"Камбар-Ата-2нин"
биринчи агрегаты иштеди,
бирок кемчиликтер бар...
30- август күнү Токтогул районунда жайгашкан "Камбар - Ата - 2" ГЭСинин биринчи агрегатынын ачылышы салтанаттуу түрдө болуп өттү. Бул иш - чарага президент Роза Отунбаева жана бир катар министрлер, элчилер, Эл аралык уюмдун өкүлдөрү, партиянын лидерлери, ошондой эле жергиликтүү эл катышты. Ал жерге топтолгон элдин кол чабуу коштоосу менен Роза Отунбаева биринчи агрегатты иштете турган тетикти (пуск) өтө толкундоо менен басканы ачык эле байкалып турду. Ошентип, көптөн-көп күтүлгөн аталган ГЭСтин биринчи агрегаты ишке берилди. Бирок "Нарынгидроэнерго курулушунун" жетекчиси Качкынбаев Осмон ачык эле тынчсызданып белгилегендей, бир аз кемчиликтерге карабастан Роза Отунбаеваны, эң башкы жоопкерчиликти алган өзүн уят кылбай биринчи агрегат дурус иштеп берди. Себеп дегенде, Качкынбаев мырзанын пикиринде биринчи агрегатты ишке берүү кыска мөөнөттө белгиленгени Камбар-Ата ГЭСинин жалпы жамаатын абдан кыжаалат кылган. Тактап айтканда, ишке берилген биринчи агрегат электр жагынан тыкыр текшерүүгө алына элек экен. Ошондой эле аны иштете турган бир катар тетиктер Союз учурунда эле сатылып алынгандыктан, алар көпкө туруп калган. Ушу себептүү Качкынбаев мырза, агрегатты ишке берүүдө бир катар кемчиликтер болуп кетишине кепилдик жок экендигин айрым журналисттерге ачык айтып берди. Айтып олтурса, биринчи агрегаттын дагы бир катар жасала элек иштери бар экен. Мындайча айтканда, бул ачылыш азырынча "көргөзмө" сыяктуу болгон өңдөнөт...
Ал эми эске сала кетсек, бул ГЭСтин курулушу Союз мезгилинде башталып, жалпы курулушунун 30 пайызы бүткөндө, Союз жоюлуп кетип, курулуш иштери муз тоңгондой эле тоңуп калган болчу. Андан бир топ жылдар өткөн соң, эски бийликтин эгеси Курманбек Бакиев 2007-жылы бул ГЭСти улантып куруп баштаган. 7-апрелдеги революциядан кийин Убактылуу өкмөт өлкөбүздөгү саясый толкундоолорго, ар кандай тоскоолдуктарга, карабастан мурда белгилеп айтылгандай эгемендүүлүк күнүнө карата ГЭСтин биринчи агрегатын шашылыш түрдө ишке берүүгө үлгүрүштү. Ал эми бул ГЭСтин өзгөчөлүгү тууралуу сөз кыла турган болсок, Кыргызстандагы башка 6 ГЭСке салыштырмалуу кичинекей жана Токтогул ГЭСиндей суу толуп кетсе, "жарып кетет, ашып кетет" деген кооптонуу да жок. Себеп дегенде, суу толгон кезде, башка нукка кое берип агыза турган атайы жайы бар. Бирок, учурда ал жай толук курулуп бүтө элек.
Аталган ГЭСке 2007-жылдан бери бюджеттен 9 миллиарддан ашуун каражат бөлүнгөн. Эми болжол менен ушул сумманын жарымына жакыны бөлүнсө эле экинчи, үчүнчү агрегаты ишке бериле тургандыгы айтылууда. Жалпы жонунан алганда, "Камбар-Ата - 2нин" бүткөрүлө турган 20 пайыз гана иши калды. Айта кетчү нерсе, бул ГЭС эгемендүүлүк жылдардан бери Кыргызстан өз күчү менен бүтүрүп жаткан алгачкы ГЭСи болуп саналат. Албетте, кичинекей, жарды, анан калса коррупциялашкан өлкө үчүн бул иш-чара жакшы жөрөлгө болуп саналарын жокко чыгарууга болбойт.
"Камбар-Ата - 2нин" кубаттуулугу үч агрегат биригип иштегенде суткасына (ар бир агрегат 120 МВт) 360 МВт ток чыгарса, Токтогул ГЭСи 1200 МВт ток чыгарат. Ал эми "Камбар-Ата - 2" ГЭСинен 13 чакырым алыс жайгашкан "Камбар-Ата - 1" ГЭСинин кубаттуулугу 1900МВтга жетмекчи. Бирок бул аталган ГЭСти Кыргызстан өз күчү менен кура албастыгы белгилүү. Роза Отунбаева ГЭСтин ачылышында "Камабар-Ата - 1" ГЭСин Россия мамлекети менен бирдикте куруу үчүн учурда мурдагы (эски бийликтин) сүйлөшүүлөрдү кайрадан жаңы өңүттө карап, жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандыгын жалпыга жар салды.
