Ишенгүл Болжурова:
"Каргадай кезимден
кара жумуштун казанында кайнадым"
Кыргыз калкынын тарыхында татыктуу орду бар аялзаттарынын аттары жүздөп саналат. Алардан Ишенгүл Болжурованы иш билгилик, мыкты уюштуруучулук сапаты менен айрымалоого болот. Анда бизде алтымыш жыл мурун айылдык мугалимдин он бир баласынын туну болуп жарык дүйнөгө келген адам конокто.
- Саламатсызбы, Ишенгүл эже. Келе жаткан майрамыңыз менен!
- Рахмат!
- Мамлекеттик кызматтан бошогондон бери көрүнбөйсүз. Учурда кандай иштер менен алек болуп жатасыз?
- КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтык фонду деген бар. Ошол фонд "Кыргызстанга профессионал адамдар кереги жок болсобизге керек" деп атайын мен үчүн эксперт-консультант деген кызмат ордун ачып берген. 2010-жылдын ноябрь айынан бери ушул фонддо иштеп жатам.
- Мамлекеттик даражадагы ары жооптуу, ары татаал иштерди аркалап жүргөнсүз. Буга сиздин вице-премьерлик, министрлик, ректорлук жана элчилик кызматтарыңыз далил. Азыр жогору жактан дагы ушул сыяктуу сунуштар болуп жатабы?
- Мен иш бер деп эч кимге барбайм. Өзүмдүн эл аралык аброюм ушунчалык чоң, андыктан, бирөөнүн көзүн карабайм. Мен өзүмдүн билимиме, менеджерлик талантыма ишенип жүргөн кишимин. Ошондуктан, эл үчүн иштеп бериңиз деп чакырса барам, а чакырбаса мен эмне үчүн бирөөнүн эшигин каккылашым керек?! Мен селсаяк эмесмин.
- Демек, эч кандай сунуш боло элек?..
- Чоңдор менен деле кезиккен жерим жок.
- Эгер мүмкүнчүлүк бере турган болсо, бийликке кайсы тармакты көтөрүп берүүгө жардам берет элеңиз?
- Билим, илим, маданият. Мен өмүр бою ушул тармактарда иштедим. Бул жааттагы жумуштарды ийне-жибине чейин билем. Өзүмдү мактап жаткан жерим жок, БГУнун кызматкерлери азыркыга чейин "карап көрсөк, сиз министр болуп турган кез алтын доор болуптур" деп айтышат. Университеттерде көп иштерди жасадык. 350 бала Алматы, Россия, Япония, Түркияга барып, квалификацияларын жогорулатышты, 30 бала Москва мамлекеттик университетинде стажировкалардан өтүштү. Мунун баары менин жеке сүйлөшүүлөрүм аркылуу жүзөгө ашкан. Россияда, Түркияда, Кытайда биринчи жолу Кыргызстандын күндөрүн өткөрүп, маданият жагынан дагы көп нерселерди жасагам. Өзүм жердештик, жыныстык, тууганчылык деген принциптерге жолобойм. Мыкты болсоң, мен сени башыма отургузуп алып сыйлайм, а эгер профессионал эмессиңби, бир тууганым болосуңбу, досум болосуңбу, жердешим болосуңбу, атүгүл атам болосуңбу, мен андай адамга жок деп гана айтам.
- Кептин нугун кичине башка жакка буралы. Сиздин өрнөктүү өмүр, өзгөчө талант Жоомарт Бөкөнбаевдин келини экениңизди билебиз…
- Жоомарт атабыз 1944-жылы 34 жашында авариядан каза болгон. Мен аны көрбөй-билбей калдым. Анан кайненем 55-жылы окумуштуу Муса Мырзапаязович Адышевге чыкканын эл билет. Менин жолдошум Кулубекти өстүргөн киши ошол болду да. Ал менин экинчи кайнатам.
- А жолдошуңуз Кулубек Бөкөнбаев менен кандайча таанышып, кандайча табышып калдыңыз эле?
- Мен музыканы абдан жакшы көрчүмүн. Анткени, сиңдилерим Абдраев атындагы окуу жайда окушуп, алар менен концерттерге көп барып, ушул чөйрөгө ыктап калыптырмын. Ал кезде Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жооптуу катчы болуп иштеп тургам. Бир күнү насаатчым Борис Михайлович "бүгүн Казак консерваториясынын ректору аялы менен келди, биздин үйгө барып концерт угуп, ошол кишилер менен тамактанып кет" деди. Бардым. Коноктордун арасынан өзүмө маңдайы чоң, чоочун киши урунду. "Таанышып кой" дешти эле, тааныштым. Аты Кулубек экен. Олжас Сулейменовдун чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшүп отуруп, аягында ал мени үйүмө чейин узатып келди. Көрсө, "карап көргүлөчү, тың кыз, жакшы келин болчудай" деп ортомчулар ага чейин эле кайнатам Муса Мырзапаязовичтин кулагына куюп коюшкан экен. Андан кийин Кулубек мени киного чакырды. Ушундайча табышып, жолдошум менен 1979-жылы баш коштук. Жолдошумдун бир уулу, экөөбүздүн эки кызыбыз менен үч балабыз бар. Алардын баары үйлөнүп-жайланып турмуштан өз ордуларын табышкан.
