Князев кысчу жерин кысабы же дагы бир өрт тутантабы?
Жакында жалаң өзбек улутунун кызыкчылыгын чагылдырган "Фергана. ру" интернет - басылмасына Россиянын жараны, бирок өмүр бою Кыргызстанды айланчыктап, Ала-Тоонун суусун ичип, тузун таткан, жалаң кыргыздарды жана Кыргызстанды жамандап, Россияга маалымат берип күн көргөн Александр Князевдин Ош окуясы боюнча маеги жарык көрдү. Анда Князев "чү" дегенде эле өз сөзүн Кыргызстандын тарыхына шек келтирүүдөн баштайт. Автордун оюн окурманга бузбай жеткирүү үчүн анын айткандарын "ата" же "эне" тилинде жарыялайлы.

"Территориально Киргизская ССР-абсолютно придуманное, спроектированное явление, созданное без учета хотя бы малейших экономических, коммуникационных, этнокультурных оснований. Ош, Джалал-Абад, Узген, Наукат, Базар-Курган, Сузак- это все исконно узбекские города и населенные пункты..." деп А.К., кыргыздар бул жерлерге калмактардан качып келип олтурукташкандай көргөзөт.
Башкача айтканда, кыргыздар Фергана өрөөнүнө араң эле 17-кылымда келиптир. Князев кыргыздарды өзбектерге жек көрсөтүүгө аракет кылып "Южане (түштүк кыргыздар - К.Ш.) растут, с детства получая повышенную дозу пассионарного национализма, в первую очередь- антиузбекского..."
Андан ары Князев Ош окуясы боюнча кыргыздырдын жана Утурумдук өкмөттүн аракеттеринин бирин да туура деп эсептебейт. Анын айтымында, так маалыматты кыргыз өкмөтү жашырып жатат. Ошондуктан ОБСЕ полициясын кийирүү керек. Маекте Князевдин дагы бир көзү ачыктык кылган маалыматы азыр бир топ өзбек жаштары кыргыздардан өч алуу үчүн Ооган тарапка ооп атайын даярдыктан өткөнү кетишиптир. Эми бизде да Палестинадагыдай абал түзүлөт. "Июньские события создали просто колоссальную почву для возникновения на киргизском юге многолетного, достаточно массового антикиргизского движения наподобие палестинской интифады" Сөздүн төркүнүн баамдадыңызбы, жөөттөр палестинаны басып алгандай биз да өзбектер жашаган жерлерди басып алыптырбыз. Б.а., господин Князевдин тукуму сыяктанабыз.
Эми өзбек ислам кыймылын Сауд Аравиясындагы миңдеген миллионер өзбектер каржыларын канкуулайт. Андан ары: "Джихадистское движение, не побоюсь такого определения, станет вполне адекватным ответом и на сами июньское события, и на сегодняшнее не адекватное поведение киргизских политиков, включая руководителей республики, и силовых структур в отношении узбекской общины."- дейт окуянын чордонунда өзү аралашып жүргөнсүп.
