Бүбүсайра апа:
"Балдарым жакшы чыккан үчүн токсондун чайын ичип олтурсам керек"
Турмушта тапкан беш уулдун кенжеси Аскар Салымбековду жарыкка алып келген Кыдыкова Бүбүсайра апа туурасында билгендерден угуп, берген маектерин окуп, сөз баккан даанышман эне экенине бир канча ирет ынангам. Токсонго таяп калган апанын акылынын зиректиги, мүнөзүнүн жөнөкөйлүгү, меймандостугу - эл айткан сансыз сапат-касиетине бул жолу баарлашууга барып өзүм күбө болдум. Оозунан "айланайын, кагылайыны" түшпөгөн апа босого аттаган мени эски таанышындай мээримин төгүп тосуп алып, амандык тилеп узатты...
- Апа, келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен. Жаңы жылды бул жерден тососузбу же айылданбы?
- Жаңы жыл келип калдыбы, кагылайын?.. Айылдан келгениме бир жыл болот. Бул жерден эле тосом го, балдарым, небере-чөбөрөлөрүм менен. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жыйырмага жакын неберем, отузга чукул чөбөрөм бар. Ар кимиси үйүнө алып кетишет. Ошондуктан кээде кимисиникинде отурганымды деле билбей калам. Азыр дагы кимдикинде отурганымды баамдабай турам. Балдарыма ыраазымын, кагылайындарым, дени сак болуп, аман жүрүшсүн. "Жыл жаңырганда 90 жашка чыгасыз. Белгилейбиз" деп калышат балдарым да, неберелерим да. Мен аны каалабайм деле. Себеби, 90 жашын өткөрө албаган замандаштарым бар. Аларга мактангансып калам да. Бирөөнү капаланткым келбейт. Теңдикти жакшы көрөм. Бала деген бала экен. Болбой эле буга чейин деле юбилейлерди белгилеп келишти. 60 жашымды Маамытбай өткөрүп берген. Эми 90 жашымды деле дүңгүрөтпөгүлө дейм го. Айылдагы досторумду, бу жерде кошуна турган Люсяны чакырып беришсе эле болду.
- Балдарыңыз жакшы чыгып, атыңызды ааламга таратышты. Аларга жакшы тарбия берген сизге ырахмат.
- Албетте, ар бир ата-эне балам жакшы өссүн деп болгон тарбияны берет. Бирок, баланын да дээринен болот. Өзүбүз окубай калдык деп балдарды окуса экен деген тилеген тилекке жеттик. Баары жакшы окуду, бизди уят кылган жок.
- Баарынан кичүүсү эрке болот эмеспи...
- Аскарым эрке болгон жок, эркелеткен жокмун. Болгону беш жашка чейин эмчек эмди. Беш жашында мектепке барды. "Эми эмсең уят, балдар шылдыңдайт" дегенде гана эмбей калган. Мектепке өзүм алып баргам. Мугалим баламдын көңүлүн кыйбай алганы менен тизмеге кошкон жок. "Каалаган убагында келе берсин" деп гана койду. Тырышып окуп, аракет кылып жүрүп алты жашында мектепке алынды. 55-жылы 5-февралда таңкы 5те төрөгөм. Ошондо азыр канчага келип калды? Балдарым мени кубалап эле келатышат окшойт.
- Бейбаш беле?
- Жок, андай болгон жок. Топко кызыкчу. Уйдун жүнүнөн тоголоктоп топ кылып алып, ошону тээп ойночу.
- "Аскар мык кага албайт" деген маегиңизди окудум эле. Кара жумушка жокпу?
- Кара жумушка жок деле эмес, кылат. Атасына салыштырмалуу айтсам керек. Атасы темир уста болчу. Аскарды байкелери кара жумушка жумшашкан жок. Жакшы окуганын байкап калышып, "оку" дей беришчү. Мектептин активдүү иштерине да көп катышты. Мектепти бүткөн соң университетке тапшырып, окууга өттү. Келинчекти да ошол жерден тапты. Гүлмира экөө студент кездеринде баш кошушту. Балдарымдын баары келинчекти өздөрү тапты.
- Сизчи? Балдарыңыздын атасы менен сүйлөшүп жүрүп турмуш курдуңуз беле?
- Кагылайын, биздин убакта ата-эне өздөрү эле берип коюшчу. "Бар" деген жерге барышчу. Мени эжем берип койгон. "Ушуга барсаң, кор болбойсуң. Сени жыргатат. Сен дагы шалаакы болбой, барган жериңди жыргатсаң" деген эле. Чалым экөөбүздүн алгачкы жолугушуубузда кемери эсимде калыптыр. Кыргыз кемселин курчанып алып келди эле мага... "Мунун дагы атасы жок, менин дагы атам жок, экөөбүздө кандай жашоо болот?" деп жаман болгом ичимден. Ошентип, 17 жашымда келин болуп бардым. Кайненемди көрүп калдым, жакшы киши болчу. Айланып, кагылып, жаны калган жок мага. Чалым да, мен да төрт бир тууган элек... Көпкө чейин балалуу боло албай жүрдүм. Ишенбайды багып алып, ал артынан төрт бала ээрчитип келди. Ишенбай сүрөттү жакшы тартчу...
- Аскар балаңыздын айылда калышын каалаган турбайсызбы. Эмнеге?
- Мал багып айылда эле калса деп ойлогом. Агалары болбой койду, "шаарга барсын, окусун" деп. Анын үстүнө ал убакта билимдүүнүн баары эле орустар болчу. Кошуналарыбыз да орус болчу. Ошолорду көрүп, "мен дагы билимдүү болом" дей берчү Аскар. Ошондогу Люся деген орус кошунам менен азыркыга чейин катташам. Ал азыр бу жерде да кошуна. Былтыр 8-мартта келип, экөөбүз аябай сүйлөштүк.
