Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 2
  КҮРӨӨТАМЫР

Партиялар парады: "Ата-Мекен" ажары
Совет мезгилинде "Тынчтык үчүн түбү түшкөнчө күрөшөбүз!"- деген кыйгыл тамаша айтылчу. Анын сыңары партиялар парламенттен эптеп орун алуу үчүн эч нерседен кайра тартпачудай болуп калды. "Тфү" дейли, эл-журт, атамекенден аша кечүүдөн дагы. Кудайга шүгүр, республикада 145гө жакын майда-чоң партия бар дешчү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын 57си каттоодон өттү деди. А баары катталып, шайлоого аттанса, Кыргызстан даана тытындыда калат беле, ким билет?
Ошентсе да биз бүгүндөн баштап, айрым партиялардын ажарын ачкан маалыматтарды чогултуп жарыялап турууну туура таптык. Эмне үчүн? "Чын дилиңден добуш бер!" өңдүү өлө кымбат чакырык кан менен келген реформанын качандыр бир "кошогуна" айланбас үчүн. Баса белгилеп кетерибиз, бул маалыматтардын көпчүлүгү айтылган, жазылган. Биз тек гана аларды системалап коюу аракетин жасадык. Алгачкы сөздү "Ата-Мекен" партиясынан баштаганыбыз оң. "Карт карышкыр" дегендей, канткен менен "Ата-Мекен" эгемендик жылдарындагы эң алгачкы партиялардан эмеспи...

Убада табалбасаң, Украиндан сура!
Кыргызстанда партиялык система калыптанмак түгүл, кас-кас туралек. Карапайым калк, демек шайлоочулар партиянын максат-мүдөө, программа, урааны менен иши жок. Добуш берсе, лидерлерине добуш берет. Маркум Абдусамат Масалиев аман-эсен кезинде Коммунисттер партиясы элегей элет ичинде барктуу эле. Курманбек Бакиевди президенттикке көтөрүү демилгеси да алардан чыккансыган. Арийне, "атамураска" калган Коммунисттер партия жетекчилигин анын уулу - Исхак Масалиев алпаралбады. Апсамат Масалиевичтин идеясын Курманбек Бакиевдин кичинекей "кешигине" сатып жиберди. Ал тууралуу кийин айтабыз.
Болгону элди артынан эрчитер алардын "азгырык" мүдөө, ураандарын "Ата-Мекен" социалисттик партиясы биротоло энчилеп кеткенин айтуу жөн. Кийин күбө болбогондукпу, социализм чынжырынан бошонгон Батыштын көпчүлүк өлкөлөрүнө "социал-демократтар" же "социалисттик партиялар" деп атын өзгөрткөн пост-коммунисттер бийликке келди. Аны илгиртпей байкаган "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев саясый өңүттө ошол сыяктуу максатты туу тутканын жарыя кылганы эл көзүнө гана. Ал эми партиялык тизменин башында социалисттик идеяга же социалдык багытка кайнатса каны кошулбаган миллионерлер, "капайыкка кас" саясаттын эски, жаңы бийлик ээлери турат.
Мисалы, белгилүү ишкер - эмиграттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Ички иштер министрлигинин азыркы жетекчиси Кубат Байболов ашынган либерализм, эркин рынок экономикасын, конкуренция культун туу туткан миллионерлер. Анан канткенде социалисттик идеяга - жалпынын кызыкчылыгын коргогон рационалдуу чечим, пландуу экономикага (өздөрү ашата сөгүп жүргөн) кошулуп калганы белгисиз. Бул биздин оюбузча партиянын программасы эмес, кызылдай каражат издеген Ө. Текебаевдин, эптеп парламентке илинүү аракетиндеги Ө.Абдырахманов, Р. Жээнбеков, К. Байболов өңдүү байлыгы ашып-ташыгандардын тымызын аукциону болушу мүмкүн. Андай мисалдарды "Ата-Мекенден" санай келсек, ак барак бети түтпөйт.
Партияда кыргыз коомчулугун ээрчите турган идея, максат-мүдөө жоктугун мындан билиңиз. Өткөн жумада республикада чыккан орус тилдүү басма сөз "Ата-Мекен" партиясынын 30 тезистен турган саясый программасын өздөрүнүн сайтынан алып жарыя кылды. Аны ошол эле учурда Украина Социал-демократтар партиясынын 2001-жылдагы саясый программасы менен коштоду. Көрсө, "Ата-Мекен" алардын программасын туурап, иштеп чыкмак түгүл, түптүз эле көчүрүп алыптыр. Анын эмнеси бар экен, Шекспир деле ошенткен дечүлөр чыгар. Шекспир биринчиден, китеп болуп чыгып, театрга коюлган спектаклдерди дүйнөлүк деңгээлде өөрчүткөн, өркүндөткөн. Экинчиден, анда адамдын жандүйнөсү жөнүндө кеп болот. А Өмүрбек Чиркешовичтин "программасындагы" кыргыз элинин социалдык-саясый, экономикалык маселелери украин элиникине "эгиз" деп ким айталат? Бери калганда, эки өлкөнүн геосаясый масштабы жагынан...

