Түнт бала:
ага кандай тарбия керек?
Эгер сиздин балаңыз түнт болсо, аз сүйлөсө, элдерден качып жалгыздыкты самаса - анда бул кадимки көрүнүш эмес! Бул - чоң маселе жана муну тезинен чечүү керек. Балада мындай мүнөздүн калыптанып калышы үй-бүлөдөгү мамилеге, андагы тарбиянын өзгөчөлүгүнө жана башка нерселерге байланыштуу. Түнт бала жашоодогу көптөгөн ийгиликтерден куру калат, андыктан, балаңыздын мындай мүнөзүнө эмитен чек коюңуз.


Оюн айтууга мажбурлаңыз
Балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүңүз. Анын оюна, көз карашына дайыма кызыгыңыз. Түнт бала адатта башкалардын оюна кошулуп кете берүүнү ылайык көрөт, сиз балаңызга буга жол бербей, өз оюн, пикирин айтууга мажбурлаңыз. Кандайдыр бир кырдаал тууралуу анын пикирин сөзсүз түрдө сураңыз жана анын оюнун маанилүү экенин баса белгилеңиз.


Майрамдарды уюштуруңуз
Көңүлдүү, шаңдуу оюндарды уюштуруп, балаңыздын жеңүүчү болушуна атайлап жол бериңиз. Бул ыкма менен балада өз күчүнө ишенүү сезими калыптанат.


Балаңызга көбүрөөк көңүл буруңуз
Баланы эркелеткенден аянбаңыз. Анын жаш курагы мааниге ээ эмес. 3 жашта болобу, 12 жашта болобу, бала өзүн керектүү жана сүйүктүү сезүүнү каалайт. Өөп, кучактап, сиз үчүн ал канчалык маанилүү экенин өзүнө билдирип туруңуз. Бирок ашыкча эмес.


Балаңызды басынтпаңыз
Буйрук бере сүйлөгөн адатыңызды таштаңыз. Бир нерсени түшүндүрүүгө мажбурлабаңыз. Ортодо ишенимдүүлүк болуу үчүн дайыма жумшак болуңуз.


Балаңызды мактаңыз
Балаңызды ар бир майда ийгиликтери үчүн мактай бериңиз. Сиздин мактооңузду угуп чоңойгон балада өзүнө-өзү баа берүү сезими жакшы калыптанат.


Конокторду чакырыңыз
Бала коомдук жашоого көнүүсү зарыл. Андыктан, ээрчитип келген баласы менен тил табышууну үйрөнүү үчүн үйүңүзгө конокторду көбүрөөк чакырыңыз.





Уктоо абалы аркылуу балаңыздын жан-дүйнөсүнө үңүлүңүз
Уйкудагы абал баланын өзүнө, адамдарга, айланасындагы болуп жаткан окуяларга болгон чыныгы мамилесин айтып турат. Уктоо учурунда дене тигил же бул абалды жөндөн-жөн тандабайт, бул жан-дүйнөдөгү абалдан көз каранды. Бала канчалык чоң болсо, уктоо абалынан анын ички дүйнөсү ошончолук ачык чагылат. Төмөнкү тест сизге балаңыздын жан-дүйнөсүндө кандай уйгу-туйгу болуп жатканын билүүгө жардам берет.
1. Балаңыз кантип уктайт?
А) Чалкасынан же капталынан. Капталынан жатканда колун жаагына коюп алат
Б) Түйүлүп
В) Көмкөрөсүнөн
Г) Билбейм

2. Башы:
А) Жаздыкта болот
Б) Жаздык менен жабылып калат
В) Жаздыктын жанында
Г) Жаздыктан таптакыр эле алыс болот

3. Колу:
А) Чыканагынан бир аз бүгүлүп, жаздыкта жатат
Б) Бир колу бүктөлгөн, бир колу жайылган калыбында болот
В) Жаздыктын астында калат
Г) Өзүн-өзү кучактап жатат

4. Колунун манжалары:
А) Ачык, бош болот
Б) Бир колунун манжалары ачык, экинчисиники жумулуу болот
В) Эки колу тең бекем түйүлгөн болот
Г) Колу менен бетин жаап алат

5. Буттары:
А) Эркин ташталган болот
Б) Бир буту бүгүлүп, экинчи буту эркин ташталган болот
В) Төшөктүн сыртында калат
Г) Тизесинен бүгүлүп, денесине тийип турат

6. Тулку-бою:
А) Төшөгүнүн ортосунда
Б) Диагоналынан жатат
В) Ар кандай: туурасынан, тигинен
Г) Төшөгүнүн эң чекесинде жатат

7. Балаңыздын жуурканы:
А) Баланын үстүндө жабылып турат
Б) Баланын астында калат же керебеттен такыр эле түшүп калат
В) Баланын денесине оролуп калат
Г) Башында же денесинин үстүңкү бөлүгүндө болот, а буту ачык жатат

8. Балаңыз түнү бир нерсе кармап жатабы?
А) Жок, уктаганда жумшак оюнчугу да колунан түшүп калат
Б) Ооба, колу менен керебетти кармап жатат
В) Жуурканын эки бутунун ортосуна кыпчып алат
Г) Өзүн-өзү кармап жатат

9. Балаңыз кандай калыбында эч качан уктабайт?
А) Тоголонуп
Б) Колу-бутун жайып чалкасынан
В) Колдорун жаагына коюп капталынан
Г) Көмкөрөсүнөн

Кайсы тамганы көп топтодуңуз?
А) Ишенимдүүлүк жана ички дүйнөнүн жайлуулугу. Сиздин балаңыз өзүн эң сонун сезет. Ал өзүнүн баалуулугун билет жана өзүн-өзү сыйлайт. Коркунуч деген нерсе анда жок.
Б) Коргонууга даярдануу. Сиздин балаңызда кандайдыр бир кыйынчылык бар. Ал кимдир бирөө менен келише албай жүрөт. Бирок мунусун жашырат. Кыскасы, сиздин балаңызда кандайдыр бир маселе жаралды, бирок анысын өз алдынча чече албай жатат.
В) Өзүнө ишенбейт. Сиздин балаңыз өз күчүнө ишенбейт. Ал күтүлбөстүктөрдөн коркот жана андан бардык күчү менен качууга аракет кылат. Жакындарынын арасынан кимдир-бирөөдөн колдоо, таяныч издейт, ошол эле убакта көз карандысыз болууну каалайт.
Г) Азыр сиздин балаңызда же өзү менен өзүнүн ортосунда, же сиз экөөңүздөрдүн ортоңуздарда карама-каршылык жүрүп жатат. Акыркы учурларда аны канааттандырбаган нерселер көп болууда. Бирок бала эмнегедир ошол нерселерге макул. Ага учурда ишенимдүүлүк сезими жетишпей турат. Ал эми аны берүү бир гана сиздин колуңузда.