Үлпөт көйнөгүңүздүн баасы канча?
Ар бир бой тарткан кыялкеч кыздын аруу ойлорунун арасында жашаган үлбүрөгөн дагы бир назик кыял - аппак үлпөт көйнөгү. Мындай кыялы иш жүзүнө ашкан белгилүү айымдарыбыздын айрымдары убактылуу алган көйнөктөн калган жакшы элести кубана эскерсе, кээлери канча убакыттан бери сакталып турган көйнөктөрү тууралуу сыймыктана кеп салып беришти.

Гүлшайыр Садыбакасова,
КРнын Эл артисти:
- Мен турмушка 1980-жылдары чыктым. Биздин убакта үлпөт көйнөк кийгендер чанда эле кездешчү. Үлпөт көйнөктөр "Бакыт үйүнөн" прокатка берилгендиктен, ошол жакка барсам болгону үч көйнөк бар экен, бирин 10 сомго алып кийгем. Азыр көйнөктүн түрү чыгып кыздар көңүлүнө жакканын кийип жатышпайбы, биздин убакта мындай кайда, болгонун кийчүбүз. Негизи, тазалыгы менен татынакай турмушка чыгып жаткан ар бир кыз ак үлпөт көйнөк кийип, өзүнчө бир шаан-шөкөт менен турмуш жолуна аттанууга акылуу.


Жанета Бобкова, ырчы:
- Биздин той болоордо Динара Акулова эжекебиз: "Үлпөт көйнөктү мен Ольга Стогова деген модельерден сүйлөшүп алып берем" деген. Ага экөөбүз барсак көйнөктөр аз калыптыр. Карасак эң жакшы көйнөк эле ушул экен, убактыбыз да тар болуп, 100 АКШ долларына прокатка алып кеткенбиз. Негизи, мен эки көйнөк кийгем, бирин ЗАГСка барганда, ал эми ушул көйнөктү тойго, концерт бергенбизде ошого да кийгем. Биз күзүндө үйлөнгөнбүз, той күнү сейилдөөдө жүрсөк жаан жаап, чач жасалгам бузулуп, көйнөгүм суу болуп калган. Кайра көйнөктү кургатып, чачымды жасап жүрүп той 2 саатка кеч башталган. Мен турмушка 2000-жылы чыккам, ал кезде 20 жашта гана болчумун, үлпөт көйнөк кийип турмушка чыккан абдан эле кызык көрүнгөн.


Гүлзат Байзакова, ырчы:
- Биз 1988-жылы студент кезибизде үйлөнгөнбүз. Өзүбүз 40 сом стипендия алчубуз. Мен болсо 5 айлык стипендиямды чогултуп, үлпөт көйнөктү Бишкекте жаңы ачылган "Кенч" аттуу үлпөт көйнөк саткан дүкөндөн 200 сомго сатып алгам. Анда да эч ким кие элек жапжаңы көйнөктү мен биринчи кийгем. Ошол жердеги сатуучу айым: "Сен бактылуу экенсиң, жаңы тигилген көйнөктү кийип жатасың" деп айтканы эсимде.

Асема, актриса, ырчы:
- Үйлөнүү тоюбуз 2008-жылы болгон. Үлпөт көйнөгүмдү "Люкс" салонунан прокатка алгам, ал көйнөк Италиядан жаңы эле келип, кийиле элек экен. Көргөндө эле абдан жагып калып сатып алайын десем, баасы 4 миң доллар экен, анан 1000 АКШ долларына прокатка алып кийгем. Ал көйнөктү тандап алганымдын себеби, биринчиден, эч ким кие элеги болду, жасалгасы да жалаң таштар менен жасалгаланыптыр. Көйнөктүн арты узун болчу да, анан тойдо жылсам эле көйнөгүм айрылып кете тургандай болуп бир аз ыңгайсыздык жараткан. Андан да таштар менен жасалгалангандыктан, абдан оор болчу. Той бүтөөрү менен эле үйгө келип жыгылдым. Көйнөгүм оор, ага кошумча бут кийимимдин такасы да бийик болгондуктан, абдан чарчаганым эсимден кетпейт.


