"Санжыра" радиосунун жетекчиси Назгүл Айдаралиева:

"Сындаганда да сөөккө жеткире сындайт, мен унчукпай отуруп берем"


Бир нече жылдан бери радио тармагында иштеп келе жаткан, алгачкы ди-джейлердин бири, "Санжыра" радиосунун жетекчиси Назгүл Айдаралиева "Аялзат жана карьера" рубрикабыздын алкагында бизге жагымдуу маек куруп берди.
- Назгүл, сиз иштебеген радио калбаса керек, эмгек жолуңузду кайсы жерден баштадыңыз эле?
- Жаңыдан жогорку окуу жайын аяктаганымдан кийин 1999-жылы "Кыргыз радиосуна" келип үйрөнчүк адис болуп алты ай иштеп калдым. Анан бир күнү "Европа плюс" радиосунда орус тилдүү ди-джейлер арасында сынак болуп жатканын угуп калып, жолдошум Мырзабек Айдаралиевдин демилгеси менен экөөбүз барып үнүмдү жаздырып келгенбиз. Көп өтпөй эле сынактан өткөндүгүмдү кабарлашты, бирок баргандан уялып бир ай барбай койгом. Анда да жолдошум урушуп жатып алып барган. Барсак "бир ай мурда келсең болмок, киши толуп калды. Бирок жаңы радио ачылган, ошол жакка ди-джей болуп иштегенге макулсуңбу?"дешти эле, мен макул болдум. Көрсө, ал "Кыргызстан обондору" радиосу экен. Ошондо "Кыргызстан обондорунун" ачылганына сегиз ай болуп, эң алгачкы ди-джейлер Салтанат Саматова менен Элмара Турсуналиева иштеп жатышыптыр. Мени менен кошо Лилия Абдубаитова, Арстанбек Абдымановдор келишти. Ошентип, аты аталган ушул адамдар "Кыргызстан обондорунун" баштоочулары болуп калдык. Ал кезде мен кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алчу эмесмин. Ошол кездеги тартиптин катуулугунан эне тилде бир топ жакшы деңгээлде сүйлөп калдым.
- "Дарак бир жерден көгөрөт" дейт кыргыздар. Сиз бул ойго кошулбайсыз го?
- Мен "Кыргызстан Обондорунан" жакшы эле "көгөрдүм". Жумушума ушунчалык берилип кетип кызымдын биринчи класска барып калганын да байкабай калыпмын. Ошондо гана эсиме келип экинчи балалуу болуу тууралуу ойлондум. Эсептеп көрсөм, аталган радиодо ашык-кеми жок тогуз жыл иштептирмин. Уулумду багып үйдө отурганымда Тынчтыкбек Кожобеков "Миң кыял" радиосуна үн режиссёру катары чакырды. "Назка, Мырзаке менен сүйлөшөйүн, макул болсо иштешели" дегенинен менин үй-бүлөмдү, кожоюнумду сыйлаганына ыраазы болуп, макулдугумду бердим. Ал жакта бир жарым жыл иштедим да, жалпысынан беш радиону өзүнө камтыган "Кыргыз радиосуна" башкы үн режиссёру болуп бардым. Андан анан "Санжырага" келип калдым.
- Карьера деп эле жүргөндөйсүз, негизи жашоодо үй-бүлөнү башкы орунга коёсузбу же карье­ра­ныбы?
- Мен экөөнү дайыма бир алып жүргөнгө аракет кылам, ошондуктан, бул экөөнөн башка нерсеге убактым жок. Эртең менен эрте туруп тамак жасап коюп жумушка келем. Жумуш бүттүбү, тыпылдаган боюнча үйгө жөнөйм. Барып тамак жасап, баламды жуундуруп, кызым менен түнгө чейин сабак окумай. Үй-бүлөм дегенде баарына даярмын, көңүлүм келгенде кечки тамакка эле үч-төрт түрлүү тамак жасап коём. Кызым пиццаны абдан жакшы көрөт, ошондуктан күн сайын өз колум менен пицца жасап бергенден тажабайм.
- Жолдошуңуз сизди колдоп турабы?
- Албетте, анын колдоосу болбосо мен Назгүл болмок эмесмин. Атамдын көзү өткөндөн кийин Мырза мага ата ордуна ата, бир тууганым жок, мага бир тууган, апама бала болду. Бул жашоодо мени колдоп келе жаткан эки гана адамым бар, анын бири апам болсо, бири сүйүктүү жолдошум. Мырза бир сырдуу болуп унчукпай жүргөнү менен менин эң биринчи сынчым. Сындаганда да сөөккө жеткире сындайт, унчукпай отуруп берем.
- Экөөңүздөрдүн кыялыңыздарды бири-бириңиздерге окшобогон, такыр эки башка адамдар деп айтышат...
- Мен коомчулук арасында эле тарсылдап жүрбөсөм, үйгө барганда унчукпай казан-аяк кармап отуруп калам. Чынында эле ал токтоо, мен шайыр адаммын. Ушундай эки башка мүнөздөрүбүз менен бири-бирибизди толуктап, бактылуу жашап келе жатканыбызга 14 жыл болду.
- Жолдошуңуздун фамилиясына өткөнүңүз аны сүйгөнүңүздүн, сыйлаганыңыздын далилиби?
