Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 2
Мирзахамдам МИРСИДИКОВ:
"Кадыржан качып кетти, карапайым калк жабыр тартты"
Айтылуу Айбек Мирсидиков ("Черный Айбек") Жалал-Абаддагы өзбек жамаатынын лидерининин бири, улутчулдугу менен акыркы жолку кандуу кагылыштарга себепчи болгон Кадыржан Батыровдун душманы болчу. Алардын ортосундагы душмандыктын өзүнчө себептери бар экен. Кала берсе, Айбек Мирсидиковдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшүн да Кадыржан Батыровго шылтагандар жок эмес. Бул окуялар кайдан келди? Тополоңдор учурунда Айбек Мирсидиков эмне иш жасаган? Азыркы кезде Мирсидиковдор үй-бүлөсүндө эмне болуп жатат? Мына ушул жагдайлар тууралуу анын атасы Мирзахамдан Мирсидиковго суроо салдык.

- Мирзахамдан аке, балаңыздын жаткан жери жайлуу болсун. Ал канча жашта эле?
- Айбек балам 36 жашта эле. Күтпөгөн жерден ушундай жаман иш болуп кетти.
- Азыр эл оозунда ар кандай кептер жүрүп жатат. Бул ишке тигил же бул тараптардын катыштыгы барлыгы тууралуу сөз көп. Сиз Айбектин атасы катары бул тууралуу эмне айтасыз?
- Эми азыр мен бул тууралуу ачык эч нерсе дей албайм. Бул жагы бизге караңгы. Бирок, Кадыржан Батыров бул окуя болордон мурда ар кандай кептерди чыгарып, ар кайсы жаман иштерге баламдын катышканы тууралуу сөздөрдү айтып, "аны кармаш керек, жазалаш керек, ал кыргыздарга өтүп кетти"- деген сыяктуу сөздөрдү таркаткан. Ал эми менин балам, тескерисинче, абал курчуп, улуттар аралык жаңжал чыкпасын, эки тарап болуп кагылышып калбайлы, деп аракет кылып жүрдү. Ал эл арасында да эки элдин өз ара түшүнүүчүлүгү үчүн умтулду. Топтоло бербейли, митинг өткөрө бербейли, абалды курчутпайлы, деп аракет кылды. Бизге эмне жетпей жатат, бизге тынчтык гана керек, уруш болуп кетсе, эч кимге жакшы болбойт деп жүрдү, үгүт кылды. Ушундай жакшы ниет менен жүргөн эле.
- Бирок, аны түшүнө алыштыбы?
- Биздин карапайым адамдарыбыз буга түшүнө алышпады. Себеби, бул кептерди ким айтып жатат? Азыр кургак сөз кыр ашпайт. Айбек ири финансист же кандайдыр бир үлкөн лидер эмес, кандайдыр бир чоң ишкананын жетекчиси эмес, аны угушпады. Элибиз ушул жеринен ката кетирип койду. Буга Айбек күйүнүп жүрдү.
- Аны укмак тургай, үй-мүлкүн талкалап кеткендер кимдер?
- Акыбал ушундай болуп калды. Мына мен 37 жыл соода тармагында, башка да тармактарда ак эмгек өтөп келгенмин. Ушул балдарымды адал эмгегим менен бакканмын, үй-жай курдум, очор-бачар турмуш кечирдик. Ушунун баарын уурдап албай, маңдай тер менен тапканмын. Анан ошол күнү (14-май - Ж.С .) Кадыржан Батыров баштаган топ бакиевдердин үйлөрүн өрттөп болуп, бул жакка келишкен. Менин эки баламдын, Айбек менен кичүү балам Авазбектин үйлөрүн айнек калтырбай, бир бүтүн буюм калтырбай талкалап, талап-тоноп кетишкен. Буларды мен чоңойтуп, үйлөп-жайлап, өз түтүнүн өздөрү булатсын деп, экөөнү эки башка тамга бөлүп чыгаргам. Үйдө бир машинам бар эле, аны да талкалап салышыптыр.
- А сиздер кай жакта элеңиздер?
- Ошол күнү булардын ырайы жаман экенин билген Айбек бизге телефон чалып кабар кылды. "Ата, толпа келатат, 2-3 миң киши келатат, үйдөн кетип калгыла, мага аман калганыңар керек",- деди. Үйдөн чыгып кеткиле,- деп кайра-кайра айтып туруп алды. Анан келин балдарды алып, курорт жакка чыгып кетип калган элек. Анын эртеси келсек, абал өтө чатак, бир бүтүн эч нерсе калган эмес. Баарын биротоло талкалап салышыптыр. Ошол күнү алар митинг уюштурушуп, анан бакиевдердин айылына барып, ал жакты өрттөп, анан бул жакка келишкен.
