"Республика" республика үчүн...
23-августта борборубуздун Тарых музейинде "Республика" саясый партиясынын кезексиз ll республикалык съезди болуп, ага бардык облустардан келген 202 делегат катышты. Келгендер 10-октябрда боло турган шайлоого депутаттардын тизмесин такташып, 120 адамды арасынан тандады. Анда жөнөкөй мугалимдерден баштап, менеджер, спортсмен, ишкерлер, искусство тармагында ийгилик багынткандар бар. Ошондуктанбы, партия төрагасы Өмүрбек Бабанов кыйын жолду тандап алгандарына карабай, алган багытынан тайбайт сыяктанат.

Алмазбек Америкадан салам айтты
АКШда жашаган боксерубуз Алмазбек Раимкулов интернет аркылуу кыргыз элине жана биздин өлкөдө жашап жаткан ар улутка багыштап кайрылуу кат салыптыр. "Мага азыр ар түрдүү партиядан телефон чалуулар болуп, алардын кызыкчылыгын коргоп берүү менен саясатка киришимди суранып жатышат. Ушундан улам деле эмес... мен өлкөбүздө болуп өткөн окуяга кайдыгер карабагандыктан, Кыргызстан үчүн, азыркы жана келечектеги жоопкерчиликти сезген үчүн ушул катты жазганга туура келди"- дейт Алмаз мырза. Эгерде кыргыз жигитинин кайрылуусуна кайдыгер карабайм десеңиз, "Кабар" агенттигинин сайтына кирип окусаңыз болот. Баса, эмки саныбызда Алмаз Раимкуловдун жубайы Динара айымдын кызыктуу маегин сунуштайбыз. Куру калбаңыз!


Дербишева Саламат Садыкованы сайып түштү
"Акжолдун" айтылуу депутаты Гүлнара Дербишева Бакиев режими кулаган соң, ашынган интернационал "Содружество" партиясына өткөн. Кечээ жакында "Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев тизмесинин 5-орунундагы белгилүү ырчы Саламат Садыкованы алып ыргытып, анын ордуна Гүлнара Дербешеваны бекитти. Артистке караганда, "акжолчунун" акчасы көп десе керек.


Максим Бакиевдин кармалганы чынбы?
Интернет-сайттарга ушундай маалымат жарыяланды. Ага ишенсек, эски президенттин эрке баласы 13-июнда Лондондон анча алыс эмес, бир аэропортто колго түшүп, Англиядан башпаанек сурап аткан имиш. Анын ишин коргоо үчүн таякеси, качкын олигарх Борис Березовский жаанда жок адвокат жалдаптыр. Ал Лондондо аты чыгаан Carter-Ruck адвокаттык фирмасынан экен.


Сюитанын "телесюитасы"
Апрель окуясынан кийин "Бакиевдин кадры" деп бир тобун иштен айдашкан. Алардын катарында тележурналист Сюита Соурбаева да бар болчу. "Кадр кайра эле керек" дегендей, Сюита Ош телекомпаниясынын генералдык директору болуп дайындалды. 1991-жылы негизделген бул канал башта өзбек тилинде берилчү. Сюита аны эми анык эл достугу каналына айландыруу аракетинде.


Малеванная "Атамекенге" малындыбы?
Экс-президент Бакиевдин энчилүү идеологу Оксана Малеваннаянын аты "Атамекен" партиясы штабынан угула баштады. А.Бекназаровдунбу, айтор утурумдук өкмөт улуктарынын биринин жардамы менен үй камагына чыккан сулуу Ө.Текебаевдин штабында тымызын иштеп атыптыр. Ал партия тизмесинин 5-номуруна калемдеши Наталья Королевичти киргизген экен: башка улут десең, башка улут, аял десең, аял, жаш десең жаш деп (шайлоонун ошондой "оюну" бар). Бирок "атамекенчилер" айкырып чыгып, Ассоль Молдокматованы киргизди дешет. Баса, "Атамекен" партиясынын тизмесиндеги 25-орун 250 миң долларга чыкты дешет.


Атамбаевдин партиясы "... арш-бросок" жасады
Социал-демократтар партиясы (КСДП) курултайын кыргыз мамлекеттик филармониясында кутургандай салтанаттуу өткөрдү. Филармония айланасына аземдүү машинелер батпай кетти. Кызыгы, КСДПга өттү деген генерал И.Исаков жаңы түзгөн "Азаттык" партиясынын атынан куттуктады. Административдик ресурс анча-мынча аз бөлүнүп калган "Атамекен" партиясынын лидери Ө. Текебаев аларды пайдаланбайлы деп чыкты. Клуарларда болсо, Кытай чегара пунктун 62 км Кыргызстанга киргизүү жөнүндө Алмаз Атамбаев кол койгон делген келишимди көтөрүп жүрүштү. Чын же жасалма нуска экендигин билалбадык.