"Тасма талаасында
из калтыргым келет"
Альбина - кыргыздын кара көз сулууларынын бири. Модельдиктен сырткары, жакындан тарта кино чөйрөсүндө өзүн сынап келет.


Сүйүүнүн эң бийиги бул Кудайга болгон сүйүү деп эсептейм. Бул сүйүүнү сен эч качан булгай албайсың, буза албайсың. Ал эми бир адамдын экинчи адамга болгон сүйүүсү ар кандай, кээде ашып-ташат, өчүп-жанат, сезимдердин каарманы алмашат. Ал эми Алла Талаага болгон сүйүү гана бир калыпта сакталат.


Кино дүйнөсүнө сүңгүп кире элекмин. Бирок кызыгуум күч. Апам да мени ушул чөйрөдөн көрөт. Кичинемден мени "элдин адамы бол" деп айтып келет. Ата-эне деле баласынын мүнөзүнө, шыгына жараша кесип тандоого багыт берет эмеспи. Буга чейин башка кесипке окуганым менен кайра эле ушул чыгармачылык чөйрөгө өзүм да тартылып турам.


Кичинемден кийим дизайнына кызыгам, кээде өзүм фасондорун ойлоп таап кийим тигип алам. Жакынкы келечекте бул жаатында да иш алпарам. Бул ишке каражат абдан көп кетет, азырынча, апамдын жардамына муктажмын.


Бул дүйнөдө из калтыргым келет. Жөн гана күн кечирип, бул өмүрдү текке кетиргим келбейт. Улуу инсандардын баскан жолуна назар салам, алардын баскан жолундагы өзгөчөлүктөрүн издейм. Адамдык улуулукка умтулам.


Режиссёр Болот Шамшиев менен иштеген маалда түшүнбөпмүн, көрсө ал киши мага билинбестен көп нерсе үйрөткөн экен. Азыр иштешип аткан режиссёр Адилет Акматов катуу да айтпайт, жөн гана унчукпай коёт. Жаш болсо да абдан сабырдуу. Ар бир режиссёрдун актёрлорго жасаган мамилелери өзгөчө болот. Тасмага тартып гана тим болбостон, өзгөчө жаш актёрлорго алар кесипке жана турмушка болгон мамилеге да чоң таасир этишет экен.


Актёрлук адамды ар тараптан тарбиялайт экен. Буга чейин аралашпаган себебим, бул чөйрөдөгү адамдар туурасында айтылган кептерден чочулачумун. Жаманатты болгондон коркчумун. Бирок азыр баары адамдын өз деңгээлинен экенин түшүндүм.


Мурда адам каражат топтош үчүн гана иштеши керек деп ойлочумун. Ак менен караны так ажыратып калган маалда, адам маянага эмес, жандүйнөсүнө жакын чөйрөнү издеп калат экен. Киного чакыруулардан соң, шыгымды сынап көрөйүн деп чечтим. Кечирээк баштаганыма да бир аз ичим жанат. Буга чейин режиссёр Болот Шамшиев менен бир тасмада иштештим, бирок, ал тасма акырына чыгып, элге сунуштала элек. Ал эми жакында Адилет Акматовдун "Сүйө бил" аттуу тасмасы эл сынына коюлат. Анда өзүм теңдүү эки кыз менен башкы ролдо ойнодук.


Актрисага өң-келбет, актёрдук чеберчиликтен сырткары да терең, таза жандүйнөгө ээ болушу кажет деп ойлойм. Себеби, ошол дүйнө сыртка чагылат. Андай дүйнөгө ээ болбогон актриса, балким, каарманынын дүйнөсүн ачып бере албаса керек. Актриса десе, коомдо жеңил ойлуу кыздар деп кабылдашат. Буга макул эмесмин, анткени, кандай чөйрө болбосун, өз өзөгүн жоготпой жүргөн адамдар жок эмес.


Өзөктүү ойлор туруктуу сакталганы менен айрым нерселерге болгон пикирлерим жылдан жылга өзгөрүп келет. Кээде бул нерсени натуура деп баалап калам. Изденген гана адам улам бир нерсеге толук жооп табууга далалат кылат дешет. Балким, изденип жүрөм. Мурда көп нерсеге баёолук кылсам, азыр турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, улам бир нерсеге көзүң ачылат.


Тарыхый киного тартылуу менин ири тилегим. Анүчүн көп эмгек кылып, көп иштешим жана актёрлуктун терең сырларын да өздөштүрүүгө тийиш экендигимди билем. Буга чейинки тартылган "кыргыз керемети" деген аталышты алып келген тасмалардын таасиринде өз алдынча көп нерсени үйрөнүүгө далалаттанам. Ата-энем менден көп нерсени күтөт. Алардын ишенимин актагым келет.


Мээрим АКЫЛБЕКОВА