Дүбүрт бар, бирок дүңгүрөгөн эмес…
Кино-бул искусствонун эң бир сыйкырдуу түрү. Кайсы бир кезде токтоп калып кайра жандангандай элес берген кыргыз керемети - бүгүн да ийгиликтен куру эмес. Саясатка катуу сүңгүп кирип кеткениби, мамлекет тарабынан рухий байлыгыбыз маданиятка жетишээрлик көңүл бурулбай келди. Бул багытта кыргыз киносунун абалы, деңгээли кандай деген суроо менен айрым ишмерлерге кайрылдык.

Темир Бирназаров, кинорежиссер:
- Тилекке каршы, кыргыз киносундагы профессионалдык кино менен коммерциялык кинонун айырмасын билбей атышат. Мурун Союз убагында "Кыргызфильм" киностудиясы бар эле. Баардык жерде ушундай профессионалдык Киноматографисттер союзу, өзүнчө кино сүйүүчүлөр клубу болчу. Азыр анын бири жок. Баары эле кыргыз киносунун деңгээли түшүп кетти деп бизге доомат коёт. Кечээ мага бир жерден айтышты "Министрдин кызынын махабаты" ж.б ушундай кинолорго цензура болуш керек да, ушуларды теске салбайсыңарбы, бу кандай деп. Чын-чынына келгенде, бул кыргыз фильмге тиешеси жок. Алардын жеке менчик студиясы бар же үйүндө отуруп тартат. Буларды эч кимдин кой дегенге акысы жок, анткенге да болбойт. Анткени, өздөрүнүн каражаты менен тартып атышат. Азыр демократия, базар экономикасы , кандай кылышты ар ким өзү билип атат. Жада калса порнаграфияны тартышы мүмкүн. Мындай көрүнүш башка мамлекеттердин практикасында да бар. Себеби, порнографиядан акча көп түшөт. Кино экинчи тарабынан товар катары да кетет.
- Кыргызфильми өзүнчө агенттик болуп бекиди. Анын кандай пайдасы болушу мүмкүн?
- Кыргызкиносунда кинонун көркөмдүүгүнө басым жасалат. Кыргызкинонун абалына келсек, орусча айтканда "хуже некуда". Биз башта Маданият министрлигине карачубуз, былтыр 28-ноябрда андан чыгарган. Ошондон бери эч бир тармакка кирбей келгенбиз. Ушул жагдайдан пайдаланып, ноябрдан апрелге чейин иш токтоп, кыргызкиносунда башаламандык көбөйүп кетти. Мен ошого нааразы болуп, кыргызкиносун тазалап, бутуна тургузайын деген ойдо жетекчилик менен кайым айтышып, жаман-жакшы көрүнүшүп гезит беттерине чейин чыгып келдим. Акыры менин адресиме "Белгисиз маршрутта" президентти ачык шылдыңдады, Бакиев кайда карап атат, тыюу салыш керек, мындай кино тарткан немнени жоготуш керек өңдүү каралама макалаларды жаздыра башташты. Ошентип, быйыл апрель окуяларынан кийин Р.Отунбаева бизди өзүнчө агентчилик кылып бөлүп берди. КР өкмөтүнө караштуу Кинематография боюнча мамлекеттик агенттик болуп калдык. Анын жетекчилигине "Ордо"телекомпаниясынын директору, "Ордо сахна" театрынын негиздөөчүсү, кинону түшүнгөн адамды- Шамил Жапаровду шайлап алдык. Азыр мына структура бекилип, кичинеден кыймылдап атабыз. Кыргыз фильмди иретке келтириш керек. Көп жылдан бери мамлекеттен бөлүнгөн акча кайда кеткенин эч ким билбейт. Жылына көп деле эмес 5-6 млн. сом бөлүнчү, бирок, ошол акчалардын кайда кеткени, кандай кино тартылып атканы белгисиз. Курулай отчёттор кагаз жүзүндө гана берилип калган. Финполиция, дагы башка жактан келген текшерүүчүлөргө анча-мынча акча берип кутулуп кетчү. Чынын айтканда, бул жер майда коррупциянын очогу болуп калган. Көп эле режиссерлорубуз кино тартабыз деп, миллиондогон акчаларды алат дагы, акыры киносу да жок, акча да жок. Эрнест Абдыжапаровдун, Актан Арым Кубаттыкы, меники сыяктуу чакан студияларды алсак, өзүбүз акча таап, жаштарды үйрөтүп,акча берип, 2-3 миң долларга кино тартабыз.Анын үстүнө кыргызфильм киностудиясына ижара акы төлөйбүз.Андан кызыгы, "Кыргызфильминде" 60-70 киши иштейт. Ошолордун арасында бир да режиссер, бир да оператор, бир да монтажёр жок. Азыр бизде гендиректор, помдиректор, бухгалтерия баары бар, а бирок кино тарткыла десе, монтажёру да, оператору да, режиссеру да жок.
- Бул маселе каржыга такалып атабы?
- Жок. Так ошолор айлыкты, аренданын акчасын алып коюп отурушпайбы. Киного тиешеси жок адамдар жүрүшөт. Анан 5 күн иштеп, жумуш күнүн 7 сааттык кылып алышкан. Бул деген Эмгек кодексин бузуу дегендик
- Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыгыңыз бар?
- Кыргыз киносунун жүзүн көрсөтүп аткан-негизинен менчик киностудиялар. Мен 4 баланы үйрөтүп атам. Жакында кумар оюнуна каршы, абортко каршы, дагы бириси 7-апрелдеги окуяга карата даректүү фильм тартышты.
Азырынча кыска метраждуу кинолорду тартуудабыз. "Градиент"фирмасынын директору Эмир Сарпашев толук метраждуу кино тартканга жардам берип атат. Буюруса, жакында баштайм. Ошондой эле Садык Шернияз өзүнүн демилгеси менен 20 жылдан бери иштебей калган анимация чакан цех ачып, иштетип атат. Чыгармачылык жагынан жакшы. Жаштарыбыз чоң-чоң кинофестивалдарга катышып атканы сыймык. Мамлекет тарабынан кичине жардам берип койсо деп ойлойсуң.