- Жолдошуңуз сизге чейин үйлөнгөн бекен?
- Ооба. Бирок биз таанышканга чейин 4-5 жыл мурун эле ажырашып кетишкен экен. Жолдошумдун ал никесинен Мусаш деген уулу бар. Ал менин эле балам болуп калды, өзүм бактым, өзүм өстүрдүм, андан жеңе-жеңе дегенден башка бир да жолу катуу сөз уккан жокмун. Ал эми Кулубек экөөбүздүн эки кызыбыз бар. Улуусу Жаңыл. Ага бул ысымды белгилүү сөз чебери, кайненем Тенти Адышеванын "Жаңыл Мырза" деген поэмасына арнап ыйгарганбыз. Окууну Москвадан бүтүргөн, 5 тилде сүйлөгөндү билет, азыр Бишкекте жеке компаниялардын биринде иштеп жатат. Кийинкиси Айжан. Кыргыз-Орус-Славян университетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Кесиби - математик. Кыздарыбыз кийинем, ичинем, дискотекалайм дегендерден эмес. Бөкөнбаев деген фамилияга жоопкерчилик менен мамиле жасашат.
- Өзүңүз кайсы жерден, кандай үй-бүлөдөн чыккансыз?
- Манаптын тукумунан болгонубуз менен биздин көп балалуу үй-бүлө кыйынчылыктан алыс болдук деп айта албайм. 11 бир тууганбыз: 10 кыз, 1 эркек. Эң улуусу менмин. Каргадай чагымдан кара жумуштун казанында кайнап, ата-энемдин оң колу болдум. Сиңдилерим менен инимдин колдорунан жетелеп, артымдан ээрчитип жүрүп жолдоруна салууга жардам бергем. Эң негизгиси этибиз менен картошкабыз өзүбүздөн чыгып, ачарчылык дегенди көргөн жокпуз. Апам биз менен сыймыктанчу, анткени, мектепте бешөөбүз окусак, окуунун алдыңкыларынын сүрөттөрү илинген тактада бешөөбүздүн тең сүрөтүбүз бар болчу. Атам согушка катышкан, Берлинге чейин барган киши, контузия да алган. Апам Баатыр эне. Пенсияга чыгышкандан кийин көл кылаасынан бул жакка көчүп келишкен. Мүрзөлөрү да ушул жерде.
- Сизди мектепти күмүш медаль, университетти кызыл диплом менен бүткөн дешет…
- Ооба. Улуттук университетте окуп жүргөндө Лениндик, Маркстык стипендиант болгом. Анан бир күнү 300 рубль өлчөмүндөгү жайкы стипендияма айылдагы апама пальто сатып алып салып жибердим. Ошондо туугандар "ай, Ишенгүл окубай эле бир жерде иштейт экен, калп эле окуйм деп алдап коюптур. Болбосо биздин балдар "акча бер, акча бер" деп эле турушат, ал болсо апасына пальто жиберип атат" деп айтышыптыр.
- Аял кишинин орду үйдө дагы өзгөчө болот эмеспи. Кожойкелик, энелик жана жолдоштук милдеттерди мыкты аткарып келатам деп айта аласызбы?
- Эми билбейм. 22-декабрь күнү мен 60 жашка толдум. Ошондо балдарым дагы, кудаларым дагы, кайын-журтум дагы айтышты, "сен жакшы келинсиң" деп. Кыргызда "келин - кыз болбойт" деген сөз бар. Бирок сырттан "Ишенгүл Бөкөнбаевдерге кызындай эле иш жасады" деген кептерди уккам. Мындай бааны мен өзүмө берсем, туура эмес болуп калат. Ошон үчүн жолдошумдан өзүңөр сурагыла. Үйдүн босогосун аттаганда мен ректор же министр эмесмин, кыргыздын карапайым эле аялымын. Тамагымды өзүм жасап, полумду өзүм жууп, көйнөгүмдү өзүм үтүктөйм. Ар дайым таза байпак, таза көйнөк, таза бет аарчы колдоном. Бул балдарыма жакшы эле тарбия болдуго деп ойлойм. Мен азыр пенсияга чыктым. Үйгө жатып алып ырахаттанайын, саунага барайын, маникюр жасатайын, чачты боёюн десем болот эле да. Бирок мага бул турмуш одоно. Эң эле жек көргөнүм - ушак сүйлөө. Анткени, иши жок, бош убактысы көп адам ушак кылат.
- Аягында биздин окурман айымдарга айтар сөзүңүз...
- Менин өзгөчө кыздарга, келиндерге кайрылгым келет. Турмуш деген аба-ырайына окшош. Аны шоссе катары элестетпеш керек. Кээде өйдө болот, кээде төмөн болот, кээде ысык болот, кээде муздак болот. Чыдамкай болгула!

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА