Орозобаева Ширин:
"Бейтааныш адамдардан деле көз жашымды төгүп жардам сурап жүрөм"
Оору айттырбай келет. Капилеттен кабылган оорунун чеңгелинен чыга албай жандалбастаган жалгыз бой эненин тагдыры кимди болбосун кейитпей койбойт. Оорулууга жардам кылып, эненин көз жашын азга болсо да токтото алар бекенбиз?..

"Үй-бүлөдө сегиз адам майыппыз"
- Мен Каракол шаарында 1981-жылы туулуп, ошол жакта өскөм. Жети бир тууганмын. Ата-энем жана беш бир тууганымдын көздөрү көрбөйт. Баары биринчи топтогу майыптар. Бул бизде тукум куучулук мүнөздөгү оору болгондуктан бир туугандарымдын балдарында дагы деле уланып келе жатат. Кичүү иним экөөбүздүн көзүбүз Кудайдын буйругу менен көрөт. Бирок ал жагынан таза дегеним менен мен дагы боор оорунун азабына кабылып экинчи топтогу ишке жарамсыз майыптардын катарындамын.

"Саргарып жатып калганда жолдошум таштап кетти"
- Ата-энемдин абалына байланыштуу биз жогорку билим албасак да элден калбай өстүк. 1998-жылы сүйлөшүп жүргөн жигитиме турмушка чыгып бакыт эшигин ачкам. 2000-жылы уулдуу болдук. Анан 2004-жылы денем саргайып, алым кетип жатып калдым. Боюмда да бар эле, бирок балам өспөй эле боорум чоңоюп кеткендигине байланыштуу боорума альвеококкоз деген диагноз менен операция кылып дарылашты. Абалым жакшырып, организмим калыбына келе баштады. Доктурлар мага төрөгөнгө болбойт деп тыюу салышканына карабай 2009-жылы боюмда болуп калды. Эптеп төрөп алайын деп жүргөндө оорум кайрадан башталып мурдагыдан да катуу кармады. Тулку-боюмду бүт сары басып, шалдырап эле төшөктөн баш көтөрө албай жатып калдым. Ошондо жолдошум "мага сендей оорулуу аялдын кереги жок. Элден уялып жатам. Качан болсо оорудум дейсиң" деп үйдөн чыгып кетти. Тырмактай бала менен курсагымды челкейтип өлбөстүн күнүн көрүп кала бердим. Доктурлар операция кылып боюмдагы баланы алып салууну сунушташты, бирок мен аз эле убакыт калгандыктан чыдап төрөп алууга бел байладым. Ошентип, Кудай берип аман-эсен дени сак, алты саны аман кыздуу болдум.

"Боорума кайра-кайра операция жасата баштадым"
- Кызыма беш ай болгон кезде көзүмдүн көрүүсү начарлап, алым кетип, ичим шишип суу толуп кетип кайрадан доктурлардын колуна түшүп калдым. Фучик атындагы ооруканадан экинчи жолу операция болгонумда ичимдин сегиз жеринен түтүк чыгарып беришип, сары суу чыгып турса натыйжа жакшы болорун айтышкан. Бирок жыйынтык биз күткөндөй болбой калып абалым мурдагыдан дагы оорлоп кеткенинен боорумду түз тешип түтүк чыгарып беришкенде оңоло түштүм. Аны менен эки ай жүргөндөн кийин түтүкчөм түшүп калды. Көрсө, ичи ириңдей берип аягында түтүктү сыртты көздөй тээп салыптыр. Абалым оорлоп ичиме 10 литрден ашык суу толуп кетип комага түшүп калдым. Анда кайрадан жаңы түтүк коюп беришкен. Эми ошол түтүк менен жашап жүрөм.

"Эки балам үчүн башымды жерге салгым келбейт!"
- Учурда инимдин кичинекей бөлмөсүндө эптеп тыгылып жашап жатабыз. Балдарыма өкмөттөн алган бир жарым миң сом акчам жетпегендиктен SOS деп аталган үй-бүлөнү бекемдөөчү фонд эки жылга милдетин алып окутуп жатышат. Ичимен чыгып туруучу түтүктөн күнүнө 150 грамм суу чыгып туруусу керек болсо, азыр бир тамчы да чыкпай калды. Алым кетип, акыбалым күндөн-күнгө оорлоп бара жатат. Доктурлар боорумду алмаштыруу гана жолу калгандыгын айтышууда. Бирок ал операция чет жерлерде гана, эң арзаны Индияда жасалат экен. Ал эми донор бир туугандарым болушу шарт экен. Бир туугандарымдын майыптыгына байланыштуу алар мага донор боло алышпайт. Жолдошума жолугуп "балдарың үчүн донор болуп берчи" десем "башка аял алып алдым. Андан балалуу болгону жатам" деп койду. Анда мендеги балдардын атасымын деген жоопкерчилик жок экенин түшүндүм. Эми эки балапанымды кор кылбоо үчүн башымды жерге салгым келбейт. Ушул тапта көчө кыдырып, ар кайсы мекемеден, министр, депутаттардан, бейтааныш адамдарга да жалдырап көз жашымды төгүп жардам сурап жүргөн чагым. Абалымды түшүнгөн ар бир кыргызстандык мага бир тыйындык болсо да жардамын берээр деген үмүттөмүн.
Урматтуу замандаш, бизге көп көрүнбөгөн бир аз акча балким Шириндин өмүрүн сактап калууга чоң өбөлгө болор. "Элим Барсыңбы?" коомдук фонду тарабынан топтолуп жаткан акча каражаты үчүн 2015 санына Орозобаева Ширин деп смс жөнөтүңүздөр. Андан тышкары жардам кылууну каалагандар 0703 22 85 00 номерине байланышыңыздар.


Ызаат ТУРГУНБАЕВА