Аида:
"Соттун жазасынан да ата-энемдин жазасы катуу болду"
Жапакеч жакшы мүнөзү бар, кашы-көзү кара­гаттай болгон келбеттүү, билимдүү аялдын жашоосу абакта өтүп жатканына жүрөк ооруйт. Тагдырдын жазмышыбы же жаңылып калуунун жазасы ушулбу? Бул тууралуу анык жооп жалгыз гана Жаратканга белгилүү. А тагдыр ээсине жана ага күбө болгон баарыбызга бул нерсе сабак болсо экен.
- Өзүңүз билимдүү, жакшынакай эже экенсиз. Кантип тор артында күн кечирип калдыңыз?
- Окуяны башынан айтып берейин. Мен жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштечүмүн. Сессиялардын биринде сабакка көп келбеген бир казак студентим сынак бере албай койду. Суроолорума татыктуу жооп ала албаганда мен ал студентке: "Мен сага баа койбойм. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган бейтаптар келгенде анын өмүрүн сактап калышың керек. А сен эч нерсени билбей туруп кантип дарыгер болосуң? Сен кетирген ката - мендеги катачылык болот. Себеби сага татыктуу билим бербей баа койгон болом"-деп баа койбой чыгарып жибердим. Көп өтпөй кайра жаңы окуу жылы башталды. Баягы студент бала кайра жалдырап келгенде: "Сен башка кесипти тандап, ошол жакка кет. Сенин дарыгерликке шыгың жок. Сабакка келбесең, эч нерсе билбесең кантип баа коём?" деп жалдыраганына карабай таптакыр баа койбой койдум. Ошондо кесиптештеримдин бири ага баа коюп коюумду суранды. Бир жерде иштегенден кийин бири-бирибизге ишибиз түшөт деп макул болдум. Мен макул болгондон кийин студент зачёттук китепчеси менен келди. Ичин ачып карабай эле сумкама салып койгон элем. Салар замат онго жакын бала машинадан чуркап түшүп, мени кармап, менин атыма жазылган арызды көрсөтүштү. Көрсө, ал студент финполго "Аида эже менден акча талап кылып жатат" деп арыз жазып кайрылган экен. Ошондо гана зачёттук китепченин ичин ачып болбогон 200 доллар жатканын көрдүм.
- А негизи бул студентке чейин ушундай шартта баа койчу белеңиз?
- Жок, мен пара алып жүргөн жан эмесмин...
- Андай болсо эмне үчүн өзүңүздүн ак экениңизди далилдегенге аракет кылган жоксуз?
- Мени төрт жылга эркимден ажыраткан чечимди уккандан кийин апелляциялык арыз жазганга укугум бар болчу. Бирок мен жазган жокмун. Балам кесиби боюнча юрист болгондуктан карьерасына залакасын тийгизбеш үчүн "апа, жазыңыз" деди. Бирок мен "4 жылга эмес, 10 жылга кессе да жазбайм. Эл мени жазамды алсын деп жатабы, мен жазамды алышым керек" дедим да, апелляциялык арыздын ордуна "мени тезинен зонага жөнөткүлө" деп жаздым. Ошентип, 2012-жылдын 3-июлунда мени убактылуу кармоочу жайдан зонага 5 аял менен бирге алып келишти. Келер-келгиче шолоктоп ыйлап келдим. А мени менен келе жаткан бешөө мурун соттолуп, зонага кирип-чыгып жүргөн, бул жакты жакшы билип калган аялдар экен. Ошондо бирөөсү: "Ай, эмне эле ыйлап жатасың? Бул жактагылар сендей эле адамдар"-деди. Бешенеме жазган тагдыр ушул болсо кайда бармак элем, ошентип түрмөнүн жашоосуна да көндүм.
- Жолдошуңуз, балдарыңыз сизди кечириштиби?
- Кечиришпегидей мен адам өлтүргөн жокмун го, балдарым келип менден кабар алып турушат. Улуу балам отузда, үй-бүлөлүү. Кесиби боюнча юрист. Кызым 25 жашта, турмушка чыккан. Учурда үч неберем бар. Жолдошумдан болсо кызым бир жарым жашта экенинде эле айрылып калгам. Ал Төө-Ашуудан авто кырсыкка кабылып каза болгон.
- Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз да өзүңүздөй билимдүү адамдар болсо керек. Алар тагдыр дейбизби, кырсык дейбизби, сиздин башыңызга түшкөн бул ишти кандай кабыл алышты?
