Неля:
"Мен үчүн биринчи үй-бүлө, анан гана карьера"
Кыргыз шоу-дүйнөсүнө аралашкан күндөн тартып ар убак көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп келген таланттуу айым бар.
Назик жүзү, наздуу ырлары менен сахнада да, өзүнө тең жолдошу, сүймөнчүк наристелери менен жеке жашоосунда да өз ордун тапкан ал - Неля. Ырчы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүү максатында маек төрүбүздө болду.

- Неля, эс алуу сиз үчүн эмне? Деги эле жайкы эс алуу сизде кандай болду?
- Эс алуу ар бир адам үчүн зарыл, айрыкча чыгармачыл адамдар үчүн чоң мааниге ээ деп ойлойм. Анткени бардык маселелерден алыстап, адам өзү каалагандай эс алуу менен жаңы идеялардын, жакшы ойлордун булагын таба алат. Шаардын жашоосун­да тынымсыз кыймылда болуп, күнүмдүк маселе менен алек боло берип адамдар жаратылыштан гана эмес бири-биринен да алыстап кетип жатышкандай. Быйылкы жайкы эс алуу үй-бүлөбүз менен Таласка баруудан башталды. Чоң эне, чоң атасынын жанында болуу балдарыбызга абдан жагат. Анан орозо маалында да эң сонун эс алдык. Урмат экөөбүз тең орозо тутуп, жан дүйнөбүздү сергиттик десем болот. Анан акыркы жолу көлгө барып эс алуу менен быйылкы жайдын каалгасын жаптык.
- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда?
- Кудай буюрса, чыгармачылыгым да акырындан кыбырап жатат. Жакында эле атамдын жаркын элесине арнап ыр чыгарып, клибин да тарттырдык. Андан тышкары өзүмдү мода тармагында да сынап көрүп жатам. Кесибим ырчы болгон соң бул тармакка жакын кандай иш болсо да аткара берүү чыгармачылыгыма жакшы гана таасирин тийгизет деп ойлойм. Белгилүү стилистибиз Замира Молдошева эженин чакыруусу менен ментор ишине барып, бир топтун башчысы болуп иштеп жатам. Ментор - биздин тил менен айтканда, бул тармактагы менеджер же уюштуруучу. Буга че­йин Замира эженин сулуулук дүйнөсүнө чакырган долбоорлоруна конок катары катышып келгем. Азыр болсо бул долбоордун ичинде иш алып барып жатканыма кубанып жатам. Абдан кызыктуу, пайдалуу иш экен.
- Айым үй-бүлөсү менен катар чыгармачылыгын да алып кетиши үчүн кандай аракеттерди кылышы керек?
- Бул үчүн, албетте, эң биринчиден, айымды жолдошу колдоосу, түшүнүүсү керек. Мисалы, биздин үй-бүлөдө Урмат экөөбүздүн бир тармакта иш алып барып, ар дайым бири-бирибиздин ишибизди түшүнгөнүбүз менин чыгармачылыгыма жакшы шарт түзөт. Анын үстүнө мен үчүн биринчи кезекте үй-бүлө, андан кийин гана карьера, башка иштер турат. Мен эң башкысы, балдарыма керек экенимди билем. Андыктан алар чоңойгончо ар дайым алар менен бирге болуп энелик мээримимди берип алыс кетпейм. Негизи эле адам бул эки нерсенин бирөөсүн абдан жакшы алып кетиш үчүн бир жагынан баары бир аксап калат. Мен азыр балдарыма карап, жеке жашоомо басым жасап жаткандыктан, чыгармачылыгымдын жүрүшү жай болуп жатат. Бирок бул мен үчүн көйгөй эмес.
- Ырчы Урмат Усенов кандай күйөө?
- Мактангандай болбоюн, чындыгында, Урматта мен каалаган жакшы сапаттар арбын. Айрык­ча чыныгы мырзаларга таандык болгон арканды алыс таштап терең ойлоно билгенин, жоопкерчиликтүүлүгүн, туруктуулугун баалайм. Албетте, баа­ры тең эле жакшы дегеним калпыс болуп калат. Урматтын өтө эле олуттуу жүргөн жайы бар. Андай мүнөзүнөн улам айрым жерлерде абалды мен жөнгө салганга туура келип калат.
- Сиз сунуштай турган бактылуу үй-бүлөнүн рецепти кандай?
- Бойдок кезимде үй-бүлөдө аялдын жоопкерчилиги чоң экенин уксам деле андай эмес да деген ойдо боло берчүмүн. Көрсө, чын эле үй-бүлөнүн бактылуу болушу да, бактысыз болушу да аялдан көз каранды экен. Менимче, эң биринчиден, аялда ийкемдүүлүк болушу керек. Керек жерде эркекке тирешпей жеңилип берип койгонду билсе ынтымак сакталат.
- Балдарыңыздар кандай жөндөмдөргө ээ? Сиздердин жолду жолдочудайбы?
- Азыр уулум 5, кызым 3 жашка келип калышты. Уулумду бийге алып барып, дегеле бийлете албай койдук. Эми сууга сүзүүгө катыштырганы жатабыз. Урмат уулу­бузду спорт тармагына көбүрөөк жакындатып жатат. А кызымды болсо кийинки жылы бийге катыштырайын деген ой бар. Эгер кийин ырчылыкты тандайбыз дешсе, биз колдогонго даярбыз. Бул тармакта эмне кылса жакшы, эмне кылса туура эмес болорун толук билип калдык. Андыктан чыгармачылыкта балдарыбызга түз жолду көрсөтүп бере алабыз деп ойлойм.
- Балдарыңыз менен үйдө олтурсаңыз да келбетиңиздин жагымдуулугун туруктуу сактап келе жатасыз. Кандай сырларыңыз бар?
- Ооба, балдар менен үйдө олтургандыктан салондорго барганга деле убактым жок. Бир чети анчейин зарылчылыгым да жок десем болот. Анткени келбетимдеги жагымдуу туруктуулукту туура тамактануу менен жөнгө салып алгам. Мисалы, эртең менен күн сайын ботко, түштө жашылча-жемиштер кошулуп жасалган суюк тамак, а кечинде жеңил гана тамактануу. Андан тышкары мен башынан эле өз алдымча гимнастика менен алектенип келем. Жаңы төрөгөн кезимде калыбыма келүү үчүн канчалык оор экенине карабай интернеттен мага керектүү болгон гимнастикалык көнүгүүлөрдү көчүрүп алып аткарчумун. Акырындык менен баары мен ойлогондой калыбына келди. Бүттү деп таштап койбой азыр да мурдагыдай эле убакыт бөлүп көнүгүүлөрдү жасап турам.
- Сизди диний таалим сабактарга барат деп укканым бар?
- Ооба, ырчылар жана журналисттерден куралган шеринелеш тобубуз бар. Алардын аялдары өзүнчө, эркектери өзүнчө болуп жумасына бир ирет таалим сабактарын алып турабыз. Бул нерсенин бизге пайдасы гана тийбесе эч кандай кыйынчылыгын, зыянын сезген жокмун. Динден кенен маалыматта болуу үй-бүлөгө жакшылык гана алып келет экен.


Гүлайым Калыбекова