Азамат Болгонбаев,
"Айтыш" фондунун тең төрагасы:
"Көп кыздарга ашык болдум"

Кыргыздын ыйык атын өчүрбөй, көөнө өнөрүн аздектеп кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн алгылыктуу иштерди жасап жаткан маданияттын адамы, бүгүнкү маегибиздин каарманы төкмө акын жана "Айтыш"фондунун тең төрагасы Азамат Болгонбаев мырзаны кепке тарттык. Анда жаш акын өзүнүн балалык мезгилинен бери уланган чыгармачылык жолу, жеке турмушу тууралуу оюн ортого салды.

- Чыгармачылык жолду кандайча тандап калдыңыз?
- Менин балалык чагым Чүй өрөөнүнүн Арашан деген айылында өткөн. Атам Ооган согушунун ардагери болгондуктан 25 жашынан эле майыптыкка чыгып, үй иштери менен алек болуп, кээде айдоочу болуп иштей коюп жүргөн. Апам карапайым эле айылдагы дүкөнчү болуп иштечү. Үч бир туугандын улуусумун. Башында эле ата-энем менин шыгымды байкашканбы, же тек гана багыт берип коёлу дешкенби, айтор, мен 1-класска барганда эле портфелим менен чогуу комузумду көтөрүп баргам. Ал жактан Өзбек Кадыркулов деген агайымдан комуз боюнча таалим алып ого бетер кызыгуум артып, башында эле чыгармачыл болууга дитимди койгон элем. Ар кандай маданий иш-чараларга катышып кичи сахналарда тапталып жүрдүм. 1997-жылы филармонияда өткөн "Устат-шакирт" аттуу сынакка Абдылашим агайым менен келип чоң жомоктой сезип жүргөн залкарлар менен жанынан таанышкандан кийин "мен дагы комуз колуман түшпөгөн акын болом" деп акыркы чекитти коюп биротоло бет алгам. Андан кийин Искусство институтуна тапшырып, студенттик гүлдөгөн чагымды ошол жерден өткөрдүм.
- Студенттик жашоо­ңуздагы сүртүмдөр...
- "Студенттин чыныгы жашоосу - жатаканада" деп коюшат эмеспи. Мен болсо таежемдин үйүндө тургандыктан көп нерсени көрбөй калдым десем болот. Мисалы, акча жок ачка калып тамак уурдап дегендер башыман өткөн жок. Бирок ар бир күн майрамдагыдай шаңдуу жүрчүбүз. Анткени эсеп чыгарып же формула түзүп кабак чыта ойлонбой, ар убак ырдап жүргөнүбүз мага аябай жакчу. Укканыбыз, сүйлөшкөнүбүз, окуганыбыз, ойлонгонубуз да музыка, ыр, касиеттүү курч сөздөр болгондуктан күнүгө шайыр-шатман жүрүүгө сонун шарт болчу. Экинчи курста окуп жүргөндө эле, тактап айтканда 2002-жылы айтышка катыша баштадым.
- Алгачкы сүйүүңуз тууралуу айтып берсеңиз?
- Эми ар ким үй-бүлө күткөнчө ар кандай жаш курагында жакшы көрүү, сүйүп калуу деген сыяктуу сезимдерге кабылат болушу керек. Өзгөчө чыгармачыл адам болгондон кийин убагында көп эле сулуу кыздарга ашык болуп "ушуну чын сүйүп калдым го" деп жүрдүк да. Чыгармачылык көз караш менен көп кыздарга ашык болдум. Бирок турмуш өз теңимди тапканга жардам берип, түбөлүк махабатыма жолугуп үй-бүлө күтүп, бактылуу жаштардын катарын толуктап, эл арасында эки баланы тарбиялап жатабыз.
- Жүрөгүңүздүн ээси менен кантип табышып калдыңыз эле?
- Келинчегимдин аты Жайнагүл, Кара-Балтанын кызы болот. Ал дагы өнөр адамы, тактап айтканда Консерваторияда окуган. Чыгармачылык жолдо таанышып жүрүп дос болуп, анан ал сезим бара-бара махабатка айланды. Мен гастролдо жүргөндө эле үйлөнүү сунушун айтсам, макулдугун берди. Андан көп өтпөй ата-энелерибизди тааныштырып, баш кошуп калганбыз. Ал А.Өмүралиев атындагы шаардык театрда "Саамал" деген фольклордук топто эмгектенет. Жайнагүл ачык-айрым мүнөздө болгондуктан бат эле кайын-журту менен тил табышып кетти. Азыр Арашанда апама ысык чайын берип келин эмес, кызындай мамиле жасап жүрөт.