Биздин ММК украин текстин орусча которуп, салыштырыптыр. Биз орусчасын берсек эле түшүнүктүү болор.
Вариант "Ата-Мекена"
"В третье тысячелетие Кыргызстан вступает с грузом проблем, как доставшихся нам в наследство от канувшей в историю эпохи, так и приобретенных за годы независимости. Еще 20 лет тому назад у нас не было своей страны. У нас не было, да и не могло быть, государственно мыслящей элиты, способной к стратегическому планированию, к выдвижению новых идей и тем более к быстрому претворению их в жизнь".
"Формирование кыргызской политической нации представляет собой один из наиболее важных приоритетов социал-демократических сил. Политическая нация - это все граждане нашей страны, как этнические кыргызы, так и представители иных этнических групп. Для нас крайне важно, чтобы русскоязычные граждане, как и другие некыргызоязычные граждане Кыргызстана, не отчуждались от процесса созидания кыргызской государственности, а чувствовали себя его полноправными участниками".

Украин тилинде сөзмө-сөз ушундай.
Эл трагедиясыбы, электоратпы?
"Ата-Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев Түштүктө өзбек менен кыргыз кырылышып жатканда барып, бир ооз жүйөгө, ынтымакка чакырганга жараган жок. Канткен менен өзү туулуп-өскөн, эр жеткен жер эле, өзү чоң саясатка катарлаш кадам таштаган эл эле деген коомдук пикир ошол коогалаң учурда козуп турду. Өмүрбек Чиркешович аны укмаксан, билмексен болуп, өз партиясына ылайык Конституция жазып отурду. Кийин, эки элдин кыл чайнап кырчылдашы басаңдаганда барды дешти, эмне дегени белгисиз. Бирок Кыргызстан калкына кайрылуу жасап, ал ММК аркылуу жарыя болду. Анда өлкөдөгү тынчтыкты "өзөртө чабууга" аракет жасаган күчтөр көп экендиги, улуттар аралык араздашуу отун ошолор, демек качкын президенттин куйруктары тутантканы тууралуу "дүжүр" сөздөр дүңүнөн айтылып, "өз маданий өзгөчөлүгүн жана улуттук дөөлөтүн коргоо үчүн көптөгөн жарандар ажалдан кайра тартпастыгы", б.