- Айбек Кадыржан Батыровду неге жаман көрчү эле?
- Айбекти ар кандай дешет, ал сөздөрдүн көбү туура эмес. Мына, өзүңөр билесиңер, 2004-жылы Кадыржан Батыров Айбекти түрмөгө каматып жиберген. Айрым өзүнө караштуу милиция кызматкерлери менен тил бириктирип, жалган көрсөтмөлөрдү уюштуруп, эптеп каматып жиберди. Дегеле бизде 2003-жылдан бери тынчтык жок. Ага чейин бул экөөнүн мамилеси дурус болчу, анан кандайдыр бир ортодо начар мамиле түзүлүп калды.
Анан 2003-жылы мен жубайым менен ажыга кеткен элек. Биз ал жакта жүрсөк, ортончу балам Акматбекти саунада атып өлтүрүштү. Аны кимдир бирөөлөрдү жалдап өлтүртүшкөн. Акматбек юридика факультетинин үчүнчү курсунда окуп жаткан. Мектепти артыкчылык менен бүтүргөн, жакшы бала эле. Бул кандуу иште Кадыржан Батыровдун тиешеси бар. Биз чындыкка жетүү үчүн аябай аракет кылдык, бирок колубуздан эч нерсе келбеди. Акаевдин заманы эле, Акүйгө да кайрылганбыз, бирок болбоду. Баары бири-бирине чырмалышып калыптыр, аракеттерибизден эч кандай майнап чыкпады. Анан кийинки жылы Айбекти он бир жылга соттотуп жиберишти. Кадыржан өзүнө караштуу кишилерге арыз жаздыртып, жалган көрсөтмөлөрдү уюштуруп, "ушул ишти кылды. Кала берсе тапочка менен урду"-я деп, кишилерди беш жылга кестиргендеричи. Мында да ары-бери чуркап кала бердик, колубуздан эч нерсе келбеди. Бул коомдо акыйкат жок экен.
Анан түрмөдө бирөөлөр аны катуу сабап коюшканбы, айтор мээси катуу чайкалып, денсоолугу начарлады. Аны психикалык ооруканага жаткырышып, ошол бойдон корутунду алып чыгып келди. Тез-тез дарыланып турмак болгон, Бишкекте эки жолу жатып келди, анан Кызыл-Жарда (Жалал-Абад областындагы жин ооруларын дарылоочу жай - Ж.С. ) жатты.
Анан ал келген соң, Кадыржан кайра эле Айбекке асылып, туура эмес чыгып келди деп, документтерди чогултуп, кайра аны түрмөгө жөнөткөнгө аракет кылды. Митингдерде да анын дарегине каршы кептерди айтып жүрдү. Ошентип, 2003-жылдан бери бизде тынчтык болбоду, Кадыржан бизге тынчтык бербеди. Акыры мына Айбектин да түбүнө жетишти.
- Кеп анын түбүнө ким жеткенинде болуп жатпайбы?
- Ал бизге караңгы. Мен үч жолу ажыга барып, Кудайдын үйүн көрүп келген адаммын. Билбеген нерсени айта албайм. Бирок, ким болсо да, ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Кадыржан кылдыбы бул ишти, же үчүнчү бир күчтөрбү, же дагы башкасыбы, ал мага белгисиз. Муну кол менен көрсөтүп айта албайбыз. Ким атты, ким койду, муну тергөө органдары иликтеп алышар.
- Сиз Айбекти улуттар аралык кагылышуу болуп кетпестиги үчүн аракет кылды деп жатасыз. Ушул жагын даанарак айтпайсызбы?
