Президенттин ойношу
"Лозунг"-сериал: сандан санга
"Ооба-ооба, . . . ошол го, бул адам Саматов деген миллионердин өзү тура! Атыр иштеген концерндин Президенти! Акцияларынын баасы асмандап, долларлар жамгырдай жааса да бир жылмайып койбогон, Капар Алиевичтин накта өзү экен да! Атыр муну неге чакырды? Мактанайын дегениби? Расмий каттоого мени жана күйөө жолдоштукка Артыктын бир досун эле чакырдым деп атпады беле?"
Эч нерседен коркпогон, тайбас курбусу Атыр да Президенттин алдында кээде калтырап кетээрин, анан калса айлыгы арбын болгондуктан гана аргасыздан чыдап иштеп жүргөнүн айткан эле.
Машинеден араң дегенде түшүп жатып Турдукан акырын үн катты:
- Мен Атырдын жакын курбусу болом... атым Турдукан.
Президент Капар Алиевич мисирейген бойдон унчукпады, атын да айткан жок. Тасырайган таптаза бетинде жылмаюунун жыты да байкалбайт. Анан кантип ушундан жакшылык күтсө болот? Кардан тургузулган кишинин жылуулугу да бул адамдыкынан арбын болсо керек.
Турдукан суу болгон чачын сылай кол саатына карады, жарым сааттай кечигиптир. Капар Алиевич чыдамсыздыгын көрсөтө кызды кыжырлана карады да, арышын кенен таштап алдыга басты.
Алдынан жаркылдаган Атыр менен кабатыр болгон Артык тосуп чыгышты.
- Кудай сакта-а!.. Турдукан, сага эмне болгон? Алдагы кебетең эмне? - Курбусу булганган кийимин көрүп жүрөгү түштү.
Турдукан жанындагы түнөрүп турган кишиге көз кырын сала ийиндерин куушурду:
- Такси бузулуп... жолдо калып... Калганын анан айтып берем. Расмий ишти баштаардан мурда мен дааратканага кирип чыгайын?
- Ооба, албетте. Кудай ай, толкунданып жатам! Капар Алиевич, сиздин келгениңизге абдан кубанычтамын. Макул болгонуңузга рахмат. Артыктын досу сасык тумоолоп калат деп ким ойлоптур... Сиз болбосоңуз биз күбө жок, катталбай калмакпыз. Жүрүңүздөр, бизди күтүп калышты...
Каттоо шааниси жүрөктү толкундаткандай салтанаттуу өтсө да, Капар Алиевичтин жүзүндө эч кандай өзгөрүү байкалбады. Бир да жолу жылмайган жок. Ошонусу Турдуканды ого бетер туталантты. Нике кыюу күбөлүгүнө кол коюп жатканда да бирөөнү өлүм жазасына кетирип жаткансып кумсарганы кумсарган.
Андан кийин Атыр менен Артык эң жакын достору жана туугандары үчүн "Алтын Сарай" кафесине уюштурган чакан үлпөткө чакырышты. Турдукан ичинен Президент барбаса экен деп тилеп турду. Анын жанында аба жетпегендей кысынып туруш өзүнчө эле тозок экен.
Тилеги орундалбады. Ал аз келгенсип, экөө катарлаш отуруп калса болобу! Шампан атылып, биринчи каалоо айтылган соң шашып, чоң ууртап алганбы - Турдукан шампанга чакап калды! Таң калыштуусу, Капар Алиевич ошол замат Турдуканды эки далысынын ортосуна этият чапкылап:
- Майга-сүткө, жөтөлүңүз басылгыча бокалыңызды кармап турайын, - деп Турдукандын колунан бокалды алды.
- Ардагым, сага эмне болду? - деп ары жактан Атыр да үн катты.
Көзүнөн аккан жашты аарчып жатып, Турдукан уялганынан жерге кирип кеткиси келди. "Деги бүгүн эмне деген күн!? Андан көрө мен да тумоолоп, ооруп калдым деп жатып алсам болмок экен. Үйгө бараарым менен эшикти ичинен илип, бир куту шоколадды жеп, өзүмдү өзүм сооротпосом... "
- Баары жайында, рахмат! Шампанды туура эмес ууртап алдым окшойт.
Бирок баары бир Турдукан өзүн абдан ыңгайсыз сезди. Ушундан көрө зоопарктагы арстандын же удавдын капасына киргени дурус болмок. Бир маалда үйлөнүү тойго эмей эле бирөөнүн тажиясына келгенсип тунжурап отура бергенден тажадыбы:
- Шаан-шөкөт жакшы өттү окшойт, сиз кандай дейсиз? - деп Турдукан оозуна келгенин оттоп койду. "Каяктагы бир болбогон эле сөздү айтып койдум окшойт! Унчукпай эле отура берсем эмне! Жагымсыз кишинин жанында отургандан өткөн тозок жок тура. Берген суроомо жооп бербесе деле ыраазы болот элем." деп ойлогончо болбой күтүлбөгөн жерден тиги киши кайра өзүнө суроо узатты:
- Сизге үйлөнүү үлпөттөрү жагабы?
Таштай каткан өңүндө жылмаюунун жышааны да жок. Мээримсиз көздөр жооп күтүп Турдуканга тигилди.
- Билбейм, чынын айтсам мен мындай банкеттерди, тойлорду жактырбайм.
- Эмнеге?
Бул темада эч ким менен эч качан сүйлөшпөгөн Турдукан эмне айтаарын билбей мукактанды:
- Мен... мен өзүмдү негедир ыңгайсыз сезем. Атыр менен Артыктын ушундай чакан той кылганы туура эле деп ойлойм. Тааныбаган эки үйбүлө биринчи жолу тойдон жолугушканда, кандайдыр бирин-бири сынагансып карашат эмеспи... Анын үстүнө өзүңө жакпагандар менен да баарлашканга туура келет...
Турдукан айтаарын айтып алып, коркуп кетти.
Бирок Капар Алиевич таарынгандай көрүнбөйт. Тескерисинче, түнөргөн өңү өзгөрүп, ууртунда кандайдыр бир жылмаюу пайда болгонсуду.
- Менимче, сиздин күйөөңүз жок болсо керек?
- Туура айтасыз, - Турдукан азыр анын эмне жөнүндө ойлонгонун элестетти: "Айтпадым беле, мен ойлогондой чыкты!" Кыз заматта кызара түштү. Ал өзүн сулуумун дебейт, бирок өңү серт кыздардан эмес экендигин да жакшы билет. Жана жолдон бу киши өзү айтпадыбы - базарчы аялдардай деп... Бул кишинин Турдукан жөнүндө кандай ойдо калганы айтпаса да түшүнүктүү.




