Туулган күнгө карата гороскоп
16
Жакшы сүрөтчүлөр жана жазуучулар. Алар акылдуу, кыялкеч, сезимтал болушат. Саякаттаганды жакшы көрүшөт. Карама-каршы жыныстагыларды оңой тартып ала турган сапатка ээ. Бирок буга карабай бир адам менен көп убакытка бирге боло алышпайт. Ал эми достукка бекем, булардын достору көп. Бул числодо төрөлгөндөр өзүнүн көз карандысыздыгын баалаган, аны чектебеген адам менен бактылуу боло алышат.

17
Бул адамдар энергиялуу, чыгармачылык сапатка жана өзгөчө акылга ээ адамдар болушат. Айланасындагылар аны көп түшүнө беришпейт. Эгер түгөйү ага чек койсо же бир нерсе кылуусуна тоскоол болсо, аны менен байланышты биротоло үзүп салат. Жашоосунда бир эле нике менен чектелбейт, бирок биринчи никесине караганда кийинки никелери ийгиликтүү болот. Карьерада мүмкүнчүлүгүнүн көптүгүнө карабай ийгиликке чанда жетишет.


18
Бул адамдар күчтүү, таланттуу, артисттик жөндөмгө ээ адамдар болушат. Ошого карабай айланасындагылар буларды көп түшүнө беришпейт, бирок булар менен бардык адамдар жакын дос боло алышат. Эмне каалаганын сыртка чыгара беришпейт. Алар бир сүйсө чындап сүйүшөт.


19
Алар эч качан эч кимге баш ийишпейт. Өздөрүнө ишенген, атакка умтулган, өздөрүн бардык жерде биринчи эсептеген адамдар болушат. Колунда бар нерсеге эч качан ыраазы болушпайт, ар качан көптү каалашат. Башкалардын оюн мажбур кылып өзгөрткөндү жакшы көрүшөт. Жубайларын көбүнчө кулга айландырып алышат. Бир нерсеге жетүү үчүн кандай жол менен болбосун аракет кылат. Досторун да сатып жибериши мүмкүн.


20
Акылдуу жана чыгармачыл адамдар. Материалдык, физикалык жактан күчтүү болбогону менен жан-дүйнөсү өтө бай адамдар. Кыялданып булуттун үстүндө учуп жүргөндү жакшы көрүшөт. Жашоонун кыйынчылыктары менен күрөшкүсү келбей, алардан жашынып жүрүшөт. Эгер жашоодо чыныгы сүйүүсүн тапса, алардан чоң сүрөтчү же акын чыгат. Жумшак, кечиримдүү адамдар. Өз жашоолорун куруп кете алышпайт.


21
Ой жүгүртүүсү кенен, артисттик жөндөмдүүлүккө ээ, күчтүү, лидер адамдар. Жашоодо өз пландарын ишке ашырып, ийгиликке жетише алышат. Түгөйү ага жөлөк болууга тийиш. Мүнөзү кескин, душмандары да аз эмес. Алардын кыялкечтиги көпчүлүк учурда көңүл калууларга алып келет. Алар өзүндөгү ишенимдүүлүктү өөрчүтүүлөрү зарыл.


22
Айдын бул күнүндө төрөлгөндөр назик болушат. Алар көз карандысыздыкка, акылга жана жан-дүйнөнүн бийик сапаттарына ээ эмес. Жашоодо ийгиликке аз жетишет, көбүнчө көңүл калууларга туш келишет. Акча аларга тез келип, тез кетет. Каражат жаатындагы маселелерге көп кездешишет. Кызганчаак жана шекчил болушат. Ушул сапаттарынын айынан досторун жана сүйүүлөрүн жоготуп алышат. Жашоонун терс жактарын көргөнгө жөндөмдүү келишет. Жакшы мүмкүнчүлүктөрдү коё беришет, анткени, кыймылдап, аракет кылгылары келбейт.