Уюштуруу ишиндеги "итчиликтер"
Бийлик "Камбар-Ата - 2нин" биринчи ачылышын абдан чоң иш - чара деп эсептеп, жалпы Кыргызстанга жана чет өлкөлөргө жайылтуу үчүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк абройлуу ММКлардын журналисттерин чакырган. Бардыгы биригип бул иш - чараны чагылдырууга 63 журналист тартылды. Бирок Президенттин администрациясы жана Энергетика министрлиги мынча көп журналисттерди топтогону менен алардын кадырына жете алышпай, бир топ нааразы кылышканын ачык эле айтышыбыз керек. Өзүбүздүкү өз деңизчи, ал эми чет мамлекеттин журналисттеринин алдында уят эле болушту. Тактап айтсак, журналисттерди техникалык абалы талапка жооп бербеген кичи автобустар менен алып барышканы (жолдо бузулуп, журналисттердин жинденгенин жазбай эле коелу) аз келгенсип, Орозо учуру дештиби, айтор жол бою өзөртүп ачка алып барышты. журналисттер жолдон токтотуп, өз акчаларына эле тамак ичүүнү суранышса, президенттин басма сөз кызматкерлери, болбой: "Токтогулдан кафеге киребиз, алар бизди тосуп турушат" - деп убада бек беришкен. Кыскасы, жолдо кыйналып Токтогулга кеч жеттик. Жеткенде, кафе эмес кафенин жыты жыттанган жок. Андан ары Үч-Терек айылына жакын жайгашкан Токтогул ГЭСинин боюндагы энергетиктердин пансионаттарынын бирине токтодук. Ал жердегилер: "Силерге орун бошой элек, азыр кишилерибиз кетише элек. Тамак бере албайбыз, кечинде саат 7де гана тамак беребиз"-деп, ал жерден өзөргөн журналисттерди боз ала чаң кылып "кууп" чыгышты. Ошентип ал жерден да оозуна бир тиштем нан да илинбей "олжосуз" кайткан журналисттер Кара-Көл шаарына сапар алдык. Ал шаардан Токтогул ГЭСинин ичине кирип, ачка болсок да ГЭСтеги мелтилдеп толуп турган көк кашка сууну көп ирет сүрөткө тартып, табияттын кооздугуна, ГЭСтин укмуштуудай курулуш иштерине таң берип, өзүбүздү бир аз болсо да алдадык. Кара-Көл шаарында журналисттердин кадырына жетип, сообуна калган, шаардын мэри Эркебаев мырза болду. Мэр ачка калган журналисттерди "Алина" аттуу кафеге киргизип, столду жакшы даярдатып, бир аз мурун эле суу сактагычта бизге тийишип, көз кысышып, шилекейибизди жуткузушуп, так секирип жүрүшкөн форель балыктарын кармата койгонбу, айтор "сивсивежий" балыкка айда тойгузду. Журналисттер өз үйлөрүнөн таңкы жетиде бир аз наар алган боюнча кечки 5те гана "ооз ачышты".
Кыскасы, президенттин администрациясы менен Энергетика министрлигинин бул уюштуруу "жөндөмдүүлүгү" журналисттерди абдан нааразы кылды. Чет элдик журналисттердин алдында биз өзүбүздү оңтойсуз сезип турдук. Кай бир журналисттер "булар бизге 16-жылдагы ачкачылыкты көрсөтүп коюшту" - дешип, чын, тамашасы аралаш наалат айтып да алышты.
Ал эми эртеси күнкү агрегаттын ачылышына кайтаруу өзгөчө катуу болуп, салтанатка шаардан келген көптөгөн министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү элдердин, ошондой эле ошол ГЭСти курушкан айрым курулушчулар да катыша алышпай, сыртта калып кетишкени маалым болду. Бул да болсо уюштуруучулардын "итчилиги" экенин салтанаттын катышуучуларынын бир тобу бир ооздон баса белгилешти.
"Камбар-Ата - 2" ГЭСиндеги бир терс көрүнүштүн орун алганын айтапай кетүүгө болбос. ГЭСтен агып чыккан бир топ чоң суу жергиликтүү элдин айдоо аянтындагы бир канча гектар жерде бышып калган жүгөрүлөрүн каптап жатат. Бул үчүн ким жооп берет? Же дыйкандардын жай бою көргөн эмгеги талаага кетеби?
Эралы Эсенбаев, Бишкек -Камбар-Ата- Бишкек