Билгибиз келди...

Сизди "Чыңгыз Айтматовдун балдарынын "горшогун" тазалап жүрүп ушул даражага жеткен" деп айтышат экен...
Абдылдажан Акматалиев, Ч. Айтматов атындагы тил жанан адабият институтунун директору:
- Мен Чынгыз Төрөкулович менен турмуштук байланыш түзө элек кезде эле илимдин кандидаты, Илим жана техника боюнча Кыргызстан комсомол сыйлыгынын лауреаты, СССРдин "Эмгектин артыкчылык" медалы менен сыйлангам. Чыңгыз Айтматов менен турмуштук байланыш башталганда деле а кишинин эч кандай кийлигишүүсүз, жардамысыз эле Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү, Филология илимдеринин доктору, профессор, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын 2 жолку лауреаты, "Даңк" медалынын ээси болгом. Мына азыр Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү өткөнүнө 2 жылдын жүзү болду. Мен ушул жыл ичинде Улуттук Академиянын академиги болуп шайландым. Эмгек кылбасаң, ошончо наам, даражаны ким берет? Менин эмгегимди эл билет.
Мен Ч. Айтматов менен 28 жыл бирге жүрдүм. Анын мага берген жардамы, наамы деп "Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем"- деген сөзүн эсептейм. А жанагинтип "горшок" жууп жүрүп жеткен" деп ушундай даражага жетпеген көралбас калемгерлердин айткан кеби. Мен ал кишинин үйүнө көп барчумун. Кызы Ширин 1-класс кезинде кыргыз тилден сабак да өтчүмүн. Балким ошону ушундай кылып "бурмалап" айткандары го.

- Телефондон бирөөлөргө канча жолу калп айттыңыз эле?
Рахман Разыков, куудул:
- Көп эле жолу айткам. Телефонду калп айтыш үчүн жасашкан да (күлүп).
Мисалы азыр деле сага көлдө эс алып жүрөм десем, ишенесиң да туурабы?
Жамбыл "Бир жолу Ошто маршрутта баратсам жанымдагы келиндин телефону шыңгырап калды. Телефонду алып эле тиги "кесмени" илип кирсе болобу. "Мен азыр Таластамын. Эми не кыл дейсиң? Ушундай болуп калды",- деп. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин карасам деле сыр бербейт. Бир убакта менин телефонум да чырылдап калды. Алдым да, мен "Ой мен Ошто эмесмин, Таластамын"-, десем, тиги досу "Эй мен сени жаңыраак эле көрдүм го" деди эле, "Билбейм маршруткадагылар Таластабыз деп атышат го" деп тигиге тийишип койдум,"-деп айткандай, мен деле кээде ошентип койом. Өзгөчө тойго чакыргандар көп болот. Барам деп койосуң, анан иштер чыгып калат, ошондо айла жок "Мен гастролго чыгып кеттим эле, ал эле, бул эле" деп кулакка "кесмени" илишке туура келет.

- Эркектердин денесин кармаганда итиркейиңиз келбейби?
Борончу Кудайбергенов, куудул:
- Келет да. Биз эми эркектин денесин кармабайбыз деле да. А кыздардыкын тим эле сонун кармайбыз, массаж да жасап беребиз. (күлүп)


- Азыр өзүңүзгө андагы Клара Алибекова жагабы же азыркыбы?
Клара Алибекова, ырчы:
- "Кыргызымдын жигиттери" деп ырдап жүргөн кезимде мен эч нерседен тартынбаган, шок, тыпылдаган-тың кыз элем. Азыр андай эмесмин. Мени көптөн бери билгендер "Такыр башкача кыз элең, Сен не болуп калгансың?"- деп таң кала беришет. Азыр өтүмүм жоктугу үчүн эле өзүмдү жактырбай калбасам, ким эле өзүн жаман көрсүн.


- Кайындарга барганда жоолук салынасызбы?
Айжан Акылбекова, актриса:
- Мен үчүн жоолук бул- аялзатына көрк кошо турган кооздук. Экинчиден, кыргыздын салтына ылайык келген илбериңки буюм. Мен кайындарымдыкына барганда же алар келгенде дайыма жоолук салынам. А кээде үйдө өзүм жалгыз болгондо деле салынып алам. Кээ бирөө жоолук салынса жүдөп кетет го, мага тескерисинче тыкырайып, жоолук салынып жүргөн жагат.


- Жазма акын менен төкмө акын кезиккенде не жөнүндө сүйлөшөт болду экен?
Амантай Кутманалиев, төкмө акын:
- Албетте, талант, чыгармачылык, жашоо жөнүндө кеп козголот. Өзгөчө Ыр акеге (Рамис Рыскулов) жолугуп калган күн өзүнчө эле майрам да. Ал асман менен жердин ортосунан кеп козгогондо… Мындайча айтканда Ыр акенин турган турпатынын баары эле ыр. Гений да. Кыргызда эки гений адам бар азыр. Бири кара сөздүн устаты Кубатбек Жусубалиев, экинчиси ырдын устаты Рамис Рыскулов. Азыр биз буларды барктабай жүрөбүз. Эми биз аларды түшүнгүчө, барктагыча билбейм канча убакыт өтөт.


- Режиссерлук кылып атып ролго берилип кеткен учурлар көп болот окшойт сизде ээ?
Рустам Аташов, режиссер:
- Бул нерсе кинонун башталышынан аягына чейин эле болуучу көрүнүш. Мен эми профессионал актерлор менен эмес, эл ичинен чыккан таланттар менен иштегендиктен, биринчи алар аткара турган ролду өзүм аткарып көрсөтүп берем. Алар алгач мени көрүп анан ойношот. Мындайча айтканда өзүм ролго дайыма берилип турам (күлүп).


- Айылдык жигит болсонуз...?
Сапар Сопубеков, ырчы:
- Оо анда 6 баланын атасы болмокмун. Айылда балдарды эрте эле үйлөндүрүп коюшат го. Өзүм Кызыл-Кыядан болом да, мен өзүмдүн айылымда да эмес, башкысы шаркыратма суусу бар, тоонун боорунда жайгашкан айылда жашамакмын. Чөп чапканды, картошка айдаганды, жүгөрү эккенди катырмакмын.
Мунабар МУНДУЗОВА