"MegaCom": 3D техникасын колдонуу менен тартылган алгачкы мультфильм
"MegaCom" компаниясы мекенибиздин келечеги болгон жаш жеткинчектерге жана алардын ата-энелерине өзгөчө белекти 3D техникасын колдонуу менен Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган мультсериалды тартуулады. Мультфильм телекоммуникация тууралуу болмокчу.

10 сериядан турган кызыктуу анимациялык фильмде башкы каарман Акылбектин башынан өткөргөн укмуштуу окуялары тууралуу баяндалат. Акылбек өзүнүн виртуалдык досу Билимбек менен мейкиндикте саякаттап, кичинекей көрүүчүлөрдү гана эмес алардын апаларын, аталарын, чоң аталарын, чоң апаларын кызыктырган суроолорго жооп издешет. Уюлдук байланыш кандай принциптер менен иштейт? Алгачкы мобилдик телефон жана базалык станциялар качан пайда болгон? Мобилдик шылуундуктан өзүңдү жана өз жакындарыңды кандайча коргоп калууга болот? деген сыяктуу татаал суроолорго эң жөнөкөй жол менен жооп алууга болот.
"Уюлдук байланышсыз өз жашообузду элестете албай турган маалымат технологиялар заманында там-туң баскан бөбөктөрүбүз да бүгүнкү күндүн талабына шайкеш кадам шилтешет. Мобилдик түзмөктөр жөнүндө түшүнүктөр алардын ички туюмунда калыптанып калгандай. Ата-энелер болсо өз кезегинде балдарын түрдүү чакан колдонмолорду колдонууга тарбиялап, алардын ар тараптуу калыптанышына өзгөчө маани беришет. 5 жашка чыккан бөбөк тач-скрин менен колдонуп, интернет ааламын аралап, оюндарды жана мультфильмдерди таба алат. Бирок бул көрүнүшкө башкача өңүттөн көз салып көрөлүчү.
Бөбөктөрдүн телефонду колдонууда коопсуздук эрежелерин сактай алышпагандыгы баарыбызды тынчсыздандырат. Мультфильмди жаратуудагы негизги максатыбыз - каармандарыбыз аркылуу ушул суроолорду чечмелеп берүү" - деп белгилей кетти өз маегинде "MegaCom" компаниясынын PR жана жарнама департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.
Кыргыз жана орус тилдериндеги окуп-үйрөтүү максатын көздөгөн бул саамалык "MegaCom" компаниясынын "Мобилдик сабаттуулук сабактары" билим берүү долбоорунун алкагында тартылган. Фильмди аниматорлордун, сүрөтчүлөрдүн, сценаристтердин, психологдордун жана композиторлордун кесипкөй тобу жаратышкан. Мындан тышкары анимациялык фильмди тартууга 5 жаштан 12 жашка чейинки курактагы кыздар-балдар катышып, алар каармандарды, алардын ысымдарын жана кийимдерин тандоого көмөк көрсөтүп жатышты. Алгачкылардан болуп мультсериалды "MegaБилим" долбооруна катышкан мектептердин окуучулары көрүшөт.
Көп сериялуу мультфильм жакын арада республикалык, облустук телеканалдарда жана белгилүү интернет порталдарда көрсөтүлө баштамакчы.




Мобилдик шылуундардын алдамчылык аракеттеринен
сак болуңуз!

"MegaCom" компаниясы телефондук шылуундуктун көп кездеше баштагандыгы тууралуу дагы бир жолу өз абоненттеринин эсине салат. Шылуундар алдамчылык жол менен абоненттин акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алууну көздөшкөндүгү баарыбызга маалым.


Шылуундар үчүн алдамчылык аракеттерин ишке ашыруу оңой. Сизге баалуу байгени утуп алгандыгыңыз тууралуу чалып же смс билдирүү жөнөтүү аркылуу билдиришет. Байгени алуу үчүн кайсы бир номурдун балансын толуктоо керек экендигин эскертишет. Убада кылынган байгенин жоктугу белгилүү дечи, бирок ишенчээктигиңиздин айынан алданып кала тургандыгыңыз шексиз. Шылуундар алдамчылыктын дагы бир ыкмасын өздөштүрүп алып, өз тажрыйбасында колдонуу менен алдамчылыктын торун кеңири жайып келишүүдө. Эгерде бейтааныш адам чалып сизден бир туугандарыңыз берип жиберген жөнөтмөнү (посылканы) алып кетүүңүздү жана ортомчулугу үчүн анын балансын толуктап берүүңүздү суранса, сизге шылуун чалып жаткандыгынан күмөн санабай эле койсоңуз болот.
"MegaCom" өз абоненттеринин маалымат жана техникалык коопсуздугуна кам көрүп, республикабыздын укук коргоо органдары менен биргеликте жагымсыз жагдайларды болтурбоонун аракетинде. Мындан тышкары компанияда баңгизатка, интим кызматтарга, каржы маселелерине жана кылмыштуулукка байланыштуу жана шектүү мазмунду камтыган билдирүүлөрдү массалык түрдө жайылтууга бөгөт коюп, "MegaCom" абоненттерин жарнамалык жана шылуундук көрүнүштөн коргоп калууга багытталган атайын программалык камсыздоо ишке киргизилген.
"MegaCom" компаниясы өз абоненттерин шектүү жагдайларда кыраакы болууга жана ошол эле замат укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат. Кеңири маалымат компаниянын расмий сайтындагы "Абоненттин коопсуздугу" бөлүмүндө жайгаштырылган.

Даткайым ДОСМАТОВА