Нурайым Азыкбаева,
кыл кыякчы:
Көйнөгүмдү "Симфония" аттуу үлпөт салонунан 700 долларга прокатка алгам. Ал эми фата, кол кап жана башка майда нерселерин сатып алдым. Көйнөк караганга убакыт болбой жүрүп, жакындаганда чуркап көп жактарды кыдырдым. Боюм бир аз кыскараак болгондуктан, көпчүлүк көйнөктөр узун болуп, боюма чак келе турган көйнөк таппай көпкө кыйналдым. Башында "русалочка" көйнөк кийгим келип жаткан, бирок акыркы учурларда оюмду өзгөртүп, кайра барпырак көйнөк алдым. Ал көйнөктүн материалы абдан жакты, андан сырткары, белинде жарыкка чагылышып турган кооз таштары бар экен. Мен 6 жашымдан бери ар кандай тойлорго барып өнөрүмдү көрсөтүп жүрүп, көп үйлөнүү тойлорду көргөм. Анан качан гана өзүмдүн тоюм болуп эл алдына чыкканымда, үлпөт көйнөк кийген кыздар кандай сезимде болоорун билдим. Эл алдында басып бара жатканда өзүңдү периште катары сезет экенсиң. Ал бактылуу сезимди сөз менен айтып жеткире албасам керек.


Динара ЧОКОЕВА




Атай Өмүрзаковдун апасы Бактыгүл эже:
"Атай мени
бактылуу
кылам деген убадасын
аткарды"
Словакиянын борбору Братиславада өткөн "Чехия-Словакияда таланттар бар" телесынагынын жыйынтыгы бизге дүйшөмбү күнү угулду. Анда мекендешибиз Атай Өмүрзаков жеңүүчү деп табылып, 100 миң евронун ээси болду. Бул кубанычтуу жаңылык Атайды жакындан билген-билбеген ар бир кыргызды толкундатып, сүйүнткөнүндө кеп жок. Ал эми апасычы? Баласынын ийгилигин укканда көөдөнү толкуп, кубанычтын көз жаштары көзүнөн тоголонгондур?.. Бактыгүл эжени уулунун ийгилиги менен куттуктап, кубанычын бөлүшүү үчүн ага телефон чалдык.
- Бактыгүл эже, балаңыздын жеңүүчү аталганын уккандагы абалыңызды туюп турабыз, ошентсе да өз оозуңуз менен айтсаңыз, кандай сезимдерге туш болдуңуз?
- Бул кубанычтуу жаңылыкты бизге эртең мененки саат алты жарымда Атай өзү телефон чалып айтты. Конкурс биздин убакыт боюнча түнкү саат 2де башталды да. Алгач укканда ишенип-ишенбей, анан сүйүндүм, толкундандым, ыйладым... Айтор, андагы сезимимди сөз менен жеткире албайм.
- Качандыр бир кезде уулуңуздун ушинтип кыргыздын атын дүйнөгө таанытаары жөнүндө кыялдандыңыз беле?
- Ар бир эле эне баласынын ийгиликтери тууралуу кыялданат эмеспи. Бирок мен Атайды бий жаатында мындай ийгилик жаратат деп күткөн эмесмин. Анткени, балам бийге 9-10-класстарынан баштап эле кызыга баштады. Ага чейин скульптура менен алектенчү. Орустардын "Минута славы" теледолбоору чыккандан баштап эле Атай алдына "мен ушул конкурска катышам" деген так максат койду да, ошол максатына жетүү үчүн жан үрөп аракет кыла баштады. Байкеси студент кезинде ушул сыяктуу стилде бир аз бийлеп, андан кийин таштап койгон эле. Бул агасынын ошол таштап койгон бийин улантайын дедиби, үйгө дисктерди алып келип, бөлмөдөн чыкпай тынбай өз алдынча машыгууга өттү. Азыркы ийгилиги - Атайдын жеке өзүнүн эмгеги. "Мен үйрөткөм" деп эч ким айта албайт. Атай алдына койгон бул максатын ишке ашыруу менен мага тээ кичинесинен берип келген убадасын аткарды.
- Кандай убада берди эле?
- Атай өзү деле айтып калат го, эки уулум кичинесинен атасыз калышып, үчөөбүз кыйынчылыктарды жакшы эле башыбыздан өткөрдүк. Атайдын кымындай кезинен бир сөзү бар: "апа, мен сизди бактылуу кылам" деген. Ал кезде кантип, эмне менен бактылуу кыларын өзү деле билбесе керек, бирок ушинтип айта берчү. Мына, айтканын аткарды. Мен чексиз бактылуумун!
- Алып келген акчасын эмне кылайын деп жатасыздар?
- Чынын айтсам, акча тууралуу деле ойлогонго үлгүрө элекмин. Атай өзү келсе анан кеңешебиз да. Баламдын өзүнүн максаттары бар, бий мектебин ачам деп жүргөн. Жогоруда айтпадымбы, ал максатын сөзсүз иш жүзүнө ашырат. Менимче, ошол мектебине жумшайт болуш керек.

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА