Чычырканак - миң ооруга даба
Чычырканак өзүнүн ажайып касиети менен тээ илгертен белгилүү. Анын пайдалуу касиетин ачуу байыркы гректерге таандык. Алар аттарынын бул бадалдын арасына кирип кетип, жалбырактарын жана мөмөсүн жегенин байкап калышат. Аны жеген аттардын ден соолугу чың болуп, жалдары менен терилери жалтырап калчу. Андыктан, чычырканакты гректер алгач ооруган жана алсыз аттарды дарылоо үчүн колдоно башташкан. Андан кийин гана бул жемиш аттарга жардам берип жатабы, демек, адамдарга да жардам берет деп чечишип, аны менен аскерлерди жана спортсмендерди да дарылай башташкан. Мына ошол чычырканактын андан бери улам бир дарылык касиети ачылып отуруп, заманбап медицинага келип жетти.

Чычырканактын пайдалуу касиеттери
- Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Аны такай жеп туруу - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң жакшы ыкмасы. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.
- Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.
- Бул жемиштин иммундук системаны бекемдөөдөгү ролу да абдан чоң.
- Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оң натыйжа берет.
- Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.
- Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.
- Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу жакшы жыйынтык берет.

Чычырканак майы менен дарылоо
Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.
Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.
Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл.
Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл.
Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.
Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.

Чычырканак майы косметологияда
Бул өсүмдүктүн майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат.
Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл.
Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт.
Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеш керек же бутагынын маңызына чачты жуу керек. Жуугандан кийин чачка майын сүртүү сунуш кылынат.
Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизет.
Cепкилди, тактарды кетирип, бетти агартат.
Күнгө күйгөн терини кайра тез калыбына келтирет.
Чычырканак майын үй шартында кантип жасоого болот?
1-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып, ачык жерге коюп коёсуз. Бир суткадан кийин ширенин эң үстүңкү катмарында май пайда болот. Аны чогултуп аласыз. 1 кг чычырканактан болжол менен 80 г май алынат.
2-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып аласыз. Кабыгы менен сөөгүнүн калдыгын майдалап, үстүнө 60°Сге чейин ысытылган өсүмдүк майын куясыз. Бир сутка тыныктырып, андан соң суюк бөлүгүн - майын тундуруп аласыз.

Чычырканакты кимдер пайдаланууга болбойт?
Ашказан алдындагы без, боор, өтү ооругандар;
Панкреатит менен ооругандар;
Аллергияга жакын адамдар;
Ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар.