Кыргыз гезиттери




Күзүндө азык-түлүк кризиси күтүлүшү мүмкүн
Акыркы эки аптада өлкөдө ун, ундан жасалчу азыктар, кумшекер жана майдын баасы кескин өсүп барат. Ак төөнүн карды жарылчу берекелүү күздүн кирип келгенине карабай, айрым экономист - эксперттер так ушул күздө Кыргызстан азык-түлүк кризисинин кучагында калат деп боолголоп жиберишти. "Жаман айтпай жакшы жок" демекчи, алардын мындай терс прогнозунда толук негиз бар.

Россия дүйнөнү ачарчылыкка түртөбү?
Быйылкы аптаптуу саратан Россия мамлекетин чоң түйшүккө салып, ири чыгашага учуратты. Акыркы 50 жылда болуп көрбөгөн ысык 130 жылдан бери кайталана элек каардуу кургакчылыкты, региондорго ири масштабдуу өрттөрдү жаратты. Анын кесепетинен эгин түшүмү былтыркыга салыштырмалуу 30-40 пайызга аз жыйналары күтүлүүдө.
Айталы, 2009-жылы Россия 97 млн. тонна эгин жыйнаса, эксперттер бул көрсөткүч быйыл 60 млн. тоннаны гана түзүшү мүмкүн дейт.
Август айынын башында Россия өкмөтү буудай экспортуна эмбарго киргизди. Расмий Москванын айласыздан кабыл алган чечими дүйнө жүзүн катуу чочулатты. Британдык "Telegraph" басылмасы экспортко тыюу салынган орус буудайы дүйнөлүк биржаларда буудайга болгон бааны 45%га жогорулатканын кабарлайт. Ушул тапта Чикаго эгин биржасында бир бушель (27,2 килограмм) буудай 7,23 долларга көтөрүлүп, бир тонна буудай 266 долларга чыкты. Европада буудайдын тоннасы 266 еврого көтөрүлгөнүн баса белгилеген "Reuters" маалымат агенттиги Россиядан башталган кургакчылык быйыл жер бетинде ачарчылыктын араанын алып келиши мүмкүн дейт. "Reuters" Россия өлкөнүн унга болгон ички муктаждыгын геостратегиялык кызыкчылыктардан жогору коюшка мажбур болуп, жадакалса Египет сындуу өлкөлөргө буудай сатууну токтотконун белгиледи. Белгилүү болгондой Араб дүйнөсү үчүн АКШ менен расмий Кремл тымызын кармашып келишет.
Бир тутам буудай бир кочуш алтынга айланабы?
Азыркы тапта дүйнөлүк азык-түлүк биржалары эсеп-чотун кагып, быйыл күтүлчү азык-түлүк кризисине камданып аткан мезгили.
Себеп дегенде, аларды статистикалык маалыматтар бул шашылыш кадамга түрткөндөй. Быйыл дүйнө жүзүндө буудай 652 млн. тонна гана өндүрүлөрү болжолдонууда. 2009-жылы бул көрсөткүч 679 млн. тоннаны түзгөн.
КМШ алкагындагы 12 мамлекетте да буудайдын өндүрүмү 20%га азайып, күзүндө жыйнала жүрчү 113,8 млн тонна буудай, 91,6 млн тоннага түшмөкчү. Эл аралык буудай бирикмесинин маалыматы боюнча 2011-жылдын июнь айында буудай дүйнөлүк запасы 192 млн тоннаны гана түзүшү мүмкүн.
Айрым эксперттер абал ушул бойдон өзгөрүлбөсө, жакынкы 2-3 жылда жер бетин ачарчылыктын арааны каптайт деген тыянак чыгарышты. Бир эсе бул божомолго негиз бардай.
Айталы, жылына 15-20 млн тонна буудай экспорттоп, дүйнөнүн эң ири буудай экспорттоочу үчилтикке кирген Россия, быйыл өзү 5-7 млн тонна эгин сатып алууга аргасыз.

