Анаркүл апа:
"Баламдын тиштери жок, денеси канга боёлуп жатканын эстесем жанымды коёрго жай таппай кетем"
Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан адилеттик издеп келген эне редакциябыздын каалгасын кагып, боор этинен жаралган баласынын күйүтүн айтып сыздап олтурду. Зар какшаган эненин арманынан кабардар болуп, акыйкаттыктын жолун табуусуна жардам бериңиз.

"Кошунабыз "балаңды
балдарга айтып койсом
жаман болуп калат" деген..."
- 2014-жылдын 16-апрели эле. Ал күнү мен, балам, жолдошум Анарбек үчөөбүз тең үйдө элек. Мен ошол маалда тумоолоп калганыма байланыштуу ишимден үч күнгө уруксат алып үйдө жаткам. Өзүм "Макмал" орто мектебинде орус тили жана адабиятынан сабак берем. Жолдошум мага улам чай берип айланчыктап жүргөн, анан эле таппай калдык. Ошол маалда кошуна аял чуркап келип "Рысбек Анарбекти жулмалап жатат" деп айтты. Экөөнүн жулмалашып жатканынын себеби, менин жолдошум кошунабыз Рысбекке 150 сомдой карыз экен. Ошол карызын доолап жолдошумдун түшүндүргөнүнө карабай жулмалап жаткан тура. Балам муну угуп эле керебетте жаткан жеринен тура калып сырт­ка чуркап кетти. Мен баламдын артынан чыктым. Балам чуркап барып Рысбекти түртүп жиберди да, атасын ээрчитип үйгө кирип кетти. Кошунабыз мас экен, жыгылып кайра ордунан тургандан кийин "эже, мен балаңды балдарга айтып койсом жаман болуп калат. Бирок мен айт­пайм. Сизди сыйлайм" деди. Мен анын ошол "сизди сыйлайм" деген сөзүнөн кийин баламды чакырып келип, Рысбекти түртүп жибергендиги үчүн андан кечирим сураттым.

"Балам эртең барам деген
бойдон үйгө кайтпай калды"
- Үйгө келгенден кийин артымдан жанагы чуркап келип айткан келиндин "эже, алар чогулуп жатышат. Рысбектин иниси Марат "бир жуманын ичинде бул баланы өлтүрөм, жоготом" деп атат" дегенине көп маа­ни берген эмесмин. 17-апрель күнү кечинде балам адаттагысындай жуунуп-таранып калды. Анткени балам дайыма кечки саат 7ден 9га чейин спорт залга барып машык­чу. Бирок негедир спорт кийимин кийбестен жынсы шымын кийип сыртка чыкты, жүрөгүм опкоолжуп башкача эле болуп жаттым. "Кайда барасың?" деген суроомо "азыр келем" деген жооп алдым. Баламды күтүп олтуруп 10 жарым болду, чыдабай телефон чалсам "апа, мен концертте олтурам, барып калам" деди. Түнкү саат 3тө чалсам "эртең барам" деди да телефонду тез ­коюп койду. Үнү таптакыр башкача эле. Мен эртеси жумушка баратсам баягы кошуна келин Сайра алдымдан чыгып экөөбүз сүйлөшүп туруп калдык. Мен ага баламдын түнү үйгө келбегенин айтсам "менин дагы балам жок" деп кабатырланганын билдирди. Көрсө, ал менин уулумдун каза болуп калганын ошондо эле билген экен. Бирок айта албай коюптур да (ыйлап).

"Алдары жетпей койгондо жыйырмадай бала топтошуп
алып өлтүрүшүптүр"
- Тогуз-Торо РИИБси мага өлтүргөн кылмышкерди кармадык деп Тилек уулу Адилетти көрсөтүштү. Бирок баламды Адилет өлтүргөн эмес, ал өлтүрүүгө катышкан. Илияс­ты концерт көрүп жаткан жеринен сыртка алып чыгып сабашкан. Баламдын бою 180 см, салмагы 92 килограмм болуп аябай күчтүү эле. Сабап жатышканын көргөн 6-класста окуган бала "эжекенин баласы күчтүү экен, ага эч кимдин күчү жетпей койду. Аны урам дегендердин баарын уруп салды. Качарда ары жактан 20дай бала биригип алдын торошту да, дубинка менен башка чаап сабашты. Ал кулап калганда машинага салып алып кетишти" деп айтыптыр. Баламды биринчи чала жан кылып жанагы баламды өлтүрдү деп соттолуп жаткан Тилек уулу Адилеттин үйүнө алып барышкан да, ошол жактан жаны чыгып кеткиче сабап, андан кийин колун сындырып, тиштерин жулуп, ки­йими менен тумчуктуруп каракушун талкалап салышкан. А жанагы Адилет деген балага арактан аябай берип мас кылып, Илиястын өлүгүн ошол жерге таштап кетишкен экен.

