Ал,
Балтек!
Өгүнү жумуштан кеч кайтып үйгө баратсам, караңгы коңулда бир топ ит кужулдашып, үтүрөйө калып үрсүлдөшүп аткан экен. Үрсүлдөшкөнү, маектешип атканы...
Бадинго деген итим бар, пакене бойлуу. Ошол Бадинго айтып атпайбы, менин кожоюнум иттей канкор депчи. Мени шыбап атыры, кудайалбагыр. Менден мурда Алгыр деген агам болгон экен, дейт ал, ошону бага берип, мээсин чага берип, акыры агам укук бузууга чыдабай "чыйт" түкүрүп баса бериптир. Муну угуп алып жама-ан абалда калдым. Ошол Алгырды бүтүндөй өзүм бактым да. Алгырың болсо "Арс" деп үргөнгө жарабай, жармадан башы бошобой, жалкоолуктун дооронун сүрдү. Катуу сүрдү. Өз келсе да үрбөйт, өгөй келсе да үрбөйт. Башкасын кой, "ү" тамгасын үйрөтө албай ит эле болдум. Үрдүралбай кыйналдым. Акыры, түңүлгөндө айдапашол дедим. Эки чамадан сөөк-саагын көтөрүнгөн боюнча чыгып кеткен. Өзүм узаттым, "иттен чыгарып" дегендей. Арбагургур, "Ыракмат" деген да жок, "ыспасиба" деген да жок. Кетти!..
Кетерин кетти дечи, кеткенден кийин кайра өзүм жаман болдум. Туура эмес кылып алдымбы депчи. Артынан кайра издеп барсам - жок. Эч жерде жок. Кылчайбай кеткени жаман болчу. Астанөпкө - мастанөпкөнү бүт тинтип карадым. Изи да жок, жыты да жок... ошо кеткен бойдон тилипон сокподу, кат жазбады, дилгирем урбады. Анан эми, мунусу саймедиреп атпайбы, кожоюн жеткен ит экен деп!.. күйүп кеттим! Бросто, ээгиң түшөт экен да эй, бурадар!
Анан, дагы сүйлөп бүталбай атат, эме дейт, тиги, кожоюндар дагы эки итти айдап ийишиптир депчи. Жанындагы жанбактылары "ийи, андан ары эмне болуптур?" дешип шыпшынышат. Бадинго сөзүн минтип улап аткан кези: "Асха-ха-ха-хай" деген тукумдагы бирөөнү кожоюну тумшукка бир тээп эшикке чыгарып салыптыр, мына с-сага! Шыпшынгандар дароо: "кайсы күнөөсү үчүн ал байкушту?!"
Бадинго: "Ал итибай эл катары ичип-жейм деп коюп, кийин жугунду ичкенден билгизбей баш тартып, жалаң баш тарткан кукнеге орношо коюптур дейт. Күнүгө багылаң козунун башын жей турган жерге. Иттей кызыгып кетип, бүт эле баштарды тандабай мүлжүй баштаптыр. Жайбаракат жатып алып он беш жыл баш жептир. Кожоюндар сүйлөшүп атканын өз көзүм мен уктум". Анда тиги шыпшынгандардын бири: "өз кулагың менен көргөнүңдү айтчы!?" дейт имиш. "Чыпа-чын, эй, өпкетейин, кожоюн Аха-ха-хайды өшөнтүп кууп жибериптир". "Ал өзү азыр кайда экен?" дейт да бири шек суроо менен. "Маскөө деген айылда дешет, ал жак жайкысын ысык, кышкысын суук тура, куруду го..." дейт Бадинго ары-бери ойлуу басып. "Андан ары айт аңгемеңди, муңгемеңди... хе-хе" дейт да бир куудул чалышы карт кекирип... "Дагы эмнесин айтайын, ал ал болду, акыры барып кал (таз) болду дегендей, андан кийин да бир "пароданы" партбелетин ыстолго чаап туруп, Миң-искейге айдашыптыр". "Ал ким экен өзү, афтоймайт?!" "Албы, ал деген Криманбек деген азуусун айга-күнгө жанган эр экен". "Кырман-бык" дейсиңби, эмнегедир аты жылуу учурап атат да,ыя?!
Анда Бадинго айтат: "Эсенгинин баары билет ой, аны элдин баары билет, "Беш жылдан бери "Жетинчи асман" деген микрорайондо жашаган чоң быратан бар эмес беле, эстедиңби?!"
"Эстедим, эстедим, эстебей анан. Баласынын аты Бакас беле?" "Бакыс беле, Макыс беле, айтор, айтор ошондой болчу дейт го. Баласы да үрөнөөк, кабанаак, жебенээк болгон имиш. Темир-тезек, алтын-күмүштөн бүткөн сөөк болсо да чайнабай жутчу дейт. Чаңкаганда, артынан килейген ГЭСтин суусун дем албай ичип койчу экен. Эртең менен ичкен, кашкарайып, керек болсо сивет өчкөнгө чейин шимий берчү дейт". "Эй, аныңар чырактын "суусун" да иччү дейт го, чынбы?" "Чын эмей, жанына барсаңле керосин жыттанып турчу дешет, көйнөк-шымын үтүктөбөгөндөр Айрапортту карай карт кекирип!" "Зор экен, йе!" деди арыдан бирөө шилекейин кулк жутуп. "Ошо да, эми андай чыкпайт акыр, эки өмүр жашасаң да чыкпай такыр?!" деп Бадинго ары карап көз жашын сүрттү. "Бизге окшогон каратамандарга кара нанды ыраа көрбөгөн ошондойлорго чала болот, сооп болот!" деди ары жактан ийне жеген бирөөсү, "Машыгууда оор болсо, Машке кууганда жеңил болот, дейт кейибе, Балтек, бөрү-базар биздики болот!.." деп сөзүн бүтүрүп, сөөгүн кемирип кирди. Ошо менен короочусу да, жолоочусу да тарап кетишти, мен байкуш, селейип катып тура берипмин, уккан кулагыма ишенбей, итиң-о-ой, имне болуп кетээр экенсиңер деп..





