Батыйгүл Жумадыловна:
"Илимдеги ийгилиги үчүн жаңы ачылган жылдызга "Алтай" аты коюлган"
Белгилүү коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-депутаты, окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук академиясынын академиги Бөрүбаев Алтай Асылканович кыргыздын өрнөктүү инсандарынын бири. Агайдан өмүрлүк жубайы Батыйгүл эже менен ар тараптан жетишкен үлгүлүү жашоого жетүүнүн жолдору тууралуу маегибизди жаштарга өрнөк болсун деген максатта сунуштайбыз.

- Саламатсызбы эже, сөз учугу Алтай Асылканович менен баш кошкон кезиңизден башталса…
- Мен Ысык -Көлдүн эң четки Зындан деген керемет аймагында туулуп, ошол жердин 4 жылдык орто мектебин аяктап, коңшу Ак-Булуң айылынан 8 жылдык мектепти окуп, кийин шаардагы №5 кыргыз орто мектебин медаль менен бүтүргөм. Кийин Ленинград университетиндеги математика-механикалык факультетинде жогорку билим алдым. 1971- жылы бүтүрүп келип ал убактагы Кыргыз Мамлекеттик университетине мугалим болуп ишке киришкем. Ошол учурда Алтай менен таанышып калдым. Алгач кесиптеш катары келечектеги илимий иштер, багыттар тууралуу пикир алышып жүрүп, ал мамиле андан ары тереңдеп олтуруп үй-бүлөлүк турмуш куруубузга шарт түздү. Учурда үч баланын ата-энесибиз. Мен Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин Евразия Инновациялык технологиялар факультетин жетектеп иштеп жатам. Агайыңар Улуттук академияда эмгектенет.
- Илим чөйрөсүндөгү ата-эненин балдары кимдер болду экен?
- Негизи балдар дагы ата-эненин кызыккан тармагына көңүл буруп калат окшойт. Улуу уулубуз Алмаз математик, Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин ийгиликтүү аяктап, иш жолун Бишкек шаарындагы "Демир Банктан" баштаган. Ал жерден вице-президенттик даражага чейин көтөрүлдү. Ошол эле убакта өзүнүн банк системасын өнүктүрүү тармагында диссертациялык эмгегин жазып экономика илиминде кандидаттык наамына ээ болду. Өз каалоосу менен Швейцариядагы ири банктардын бирине вице-президенттик кызматка которулуп кеткен. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Ортончу уулубуз Болот инженер-программист болуп университетте иштеп жатат. Азырынча бойдок. Улуу неберем "Болот байкем компьютерге үйлөнгөн. Түнү-күнү ошону менен эле олтурат" деп тамашалап калат. Кичүү кызыбыз Бермет Улуттук университеттин Эл аралык илим интеграциялоо институтундагы кыргыз-европалык факультетин жана магистратурасын аяктаган. Эки баланын энеси. Учурда балдары менен үй кожойкеси.
- Улуу уулуңуздардын Кыргызстанга келүү ою барбы?
- Сөзсүз, кайтып келүүнү негизги максат кылып койгон. Бакиевдердин бийлигинин ишине тоскоолдуктарды жарата бергенинен жадап турганда Швейцариядан эл аралык конкурс жарыяланып, анын жеңүүчүсү катары ишке алынган. Туулган жерге деген сагыныч абдан күч болот экен, айрыкча эр уулдарда. Жылына жайкы эс алууда келишет. Балдарынын улуусу Бишкекте туулган, экөө Швейцарияда төрөлдү. Ал балдары француз жана немис тилдеринде калыптанып калышты. Үйдөн ата-энеси кыргызча сүйлөшкөнү менен чөйрө, коом башка болгондон кийин баары бир болбойт экен. Андыктан, буюрса алардын мектептеги окуусун бүтүртүп жогорку окуу жайларына тапшыртып коюп анан келсем дейт. Бирок неберелерим кыргызча толук кандуу билбей баратканы мени кабатырлантат.
- Алтай Асылканович саясатчы болуп турганда илим жаатындагы ишмердүүлүгүнө көңүл буруп тура алдыбы?
- Математикага сөзсүз ар убакта кайрылып туруш керек. "Математика - кызганчаак аялдай. Эгерде бир күнү таштасаң ал сени бир жума таштайт, бир жума таштасаң бир айга карабайт, бир ай таштасаң өмүр бою таштап коёт" деп абдан так айтылган фраза бар. Анын сыңарындай, ар убак экөөнү тең алып кеткенге аракет кылып шакирттери менен иштеп, кеп-кеңештерин берип, илимий китептерин да жазганга үлгүрүп жүрдү. Бир убакта параллелдүү иштөөсүнө туура келди. Үзгүлтүксүз эмгегинин натыйжасында Орто Азия чөлкөмүндө математикалык топология илиминин дыңын бузду. Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулардын катарына кирип, Москва Абсерваториянын чечими менен бир чоң жылдызга Алтайдын аты берилген. 2013-жылы Лондон шаарында Эл аралык "Сократ" атындагы сыйлыктын ээси болду.
- Бүгүнкү күндө окумуштуулардын абалы кандай?
