Гүлжамал:
"Эркектин баары алдамчы болобу,
же мага эле ушундайлар туш келе береби?.."
Көчөдө бара жатып Жаш Гвардия бульварындагы отургучта ойлуу отурган кызды көрүп калдым. Өзү жаш болсо да ичинде кандайдыр бир муң жаткандай оор-оор үшкүрөт. Жанына барып, кепке тартууга аракет кылдым. Маектешим бир аз тартынганы менен ичиндеги бугун чыгарбай коё алган жок. Ичинде кыпындай кири жок жаш кыз сөзүн "мендей болуп эч бир кыздын жашоодон жаңылышын каалабайт элем" деп баштап, анан көпкө телмирип отурду да, башынан өткөргөн тагдырын баяндап берди.

"Сүйүү деп көзүмдү май басып калыптыр"
- Лейлекте 1988-жылы туулгам. Айылда ата-энемдин маңдайында, бир туугандарымдын арасында балалыгым бактылуу өттү. 2007-жылы мектепти аяктап, шаарга келдим. Бардык эле айылдык кыздар сыяктуу мага дагы шаар укмуш эле көрүндү. Келээрим менен Бишкек Гуманитардык университетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып коюп, эжемдин дүкөнүндө жардам берип иштеп жүрдүм. Аңгыча эле ата-энем белгисиз себептерден улам ажырашып кетишти. Биз бойго жетип калганда алардын ажырашканы мен үчүн абдан оор сокку болду. Апам шаарга биздин жаныбызга келди, атам эки сиңдим менен айылда калыптыр. Аларды ойлоп кантип сарсанаа болбойсуң?
Күндөрдүн биринде эле дүкөнгө кардар болуп кирген Чыңгыз аттуу бала менен таанышып калдым. Ал бала тез-тез келип, көңүлүмдү көтөрчү адамыма айланды. Өзүм да ата-энемди ойлоп жаман абалда жүргөм, андай учурда жан дүйнөң жакшы сөз уккусу келип калат экен. Ошентип Чыңгызга күн сайын жолугуп жүрүп эмне болуп сүйүп калганымды билбей калдым. Ал да менин айтканым менен болуп, асмандагы Айды да алып берүүгө даяр эле. Экөөбүз көптөгөн жакшы күндөрдү чогуу өткөрдүк, кыскасы, менин бактымда чек жок эле. Бир жолу экөөбүз уюлдук телефондорубузду алмашып көтөрүп жүргөнбүз. Телефонго чакырык келгенинен алсам, бир кыз Чыңгызды сурады. "Сен кимсиң, мен Чыңгыздын сүйлөшкөн кызы болом"-десем, "мен да сүйлөшкөн кызымын"-дейт. Көрсө, Чыңгыздын менден башка да сүйлөшкөн кызы бар экен. Ал кызга телефону менде экенин эскертпей калса керек. Чыңгызга таарынсам, мени сүйөөрүн айтып тез эле алдап койду. Мен ага ишенип кала бердим.

"Кыздарды бийик кылган нерсе - кыздык белги экен "
- Экөөбүз бири-бирибизге абдан камкор элек, мага бир нерсе керек болсо ал алып келе калып, ага мен алып бара калып дегендей. Ал иштеген жеринде жашачу эле. Бир жолу "ооруп жатам, дары алып келип берчи?"-дегенинен эртең менен эрте дары алып баргам. Бөлмөсүнө кирип экөөбүз сүйлөшүп олтурганбыз, бир убакта эле мага асыла баштады. Каршылык көрсөтсөм: "Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз го, баарыбир сага үйлөнөм"-деп жатты. Ошентип, Чыңгызга алданып калдым, ал максатына жетти. Мына ошол күндөн баштап кызыктар башталды. Кыздарды бийик кылган ушул нерсе турбайбы, көрсө. Чыңгыз мени ал нерседен ажыраткандан кийин чоң сүйлөп, болоор-болбос нерсе үчүн уруш чыгарып, кээде кол көтөрүп да жиберчү болду. Мурда Чыңгыз мени ээрчисе, андан кийин мен ал эмне десе макул болуп, анын артынан ээрчип калдым. Бассам-турсам аны ойлоп, ар бир баскан изин аңдычу болдум. Бирок ал мурда кыздар менен жашыруун жүрүп келген болсо, мени абийиримден ажыраткандан кийин ачык эле жүрө баштады. Сүйлөйүн десем сөзүм кыска. "Эми башка адамга кантип турмушка чыга алмак элем?" деп баарына көз жумуп, Чыңгызга эптеп эле тийип алсам деп жүрдүм. Эмне кылам, башка айлам жок эле.