Бир сөз менен айтканда, А.Князев 8 беттик маегинде күнөөнүн баарын кыргыздарга оодарып тим болбостон, жер кыргыздардыкы эмей эле өзбектердики деп кызыл чокко мунай чачат. Бул жерде тарых барагын ачып, саясат таануучу сөрөйгө кыргыздардын жери эзелтеден кайсы жерлер болгонун далилдеп кереги жок. Орус, өзбек деген улут мындай турсун, бул сөздөрдөн өзү табиятта жок кезинде кыргыз эл катары Ала-Тоодон тартып Алтайга чейинки аймакта жашап келгенин, бери дегенде 2200 жыл тарыхы бар экенин ааламдагы бир да тарыхчы тана койбостур. Бүгүн Князев сыяктуу илгертеден кыргыздарды жектеп келген жооттор дүйнө коомчулугуна жалаң бурмаланган маалыматтарды таркатып, ошондон кыргыздан арткан ашказанын тойгузуп, биздин элди тириукмуш мыкаачы кылып салышты. А.Князев буга чейин 1990-жылдагы Ош окуясында да кыргыздарды күнөөлөгөнү маалым. Бирок Князев 1990-жылы Ош шаарында жашаган өзбек улутчулдары автономия сурап, Кыргызстандын биринчи катчысы А. Масалиевге, СССР Жогорку Советинин төрагасы болуп иштеп жатакан Р.Нишановго кайрылышканын айтпайт. 1990-жылдын 4-июнунда Ош шаарына жакын Ленин колхозунда 10 миңден ашуун өзбек чогулуп, милициянын тосмосун жарып чыгып миңге жетпеген кыргызды ташбараңга алып шаарды аралатып кууганын, бет келген кыргызды Энесайыңа кет деп өлтүрүшкөнүн, ошону менен Ош окуясы башталганын сөз кылбайт. Анда да кыргыздар күнөөлүү болуп, Москва тергөөчүлөрү жалаң кыргыздарды камап, соттолгондон кийин жаза мөөнөтүн аткаруу үчүн атайын Өзбекстандын түрмөлөрүнө жөнөтүп, бир тобу ошол жакта жантаслим болушкан.
Биздин өкмөт Князевдин ким экенин билип туруп, аны июнь окуясын иликтөө комиссиясына кошуп, бул шылуундан калыс пикир угабыз дегенине жол болсун. Иликтөө ишине катышмак турсун, бүт комиссиянын бетине көө жаап, акырында сыртка чыга берди. Эми улуттук комиссиянын кортундусу туура эмес деген маалыматты жер жүзүнө таркатып жүрөт. Кыргызстанда төрөлүп, окуп, нанын жеп, абасын жуткан Князевге Кыргызстанды жамандап жан багуу көптөн берки кесибине айланды. Ал Россиянын жараны болгону менен Россияга батпайт. Ал жакта жашай да албайт. Болбосо, В. Путин же Д. Медведевге барып акыл айтып көрсүнчү, адам жебеген жерин жегизет. Ал эми кыргыздар ушундай калкпыз, дасторконуңа түкүрүп, улутуңду боктогон тили бурууну да батыра беребиз.
Келдибек НАЗИРОВ





Роман Шиндин "крышасы"
Рысбек Акматбаев беле?
Белгилүү бизнесмен Роман Шинди ким билбейт? Убагында ал иштеткен "Хепинес", "Арбат" деген казинолору, андагы айланган акчалар жөнүндө дала-ай сөз болду го. Шин 4-чакырылышта Коммунисттер партиясынын атынан депутат болуп да шайланган. Бирок, учурда башка партияга так секирип кеткени айтылат. Эми ошол Роман мырзага талап-тоноого катышканы үчүн ИИМ кылмыш ишин козгоду. Ага себеп, 2010-жылдын 24-майында "2002-жылы Роман Шин Рысбек Акматбаевдин кишилерине мени жок кылганы "заказ" берген"-деп Октябрь райондук РИИБине Т. Э. аттуу атуул арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча 16-июлда кылмыш иши козголгон. Т.