Чолпонбек Абыкеевдин аялы Калбүбү эже:

"Балдарыбыз атасы экөөбүздүн урушканыбызды бир да жолу көргөн эмес"


Эркек киши эл арасында кандайдыр бир кадыр-баркка ээ болсо, анын артында аялдык милдетин мыкты аткарган жубайы тураары анык. Себеби, кичи мамлекетинин тынчтыгынан, алардын ички коопсуздугунан санаасы тынч эркек гана ээн эркин эл камын көрүп жүрө алат. Биздин бүгүнкү коногубуз эл жүгүн көтөрүп, калыс сөзү, сүрдүү жүзү менен калкына таанылган, бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап учурда Улуттук Жазуучулар Союзунда төрагалык жоопкерчиликти мойнуна алып иш алып барып жаткан Чолпонбек Абыкеевдин артындагы тылы болгон мыкты айым Калбүбү эже.
- Жолдошуңузду кандай мүнөздөйсүз?
- Чолпон башкача ак көңүл анан кек сактоо дегенди билбеген адам. Ар дайым адамдын көңүлүнө карап иш кылып, бирөөнүн көңүлүн оорутпайт. Дагы бир сапаты үй-бүлөгө башкача кароо. Ал үчүн үй-бүлө эң маанилүү. Балдарын менден да жакшы көрөт десем жарашаттыр. Жумушта кандай экенин билбейм, үйдө эң эле жумшак. Мүнөзү жумшак адамдын бир нерсеге оңой менен жини келбейт эмеспи. Эгерде жини келсе үнүн көтөрүп бир кыйкырып алат да, айтчусун айткандан кийин эле кадимкисиндей жай сөзгө өтүп, жумшарып калат. Анан да ар бир ишке баш оорута бербейт. Ушундан улам абысын-ажындарым "Чолпондун мүнөзү көлдөй эле. Биздикилер болсо бул үчүн эмдигиче чуу кылып жиберишмек" деп калышат. Бирок сыртынан аябай сүрдүү көрүнгөнүнөн улам өзүнүн карындаштары да айбыгып турушат. Агасына айта турган сөздөрү болсо "жеңе, сиз айтыңызчы, жообун сиз алып бериңизчи" деп өзүлөрү алдына бара беришпейт. Дагы бир баалаганым - колу билет. Үйдө үтүкпү, чаң соргучпу, тиричилик каражаттары бузулуп калса кайсы маалда суранбайлы өз ишин коё туруп дароо калыбындагыдай кылып оңдоп коёт. Бул сапаты улуу уулумда да бар.
- Кандай бактылуу күнү сиздердин жолуңуздар биригип, бир бүтүн болуп калдыңыздар?
- Мени ала качып алган. Ал кезде мен Чолпондун эжеси менен бирге иштеп жүрчүмүн. Ал мени жактырып, келин кылып алам деп "кызыңарды бизге бергиле, куда бололу"деп үйгө да барып жүрдү. Мен тараптагылар али жаш деп макул болбой жүрүштү. Акыры чоң сценарий менен ала качышып, кайнежем максатына жетип мен Чолпондун жары болуп калдым. Азыр ушундай адамдын аялы болуп калганыма тобо кылам. Биздин баш кошконубузга 28 жыл болуп калды. Бул аралыкта мен капа болгудай бир ооз жаман сөзү болгон жок.
- Жолдошуңузду жумуштан кандай тосуп аласыз?
- Мен жолдошумду жалгыз күтпөйм. Канча кечикпесин балдарым да атасын күтүп отура беришет. Бул биздин үй-бүлөнүн мурунтан бери калыптанып калган адаты. Кичинекей кыздарымдан бери эч кимибиз Чолпон келмейинче дасторконго отурбайбыз. Биздин өзүн күтүп тураарыбызды билгендиктен, кечиге турган болсо "мени күтпөй тамактанып, эс ала бергиле" деп алдын ала айтып коёт. Ал эми кечки тамакка көбүнчө Чолпондун сүйгөн тамагы куурма күлчөтай даярдайм. Чолпон бул тамакты башкача сүйүп жейт. Ушул тамагын даярдайм деп бир кызык иш кылганым эсимде. Үйлөнгөнүбүзгө жарым жылдай болуп, менин 5-6 айлык боюмда бар эле. Чолпон жумушка кеткен. Мен да кеткен жагымдан атайын Чолпонбек келгенче тамак жасай калайын деп шашып келген элем. Бирок, ачкычты үйдүн ичине калтырып коюп эшикти чаптырып бекитип кете берген экенмин. Үйүбүз экинчи кабатта эле. Чолпонбек келген кезде тамак жок болуп калса эмне дейм деген ойдо болдум. Анан башыма бир ой кылт дей түштү да, орус кошунадан суранып кирип анын балконунан биздин балконго секирип өттүм. Анан болкондон секиргенимди жаңылык кылып айта коюп абдан тил уккан элем.
- Элге кадыры бийик жолдошуңуз кайындарына кандай күйөө бала?
- Жолдошумдун менин төркүнүмө барып "чоңдугуна салып" төр ээлеп олтурганын чындыгында бир да жолу көргөн жокмун. Качан барсак да кайын-журту менен учурашып эле очокту карай жөнөйт. Баары тең эле баласына деле, күйөөбаласына деле Чолпонду мисал кыла беришет. Быйыл жашы 55ке толот. Бирок дале Таласка барганда конокмун, жашым улуу деп отурууну билбейт.