- Орусчаны жакшы билет турбайсызбы анда?
- Илимий тил менен эмес, жалпак тил менен сүйлөшө берем. Керели кечке бошмун да. Кыргызча, орусча гезиттерди окуйм. Телевизордон жаңылык көрөм. Ыр жазам. Бош отурганды жаман көрөм. Жөн отурбай бир нерселерди термелей берем. Өткөндө Маамытбайды "ишке барбай эмне отурасың?" десем, "бүгүн жекшемби, эс алчу күн" дейт. Жарыгыраакта келип калса, "эмне эрте келдиң?" дей берем. Аны жооптуу жумушта деп уккам, анан ага жоопкерчиликтүү болсун деп жатам да. Азыркыга чейин балдарымды кичинекей көрө берем. Бир нерсе кылаарда азыркыга чейин менден акыл сурашат. Мен эмне демек элем, "ичпе, жебе, жулба. Ар бир ишке калыс болгула" дейм да. Негизи байлыкка кызыгып, баарын үйгө жыйгандын кереги жок. Анын баары артында калат да.
- Мына жакында "Дордой" ассоциациясынын 20 жылдык мааракеси болду. Сиз ага кандай баа бердиңиз?
- Аны деле телевизордогу жаңылыктан уктум. Макталып жатышты. Эл баасын берсе эле болду. Эл ыраазы болсо, мен ыраазымын. Элден бата алган жакшы болот.
- Баланын мүнөзү чоңойгон сайын өзгөрөт го. Байлыкка карата мүнөз күтүп калса керек...
- Балдарым бай бекен, кагылайын? Байлыгын деле, акчасын деле билбейт экем. "Байсыңбы?" деп сурасам, "эл катары" деп коюшат. Неберелеримден деле "байбы?" деп сурасам, алар дагы "эл катары" деп күлүп калышат. "Бай болсоң, элден жардамыңды аяба" деп калам. Бала кезинде калыптанган мүнөздөрү жөнөкөйлүк эле, ошол сапаттары ошо бойдон калды деп ойлойм. Мага ошондой сезилет.
- Жөнөкөй болгону менен сыртынан сүрдүү көрүнүшөт го балдарыңыз. Аларга батына албаган тааныштар сиз аркылуу айттырабы бир нерсени, мисалы, "уулумду кызматка алсынчы", "буга акча жетпей жатат, акча берип турсунчу" деп...
- Аа, андайлар айылда жүргөндө көп болду. Досторум менен отуруп калганда, "Аскарга, Маамытбайга жолуга албай калып жатам. Тигиндей, мындай жумуштарыбыз бар эле" деп айтып калышчу. Унутуп калбайын деп кагазга жазып алчумун. Анан алар келгенде колдоруна карматып койчумун. Балдарыма өзүм дагы бир нерсени айтууну унутуп койсом, аны кагазга жазып коюп, келгенде айтчумун.
- Айылды сагындыңызбы? Кетем деген жоксузбу?
- Күн жылууда бат-бат эле барып турам. Айылда неберелер турат. Ал жакта илгерки там, короо-жай бар. Досторум бар. "Мени сурап келип жатат го" деп аларды сөз кылып калам небелериме.
- Тамакка табитиңиз, уйкуңуз кандай?
- Тамакты мүнөздөп ичип калдым. Ден соолугум жакшы эле. Бала күнүмдөн ооруга чалдыккан жокмун. Башым ооруй калчу. Уйкум жакшы. Жакшы эс алам. Бир аз сыркоолоп калсам, балдарымдын, неберелеримдин чый-пыйы чыгып кетет "апалап", кагылайындарым.
- Азыр Маамытбай балаңыздын колунда экенсиз. Аскар балаңыз келип турабы?
- Убактысы болгондо келип турат. Келбей калса, амандыгымды сурап телефон чалат.
- Сизди канча мамлекетке алып барышты?
- Өздөрү барган жердин баарына эле алып барабыз дешти. Мен болбой койгом. Кытайга, Москвага бардым. Эми бул мамлекеттердин өнүгүүсү укмуш да. Ошондой өндүрүш Кыргызстанда болсо деп тамшанып келдим. "Силер өлкөгө ушундай уюштура аласыңарбы?" деп балдарымдан сурап калам. Балдарымдын жакшылыгын сырттан угуп, кубанып калам. "Энеге өмүрдү кошуп берүү да баладан, аны кыскартып коюу да баладан" дегендей, балдарым жакшы чыккандыктан токсондун чайын ичип олтурсам керек. Дагы канча жаш берет, аны бир Кудай билет. Бизди жараткан Кудайды унутпаш керек. "Кудайга жаккандай иш кылгыла" деп балдарыма да көп айтам.
- "Жакырчылык менен эмес, жалкоолук менен күрөшүш керек" деген сөзүңүзгө аябай таасирлендим...
- Ар бир адам жалкоо болбосо эле жакырчылык болбойт да. Токчулук болот. Жалкоолукту жеңиш керек. Элиме тынчтык каалайм. Үстүндө үйү, астында казаны болсун. Башы эсен, боору бүтүн болсун. Жаңы келген ажобуз ак жолтойлуу болсун, элге кайрымдуу болсун.
- Айтканыңыз келсин апа. Дагы бир жолу келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен. Эмки жолу 90 жаш тоюңузду жазалы.

Назира СААЛИЕВА