- Ал 14-май күнү болгон эле. Менин эсимде калганыны, ал күнү жума намазга барган элем. Ошол күнү эл чуру-чуу түшүп кеп кылып калды: "баарыбыз топтолуп областтагы Акүйдүн адына барат экенбиз, митинг жасайт экенбиз, ал жерде ультиматум коюлат экен"- дешип. Ал кандай ультиматум, эмне деген митинг экенин түшүнбөдүк. Ал күнү эмне болгонун элдин баары билет. Анан кийинки күнү дагы митинг кылышты, муну "Ош ТВ", "Мезон ТВ" аркылуу бүт эл көрүп турду. Эмне кеп болгонун да жалпы эл билди. Ошол жерде да Айбек тууралуу кеп козгоп жатышпайбы. Себеби, Айбек эки тараптын кагылышуусун болтурбаска аракет кылган, бул тигилерге жакпаса керек. Айбек айланасындагыларга карап, "пропагандага кулак салбагыла, эки элдин ортосун бузганга көңүл бурбагыла, бул (Кадыржан - Ж.С. ) эки элди кагыштырып, чемоданын алып кетип калат. Ошондо силер гана кыйналып каласыңар, туура түшүнгүлө",- деп элге кайрылып жатты. Сузак, Базар-Коргон жактардагыларга да кайрылып, балдар мындай кылбагыла, кыргыз-өзбек болуп кагылышып кетишсе, акыбети жаман болот деп айтып жатты.
- Айбек неге Кадыржандын үгүтүнө каршы чыккан?
- Эми мындай да. Биз Кыргызстанда жашап жатабыз, ушул мамлекеттин мыйзамына, тартибине баш ийишибиз керек. Биз кандай болгон күндө да кыргыздан жамандык көргөн жокпуз. Биз эмнеден өксүдүк? Эч нерседен өксүбөдүк. Баары болду, кемибиз болбоду, ошондуктан бизге бир гана тынчтык керек эле. Ушул кезге чейин тынч жашап келдик, кыргыздар бизге же биз кыргыздарга жамандык кылган жерибиз жок. Мындай нерсе болбоду, биз дайыма бири-бирибизди туура түшүнүшүп келдик. Канча муундар өттү, жылдар өттү, эки эл бири-бири менен сенге барыша элек, сый жашап келатышат. Менимче, Айбек ушул көзкарашта болду.
- Кадыржан Батыров кайра-кайра митинг өткөрүп, улутчул талаптарды коё баштаган. Буга Айбектин каршы болгону кызык.
- Мен айттым го, биз көп убактардан бери кыргыздар менен коюн-колтук алыша жашап келатабыз. Элибиз дагы да өсүшү керек, балдарыбыз четинен билимдүү-илимдүү болушу керек, ошондо алар кай жерден болсо да өз ордуларын таап алышат. Мамлекеттик кызматтарды ээлеш үчүн билим, деңгээл да болушу керек да. Жөн эле көчөдөн жетелеп алып барып отургузсаң, ал кантип иштейт? Биздин элибиз али көп нерселерге даяр эмес. Аны талап кыла бергенден эч нерсе өзгөрбөйт. Өзбектер билимдүү, илимдүү, деңгээли бийик болгонго аракет кылуулары зарыл. Арабакечти эле алып барып кызматка отургуза берсе, кантип болсун.
- Эми мына болор иш болду, Кадыржан Батыровдун үстүнөн кылмыш иши козголгон, ал өзү качып кетти. Эми эмне болот деп ойлойсуз?
- Айбек мурда айтып жүргөн эле, эй балдар, бул (Кадыржан Батыров - Ж.С.) кылар ишти кылып коюп, качып кетет, мунун байлыгы бар, каалаган жагында - Дубайда да, Америкада да жашай берет, силер менен биз калып калабыз, деп. Силер менен биз кайда барабыз, эмне кылабыз? деп айтып жүргөн. Кыргыз-өзбек болуп кагылышып калсак, бизге - жанында каражаты жокторго кыйын болот, деп үгүттөп жүрдү. Бирок, эл деген эл экен, бир тобу нары жактагыларга кошулуп кетишти, айрымдары Айбектин сөзүн эп көрүштү. Мына эми ким туура, ким туура эмес экени көрүнүп калды. Кадыржан качып кетти, ортодо карапайым эл кыйналып, жабыр тартып калды.
- Мына 13-майдагы бийликти басып алуу окуясын билесиз. Эртеси күнү атышуу болуп кетти, муну да билесиз. Кадыржан Батыров ушул окуялар боюнча да Айбекти күнөөлөп, ошол уюштурду, ошол ок атты, деп жүрдү.
- Болбогон калп. Мына мен атасы катары айтып кетким келет. Айбектин колунда курал эмес, рогатка да болгон эмес. Айбекти ар кандай деп айта беришет, бирок ал эч качан жанына курал алып жүргөн эмес. Бул бала тоокту да астейдил сойгонго жарачу эмес. Ырас, ал спортсмен, күчтүү-кубаттуу бала, буга ишенсе болот, бирок канкор болуу башка нерсе да. Анын мушташа кетчү жайы бар, жаштайынан бизди ушул жагынан кыйнап келген. Дайыма ким бирөөлөрдү коргой коём деп мушташып жүрчү. Айбекте адилеттик, калыстык сезимдер бар эле. Ким бирөөлөрдүн адилетсиздигин көтөрө алчу эмес. Жок жерден мушташкан бала эмес.