Э нин айтымында окуя мындайча болгон: 2002-жылы жабырлануучу "Арбат" казиносунда (учурда "Арбат" диско-клубу аталат) досу Таалай (аты өзгөртүлгөн) менен покер ойноп 25 000 доллар утуп алышат. "Кардардыкы дайыма чын" дегениби же утуп алып эрээркеп кеткениби, Таалай диллерге үнүн бийик чыгара сүйлөйт. Аны уккан кожоюн Роман Шиндин уулу Сергей Шин жанына келип, диллерине болушат. "Сен кыйын, сенден ашкан мен кыйын" болушат. Ошондо Сергей "Дагы сүйлөшөбүз" деп чыгып кеткен экен. Үч күн өткөн соң Т.Э. досу Таалай экөө, эч нерсе оюнда жок, казиного кардар катары кайра эле келишет. Келгендерине 10 мүнөт өтүп-өтпөй жанына кең далылуу бир жигит келет. Кийин билсе, ал Асанкожоев Мурат Бектурович болуп чыгат экен. (Мурат убагында Р. Акматбаевдин айдоочусу жана жансакчысы болуп жүргөн жигит. Кличкасы "Торпеда"). Ал эки досту эшикке "сүйлөшөлү" деп алып чыгып, Акматбаевдин дагы бир күтүп турган жигити Кириченко Юрий экөө Таалайдын "БМВ-355" маркадагы машинесине салышат да алып жөнөшөт. Белинский көчөсүнө жеткенде экөөнүн көзүн, оозун скотч менен чапташат да тоону көздөй айдашат. Тоодон аларды Рысбектин өзү жанындагы Адис Кулманбетов менен тосуп алган имиш. Таалай менен Э.Т. ны ур-тепкиге алышып, баягы утуп алган акчаны "не честно" алгандарын айтышып, кайрадан кайтарып берүүнү ошондой эле Шиндин казиносун экинчи аттабоону талап кылышат. Ал акчаны башка казинолорго кайра эле уттуруп ийишкенин, болгону 6 миң доллар эле калганын айтышкан эки доско Рысбек "Эки айга жетпей калган 20 миң долларды таап бербесеңер башкача сүйлөшөбүз. Акчаны Муратка бересиңер" деп буйрук берген. Мурат менен Юра аларды кайра шаарга алып келатып, рулду үйлөрүнө буруп, ар бири 3000 доллардан алып чыкканча күтүп турушкан. Андан соң аларды алып кеткен "Арбаттын" жанына алып барып таштайт. Эки досту тосуп алган Роман Шин "Ии, силерге Рысбек менин казиномо келбегиле деп жакшылып түшүндүрдүбү?..." деп мыскылдаган. Эки достун ошол жерден машинелерин да алып коюшкан. Эртеси өздөрүнүн "макулдугу" менен документтештирип тигилерге өткөрүп беришкен. Ошентип баягы ант берген калган акчаны табыш үчүн Т.Э квартирасын сатууга мажбур болуптур. А Таалай Казакстанга качып кетип изин сууткан. "Анткени, ал казак жараны" болчу дейт Т.Э. Ошентип, кумарчы Т.Э нин көрсөтмөсү менен 26-августта 1972-жылы туулган, Р. Акматбаевдин айдоочусу Асанкожоев Мурат кармалып, болгон окуя чын болгонун, ага мындай тапшырма Рысбектен берилгени, ал эми эки достон алган акчаларды Роман Шинге өткөрүп бергени жөнүндө көрсөтмө берген. Роман Шиндин өзүн дагы ошол эле 26-август күнү колго түшүрүшкөн. Кызыл шапкечендер менен "баарлашып" жаткан Роман мырзанын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилет. Ошентип экс-депутат мырза оорусун шылтоолоп академик М. Миррахимов атындагы кардиология борборунда жатып алып сурак берип жатыптыр.
P.S. Эми бул иштин аягы кандай жыйынтыкталаарын мезгил өзү көрсөтөт. Белгилей кетчү нерсе, азыр укук коргоо органдары ар бир экинчи кылмышты " Р. Акматбаев кылган. Ал буйрук берген. Р. Акматбаевдин жигиттери...." -деп оңой эле оодара калмай адатка өтүп алышты. Же көзү жок болгондон кийин боло берет дешеби? Бул иш да тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр аныкталат деген ишеничтебиз. Анын үстүнө биз билгенден кыргыз криматалыгы аталган Рысбек корейлерге боор толгоп бирөөлөрдү "бокстаганын" укпаптырбыз.
"Аки-пресс" МАдан которгон Эльмира МАДИЕВА