- Алгачкы жолу сахнага чыккандагы сезимдериңиз..
- Чоң айтышка биринчи жолу 18 жашымда чыккам. Башында айтышка тартылган таланттардын саны өтө эле аз болчу. Ар бир айтыш өтөт десе эле беш чоң акындар Жеңишбек, Элмирбек, Амантай, Майра эже, Абдылда байкелер тандоосуз кабыл алынып, калган үчөөбүз кагаз кармап тандалып алынчубуз. Алгач чоң акындардан Элмирбек менен айтышканым эсимде. Кийингеним чоң чапан, чоң калпак, бутумдагы туфлимдин такасынын жарымы жешилген кейпим менен чыгып алып аябай сүрдөгөм. Анда форма тиктирип киет деген түшүнүк деле жок болчу. Чоң чапандардан үстүбүзгө жамынып алып эле айтыша берчүбүз. Анан эки жолу тең таалайыман болуп мен өтүп кеттим. Биринчисинде Абдылда байке, экинчисинде Элмирбек байке менен айтышып, ал экөө тең баш байгелерди утушкан. Кийин тамашалап "мени менен айтышкандар баш байге алышат экен" деп калчумун.
- Өнөрүңүздүн арты менен кандай ийгиликтерди багынта алдыңыз?
- Бул кыргыздын түпкү­рүнөн келе жаткан улуу өнөрдү аркалап калганыма өзүм дагы таң калам. Анткени орусташып кеткен Чүйдүн кулуну болсом, же башка акындардай ыр жазып көрбөй туруп эле төкмө болуп кеттим. Андан тышкары, ушул өнөрдү аркалап калганыма чексиз сыймыктанам. Себеби кыргыздын Т. Касымбеков баштаган улуу залкар адамдарынын батасын алып, атагы таш жарган жез таңдай акындар менен замандаш болуп катарында жүргөнүм эле чоң сыймык. Н.Давлесов башында турган маданияттын туу чокусундагы агаларыман сабак алганыма, ушул күндү көрсөткөн Кудайыма миң мертебе ыраазымын. Эми ата жолун улап уулум Осмон дагы өнөрүмдү улантса деп тилеп келем.
- Эл алдына чыгарда даярданасызбы?
- Ооба, даярдыкта жүргөн бул жакшы. Бара турган жериме, эмне тууралуу сөз болоруна карап даярданам. Десем эле кагазга жазып алып жаттайт деп түшүнүп албагыла, мисалы, ойду топтоп, сөз таап мээге түйүп уйкаштырып даярданам. Кээ бир жерге ушунча даярданып барганым менен анча жакшы жеткире төгө албай калам. Же тескерисинче таптакыр укпай барып туруп сонун ырдап кетем. Бул дагы болсо илхомдон, аурадан көз каранды болот го деп ойлойм. Төкмөлүк өнөрдө белгилүү мерчемде атаандашуу дагы бар. Балким сөзүнө таасирленип, өзүңдөгү кемчиликтерди көрө билүүгө бул атаандашуунун дагы ролу чоң болот деп эсептейм. Кээде ошол тең тайлашууга болгон аракет дагы ырдап жатканда пайдасын тийгизет.
- Айылым Арашан деп калдыңыз, президенттин айылдашы турбайсызбы...
- Садык Шер Нияз агам "бирөөгө үмүттөнүп жашабагыла" деп калат. Анын сыңарындай мен бирөөгө кошомат кылып күн көрүүдөн алысмын. Балким мен кошоматтанганды жакшы көргөндө жакшы үйдө жашап, машиненин мыктысын минип, чоң кызматта иштеп кетмек болушум керек. Бирок мен анте албайм. Айылдаштарыма дагы "президент биздин айылдан деп сүйүнбөй, элди жакшы башкарып иштеп кетишин тиленели" деп көп айтып келем. Ал эми Алмаз Шаршенович мени тааныйбы-жокпу билбейм.


Ызаат Тургунбаева