Ош окуясын Өзбекстандын чалгын кызматы билген
Буга чейин Кыргызстандын түштүгүндөгү кооптуу жагдайлар жөнүндө ар дайым айтылып атат. Абал өтө эле опуртал. Ал турсун Оштогу кырдаал кыл учунда турат деген эскертүүлөргө карабай, Утурумдук өкмөт (УӨ) эч бир чара колдоно албады. Тескерисинче кээ бир өкмөт мүчөлөрү түштүктөгү өзбектерден колдоо табуу максатында алардын арам ой - аракетин көз жаздымда калтырды. Өзбек сепаратисттери бакиевдерди да, ага кошо өздөрүн да аяп койбостугун сезишпеди. Болбосо түштүктө кыргыз улутундагылар азайып кетти, ак калпакчандан ак топу көбөйдү, мектептен мечит арбын, тескери маанайдагы диний агымдар жайылып жатат, Ош баңгизат базарына айланды деген кулак кагыштарга элден безген мурдагы кыргыз бийлиги көңүл бурбады.


Бүгүн Ош менен Жалал-Абадда абал өтө эле оор. Дагы эле кандуу кагылыштын болуп кетери устаранын мизинде. Мурда эл көп жүргөн жайларда курал көтөргөн аскерлерди Ооганстан сыяктуу чырлуу өлкөлөрдөн көрсөк, азыр так ошондой абал Түштүктө өкүм сүрүүдө. Ал жакта кишилер азыр бири биринин көзүн карагандан коркот. Жапа чеккендер, жакынынан ажыраган эки улуттун өкүлдөрү ичине кек сактап жүргөнү көрүнүп турат. Кечкисин ээн-эркин басуу деген жок. Бүгүн дүйнөлүк маалымат каражаттары жалаң өзбектер жапа чекти деп кыргыздарды мыкаачы катары көрсөтүүдө. Андыктан өзбектер жасаган мыкаачылыктарды айтпай кетүүгө болбостур.
11-июнда Фуркат айылында өзбектер колго түшкөн бир аксакалды калпагын кийгизип, бийик жерге асып тирүүлөй күйгүзүшүп жиберген. Ал эми жанындагы жигитти сабап өлтүрүшкөн. Бул окуяны алыстан кыргыздар көрүп турган. Бирок аскерлер элди өткөргөн эмес. 12-июнда борбордук базардын жанында орто жаштагы киши " Азыр менин үйүмдө 12 кишинин денеси жатат. Алардын баарын өзбектер мууздады, көмгөнгө жардам бергиле",- деп чогулгандарга кайрылган. Мындай жана мындан жаман окуяларды санасаң улана берет. Азыр элүүдөн ашуун кыргыз дайынсыз жок. Айрым маалыматтар боюнча аларды Өзбекстандын аймагына өткөрүп сууга чөктүрүп жиберишкен.
Жалалабаддык укук коргоочу Шарипов "Автономия маселеси боюнча этникалык өзбектер эч качан маселе койгон эмес. Биз өзбек тилине расмий статус берүү маселесин гана көтөргөнбүз. Анда да жалпы Кыргызстан боюнча эмес, жалаң өзбек улутундагылар жашаган жерлерде болсун дегенбиз. Мунун да себеби бар. Кыргыз тили мамлекеттик тил болгондуктан, бир топ жерлерде бөрк ал десе баш алгандай иштер болуп кеткен. Ошон үчүн биз расмий тил берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Ал эми автономияны талап кылуу согушка алып келерин жакшы түшүнөбүз. Кандуу кагылыш автономия маселесинен чыкты деп ойлобойм. Муну айрым кишилер жогорудагы маселелерди шылтоо кылып атайын чыгарышты."-дейт
Негизинен эгемендүү мамлекет болгонубузга жыйырма жылдын жүзү болду. Жогорудагы укук коргоочумун деген жалалабаддык өзбек жараны расмий тил сурап кайрылышканын дагы бир жолу ырастап олтурат. Бирок Ош тарапта кенен-кесир жашаган өзбек боордошторубуз жыйырма жылдын ичинде кыргыз тилин же орус тилин үйрөнүүнү каалашпады. Улуттун жалпы массасы жалаң өз тилинде сүйлөп келди. Эгер алар кыргыз тилин жакшы түшүнбөсө, түштүк тараптагы кыргыздар тилин чалып өзбекче түшүндүргөн учурлар арбын болду. Ошол жалаң өзбек туугандар жашаган айыл, махаллаларда көчө, мектептерге жалаң өзбек улутундагы инсандардын аты коюлду. (Аларды кыргыз эли билбесе да). Ал турсун менчик дүкөн, кафелерине "Юлдуз", "Минора", "Согдиана" "Аль-Барака" сыяктуу аттарды коюп, кадыресе жашап жатышты. Мен Ош тарапта ээси өзбек болсо, өз ашкана-дүкөнүнүн аталышын "Манас" же "Каныкей" деп атаганын ушул мезгилге чейин жолуктура элекмин. Алардын маданиятына, каада-салтына эч ким киришпеди. Тескерисинче, кыргыз телерадиосунун жардылыгынан түштүктөгү кыргыздар өзбек телесин көрүп, радиосун угуп жатты. Анысы аз келгенсип, өзбектин музыкасына бийледик. Анан кантип, булар ушундай кең пейилдикке нааразы болуп, алгачкы күнү колуна курал алып күнөөсүз кыргыздарга ок чыгарды деп таң каласың.