- Сот болуп, акыркы чечим чыкканга чейин мен убактылуу кармоочу жайда 9 ай отурдум. Бул убакыт аралыгында бир туугандарымдын бирөөсү да, ата-энем да басып келген жок. Эң акыркы сотум болуп жатканда атам келип катышты. Мени 4 жылга эркимден ажыраткан чечимди укканда атам ордунан туруп: "Урматтуу сот, сиз өтө аз бердиңиз. Буга 20 жыл бериш керек болчу"- деп айтты. Анан мага карап: "Мен сага түшүнбөйм, эмне үчүн мындай жолго бардың? Ошол 200 доллар менен кайсы тешигиңди бүтөйүн дедиң эле? Акча керек болсо келбейт белең. Өмүр бою шаарда жашадың, эл албаган билимди алдың, чөйрөдөгүлөрүңдүн баары билимдүү... Бизди калың журтка уят кылдың. Эми колуң менен кылган иштин жазасын мойнуң менен тарт!"-деп катуу айтты. Соттун "сиз ким болосуз?" деген суроосуна мени жактырбай карап туруп: "Тиги соттолуп жаткандын атасымын!"-деп жооп берди. Ошондон бери түрмөдө отурганыма эки жыл болду, бирок төрт бир тууганымдын бири да басып келбейт. Анткени аларга атам "барбагыла" деп катуу тыюу салып койгон. Бир туугандардын баары турмушка чыгып үй-бүлөлүү болгонубузга карабай атамдан коркуп турабыз. Атамдын сөзү биз үчүн мыйзам. Ошентип, мага соттун жазасынан да ата-энемдин жазасы катуу болду. Сиңдилерим да менин сотум жүрүп жатканда эле: "Эмнеге мындай жолго бардың? Сен үчүн кайын журтубуздун алдында сөзүбүз кыска болуп калды"-деп айтышкан. Мен аларды түшүнөм, кечиргис иш кылдым. Ак халатчандар династиясынын баарынын аброюна шек келтирдим. Илимдин доктору, профессорлору болгон бир туугандарымдын эл караган бетин жер караттым. Бирок мен бул жерге түшкөнүмө өкүнбөйм. Кандай айтсам... Өкүнөм дечи, бирок бул жактан мен көп нерсени түшүндүм.
- Эмнени түшүндүңүз?
- Балалыгымда, кийин үй-бүлө күткөнүмдө да бардар жашоодо жашап эч качан "жок" деген нерсени билген да, түшүнгөн да эмесмин. Керек болсо нан кайдан келерин да ойлочу эмес экенмин. Темир тор артына келгенде эки тамганы кошуп окуй албаган ар кандай адамдарды көрдүм. Алар менен бир бөлкөнү бөлүшүп жегенге туура келди. Мурун теңиме албай жүргөн адамдар менен бир аяктан тамак ичип калдым. Жашоо деген бат эле теңдеп коёт турбайбы...
Баламдын классташы бирөөнү сүзүп өлтүрүп алып, кесилип кеткен эле. Бир күнү жумуштан келсем балам сумкаларын даярдап түрмөдө жаткан ошол досуна жөнөп жатыптыр. Ошондо балама: "Түрмөгө акылы бар жакшынакай адам түшпөйт. Ал жакта жалаң адам өлтүргөндөр менен рецидивисттер олтурат. Сен каякка барып келип жатканыңды түшүнүп жатасыңбы?.." деп урушуп жөнөтпөй койгон элем. Ошондон эки ай өткөндөн кийин өзүм ушундай тагдырга туш келип калдым. Чынын айтсам "мен ак халатчан дарыгермин, менин статусум өйдө" деп боюмду көтөрүп жүрчүмүн. Темир тор артына келгенден кийин чиренгеним жоголуп, статусумдан айрылдым. Мыйзам чегинен чыгып, туура эмес иштерди кылгандыктан кылмышкер атка кондум. Эми менин ак халатчан дарыгер, илимдин доктору, профессор деген атым өчтү. Мен бул жердегилердей эле бир кылмышкер болуп калдым. Азыр алар менен камыр-жумур болуп, баарын кабыл алам. Көрсө, тор артындагылардын баары мен ойлогондой адамдар эмес экен.
- Жаза мөөнөтүңүз аяктап калган экен, сизде кандай ойлор болуп жатат?
- Ооба, жаза мөөнөтүм кыскартылгандан улам 3 айдан кийин эркиндикке чыга турган болдум. Чынын айтсам эркиндикке чыгам деген сайын жүрөгүм сыгылып бир кызык болуп жатам. Ар бир баскан кадамымда "сыртка чыккандан кийин эмне болом? Каякка барам? Кантип жашайм? Бир тууган, куда-кудагыйлардын, кошуна-колоңдордун бетин кантип карайм?" деген суроолор менен алпурушуп, жооп таба албайм. Эркиндикте жүргөнүмдү элестете да алган жокмун. Айтор, эми алдыда эмне болот билбейм...

Даткайым Досматова