Нан болбосо, шайлооң да болбойт!
Кыргызстанга жылына кеминде 1 млн 100 миң тонна буудай керектелет. Анын 350-400 миң тоннасын буудайды атамекендик дыйкандар үчүн эч пайда-батасы жок Айыл-чарба министрлиги жана "Азык-түлүк корпорация" ААКсы Казакстандан алып келет. Казак уну сапаты жагынан кыргыз унунан өтө деле айырмаланбайт.
Арийне, Бакиевдин учурунда "Азык-түлүк корпорациясы" элдин, дыйкандардын өндүрүп аткан продукциясын сатып алат, агрардык рынокко мониторинг жүргүзүп, быйылкы күздө, келерки күздө азык-түлүккө көрсөтүлчү болжолдуу бааны аныктап, аны баба-дыйкандарга кулак кагыш кылып, ошол баага жараша канча өлчөмдө кандай продукция айдаларына сунуш берет деп түзүлгөн эле. Жыйынтыгында эмне болду?
"Азык-түлүк корпорациянын" башына Максимдин бизнес өнөктөштөрүнүн бири - "алкокороль" Шаршенбек Абдыкеримов дайындалган.
"Менин өндүрүшүмдөгү тетиктерим евро, заводдорум заманбап" деп мактанса, кулагың тунган Шаршенбек мырза өзү жетектеген мамлекеттик мекемеге андай ноу-хау, же мыкты менеджмент ( Ш.Абдыкеримовдун чуулуу иштерин, кыргыз дыйкандарына кылган кыянаттык мамилесин келерки санда жазабыз - Т.С.) алып келе алган жок. Былтыр Кыргызстанда дан эгиндери эң көп жыйналып, күзүндө республиканын кампаларында 1 млн. 50 миң тонна буудай тирелип турду. Бирок "Азык-түлүк корпорациясы" жергиликтүү буудайдын 20 миң тоннасын болгону 10 сомдон алмакчы болуп, иш жүзүндө 17 миң тоннаны гана алган. Андан да жаманы, Ш. Абдыкеримов республикалык масштабда ушул бир ууч буудайды 5-6 сомдон алып, аны да арактан жутап аткансып заводдоруна арак тартырып салган деген имиш бар. Азыр ошол 17 миң тонна буудай матрезервде сакталуубу же жинди сууга айланып, кулкунга куюлуп кеттиби деген маселе бар. Ушул маселе боюнча вице-премьер Азимбек Бекназаров коомчулукту бир айдыңдатып койсо, көп эле алкомагнаттарды "коргой" бербей!
Темадан алыстай түштүк. Ошол биздин дыйкандардын тер төккөн эмгегине кыянаттык кылган Ш. Абдыкеримов мекемеси коррупция системасы менен Казакстандан 370 миң тонна буудайды сатып алганын Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу агрардык адис, академик Жамин Акималиев чырылдап айтып келет. Бирок көздөрү "көмүскө" акчалардан тунарып, кулагы карыш болуп бараткан убактылуулардын эч кимиси аксакалдын сөзүнө көңүл бөлбөдү. Дыйкандар үчүн продукциясын сатып өткөрүүнүн стабилдүү механизми түзүлбөгөнү, алар ишенген "Кыргызагронун" кылыгы жогорудай болгону үчүн былтыр буудай аз айдалып калды. Андан сырткары быйылкы апрель төңкөрүшүнөн кыргыз-казак чекарасынын жабылышы күйүүчү, өзгөчө дизелдик майлардын баасын жогорулатты. Анын кесепетинен Түндүктө, айрыкча Ысык-Көл, Нарын облустарында эгин өтө аз өлчөмдө эгилди.
Учурдагы айыл-чарба министри Маматшарип Турдукулов болсо, быйыл республикадан 875 миң тонна буудай жыйналарын, калганын 150 миң тоннанын тегерегинде Казакстандан импорттойбуз деп тил эмизүүдө. Арийне, кайрале агрардык эксперттер быйылкы буудайдын жыйымы максимум 750 миң тоннаны түзүп, Казакстандан жылдагыдай эле 300 миң тонна сатып алабыз деп коңгуроо кагышууда. Эң кейиштүүсү, шайлоонун аламаны, депутаттык орундун даргөйү менен алпурушкан бүгүнкү бийлик 150 миң тонна буудайга акча бөлбөй жатканы өтө өкүнүчтүү. Казакстан деле быйыл болгону 2 млн тонна буудайды экспорттой аларын жарыя кылды. Аны жанындагы Россия эле сатып алып коёт. Ал эми бүгүнкүнүн рыногу боордош-баурдастыгына карап отурбайт. Ким көбүрөөк акча сунуштаса, ошого сатат. Дүйнөлүк базар наркы ушундай. Ошондуктан, азыркы бийлик ун маселесин эртерек чечсе. Эгер нан болбосо, шайлооң өтпөрү турулуу иш. Шайлоо болбосо, сөзсүз төңкөрүш болот. Ачыккан элдин төңкөрүшү.
Семетей Талас уулу








кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"




Яндекс.Метрика