"Нике кыйдырып жашап алдык, бирок жыргап кеткен жокмун"
- Экөөбүз жолуккан сайын кошулуп жүргөнбүз, кийин 2009-жылдын октябрь айларында мечитке барып нике кыйдырып, чогуу жашап алдык. Чогуу жашаганыбызды менин үй-бүлөм билчү, Чыңгыз болсо мени эже-агасы менен тааныштырган, бирок чогуу жашап жатканыбызды айткан жок. Күндөр өтүп жатты, тийсем эле бактылуу жашап кетчүдөй сезилчү, тилекке каршы, андай болгон жок. Сүйгөн адамым менен бирге жашап жатканым эле болбосо, бат-баттан урушчубуз, кызуу убагында эптеп шылтоо таап, мага кол көтөрүп да жүрдү. Бир жолу жездесинин көзүнчө да аябай урду. Ошондо кулагыма катуу сокку тийип, тарсылдагы жарылып калган экен. Кулагым абдан ооруп жатса да дарыга акча бербей койгон. Анысына деле карабай жашай бердим.

"Коркуп, жакшы жашап калабы деп 10 даана димедрол ичип алдым"
- Күндөр билинбей биринин артынан бири өтүп жатты. Чыңгызга күн сайын кыздар смс билдирүү жазышат. Телефону колума тийсе "чоң кыз, Чыңгыздын үй-бүлөсү бар" деп смс билдирүү жазып калганга үлгүрөм. Мен жазганды ал кыздар айтып койсо, "сен эмне аралашып жатасың?" деп урушат. Ал үчүн менин көңүлүмдөн ошол кыздардын көңүлү жогору эле. Такыр чыдымым кеткенде: "Жашагың келбесе ачык айт"-десем, "Жолуң бош, кете бер"-деп үч жолу талак берип салды. Апама барып барын айтып берсем, апам: "Үч жолу талак бергенден кийин жашаган болбойт, болду, барба"-дегенинен макул болуп отуруп калдым. Бирок Чыңгызды абдан сүйчүмүн, кайра-кайра эстеп, биротоло ажырашып кеткенибизди элестетип алып жаман болуп жаттым. Эки-үч күндөн кийин телефон чалып кечирим сурап чакырды. Араң турган жаным шарт эле жөнөдүм. Жолдо кетип баратып "канткенде коркуп, мени менен жакшы жашап калат?" деген ой келип, дарыканага кирип 10 даана димедрол алып ичип алдым. Барсам күтүп олтуруптур, "мен сенин колуңан өлөм,"-дедим. Байкасам, чындап эле эсим ооп баратат. Чыңгыз коркуп кетип: "Өлгүң келсе апаңдын үйүнөн өлбөйт белең"-деп такси чакырып, мени салып алып кайра үйгө алып барды. Бирок ал жакка жеткенде эсимди жоготуп коюптурмун...
Эсиме келсем, ооруканада жатам. Тез эле айыгып чыгып, жашообузду уланттык. Мен ага "талак түшкөндөн кийин кайра нике кыйдырыш керек"-десем болбой койду. Бир айдай тынчыраак жашадык, анан кайра эле уруш башталды. Менин сезимим менен эсептешпей кыздар менен жанымда жатып алып эле кадимки кыз-жигиттей сүйлөшө берет. Алардын сүйлөшкөнүн угуп ыйлап жата берчүмүн. Анан эмне кылам, колумдан башка эч нерсе келбей калган. Ал эмес, мен апамдын үйүнө кетсем курбу кызымды үйгө алып келип, экөө бир түндү чогуу өткөрүшүптүр. Абдан кыз жандуу эле да, кыздары ай сайын өзгөрүп турчу. Балалуу болсок мага көңүл буруп калат беле деп балалуу болгум келгенин айтсам, "азырынча балалуу болбой туралы" деп мен эмес, ал сактанчу.
7-декабрь туулган күнүм эле, апама барып, кечинде келсем куттуктап да койбой бир кыз менен сүйлөшүп олтурат. "Жок дегенде бүгүн кыздарың менен сүйлөшпөй турбайт белең?"-деп урушсам, "керек болсо азыр башкасы менен сүйлөшөм",-деп башкасы менен дагы бир сааттан ашык убакыт сүйлөшүп жатты. Ошолордун баарына чыдаш мен үчүн абдан эле оор болчу.

