Эл аралык уюмдар эки элди элдештиреби, же кайраштырабы?
Мирослав Ниязов,
саясат изилдөөчү:
- Хуман Райтс Вотч уюмунун отчётуна пикириңиз кандай?

- Мындай көрсөткүч, албетте, кыргыздардын аброюна шек келтирет. Маалымат тарап кетти. Эми, андай нерселерге көңүл бура бербей, ичара бекемдешели. Бул үчүн биринчи өзүбүз ынтымакка келип, чечим чыгарышыбыз керек. Өлкөдө сепаратизм, авторатизмге катуу тыюу салып, аябагандай күрөшүшүбүз керек. Башка улуттар менен саясый оюн жүргүзбөшүбүз зарыл. Бул абдан опурталдуу. Өзбек сепаратисттери менен саясый оюн ойноо миңдеген адамдын канын суудай төктү. Конституциянын өзбекчеге которулушу, кутургандай оюндардын не кереги бар эле. Буга Утурумдук өкмөт жол бербеши керек болчу, булардын да чоң күнөөсү бар.
Убактылуу өкмөттүн мыйзамдарын кабыл албайбыз дегендер четтен чыга баштады. Анткени, бийлик өзүнүн алсыздыгын, саясый маданиятсыздыгын, тажрыйбасыздыгын көрсөтүп атат. Мындай, бөлүп-жарылуунун кереги жок.


Жыпар Жекшеев,
Улуттук комиссиянын мүчөсү:
- Ош коогалаңы туурасындагы Хуман Райтс Вотч эларалык уюмунун отчёту бир жактуу сыяктуу таасир калтырбайбы?
- Бул жерде эларалык уюмдар конкреттүү далилдерге таянбай эле туура эмес маалымат таратып атат. Келип, ошол окуянын чын-бышыгын терең изилдеген жок. Кыргызстан-дан чет элдик уюмдардын эксперттеринин изилдеп жүргөнүн көргөн жокпуз. Улуттук комиссияда да бүгүн ушул тууралуу талаш-тартыштар болду. Ош коогалаңы тууралуу жыйынтык чыгарарда ар тараптуу изилдеш керек. Дароо эле бир беткей каралап салуу туура эмес. Мына, Улуттук комиссия кайрадан экинчи жолу түштүктү изилдеп келүүгө жөнөп атабыз. Канча күндөн бери талкуулап, анализдеп атсак да, ачыла элек нюанстары көп. "Фергана.ru" сайтына Александр Князевдин эч фактыга таянбаган интервьюсу чыкты. Бул интервьюсунда Князев тим эле илимий ачылыш жасагансып, карандай калп менен кыргыздарды жамандаган. Биздин суубузду ичип, наныбыз менен эр жеткен, эмне үчүн мынчалык жиндиликке барат? Буга окшогон немелерде Атамекен деген болбойт. Көрдүңүзбү, кичине кыйнала түштүк эле Россия граждандыгына өттү. Эртең Израиль гражданы болуп чыгаарын бөркүңдөй көр!
Эларалык уюмдардын бир жактуу маалымат беришине, укук коргоочумун деп белгисиз короодон "жем" жегендердин ролу абдан чоң болду. Алар кайсы бир уюмдун атайын заказы менен же грантына байланып тапшырма менен иштеп аткан жокпу?
Бул жерде ири мамлекеттердин да саясаты аралашып кетип атат. Дегинкиси, эл аралык аренада Кыргызстан тууралуу бир жактуу эле пикирдин айтылып атышы, шек туудурбай койбойт.

Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" фондунун төрайымы:
- Ош окуясы тууралуу бир жактуу маалыматка ким таасир берди деген пикириңиз бар?