Бирок, эл ичинде кеп боло берет экен, эл чын-төгүнүн ылгабай, уккан сөзүн айта берет экен. Мисалы, мына кичүү уулум Авазбекти да ардеке деп айтып жатышат. Кийинки кандуу окуяларда ал бизди алып чыгып кетти. Курорт жакта кайнагам жашайт, ошол жакка чыгып кеттик. Эми болсо имиштер чыгып кетиптир, Авазбек да катышыптыр деген. Бул карандай калп. Мен ага: "Авазбек, агаң Айбек кыргыз менен өзбекти уруштурбаймын деп өлүп кетти. Муну өзүбүздүн өзбектер да түшүнбөдү, Айбектин айтканын четке кагышты. Сен аралашып эмне кыласың?" деп, аны курортто, жанымда үч күн кармап отурдум. Эми Авазбек тууралуу тим эле башкача сөздөр айтышууда. Ал болсо, менин жанымда эч жакка жылбай отурду, анан абал оңоло баштаганда үйгө чогуу келдик.
Менин колумда азыр бир гана Авазбек калды. Айбек менен Акматбектин өлүмүнө мен ата катары Кадыржанды күнөөлөйм. Эгерде Кадыржан Батыров эки элдин ортосундагы ыркты бузбаганда, бакиевдердин үйүн өрттөп, менин балдарымдын үйлөрүн талкалабаганда, ушул жаман иштер болбойт эле. Ырас, уулдарымды Кадыржан өлтүрдү деп айтуу кыйын, далил жок. Дагы бир балам Адылбек Россияга кеткен бойдон он жылдан бери дайынсыз, өлүүсүн да, тирүүсүн да билбейбиз.
Ошол күндөрү Авазбекти жанымдан чыгарбадым, себеби ал менде жалгыз калды, эгер дейди ок жаңылып тийип калса, Кудай сактасын, анда мен бул дүйнөдө кантип басып жүрөм?
- Эми эмне кылыш керек деп эсептейсиз?
- Эмне болмок эле? Тергеп жаткан органдар бар, иликтешсин, табышсын кылмышкерлерди, ким айыптуу болсо, ошолор мыйзам алдында жооп беришсин. Эл арасында "тигини кармап кетишиптир, муну камап коюшуптур," деген кептер көп айтылат. Туура, кылмыш кылдыңбы, демек жазасын тартышың керек. Азыр бири колго түшсө, экинчисин этектеп кармап берип жатышат. Ошентип, туура эмес иш жасагандар жооп беришет. Анан кандай болмок? Сен кимди өлтүрдүң, кай жерди өрттөдүң, кимдин там-ташын уурдап, тоноп кеттиң, ушуларга мыйзам алдында жооп беришиң керек.
Азыр биз шок абалда отурабыз. Айбектин балдарын Москвага алып кетишти, бул жерде жүрүшүнөн чоочуп жатабыз. Иши кылып тынч болушса болду. Үйлөрү бош турат. Мен аларды багып, өзүм жакшылап тарбиялап отурсам болбойт беле? Жок, болбоду, коркуп Москвага кетип калышты. Жубайым бул кайгылуу окуялардан кийин инфаркт болуп ооруканада дарыланып жатат. Ушул тамда жалгыз өзүм жашап жатам. Ушул мага керек беле?
- Эми тынчтык болсо, баарына убакыт даба болор. Ылайым сизде да тынчтык болсун.
- Менин Кудайдан сураганым - тынчтык. Тынчтык болсо гана, баары жакшы болот. Баякы тополоң күндөрү элдин качканын көргөн адамдын заманасы куурулат. Эл өтө кыйналды, кыргыз да, өзбек да өлдү, жоготууга учурады. Көрөбөгөн азапка туш болду. Эми ушуга айыптуулар кандай болбосун жооп бериши керек. Ар бир өлгөн адамга, жабыр тарткан адамга ким бирөө жооп бериши керек. Башкысы ушунда турат. Ушунча нерсе болуп кетип, эч ким эч нерсе болбой кала берсе, мындан өткөн кордук жок. Эми мындан ары эч качан мындай нерсе болбосун.
Маектешкен Жалил САПАРОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_6.htm on line 59