Биз Жалал-Абадда жүргөндө көптөгөн шумдуктуу маалыматтарга күбө болдук. Кырдаал кыл учунда тургандыктан, аларды жарыялап эки элдин бирин таарынткыбыз келбейт. Бирок айтпай коюуга да болбойт. Иномжан Абдурасулов, Кадыржан Батыров сыяктуу көптөгөн өзбек туугандардын кайдан жүрүп ошончо байлык топтогону табышмак. Мисалы, Кадыржан Батыров Жалал-Абадда анын кайсы бир тууганы айыл өкмөтүнө талапкер болуп өтпөй каларын билгенде, 800 миң сомду сарптап шайлатып жибергенин эл ушул күнгө чейин аңыз кылып айтып келет. Бул Батыровдун бир эле жолку "эрдиги". Албетте, Кадыржан аке өзбек улуту үчүн мындай берешендиктердин далайын жасаган. Аны кубатташ гана керек. Бирок ошол кагылышууда көптөгөн өзбектер Өзбекстанга алтынын, акчасын көтөрө качкандары болуптур. Оштогу айрым кишилердин ченемсиз байыганы баңгизат жолу менен да байланыштуу экени талашсыз дешет. Тосмосу түрмөнүкүнөн бийик тамдар да Ошто. Анан ошол тамдардын ичинде Ооганстандан келген баңгизат базардагыдай сатылып жүргөнү бүгүн дайын болууда. Себеби, коогалаң учурунда ошондой үйлөрдөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылган. Кандуу окуяны ушундай иштер менен шугулданган кишилер чыгарды деген маалымат да чындыкка жакын. Өзбектердин барымтасында калган кыргыз жигитин кадимки эле Ооганстан менен Чеченстандагыдай кебете - кешпирдеги колунда автоматы бар сакалчандар чогулган жерге алып киришкен. Эгер алар чындап баңгизат жолунда кызмат өтөгөндөр болсо, чыр-чатакты баштап коюп, өтө ири өлчөмдөгү героинди чыгарып кетиши да мүмкүн. Азырынча окуяны иликтеген чет элдик уюмдар менен биздеги түзүлгөн комиссия мындай маалыматты көз жаздымында калтырып, күнөөнү кыргыз элине койгондон башка сөз айта элек. Ушуга байланыштуу дагы бир жоромол - кандуу кагылышты өзбек оппозициясы менен да байланыштырып жүрүшөт. Ошолор менен биргелешип иш жүргүзгөн деген ынанымдуу маалыматтар айтылууда. Мында алар коогалаң башталса, кыргыз чегарасын бузуп кирип, Ош менен Жалал-Абадды колго алып, андан кийин Ташкентке жортуул жасамак болушкан. Мындай болгондо Түштүк Кыргызстан толугу менен Өзбекстандын карамагына өтмөк. Же автономдуу облусту көксөгөн өзбек сепаратисттери максатына жетип, эзелтеден эңсеген Ош менен Жалал-Абадга ээлик кылмак.
