Аргентина Марадонанын айласын таппай
Жакынкы арада Аргентина футбол ассоциациясынын президенти (АФА) Хулио Грондондун жана Диего Марадонанын жолугушуусу өтөт. Анда Марадоннага курама команданы дагы 4 жыл машыктыруу контрагы сунушталат.
Германия курама командасы менен болгон дүйнөлүк чемпионаттын төртүнчү жарым финалындагы 0:4 эсеби Аргентинанын башкы тренери Диего Марадонанын маанайын чөктүрбөй койгон жок. Ал Аргентинанын курама командасынын тренерлик кызматынан кетүү оюн билдирген.
Катуу депрессияга түшкөн Марадонаны Аргентинанын футбол коомчулугу ордунда калууга көндүрүүдө. Марадонанын өлкөдө калуусуна тилектештердин катарында Аргентинанын президенти Кристина Фернандес да бар. Ал өз сөзүндө, "биз Марадонаны кармап калышыбыз керек. Бир дагы Аргентина курама командасы, Диего Марадонанын учурундагы курама командадай бакыт алып келген эмес" - дейт. Учурда Аргентина бийлиги Марадонага эстелик тургузуу сунушун карап атышат.

"Днепр" Семинге башкы тренерликти сунуштады
Украиналык "Днепр" командасы Юрий Семинге башкы машыктыруучу болуусун сунушун кылды. Ал азырынча россиялык "Локомотивди" тейлеп, команданын директорлор кеңешмесинен кийин клубду таштап кетиши мүмкүн. Семин жетекчилик алдына, кылынган иштер жана акыркы жылдары командага алынган ар бир оюнчунун керектөөлөрүнө кеткен чыгымдар туурасында доклад менен чыгууга даярданууда.

"Днепр" командасынын президенти Игорь Коломейский башкы тренерге татыктуу кандидаттардын катарына Юрий Семин менен кошо Франк Райкарддын да атын атаган. Семинди Валерий Газзаев жетектеген Киев "Динамосу" да командасына кайтарып алууга кайдыгер эмес.
Шеннон Бриггс Кличкону 30 секуннда "уктатам" дейт
Американын оор салмактагы боксеру- Шеннон Бриггс өзүнүн атаандашы WBC версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону Виталий Кличкону 16-октябрда Гамбург шаарында өткөн мушташта чемпиондук титулунан 30 секундда ажыратууга сөз берди. Ал Киевдеги пресс-конференцияда украин боксерун алгачкы жарым минутада жеңе албаса, экинчи раундда нокаутка кетирем деди.
Виталий Кличко Шеннон Бриггсти сыйлаарын жана америкалык аны нокаут менен түшүрөөрүнө ишене албастыгын билдирди.

Байгени кайрадан "Бөрүлү" бөктөрдү
27-август күнү "Аккула" ат майданында Президенттин кубогу үчүн улуттук көк бөрү оюну башталды. Оюнга региондордон 12 команда катышты. Тулпарлар туйлап, жигиттердин колу качырап атып, 31-август күнү маарага 4 команда жетип келди. Айыгышкан атаандашуу менен 1-орунду Сокулуктун "Бөрүлү" командасы бөктөрдү. Бөрүлөрдүн байгесине тийген "ВАЗ - 2107" автомашинасын "Кыргызстан" банкы көтөрдү. Темир аргымакты банктын Башкаруу кеңешинин төрага кеңешчиси Кубатбек Болотканов тапшырды. 2-орунду Көлдүн "Кабылан" командасы капшырды. 3-орунду Нарындын "Дордой" командасы илип кетти, 2-3-орундун акчалай сыйлыгын президенттик администрация көтөрдү.

Кыздары кыйын кыргыздын!
Кыргызстандын эки спортчусу 6-19-сентябрда Барбадосто өтө турган бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат. AIBA боксун сүйүүчүлөрдүн эларалык федерациясы билдиргендей, жарышка Кыргызстандан 48 кг. салмактагы Назира Рахатова жана 75 кг. салмактагы Гүлзат Мусабекова катышат. Н. Рахатова жана Г. Мусабекова Казакстанда өткөн эларалык турнирде 3-орунду ээлеп, дүйнөлүк чемпионатка жолдомо утуп алган.

даярдаган Нурайым РЫСМАМБЕТОВА