- Канча балаңыздар бар?
- Беш балага ата-энебиз. Эң улуубуз 27де, бир балага ата болду. Сүрөтчүлүктү бүткөнү менен кесип катары алып кеткен жок. Калгандары азырынча турмуш кура элек. Экинчи уулум Чынгыз жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эле өз каалоосу менен Улуттук гвардияга кызмат өтөйм деп баарыбызды таң калдырды. Азыр аскердик кызматын өтөп жаткан кези. Бул уулум менен кызыбыздын ортолору бир жарым гана жаш болгондуктан, мектепке чогуу берип койгон элек. Экөө мектепти да, университетти да бирге бүтүштү.Кызым кытай тили боюнча окуусун аяктап, учурда жогорку окуу жайында кытай тили мугалими. Ортодо 11 жыл төрөбөй жүрүп кийин дагы эки кыздуу болдук. Алар мектепте бешинчи жана экинчи класстын окуучулары. Неберем болсо бир жарым жашта. Атын Манап деп чоң атасы койгон. Небереси менен ойноп, ою менен болуп черин жазат. Бала да болсо аны эркелетип гана турган адамды тааныйт экен да. Чоң атасы келгенде таңдан кечке мени менен болгон неберем мага келбей калат.
- Жолдошуңуз үй-бүлө мүчөлөрүнө кожоюн катары кандай талаптарды коёт?
- Дал ушул сурооңо жооп берүүдө мен жолдошума бир аз нааразы элем. Менин оюмча кыз баланы тарбиялап жакшы жолго салуу - эненин милдети. Ал эми эркек баланы болушунча бек кармап, керек жерден чаап, согуп ийге келтирип туруу атанын милдети. А бизде андай болгон жок. Балдарга катуу айткан күнү болбогондуктан, уулдарыбыз да атасындай жумшак. Катуу сүйлөп, тарс-турс жүрүшпөйт. Талапчылдык мүнөзү болбогондуктан, балдардын эмнеге болбосун тандоолору эркин. Мисалы, өзү кыргыз тили үчүн укмуш күйүп-жанган адам. Бирок балдарыбыздын эң улуусу менен эң кичүүсү гана кыргыз мектептеринин окуучулары болушту. Калган үчөө орус тили менен аякташты. Башында менин балдарды орус мектепке бергениме нааразы болуп жүрдү. Бирок мен да аргасыз элем. Анткени мен орустар көп отурукташкан айылда орус тили менен чоңоюп деги эле орус мүнөз болуп калган элем. Ошондуктан кыргыз мектепте окуган уулумдун сабагына үйдөн жардам берүүдө кыйналып калдым. Ушундан улам калганын орус мектепке окуттум. Бирок кийин ал кылганым туура эмес болгонуна өкүнүп кичүү кызымды атайын кыргыз мектепке бердим.
- Демек жолдошуңуз жубайына деле катуу талап койбойт турбайбы?
- Ооба, ошондой. Мен башынан эле каалаганымды кылганды жактырган адаммын жана эч кимдин мен каалаган нерсеге жолтоо болушун каалабайм. Ошондуктан бактыма ушундай адамды берсе керек. Жаш кезимде тиземден келген, болгондо да узун тилиги бар юбкаларды кийчүмүн. Ошондо да мага эч сын айткан эмес. Деги эле жолдошумдун мунуң жакшы же жаман, тамагың ачуу болуптур, таттуу болуптур деген сөзүн уккан жокмун.
- Сиздердин казан-аяк кандай учурда кагышат?
- Жаш кезде анча-мынча таарынычтар болбой койгон эмес. Ал эми азыр башкалар таң калгыдай эле ынтымакта жашайбыз. Мен балдарыма да, кыздарыма да "кийин бүлөлүү болуп, өз алдыңарча кеткенде келишпестик, таарынычтар болсо таң калып олтурбагыла",-дейм. Анткени балдарыбыз эс тартканы биздин урушуп жатканыбызды эч көрүшкөн жок да.
- Жашы элүүдөн ашканга чейин эле иш артынан жүргөн адам жубайына кайсы маалда убакыт бөлөт?
- Чоке бул жагын да унутта калтырган жок. Эмнегедир ага мени жанына ээрчитип жер көргөзгөн аябай жагат. Мен башында билген жерлер алгач Талас болсо, кийин ага Бишкек кошулган. Анан Чокеге күлүп "көргөн жерим буга чейин экөө эле, сага тийип Кочкорду көрдүм. Эми кай жактарды көргөзөсүң?" деп калчумун. Жаш кезинен ушул күнгө чейин Каркыра баштаган жаратылышы жакшы деген жерлерге алып барып, эс алдырып келе жатат. Балдарды да эл көрүп, жер таанысын деп турат. Түркмөнстанга гана экөөбүз эле барганыбыз болбосо, үй-бүлөбүз бир бүтүн болуп жер көрүүгө чыгып турабыз.

Гүлайым Калыбекова