- Өкмөт, УКК, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, Президент Ош окуясынын кайталанарын билген. Кыргыз-өзбек ынтымак коомунун төрага орунбасары болгондуктан мага 12-13 май күнү Бабурда жана Кашкар-Кыштактагы К.Батыров чогулткан, кан көксөгөн өзбектердин жыйыны тууралуу өзбектерден бир-эки телефон чалуу болгон. Ал маалыматты мен УТРКнын түз эфири аркылуу айтып чыккам. 19-май күнү Р.Отунбаеванын кабыл алуусунда болуп, ал кишиге бул тууралуу айтсам, биз жол бербейбиз деген эле.
"Курманжан Датка" фондунда Ош окуясы тууралуу материалдар бар. Биз бул материалдарды жакында Москвага барып көрсөтүп келебиз деп атабыз. Анткени, Кыргызстандан акыйкатты издөө абдан кыйын.
Ош коогалаңы учурунда Алишер Сабиров кыргыздардын да кыйнап өлтүрүлгөндүгүн көрсөтпөй, жалаң өзбектердин өлтүрүлгөндүгүн көрсөтүп, өзбек айылдарын кыдырып чыккан. Бир жактуу материалдын таралышына бул мырза чалыштын чагымы көп.
Ал эми Хуман Райтс Вотч уюмунун айткандары карандай калп. Муну далилдөөгө улуттук комиссия иштеп атат. Кыргыздарды бөлүп-жарууга тилектеш мамлекеттер, уюмдар болууда. Биздин жарандардын арасында бир тараптуу маалымат беришкендер бар. Биздин укук коргоочулар акчага алданып, элибизди экчеп-калчап атканы жашыруун эмес.
Жалган маалыматтын эл аралык деңгээлде таркалып кетүүсүнө мамлекеттик басма сөз кызматы күнөөлүү. Алар сырттан келген уюмдар, журналисттер менен маалымат байланышында болуп, тескеп турушу керек эле. Буга мүмкүнчүлүк түзүп бере албаган Убактылуу өкмөт күнөөлүү.
Бул жерде кыргыз журналисттери да чабалдыгын көрсөтүп койду. Өлкөдө ушундай окуя болуп аткан соң, алар "биз мыктыбыз" дегендин ордуна туура, керек болсо патриоттук маалымат берип турууга тийиш эле. Тилекке каршы...


Орозбек Молдалиев,
саясый серепчи:
- Хуман Райтс Вотч уюму кыргыздар өзбектердин үйлөрүн, ичиндеги адамдарын кошуп өрттөшкөн. Ошону көрүп туруп, кыргыз аскер, милициялары асманга ок атып эскертүү бергенден башка эч кандай чара колдонгон эмес. Бул боюнча сураганда аскер жигиттин "бизге чара колдонууга команда берилген эмес" деген сөзүн отчётто келтиришиптир. Бул тууралуу не айта аласыз?
- Хуман Райтс Вотч уюмунун отчёту, тергөөнүн жыйынтыгы эмес. Алардын берген суроосуна аскер адамдары бербейт. Ал жанагы цитата келтирген аскер сураганын айтып берип эле кетип калса керек. Биздин күч органдары эл аралык ММК менен иштегенди билбейт. Бизде негизи эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы жокко эсе. Алар укканын жаза беришет. Хуман Райст Вотч уюму деген ошо.
Бул жердеги укук коргоочулардын баары аларга акчанын айынан көзкаранды болуп калды. Арасында жакшылары деле бар. Бири-бири менен мени минтип койду деп эле урушуп калышат.
Согуш талаасында так материал жыйноо кыйын. Биз деле Оштон кычкач менен отун тергенсип, маалымат чогулттук. Коомчулук деле эл аралык уюмдар менен иштегенге үйрөнүшү керек.
- Мындай маалыматтар дүйнөгө кыргыз элин жексур көргөзүп салды. Улуттук комиссиянын жыйынтыгы аны жууп кетире алабы?
- Албетте, учурда бизге карата маалымат согушу жүрүп атат. Дүйнөлүк коомчулук деле эларалык уюмдардын отчётунан кийин, булар жаңылып калган жокпу деп башка булактардын жыйынтыгын күтүшөт. Буюрса, биз туура жыйынтыгын чыгарабыз. Чекарасыз врачтар уюму деле "өзбектерге жардам көрсөтүлгөн эмес", деп алып, "жок, муну биздеги бир врач бышыктабай билдирип коюптур" - деп, ал үчүн кечирим сурашпадыбы. Ошол эле Хуман Райтс Вотч уюму биринчи жалааны кыргыздарга жаап атышып, эми алгач өзбектер баштаган деп айта баштады. Акыры коомчулук деле окуянын чындыгына ынанат.
- Александр Князев өзү Россиянын жараны болуп туруп эмне үчүн Улуттук комиссиянын курамына кирип калган?
- Мен да ушул суроону берип, так жооп ала алган жокмун. "Фергана.ru" сайтына кыргыздарды жамандап берген интервьюсун анын өз абийирине коюш керек. Ал дайыма эле кыргыздарды жамандап келет. Аны комиссиянын курамына киргизип коюшту, ал өзү Казакстанда жашайт экен, Россия жараны имиш. Бир да жолу "мага анын эмне кереги бар" дегенсип, комиссияга басып келген жок. Эми интервью берип атат менин фамилиямды кошуп коюшту деп. Анын кимге кереги бар, ал ким экен.
Бизге да чала, ким босо да башыбызга көтөрүп алабыз. Биздин бийлик чет элден, башка улуттан киши келсе эле болду, кошомат кылып, кареги менен тең айланып калат.

Нурайым Рысмамбетова