ЫСЫКТАН КАНТИП КОРГОНУП ЖАТАСЫЗ?
Жылдагыга салыштырмалуу жай кеч келсе да учурда күн аябай ысып элдин баарын түйшүккө салып жаткан учуру. Бул ысыктан бири тоого качса, бири көлгө кетип, же болбосо үйдөн чыкпай жатып ар ким ар кандай коргонууда. Ал эми биздин жылдыздар ысыкта кантип күн өткөрүп жатышканын билүүгө ашыктык.

Динара Акулова:
"Дачага барып-келип иштеп жүрөм"
- Мен негизи ысыкка деле, суукка деле чыдамдуумун. Күздө болчу концертиме даярданып, күндүн ысыгына карабай чуркап жүрөм. Жакында Москвадан кызым неберелерим менен келген. Ысыкта кыйналышпасын деп аларды Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келдим. Көлдө суу жылып калыптыр, эс алгандар жыргап жүрүшөт. Биздин келгибиз келбей жатып араң келдик. Баягы өтө ысык болгон күндөрү аларды дачага алып барып койгом, азыр өзүм да дачага барып-келип иштеп жүрөм. Ал жакта шаардагыдай ысык эмес, эртели-кеч салкын болуп турат.


Борончу Кудайбергенов:
"Зарыл иш болгондо гана чыкпасам, көчөгө чыкпайм"
- Быйылкы ысык орозо айына туш келбедиби. Орозо айында той-топур болбой биздин ишибиз токтоп калат эмеспи. Мен өзүм дагы орозо кармагам, ошондуктан азыр үйдөн чыкпай эле кондиционерди коюп алып салкында ыйман тууралуу китептерди окуп жатам. Эшиктеги ысыкты көрүп алып "иштегендерге кыйын болду го" деп калам. Өзүм болсо зарыл иш болгондо гана чыкпасам, көчөгө чыкпайм. Анда дагы машинанын кондиционерин коюп алып барып келем. Колдон келишинче күндө жүрбөгөнгө аракет кылып жатам.


Лунара Мамытова:
"Дүкөнгө да күн салкындаган убакта чыгам"
- Мен ысыктан абдан коргонуп, күн тийген жерлерде көп жүрбөгөндөрдүн катарына кирем. Бактыма жараша жумушум дагы эртеден кечке кеңседен чыкпай иштегенге туура келет. Азыр мен суусундукту көп ичип, күнгө чыкпай жумушта олтурам. Эгерде дүкөнгө бара турган болсом дагы эшикке күн салкындаган кечки убакта чыгам. Балам экөөбүз кечке маал гана сейилдөөгө чыгабыз. Анткени ачуу тийген күн балага абдан терс таасирин тийгизет эмеспи. Эс алуу күндөрү болсо Ала-Арчага барабыз. Үйдөгү кондиционерди дайыма коюп олтурган зыян да, ошондуктан үйдө жок болгонубузда күйгүзүп коём, өзүбүз барда аз колдоном.


Гүлжигит Калыков:
"Күн сайын бассейнге барып 2-3 сааттан чумкуп келем"
- Азыр орозо болгондуктан той-топур, кечелерге чакыруу жок. Ошондуктан иштин жогунан пайдаланып үйдөгүлөр үйдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышкан, мен болсо жардам берип жүрөм. Башында ысыктан кыйналып иш кылгым келбей жаткан, азыр көнүп калдым. Күн сайын борборубуздагы бассейндерге барып 2-3 саат чумкуп келем. Эми буюрса, бир аз чыдасам оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгабыз. Анан Ысык-Көлгө барып сууга түшүп эс алып келсемби деп турам. Негизи мен жайдын июль айында төрөлгөм. Ошондуктанбы, ысык болсо дагы жай айы мага абдан жагат.


Бактыгүл Бадыева:
"Катуу ысыгандан баштап Ала-Арчадагы дачабызда жашап жатабыз"
- Азыр күн абдан ысык болгондуктан шаарда жашоо кыйын эле болуп калбадыбы. Үйдө кондиционердин жардамы менен ысыктан коргонуп жатканбыз. Бирок күн абдан катуу ысыгандан баштап Ала-Арчадагы дачабызга келип жашап жатабыз. Бул жакта жаратылыштын коюнунда таза аба жутуп, тоого чыгып сейилдеп эс алуудабыз. Уктаганда тынч уктайсың, айлана тынч, аба таза дегендей. Эң негизгиси кызыма ыңгайлуу болуп жатат. Анткени жаш бала ысыкта өзгөчө кыйналат эмеспи. Ошондой эле дачабызга жакшы санаалаштарыбызды конокко чакырып жатабыз. Тамакты болсо дайыма очокко жасайбыз, өзүнчө эле ырахат. Ысыкта суусундук дагы өзгөчө роль ойнойт эмеспи. Биз Кашка-Суудагы булактан суу алып келип ичип жатабыз. Азыр ичкенибиз суу, көк чай, компот болууда.


Мерген Турган:
"Салкын үйдө муздаткычтагы жармадан жутуп коюп жатам"
- Ысык чынында абдан кыйнап жатат. Мен азыр короомдогу душума муздак суудан куюп, күнүнө үч маал түшүп жатам. Анан ысыкта эшик-терезелерди ачсаң үйгө ого бетер ысык кирет эмеспи, мен болсо үйдү эрте менен бир желдетип туруп эшик-терезени жабам дагы, шамалдаткычты сайып коём. Үй салкын болуп тура берет, мен жыргап жата берем. Азыр үйдө тоок, жөжөлөрүм бар болгондуктан, алардын жайына дагы улам суудан сээп салкындатып, суусун алмаштырып турбасам болбойт. Ошолордон чыга албайм, болбосо Ысык-Көлгө баргым келип жатат. Көчөгө болсо чыкпайм, анткени кан басымым ысыктан көтөрүлүп кетет. Азыр салкын үйдө муздаткычтагы жармадан жутуп коюп жатам. Ысыкта жарма ичкенден өтөрү жок, сууну көп ичсең дагы шишип кетет эмессиңби.


Динара Чокоева