма жоолук салып, бата тилей башташты. Эми кызды алакачып келгенде реакция кандай болот, билесиңер да. Эмне кылаарымды билбей, ыңгайсыздана эки жагымды карасам, Алмаз өзү жок. Мени киргизип коюп, качып кетиптир да (күлүп). Ошентип мени Америкага алакачып кеткен. Тагдырымда ушундай бурулуш болуп кеткенине эч өкүнбөйм, тескерисинче сүйүнөм.
А атайын репортаж эмне болду?
- Алмаз ошол жолкусунда Түндүк Америка Чемпион титулун коргоп калуу үчүн күч сынашмак. Бирок, ал белгисиз себептер менен жылдырылып калган.
Кызы Америкага калып калганын уккан ата-эне кандай кабылдашты?
- Атам таарынып, мени менен башында сүйлөшпөй да койду. Бирок, бир жума өтпөй эле кызынын эркине көндү. Тууган, дос, тааныштарды чакырышып, той беришти. А биз ал тойго телефондон катыштык. Буюрса, Кыргызстанга барганда чоң той беребиз деген тилегибиз бар.
Алмаз Америкада көп жылдан бери жашап көнүп калган. А сага башында кыйын эле болсо керек? Тил жагынан канттиң?
- Мен аябай активдүү жашоону жакшы көргөн жаным, башында чындыгында кыйын эле болду. Кыргызстанды, жакындарымдын баарын сагынып ыйлаган күндөр да болду. Качан гана колледжге окууга барып, досторду тапкан соң алаксый баштадым. Анан кызым төрөлдү, ошентип эстегенге да убакыт табылбай калды (күлүп). Азыр англисче жакшы эле сүйлөп калдым. Бирок, грамматиканын үстүндө дагы жакшы иштеш керек. Кызым төрөлгөндө окууну токтотконго туура келди, болбосо сонун эле үйрөнүп калмакмын.

Кызыңар кимге окшош? Тили кайсы тилде чыкты? Өзүң эле багасыңбы же балабаккыч барбы?
- Атасына окшош. Маликага азыр 1жаш 2 ай болду. Азыр "ата, апа, бер, салам" деп, ушундай сөздөрдү сүйлөп, тили кыпкыргызча чыгып аткан убагы. Кызыбызга конокко бараарда эле балабаккыч жалдабасак, өзүм эле багам.
Өзүңдү кандай келин болдум деп ойлойсуң?
- Биздин туугандардын баары Кыргызстанда, баары менен жеке тааныш эмесмин. Бирок, телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. А кайната-кайненем менен бул жакта чогуу жашайбыз. Өзүмдү жакшы эле келин болуп атам деп ойлойм . Үйдөн улуттук тамактарды жасайм. Жолдошум болсо менин эт менен жасаган рулетимди жактырып жейт.
Ошондогу Алмаз менен азыркы Алмазда өзгөрүү барбы?
-Өзү айткандай, азыр көп убактысын үйдө өткөрөт. Биз менен океандын жээгине, тоого барганды жакшы көрөт. Үй-бүлөгө абдан камкор. А мурда жаш, көбүнчө убактысын достору менен ар кандай "тусовкаларга" барып өткөргөндү жактырчу да.
Жолдошуңду кызганбайсыңбы?
- Ансыз болбойт да. Алмаз өзү да кызганчаак. Мен боюмда барда өзгөчө кызганчаак болуп кеткем. Азыр норма менен.
Алмаз ал жактын жергиликтүү гезит-журналдарын көп эле чыгабы?
- Ооба. Интервью көп алышат. Кээде гезит-журналдарга чыкканын өзүбүз дагы билбей калабыз. Мен өзүм да эки-үч жолу интервью бергем.
Өзүң да журналистика чөйрөсүндө жүрдүң? Журналист болом деп кыялданчу белең же..?
- Мен кичинемен эле журналист болгум келчү. Ошондуктанбы, 1-курстан эле телеге кирип алгам. Алгач ошол кездеги "Тогузунчу бал" деген жаштар берүүсүнүн алыпбаруучусу Лира Айтимбетованын жардамчысы болуп жүрдүм. Андан соң ассистент, анан акыркы үч жылда сценарист-администратор- "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык борборунун менеджер-уюштуруучусу болуп иштедим.
Американын жашоосу менен Кыргызстандагы жашоонун окшоштугу жана айырмачылыгы?
- Абдан көп. Тамак- ашын эле алалы, бул жакта кошулмасы көп, а Кыргызстанда табигый да. Маданияты, майрамдары, баары-баары башкача. Эң башкысы ата-эне, бир-тууган, дос-тааныштардан алыстасың. Бул жактын жакшы жагы, коррупция, тууганчыл-жердешчилик деген жок. Адам башкысы максат койсо, бут тосуусуз ийгиликтерге жетишсе болот. Мыйзам баарына бирдей, баары мыйзамды сыйлашат. Демократия өнүккөн.
Кыргызстандагы акыркы окуяларга тынчсыздандыңарбы?
- Абдан. Секунд сайын интернет сайттарга кирип, телевизордон жаңылыктарды тиктеп эле отурдук. Аз да болсо кереги тийсин деп, акча чогултуп, Оштогу окуядан жапа чеккендерге жөнөттүк. Адамдар окуп көрүп, ойлонуп, көздөрү ачылабы деген тилек менен, Алмаз атайын кыргыз элине жана башка улуттарга арнап кайрылуу катын жазды. Эми мындан ары Кыргызстаныбызды жакшы нерсе гана коштоп турса деген тилек.

Эльмира МАДИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"




Яндекс.Метрика