Гүлбара Төлөмүшова, киносынчы:
- Бизде кино тармагы таптакыр жоголуп кеткен жок, бар. "Локарнанын ачык эшиктери" дүйнөлүк кинофестивалында 8миңдей киши отурду. Бул жактан Актан Арым Кубат өзүнүн "Свет-аке" киносу менен барып, фестивалдын катышуучуларынын куттуктоосуна арзып келди. 9 жыл ушу фильмдин үстүндө иштеди. Көрдүңүзбү, кино тартуу текейден арзан иш эмес. 9 жылдык эмгектен чыккан кино чыныгы профессионалдык деңгээлдеги эмгек болуп чыга келди. Профессионал кыргыз кинорежиссерлору ичинен Актан Арым Кубат №1 орунду ээлейт. Мен ушинтип эле айта алам. Башка режиссерлор таарынбасын, бирок жеке өзүмдүн көзкарашымда бу кишинин эмгегин баалайм.
- Кыска метраждуу фильмдердин ичинен көңүлүңүзгө толгону барбы?
Кыска метраждуу фильмдер да тартылып атат. Мен бул багытта Наргиза Маматкулованын "Сөйкө" деген фильмин мыкты фильм катары белгилегим келет. Жаш режиссерлордун бири -Элнура Исманалиеванын "Дордойдон чыккан асыл таш" аттуу фильми да абдан жакшы тартылган. Бул кыз 3 тилде (англисче, орусча, кыргызча) эркин сүйлөйт. Фильмдердин сценарийин англисче жазат. Себеби, биз кинофестивалдарга алып барарда котортуп акча, убакыт жактан убара болуп атабыз. Элнура Исманалиева ушунчалык таланттуу, азамат кыз.
Актрисалар арасында жеке мага ачылыш, Актан Арым Кубаттын "Свет Аке" фильминде 2-пландагы ролду аткарган Зуура Бакирова аттуу актриса кыздын таланты мага жакшы таасир калтырды.
Башка режиссерлордун кемчилиги болсо, аны прессага айта албайм. Өздөрүнө айтам, анткени, сын менен сокку ургум келбейт.
Кино тармагында проблемалар да арбын. Бирок, кино тармагына прогрессивдүү кинорежиссер Шамил Жапаровдун жетекчи болуп келиши менен иш акырындап жөнгө салынат деп ойлойм.

Актан Арым Кубат, кинорежиссер:
- Азыркы убакта кино тармагы уюштуруу жагынан жакшырып баратат. Буга чейин кинолор менчик студиясында тартылып келген. Революция болуп Бакиев бийликке келгенден баштап, кино тармагы такыр өнүкпөй калган. Кадр саясаты абдан начар эле. Мамлекетке караштуу өкмөттүк кинолордон көзгө басар катары Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" толук метраждуу көркөм фильми десек болот. Жалпысынан маданият тармагы прогресстен кур эмес.
- Локарнада өткөн кинофестивалга барып, эмне жаңылык менен келдиңиз?
- Бул чоң фестивалдардын бири. "Свет-аке" аттуу тасмамды май айында аяктап, Канн дүйнөлүк фестивалында ачылышы болгон. Бирок, анда программага кирген эмес. Бу жолу атайын программа менен Локарнадагы фестивалда көрсөтүлдү. Тасманы Германия, Голландия, Япония, Франция, Швейцария алышты жана башка мамлекеттерден да сунуштар түштү.
"Беш кемпир", "Маймыл" кинотасмаларынан бери бирге иштешип келаткан француз продюссери Чедо Мир Коллар менен дагы бир долбоор тууралуу сүйлөшүп келдим.
Кыргызстан кино жагынан башка республикаларга караганда өзгөчөлүгүн сактап калды. Локарнадагы кинофестивалга Борбор Азия боюнча биз, Россиядан Никита Михалков гана барды.
- Сиз кино тартууда кандай принцип кармайсыз?
- Мен негизи бардык нерсе чындыкка жараша болсо б.а. ар бир тарткан киномдо адамзаттын бүгүнкү жашоосу чагылдырылып туруусун каалайм. Кином ошон үчүн жөнөкөй сезилет. "Көбүнчө мага киноңдо "кыргыздын, байларын кычыраган костюм-шым кийгизип, жакшы үйлөрүн, тартпайсыңбы"- деген "майда" сындарды айтып калышат. Ал акча табуунун гана жолу. Кинонун маңызы анда эмес.
- Акыркы кезде тиешеси бары деле, жогу деле кино тартып атат деген нааразычылыктар болуп атат го?
Кино-синтездүү өнөр. Бүт искусствонун тармактары музыка, живопись ж.б кинодо кездешет. Акыркы кездерде кыска метраждуу тасмалар көбөйүп кетти. Алардын ичинде терең мааниге ээ тасмалар да жок эмес. Кинонун санынын көбү жакшы, ал сандан сапатка айланат. Кино тартуудагы кемчилик-билими жок балдардын кино тарта башташы. Алар тарткан кинонун көркөмдүк, техникасынын сапаты начар. Бизде кино тармагын изилдеп, электен өткөрүп турган кино сынчылар жок. Алардын башын бириктирген кандайдыр коом же уюм ачуу зарыл.


Нурайым РЫСМАМБЕТОВА