"Чыңгыз менен ажырашып, дары ичип боюмдан түшүрүп салдым"
- Чыңгызды канчалык сүйсөм да көңүлүм сууп баратты. Акыры жашай албасыма көзүм жетип, кийимдеримди жыйыштырсам кетирбейт, уктап калганда гана чыгып кетип калдым. Үйгө барып эжеме баарын айтып бердим: мурда урганын, кулагымдын ооруганын... Ал кезде атам менен апам жарашып, атам да шаарга келип чогуу жашап жатышкан. Эжем мен айткандарды атама айтып салыптыр. Атам жинденип: "Ооруканага барып кулагыңа справка алып кел, мен ал баланы түрмөдө чиритем!"-деп калды. Канткен күндө да Чыңгыздын түрмөгө түшүшүн каалабай, атамды алдоого туура келип: "Баары жакшы, дарылангам,"-деп кутулдум.
Чыңгыздын болсо же чындап жатканына, же артистенип жатканына түшүнчү эмесмин. Байке-эжелерине бардык чындыкты айтып, мени алып келгиле деп жөнөтүп жибериптир. Бирок көңүлүм абдан калыптыр, болбой койгом. Кайра өзү чалып: "Келчи, мен сенсиз жашай албайт экенмин"-дейт, "барбайм, барсам атам өлтүрүп коёт"-десем, "анда атаңа катын болуп жаша"-деген сөзү такыр эсимден кетпейт. Көп өтпөй эле айызым келбей калганынан УЗИге түшсөм, бир айлык боюмда бар экен. Канчалык ичимдеги түйүлдүктү аясам да, "атасынын сөзү жанагы болсо, баласы жыргатмак беле?"-деп дары ичип түшүрүп салдым.

"Эркектерден көңүлүм калды"
- Канткен менен тирүү адамга күндөр өтө берет экен, жумушка кирип алдым. Бирок Чыңгыз канчалык көңүлүмдү калтырса да эки жыл бирге жашаганга ага көнүп алыптырмын, бир топко чейин кыйналып жүрдүм. Көп өтпөй бир бала менен таанышып калып, ал көңүлүмдү көтөрөм деп жанымдан чыкпай жүрчү. Бирок пайдаланып алып жок болуп кетти. "Эркектер ушунчалык алдамчы болобу же мага эле алдамчылар туш келип калабы?" деп ойлой берем. Азыр бардык нерседен корком, келечекке жакшы үмүтүм деле жок, күнүмдүк турмушумду өткөрүп эле жашап келем. Учурда тигүү цехинде иштейм. Акыркы күндөрү өзүмө окшогон кыздарды көп жолуктурчу болдум. Аларды көрүп дагы да болсо "эркектер алдамчыбы же кыздар ишенчээкпи?" деген суроого жооп таба албай келем. Кыздарга айтаарым, мага окшоп эч качан балдарга алданбагыла, көшөгөгө кирип, ак жоолук салынмайынча кыздык абийириңерди таза сактагыла. Менин тагдырым кимдир-бирөөгө сабак болоор деген үмүттөмүн.

Динара Чокоева