а., карасанатай күчтөр өзбектердин Кыргызстандагы ошондой кенемтесин пайдаланып кеткени баса белгиленет. Суроо туулат: өзбектер түштүктө ошентип кыргыздардан кор болуп, ыза көргөнбү? Маданий өзгөчөлүк, улуттук дөөлөтүн сактатпай же тилин кор кылып атабы? Айталы, Германияда немис эли түрктөрдүн эсебинен көбөйтүп атканы далил айтылып келет. Алар автономия сурап, тилибизди мамлекеттик кылгыла деген талап коюп, кан төгүүгө кайыл болсо, эмне демек? Дүйнөдө мындай мисал кадам сайын жолугат. Өмүрбек Чиркешович андай мисалды түшүндө көрбөгөндөй, күнөөнү кыргыз элине оодаргансыйт.
Анын сырын кийинчерек укук коргоочу Азиза Абдирасулова ачты сыяктанат. Ал "Вечерний Бишкек" гезитине интервью берип, Жалал-Абад жаңжалы башталар алдында утурумдук өкмөт башынын ири Өмүрбек Текебаевге билдиргенин айтып чыкты. Анын айтканына ишенсек, Бакиевдердин Тейит айылындагы үйлөрүн мыйзамсыз (!) өрттөп-талкалоого баштап баргандар "Ата-Мекен" партия мүчөлөрү, б.а., текебаевчилер желегин көтөргөндөр экендигин анын кызматчылары телефон аркылуу айтып туруптур. Биз, Төлөйкан Исмаилова жана республика акыйкатчысы Турсунбек Акун болуп, ошол замат Өмүрбек Текебаевдин Бишкектеги офисине барып, ал кандуу кыймылды токтотууну сурандык дейт. Ө.Текебаев телефон аркылуу башкаларын алалбай, Батыров менен: "Кадыржан аке, катуу кетпеңиз" деп эки ооз сүйлөшкөн имиш.
Расмий бийлик айтып атпайбы: Жалал-Абад жаңжалын Кадыржан Батыров баштаган өзбектер тобу чыгарды, ал Ош окуясына омоктуу негиз болду деп. Акыл чайкай келген адамга аны К.Батыров да эмес, өзбектер да эмес, "Ата-Мекен" партиясы, анын анабашы Өмүрбек Текебаев "ойлоп тапканы" жашыруун болбойт. Мына, журналист Улугбек Бабакунов: Ө.Текебаев, К.Батыров менен ичара келишим түзүп, анын "Родина" партиясын "Ата-Мекенге" бириктирип, Кыргызстандагы өзбек элинин добушун алууга аракет жасаган, анын "теракасына" К.Батыровду парламетке депутат кылып тынмак маанисинде жазып чыкты. Ага "Ата-Мекен" партиясы да, Өмүрбек Текебаевдин өзү да негиздүү жооп айтууга жараган жок.
Ушул сыяктуу мисалдардан улам "Ата-Мекен" партиясы парламенттен орун алуу үчүн калктын каны төгүлгөнгө дагы кайыл болууга даярбы деген ой келет.