"Сени өлтүргөндөр акыры жоопко тартылат" деп уулума сөз берем"
- Баламды өлтүргөндөр көп иштерди жашырып, ишти жапканга аракет кылышкан. Алар баламды "чатак болгон жерге өзү барды, барганда да арак ичип алып барган" деп айтышкан. Бирок экспертизада балам арак ичкен эмес болуп чыккан. Баламды мыкаачылык менен өлтүргөн адамдар эркиндикте бейкапар жүргөнүнө күйүп атам. Алардын айткандары жалган экендигин документ жүзүндө далилдеп, күбөлөрдү таап чакыртып көргөзмө бердиртип жатып ишти кайра козготтум. Баламды өлтүргөндөрдүн арасында Бакиевдин кайнагасынын эки баласы бар. Уулумду өлтүргөндөр жооп­керчиликти тарткандын ордуна баарын акча менен бүтүрүп коюп эми жолдошум экөөбүздү дагы телефон чалып коркутуп жатышат. Баламды менден айрыганы аз келгенсип эми коркуткандары кандай? Бизде акыйкат деген барбы же акчасы барлар адам өлтүрсө да эркиндикте сайрандап жүрө беришеби? Биздин соттор качан акыйкат, туура чечим чыгарат? Тукумубузду улар жалгыз баламдын өлүк денесин көргөн саатты эстесем башым туман болуп катуу ооручу болдум. Байкуш балам эч кимге зыяны жок, 3-4 тилде эркин сүйлөгөн билимдүү, кең пейил эле. Баламдын баскан-турган жерлерин көргөн сайын жүрөгүм ооруп ыйлайм. Тиштери жок, канга боёлуп жанчылып жаткан денесин эстесем жанымды коёрго жер таппай калам. "Балам, мен экинчи ыйлабайм, сени өлтүргөндөр акыры жоопко тартылат. Бул дүйнөдө болбосо акыретте жазасын алат. Мен ага ишенем, сен дагы ишен" деп уулумдун элеси менен сүйлөшүп, ага сөз берем.
Бул окуя боюнча экинчи тараптын да пикирин угууга даярбыз


Кылмыш
Өз кызын атып өлтүрүп, анан өзүн-өзү атып алды
Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Маевка айылында үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерден улам чатак чыгып, натыйжада чырдын катышуучусу болгон аял каза болду. Бул тууралуу 8-августта укук коргоо органдарынын кызматкерлери ММКларга билдирди. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады. Аталган окуя боюнча кабар милицияга 7-сентябрда саат 11:30да келип түшкөн. Аламүдүн РИИБдин ыкчам-иликтөөчү тобу окуя 10:30да Садовая көчөсүндө болуп өткөндүгүн аныктады. "64 жаштагы адам менен анын 38 жаштагы кызынын ортосунда кыймылсыз мүлк тууралуу уруш чыгып, атасы ТОЗ-8 куралы менен кызына ок аткан, андан соң өзүн атып салган" деп билдиришти милициядан. Маалыматта айтылгандай, жаракат алган кызы ооруканага алынып бара жаткан жолдо каза болду. Ал эми ок аткан атасы башынан алган жараатынан улам ооруканага жеткирилген, учурда комада.


Кырсык
Министр Канат Садыков катышкан жол кырсыгы катталды
Бишкекте билим берүү жана илим министринин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан 8-сентябрда билдиришти. Маалыматка караганда, 5-сентябрь күнү А.Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен Тойота Камри унаасынын 53 жаштагы айдоочусу Д. Айхан денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми экинчи унааны билим берүү жана илим министри Канат Садыков башкарып бара жаткан. Учурда эки унаа тең айып жайга токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Спорт
"Көчмөндөр оюнуна"
12 мамлекеттен
коноктор келет
Бүгүн Ысык-Көлдө түрк тилдүү элдердин "Көчмөндөр оюну" деп аталган улуттук ат оюндары башталды. Ага боордош элдердин жогорку даражадагы өкүлдөрү чакырылган. Бирок Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш-чарага катыша албай тургандыктарын расмий билдиришти. Эмомали Рахмон келе албай калганынын себебин 11-12-сентябрда Душанбеде өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштырган. Жалпысынан "Көчмөдөр оюнуна" 12 мамлекеттен миңге жакын конок келди.

Билим
Кыргызстанда нукура билимге умтулган жаштар үчүн сынак жарыяланат
Кыргызстандагы "АСС - Билим жана тарбия борбору" Кыргызстандын университеттеринде эң жакшы окуган жогорку курстардын студенттерине ай сайын төлөнүүчү стипендияны алуу үчүн сынак жарыялайт. Сынактын максаты Кыргызстандын зээндүү, таланттуу, ар-намыстуу, мекенчил, элин урматтаган, ата журтун ыйык санаган, адамгерчиликтүү, кыргыздын наркын, салтын тутунган жаштарды материалдык жана моралдык жактан колдоого алуу болуп саналат. Сынакка катышкандарды тандоо шарттары: 1) Кыргызстандын университеттеринин 3-, 4-, 5-курстарында, магистратурада, докторантурада жана аспирантурада окугандар; 2) Окуудагы эң мыкты ийгиликтерге жетишкендер; 3) Чыгармачылыкта (музыка, санат, акындык өнөрдө, манасчы ж.б.) жана окууда өздөрүн тааныта алгандар; 4) Кыргыз адабий тилин жакшы билгендер (чет тилдерди жогорку деңгээлде өздөштүргөндөргө артыкчылык берилет); 5). Жетим, жакыр, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан, келечекке үмүттөндүргөндөр Кыргызстандын ар тарабында жашап, окуган жаштар катыша алышат. Сынактын мөөнөтү жарыялангандан баштап 10 күн. Сынакка катышуучулар төмөнкү дарекке кайрылып маалыматтарды алышса жана документтерин тапшырышса болот: Телефон: 0770 47 14 54; mambetalieva1983a@gmail.com