Ойношуңдун ким экенин ишиңди бүтүргөндө билесиң

1. Төшөктө күндүз болуп бир жолку көңүл ачуудан кийин бир нерсе сатып келүү үчүн сыртка чуркаса.
Тыянак: Өнөктөшүңүз сиздин лаззатыңыздан өз кызыкчылыгын жогору коёт. Ал сиз менен айкашып жатып өзүнүн гана мүдөөсүн кандырган. Мындай кишилерде лидерлик сапат бар. Ал сиздин кылыгыңызга көп деле канааттанган эмес.


2. Эгер кучагыңыздан бошоп дароо жуунганы жөнөсө.
Тыянак: мындай өнөктөштөр өтө этият болуп ар нерседен шектене беришет. Алар өтө сезгич жана бир кезде жыныстык дартка чалдыгышкан же жакын адамдарынын ооруп азап тартканына күбө болушкан. Алар өнөктөшү менен кошулгандан кийин өздөрүн аябай ыңгайсыз сезет. Самын менен алиги жерлерин көбүртүп жуумайынча жаны жай албайт. Аял болсо экинчисин каалабайт. Эркек болсо кайра жарабайт.


3. Тамеки тартып же сагыз чайнап анда-санда өпкүлөп аңгеме курууну кааласа.
Тыянак: сак болуңуз! Бир аздан кийин ал сизден акча сурайт же кандайдыр бир жыландын башын кылтыйтат.

4. Эгер үстүңүзгө сүлгү жаап, жуунуп кел деп мажбурласа.
Тыянак: булардан сак болгон жакшы. Чөнтөгүңүздү аңтарып жылт коюушу мүмкүн. Эгер андай болуп чыкпаса жанагы болуп өткөндөн да ажайып төшөктүн кумарын көрсөтөт.


5. Ишиң бүткөндөн кийин да кайра-кайра өпкүлөп алиги жерлерге кол сунуп эзгилей берсе же карагысы келип таңыркаса.
Тыянак: өтө ишенимдүү ойнош. Мындайларды колдон чыгарбоо керек. Алар жалаң дененин кумары үчүн гана сиз менен болгонун унутпаңыз.





Аялдар төшөк лаззатын кандайча татат?
Англиялык окумуштуулар аялдар оргазмга кандайча батарын текшерүү үчүн ар кыл курактагы 2500 аялды изилдөөгө алышкан. Көрсө, көпчүлүк аялдарга көпкө чейин өпкүлөө, сылап сыйпоо, эркелетүү сыяктуу эротикалык аракеттер оргазмга батышына такыр таасир бербейт экен. Изилдөөгө алынган аялдардын көпчүлүгүндө эркектер өөп кучактагандан кийин, болгону алардын жыныс кыны гана бир аз сууланган. Бирок кээ бир аялдарды 20 мүнөткө жеткирип эрогендик зоналарынан бери укалаганда алар кадимкидей улуп-уңшуп жыргалга батып калышкан. Изилдөө көрсөткөндөй көпчүлүк аялдар чыныгы жыргалды эркектер көл-шал тердеп тынымы жок аракеттенгенде гана сезишкен.