Коомду тазалайбы, конкуренттердиби?
"Ата-Мекендин" дагы бир бай лидери Өмүрбек Абдырахманов "люстрация" дегенди декреттештирип, Акаев, Бакиев режимине кызмат кылгандарды 5-10 жыл бийликке жолотпойбуз, демек шайлоого катыштырбайбыз аракетин жан аябай жасап атат. Ошентсе эле коом тазарып, эл турмушу оңолуп кетет имиш. Арийне, мунун бир маанисин парламент шайлоосунда "Ата-Мекен" партиясынын биринчилик жолун тазалоо катары караса да болот. Экинчиден, партия баштыгы Өмүрбек Текебаевдин дымагы парламент спикерлигине жетүү эле эмес, кандай гана жол менен болбосун өлкө президенттигин алуу. Ошолеле журналист Улугбек Бабакулов жазып чыкты: Роза Отунбаеваны өткөл мезгил президенттигине, демек өлкөнү бир жарым жыл башкарып, парламент шайлоосуна да, президент шайлоосуна да катышпоого көндүргөн Ө.Текебаев имиш. Анткени Р. Отунбаева Текебаев үчүн "текейден арзан" жоо эмес. Эл арасында кадыр-баркы андан 2-3 эсе жогору. А. Атамбаев менен А.Бекназаровдун, А.Атамбаев менен Т.Сариевдин кызмат, финансы "тебишинде да Текебаев утурумдук өкмөт мүчөсү катары үн каткан жок. "Чобурлар тебише берсин, ооруса алардын эти ооруйт, биздики оорубайт" дегенсиди. Анын үстүнө алардын быкый-чыкыйы дагы бир алыбеттүү атаандаштарын алсыратканы ага жага бербей калды сыяктанат.
Кечээ Төлөйкан Исмаилова Боршайлооком төрагалыгына дайындалып, ал көз боёмочул мекемени арам иштегендерден арылталы десе, Текебаев карышып каршы чыкканы маалым болду. Анын айынан Т. Исмаилова ал кызматтан баш тартты. Анын чындыгын Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү алып салуу тууралуу президент декретин тытып, аны угузган аппарат башчысы Эмил Каптагаевдин бетине урганынан байкаса болот. Эмне дегенде, ал өзгөртүүлөрдө өзү киргизген, Бишкектеги, Түштүктөгү кандуу окуяларды бетке кармап, шайлоочулар эчкандай документсиз же справка менен эле каалаган жерге, каалаган убакытта добуш бере бермек. Бул албетте, шайлоо жыйынтыгын бурмалап, көбүртүп-жабыртып добуш алууга шарт түзмөк.
Кыргызстанда эки баштуу өкмөт түзүлгөнүнө да Өмүрбек Текебаевдин эмгеги теңдешсиз дешет. Мурда макулдашылган, элге жарыя кылынган шарт боюнча утурумдук өкмөт мүчөлөрү кызматтарынан бошонуу менен гана шайлоого катышмак. Же партиядан чыгып, шайлоого катышпай, бийлик бутагында калууга тийиш эле.
"Ата-Мекен" партиясынын анабашы Ө.Текебаев утурумдук өкмөттүн өкчөлүү мүчөсү болгондугуна байланыштуу ал чечим да четке кагылды. А.Атамбаев менен Т.Сариев, И.Исаков өкмөттөн кеткени менен Ө.Текебаев баш болгон башка партия жетекчилери кызмат орундарында олчоюп отурат. Анткени бийликтен кетсе, шайлоодо админстративдик, финансы ресурстарын пайдалана албай калабыз деп коркот. Ал эми Ө. Текебаев мырза элге эркин шайлоо укугун алып берип, адилеттик орноттум деп төш какса, жарылып кетеби деп жакаңды карманасың…

Лидердин "лицосу"
Маркум Салижан Жигитов бир кезде Ө.Текебаев өмүр бою президенттикке талапкер болуп жүрүп өтөт деп айтты эле. Анын сыңарындай, шайлана элек, аты-жыты жок, оозеки президенттикти оппозициядагы өнөктөштөрү А. Атамбаев, Ф.Кулов, Т.Сариев менен талашып, ит жебеген бокту жешкен деген кеп бар. Бирок оппозиция элди ээрчитип көчөгө чыкса ойт берме жагы да көп. Мисалы, 1993-жылы М.Эшимканов досу экөө экс-президент Аскар Акаевди ээрчип Малазияга барып, анын акыбетине оппозицияны чанып, Акаевдин гана пайдасына иштеген Конституцияны түзүшкөн. 2007-жылдагы "Кулов кутумуна" катышканы менен бийлик жеңе баштаганда, митингчилерди таштап, коңулга кире качкан. 2005-жылдагы, бүгүнкү революцияда да эчкандай роль ойногон эмес. Кан төгүлүп жаткан мезгилде четтен карап туруп, бийлик бошогондо туу көтөрүп чыга келген.
"Ата-Мекен" партиясынын лидери Ө. Текебаевдин анык жүзү азырынча ушундай…

Жусубали Максут




кыргыз тилиндеги гезит "Лосунг"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/losung/10/0818_3.htm on line 49