- Илимге баш-оту менен киришүүдө албетте, материалдык база болуусу жана мамлекеттин колдоосу керек. Ал шарт жагынан биз өтө эле аксап турабыз. Бүгүнкү күндө эң өкүнүчтүүсү базар экономикасынын шарданы менен элдин аң сезим деңгээли түшүп кеттиби, айтор, илим деген түшүнүк калбай баратат. Мурдагы студенттерге формулага салып чыгар десем "бул формуладан бөлөк өзүбүз ойлоп таба турган жолу жокпу?" деп ынтызарланып турушар эле. Ал эми азыр болсо жадыбал билбеген айрым студенттерди көрүп "кийинки муун кандай болот? Артыбызда илимдин жолун улаар келечегибиз калбай барат" деп көп түйшөлөм. Эл аралык проекттилерди жетектеп көптөгөн чет мамлекеттеги университеттер менен байланышта болдум. Мени кейиткен жагдай кошуна Казакстанга тең келе албай бара жатабыз. Өткөндө казак өкмөтү бир кафедранын проекти үчүн 2 миллион доллар бөлүптүр. Бул мамлекеттик деңгээлде билимге, илимге болгон басымдын күчөп жаткандыгынан кабар берет. Бизде андан чоң ачылыштарга каражат түгүл маани берилбей келет. Демек, өлкөнүн экономикасын көтөрөбүз десек алгач билимдин сапатына көңүл бурганыбыз зарыл. Бизде билим ар убак арткы орунда деп саналып келгендиги жылдан-жылга деңгээлдин төмөндөп баратканынан кабар берет.
- Эки окумуштуунун жашоосунда казан-аяк кагыштары болобу?
- Ар бир үй-бүлөдө болуп турчу бул көрүнүш бизде деле бар. Анын көңүлү жокто мен тынч болуп калууга аракеттенчүмүн, бирок менин маанайым жок болсо ал чартылдап кетчү. 42 жылдан бери бири-бирибизди жакшы түшүнүп калдык. Эң жакшы ыкмага көнүп алдым, бардык убакта укмаксан, көрмөксөн болуп көп терс нерселерди жай гана өткөрүп ием. Жаштыкта кызганышып да калчубуз. Эсимде, бир жолу дааратканага кирсем айрылган кат жатыптыр. Кураштырып окуп көрсөм "мен сизди жакшы көрөм" деген жазуу экен. Алтайдын айтпай турган нерсени таптакыр айтпай койгон мүнөзү бар. Анан ал ким эле деп сурасам "билбейм" деп койду. Мен деле чукуп сураган жокмун. Азыр тамашалап "сага тийишкен кыз-келиндер калдыбы?" десем "карыбадымбы, эми ким тийишет эле "деп күлүп калат. Учурунда ар кандай жакшы-жаман кептер ээрчиди, бирок мен ага терикким келген жок. Анткени мен ар дайым жолдошума ишеничим жоголгон эмес, Алтай ага жол койбогон. Чарбачылыкта Алтай Асылканович көп шыгы жогураак болду. Бир жолу жаңы батирге көчүп келгенде дубалга мык кагыш керек болду. Ал мык кагам деп колун чаап алып "экинчи балка-чот кармабайм" деп күлдүргөн.
- Үй-бүлөлүк чоң шаарды куруу кыйынчылыктарсыз болбосо керек?
- Биз нечен жолу орус кемпирлердин батиринен батирге көчүп жүрдүк. Улуу балабыз төрөлгөн кезде абдан кыйналдык. Алтай экөөбүздүн бир туугандарыбыз биздин кыйналган турмушубузду карап олтура албай биргелешип 2 бөлмөлүү кооператив батир алып беришкен. Ал убакта батир алуу чоң маселе эле. Мен мугалим болуп 140 рубль айлык, Алтай аспирант катары 70 рубль стипендия алчу эле. Ал акчабызды батирге, бала багуучуга жеткирип, бир аз ашканы кийим, тамак-ашыбызга жетишпей айдан-айга карыз болуп эле жүрчүбүз. Ошондо да айылдан ата-энелерибиз картөшкө, эт-майын салып турушканда. Кийин бутка тура баштадык. Өз аракетибиз менен эки бөлмөлүү үйдү Асанбайдан беш бөлмөлүү үйгө алмаштырдык. Ошентип көптөгөн кыйынчылыктар менен ушул ийгиликтердин ызаатын көрүп олтурабыз.
- Бош убактыңызды эмнеге арнайсыз?
- Мен сатып алган кийимди дароо кийип албайм. Сөзсүз түрдө бир жерине өзгөртүү киргизишим керек болот, көбүнчө жекече буйрутма менен тиктирип кием. Бош убактымда өзүмө, балдарыма кийим тигүүдөн ырахат алам. Жаш кезимде терезе жапкыч, стол жапкычтардан бери кооздоп тиккенди аябай жакшы көрчүмүн. Азыр кичине карылык моюндап бара жатат окшойт. Китеп, жаңы басылган гезит-журналдарды окуйм. Өз колум менен тамактын түрлөрүн жасаганды жакшы көрөм.

Ызаат Тургунбаева