- Мен документ боюнча өзүмдүн эле фамилиямда жүрөм. Ал эми жолдошумдун фамилиясын эфирдеги каймана фамилиям катары колдоном. Эрке келин болуп кайындарыма бир жылда бир барсам барам, барбасам аларды бул жакка чакырып алам. Кайнатам менен кайненем абдан түшүнүктүү адамдар, бизге дайыма колдоо көрсөтүп турушат, аларга ыраазымын. Аларга келин болуп кызмат кылбаганыма жараша жок дегенде кайнатамдын фамилиясын алып чыгып ыраазы кылайын деп ойлогом. Убагында "жалгыз кызыбыз болсо, анан атасынын фамилиясын алып жүрбөйт" дешип өзүмдүн төркүндөрүм тарабынан таарынычтар болгон. Бирок кийин түшүнүп, унчукпай калышкан.
- А кайнатаңыз ыраазыбы?
- Албетте ыраазы. Бирок мен өзүмдү белгилүүлүктүн туу чокусуна жеттим деп айта албайм. Эсимде, "Кыргызстан Обондорунда" иштеп жүргөнүмдө туулган күнүм болуп калды, 30 жашка чыккан элем. Олтуруп алып ыйлап жатсам жетекчи жаныма келип "эмне болду?" дейт. "Шеф, сиз 30 жашыңызда "Кыргызстан обондорун" ачтыңыз, мен болсо 30га чыктым, дале үн режиссёр болуп иштеп жүрөм" деп андан бетер ыйлагам.
- "Билайн" компаниясынын да үнү болуп келесиз, алар менен кандай келишимдин негизинде иштеп жүрөсүз?
- Ооба, "Билайн" менен "Кыргызтелекомго" менин үнүмдү жаздырышкан. Алгач мен 2002-жылы "Кыргызтелекомго" сынак болуп, менин үнүмдү жактырып 5000дей маалымат жаздырып алышкан. Кийин "Билайн" компаниясына үн керек болуп ди-джейлердин үндөрүн жаздырып калдым. Угузсам эле "жакпай жатат" дешет. Эртеси тапшырыш керек болчу, айлам кеткенде түнкү саат 12де өзүмдүн үнүмдү кыргыз, орус, англис тилдеринде жаздырып туруп берип жибердим. Башчысы отуз адамдын үнүн жактырбай, отуз биринчи болуп жазылган менин үнүмдү жактырып калыптыр. Убагында компаниянын кызматкери катары акча төлөп беришкен. Жакында эле ошол компания мени кайрадан мугалим кылып чакырды. Бирок жетекчилик баары алмашыптыр, мени билбей эле чакырышыптыр. Сабак өтүп жатсам "сенин үнүң тааныш угулуп жатат" дейт, "телефондогу үн меники" деп айттым. Азыр ал жакта иштеген операторлорго сүйлөөнүн эрежелери боюнча сабак өтүп турам.
- "Абоненттин телефону өчүрүлгөн..." деген өз үнүңүздөн өзүңүз тажаган учурлар болобу?
- Негизи, менин үнүмдү уккусу келбегендер көп. Кээде өзүм, өзүмдүн жолдошум да тажаган учурлар болот. Бир жолу Мырза экөөбүз урушуп кеттик. Ал үйдө, мен радиодо болчумун, жини келип телефонду коюп салган. Ошол жини менен эшикке чыгып досуна чалса "сиз чалган абоненттин телефону өчүрүлгөн" деп менин үнүм чыгыптыр. Аны угуп андан бетер жиндеп үйгө кирсе, апам радио угуп жатыптыр, радиодо мен жаңылык окуп жатыптырмын. "Бул жакта да анын үнү" деп барып досунун үй телефонуна чалса, "абоненттин телефону акы төлөбөгөндүгү үчүн өчүрүлгөн" деп дагы менин үнүм. Кечинде үйгө келсем айтып бир топко чейин күлгөн. Дагы бир окуя: Эмиратта жашаган Амир аттуу жакын досу бар. Ал түнкү саат үчтөрдө кызып алып Мырзабекке чалыптыр. Андан "абоненттин телефону өчүрүлгөн" деп менин үнүм чыкса: "Эй, Назка, Мырзага берчи!" дей бериптир...
- "Санжыра" радиосу кандайча түзүлгөн?
- "Санжыра" радиосунун атынан тарта юридикалык кагаздарына чейин өзүм түзүп чыктым. "Ырлары, уктуруулары элге жага турган болуп, маалыматы жагынан да, музыкалык жагынан да башка радиолордон озо турган болушу керек" деп максат койгом. Бүгүнкү күндө радио деген толтура, анын арасында популярдуусу да, тарыхы байы да бар. Алардын баарын изилдеп карап чыксаң, кыргызча эски ырларды, этнографиялык, фольклордук чыгармаларды алып чыккан бир да радио жок экен. "Санжыра" радиосунун форматын түптөөдө ушул нерселерди эске алдым.
- Ырлар кандай критерийлер менен тандалат?
- Ыр алып келгендердин саны арбын, бирок биз жеңил-желпи ырларды кабыл албайбыз. Ыр берем дегендерден биринчи эле "комуз менен коштолгонбу?" деп сурайм. Эгер жыйырма ырынын бири комуз менен коштолсо, биз дал ошол ырын алабыз. Ырды эфирге коюш үчүн ар бир ырчыдан расмий түрдө уруксат алабыз. Ал эми ырларды эфирге ди-джейлер коё алышпайт, автоматташтырылган система боюнча жайгаштырабыз.
- Ырын көп коюп тургула деп суранган ырчылар болобу?
- Мен радио тармагында иштегениме 14 жыл болду. Көп эле ырчылар менен иштешип жүрөм, алар менин бетке айткан сапатымды жакшы билишет. Эгер ыры жарабаса, ачык эле "алтыным, капа болбо, жарабай калды" деп айтам. Менин апам болобу, эжем болобу алар суранганды эле аткара бере турган болсом, анда "Санжыра" "Санжыра" болбой калат.

Динара Чокоева