23
Бардык нерсе өзүнүн каалоосу менен болушун каалашат, бирок ал үчүн алсыздарга гана күчүн чыгарып, орой жол менен аракет кылгандыктан, бул аракетинен эч нерсе чыкпайт. Куу болушат. Өзүнөн күчтүү адамдардын алдында басынып калышат. Эч кимге милдеттүү болгусу келбейт, баарынан бийик тургусу келет. Бирок бул үчүн жасаган аракетинин баары анын бийик амбициясынан. Өзүнүкүн бардык жерде туура деп эсептегендиктен, мындай адамдар менен жашоо татаал.


24
Буларда лидерлик сапат жок. Акылдуу, жумшак адамдар. Бирок булар бийиктикке чанда жетишет. Көпчүлүк учурда мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберишет. Тобокелчиликке барууну каалашпагандыктан, теңтуштарынан бардык жагынан артта калып кетишет. Бул үчүн өздөрүн эмес, тагдырды күнөөлөшөт. Адамдар менен жакшы келишпейт, бирок дос болгон адамы менен өмүр бою калат. Мурунку досу менен жакшы болбой калса да аны менен мамилесин үзүп, башка дос тапканга алардын күчү жетпейт.


25
Бул числодо төрөлгөн адамдарда жумшактык, өзгөрүлмөлүүлүк, ач көздүк сыяктуу сапаттар бар. Алар мыйзамсыз иштерге оңой эле барышат. Мындай адамдарда ишкер сапат эң мыкты өнүккөн, бирок оюнга жана алып-сатууга азгырылып кетишет. Ошентсе да ишкер, ийгиликтүү адамдарга магниттей тартылып турушат.


26
Меймандос, көңүл ачууларды сүйгөн адамдар. Алардын үйү дайыма конокторго толуп турат. Айланасындагыларга жардам бергенди, кайрымдуулук кылганды жактырышат. Ошого жараша материалдык жактан да эч качан өксүшпөйт.


27
Мындай адамдар оригиналдуу болушат. Чын дилден сүйлөшкөнгө акылдуу адамдарды издешет. Өздөрү да курч акылга, кенен ой жүгүртүүгө ээ. Саякаттаганды жакшы көрүшөт жана көптү билишет. Өздөрүнө моралдык жактан колдоо көрсөткөн, табышмактуу адамдарга тартылышат. Кадимки адамдар булар үчүн кызыксыз.


28
Өтө кызыктуу, акылдуу жана сезимтал адамдар. Ой жүгүртүүсү кенен. Мыкты искусство ишмери болушу мүмкүн. Сүйүүгө жана достукка берилүү менен мамиле кылышат. Эски достору сакталып, чөйрөсү улам жаңы пайда болгон достор менен кеңейип отурат. Бул адамдарга сабырдуулук керек.


29
Бул адамдарга пессимисттик жана жумшактык сапат таандык. Бирок башкалардан интеллектуалдык деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланышат. Өзгөчө уюштуруучулук жөндөмгө ээ. Мындай сапаттары алардын карьерасына оң таасирин тийгизет. Буларды жашоосунда ийгилик коштоп жүрөт.


30
Бул числодо төрөлгөндөр башкалардан өздөрүнүн күчтүүлүгү, чечкиндүүлүгү менен айырмаланышат. Алар башкалардын үстүнөн бийлик кылганды жакшы көрүшөт. Тартипти катуу сакташат жана башкалардан да ошону талап кылышат. Башкалардын ою менен эсептешпейт, тандап алган жолунан оңойчулук менен кайтпайт.


31
Максатка умтулган, активдүү мындай адамдар карызды сүйүшпөйт. Ийгиликке жетүүнү канчалык каалаганы менен ага күчтөрү жетпейт. Сүйүүгө сараң келишет, бирок бир сүйсө катуу жана өмүр бою сүйүшөт.