Акырында айтарыбыз, түштүк дагы эле түмөн түйшүктү жаратары көрүнүп калды. Табигый кырсык да, согуш да ошол тарапта. Алар аз келгенсип, түрдүү партия кураган саясатчыларыбыз элди экиге бөлүп өлгөндүн үстүнө көмгөн кылууда. Ушул кырдаалда өтө назик, аяр мамиле жасоонун ордуна шайлоодо өзбектердин добушун алуу үчүн көмүскө жерде жагынып жаткандар бар. Мисалы, Кадыржан Батыров менен Өмүрбек Текебаевдин байланышы. Эгер 1990-жылкы чатакты Москвага шылтап, союздун күнөөсү катары унутуп баратсак, азыркы кагылышуунун тамыры тереңге кетти. Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө 27 миң өзбек Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен. Болгондо да аялдары, бала-бакырасы, кары-картаңдары. Бул агым азыр да токтобой жатат. Социалдык маселелерди санасаң аягы түгөнбөйт. Жабыркагандар көйгөйүн айтып ыйласа, чыдап угууга дарманың жетпейт. Баарынан жаманы, жалпы Фергана өрөөнүндөгү опурталдуу кырдаал менен байланышта экендиги. Азыр өзбекстандыктардын көпчүлүгү июнь окуясындагы расмий Ташкенттин мамилесине нааразы. Экинчи жолкусунда чыдап тура албайбыз деп, коркута сүйлөгөндөрү да бар. Ошон үчүн да өзбек чегарачылары Сох анклавында кыргыздарга көзөмөлдү күчөтүп жатат. Жакында эле кыргыздарга тиешелүү машинаны өзбек жоокери Кадамжай постунда эч себепсиз төрт дөңгөлөгүн автоматтын бычагы менен тешип салган. Анысы аз келгенсип, автоматтын кундагы менен айдоочуну беш-алты жолу далыга согуп, мобилдик телефону менен 550 сомун тартып алган. Ал эми дагы бир Баткен облусунун жаранын чегарадан Өзбекстандын аймагына тартып киришип, 2000 сомун тартып алып, өзүн өлөрчө сабаган. Ошол эле учурда Өзбекстандын жарандары кыргыз чегара постторундагы бажычылардын, МАИ кызматкерлеринин паракорлугуна нааразы болушат. Мисалы, Ферганадан Шахимарданга бир машина ун алып өтүү үчүн кыргыз бажычыларына 30, МАИ кызматкерлерине 12, ж.б. майда постторго 30 миң сум төлөшөт. Бул сумма жалпысынан 72 миң сум болот.(Кыргыз акчасына которгондо 1500 сомдун тегерегинде) Ошентип кандуу кагылышуудан кийин чегарадагы абал күндөн-күнгө курчуп жатат.
Бүгүн жалпы өрөөндүн калкы жыш жайгашуусу боюнча Борбордук Кытайдан кийинки орунда турат. Суу тартыш, анысы аз келгенсип, жер тартыш. Бир жер тамда 3-4 үй-бүлө жашап жаткан учурлар өтө эле көп. Каримовдун бекем режимин кулатууга көптөгөн аракеттер болгон менен радикал оппозициянын кубаты жетпеди. Көпкө чейин даярданып баштаган Анжиян көтөрүлүшүн Каримов бийлиги таш талканын чыгарып, кайра баш көтөргүс кылды. Азыр өзбек президентинин денсоолугу табында эмес экени көп айтылууда. Анын айынан Армениядагы бейформал саммитке да барган жок. Эгер биздегидей башаламандык баштала турган болсо, мунун аягы эмне менен бүтөрү бир эле жаратканга маалым. Ошондуктан кыргыз аткаминерлери бийлик дегенде жантыгынан жата калбай, өзбек-кыргыз чегарасынын камын көргөнү абзел.
Өзбекстандын ичинен чыккан имиштерге караганда, Ош окуясын Өзбекстандын чалгын кызматы күн мурунтан билген экен. Ошондуктан алар куралдуу күчтөрүнүн басымдуу бөлүгүн кыргыз-өзбек чегарасына жайгаштырган. Эртеңки күндүн кандай болору белгисиз. Ош окуясы чыккандан кийин убактылуу өкмөттөгүлөрдүн бири "мындай болорун билгенде түштүккө башкача мамиле кылмак экенбиз" дегендей дагы бир армандын ышкырыгын тартып калбасак болгону. Башка кыйынчылык түшүп, кан жутуп турганда эч ким жардам бербейт экен. Ошол эле орус президенти Д. Медведев Отунбаеванын кайрылуусуна жума күнү Ош өрттөлүп жатса, маселени Жамааттык коопсуздук кеңешинде дүйшөмбү күнү чечебиз деп кабатырланган түрүн көрсөтпөдү.
Баарынан да үй-жайынан ажыраган кишилерге кыйын болгон. Кыргыз өкмөтү ал үйлөрдү кышка чейин тургузуп берүүгө чамасы жок экенин айтты. Жапа чеккендердин кимиси менен сүйлөшпөгүн, гуманитардык жардам албаганын айтат. Башында бир аз ун, күрүч, май берилиптир. Алачыкта күн кечиргендердин тагдыры мындан ары кандай болорун Утурумдук өкмөт да ачык айта элек. Болгону Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан бекер там салып берүүгө дармансыз экенин билдирди. Ал эми дүйнөлүк уюмдар убада кылган акчалардан дайын жок. Болсо да бекер эмес.
Келдибек НАЗИРОВ