Ленин дайым тирүү!..
Эки даңгыр жол кесилишкен жерде 600-үнчү "Мерс" урдуруп келаткан бойдон эскилиги жеткен броневик менен сүзүшүп калат. "Мерседестен" бир лөк оолжуп түшөт да манжаларын арбайтып, чабуулга өтмөк болот. Броневиктен болсо чокчо сакал, көздөрүн жүйүртө караган, боз палтоочон, башында эски кепкачан бир байкебай шыпылдап түшө калат, да, минтип чулдурайт:
- Эй, атакеси, сиз өзү чоочун анекдотко кигип алыпсыз, шордуу! Феликс Эдмундович, бул бугжуйду дубалга такап атып таштаңыз! ...

ГАИ-МАИ-МАНИ, МАНИ...
- Эмнеге гаишниктер арак ичип айдаган шоопурларга тыюу салат, ыя?
- Анткени, алардын ичтери өлө күйөт да: андай шоопурлар арак да ичет, авто да айдайт, акчасы да ашыкча...

Аналгинди ап эттиңби?
Экөө сүйлөшүп отурса, бирөөсү тура калып:
- Туу, ата! Унутуп бараткан турбаймынбы! - дейт да, таблетка дарыларды кочуштап жей баштайт.
- Ой! Сага эмне болду? - дейт беркиси үрөйү учуп.
- Бул дарылардын бүгүн сакталуу мөөнөтү бүтүп атпайбы, - дептир тигиниси кытырата чайнап.

Өлбөгөн жанга ... жаш келди!
Эки курбу сүйлөшүп турат:
- Сен эмне турмушка чыкпайсың?
- Мени ала турган эркек төрөлө элек...

Жатып өлгүчө, айтып өл!
- Таңгөрү, кытайдын сааттарын оптом сатып алып, мезгил машинесине түшүп жыйырма жыл артка кирип барсак. Сааттарды кымбат баага сатып, түшкөн акчага долларын 60 тыйынга алмаштырып, арзан товар алсак, ыя, таасынгөрү!
Иш-штабка барам!
Военкоматта:
- Кайсы аскердик бөлүктө кызмат кылгың келет?
- Генштабда.
- Сен эмне, келесоосуңбу?
- Ал жакка келесоолорду эле алабы?
Кетти! Кетти!
Окумуштуулар бул дүйнөдө баарынан эмне ылдам деп талашып атат:
Филолог айтат:
- Баарынан сөз ылдам, оозуңан чыгаары менен угушат.
Физик айтат:
- Андай эмес, баарынан электр жарыгы ылдам. Жарык өчүргүчтү бассаң-өчөт, кайра бассаң - ошо замат күйөт...

Медик:
- Жоок, ал эчтеке эмес... Баарынан ичөткөк ылдам. Ичиң өткөндө сөз айтканга да, жарыкты күйгүзгөнгө да жетишпей каласыңар, туугандар!...
Мээң иштебесе, мээлей кий
- Күйөөң кандай, күүлүү-күчтүү жүрөбү?
- Чокусунабы. Ал деген илимдин курмандыгы болду.
- Эмне дейт, ботом, рентген нуру соктубу?
- Кара жерге кирсин! Манжаларынын тагы сейфте калып калыптыр...
Тил табышуу
Эки врач сүйлөшүп турат:
- Иштер кандай?
- Орточо. Бүгүн шефке талапты катуу койдум: же айлыкты көбөйтөсүң, же мен иштен кетем деп.
- Анан эмне болду?
- Акыры сөзгө келдик: ал айлыкты көбөйткөн жок, мен да иштен кеткен жокмун!