Мен өлгөндө эмне?..
Балдарымдын эле шору
Учурдун эң көйгөйлүү маселеси болгон насыяны "кан соргуч" деп айтсак жаңылышпаспыз. Себеби, мунун айынан канчалаган адамдар депрессия, инфарктка чалдыгып, атүгүл өмүр менен кош айтышкандар да бар. Өз үйүнөн куулуп, көчөдө калгандар миңдеп саналат. Алардын бири - Айнагүл эже. Бир эмес, алты үйүн, курбусунун особнягын, дүкөнүн, нан бышыруучу цехин, автоунаасын банкка тарттырып ийип, анын айынан нерв оорусуна чалдыгып калган эженин сөзүн укпай басып кете алган жокпуз.

Ийгилик менен
алдаган алгачкы азгырык
- Кыргызстанда туруктуу жумуш болбогондуктан, балам экөөбүз Орусияга барып иштеп, ишибиз жакшы жүрбөй койгонунан кайра бул жакка келе бергенбиз. 2007-жылдын октябрь айында "ЮниКредит Банктын" Караколдогу филиалынан эки жылга бир жарым миллион сом алып, өзүбүздүн Ысык-Көл районундагы Кажы-Сай айылынан жер жана чакан дүкөн сатып алдык. Дүкөндү иштетип, соодабыз жакшы болуп жатты. Карызыбызды убагынан кечиктирбей ай сайын төлөп берип отуруп, 2009-жылдын сентябрь айында биротоло кутулдук. Ошондон улам банк да бизге аябай ишенип калды.
Эки эркек балам бар. Анан эне болгондон кийин "эки келиним бир үйдө кантип жашайт?" деп ойлонот экенсиң. Тытынып чуркап иштеп жүрүп, балдарыма, неберелериме деп сатып алган жерибизге ак эмгегибиз менен үй салдык. Адам баласы болгон сайын болсо дей берет экенсиң, бир үй менен эле токтоп калбай, үйдүн аркасынан үй салдык. Булардан сырткары, нан бышыруучу цех ачып, аны да иштеттик. Иштерибиздин баары жакшы жүрүп жаткан...

4 миллион сомдук насыя
- Балдарым мектепти бүткөн жылдары жашообуз өп-чап болуп, экөөнү тең жогорку окуу жайдан окуткан эмесмин. Кичүү балам да "апа, деги окубай деле калдым, сиздерге күч келтирбей мен деле бир нерсе менен алек болоюн" дегенинен ойлонуп, чоң дүкөн ачалы деп чечтик. Анан ушул эле банктан 2010-жылы август айында өзүбүздүн алты жер там, бир автоунаа, нан бышыруучу цех, андан тышкары курбумдун Бишкектин Көк-Жар конушундагы бир особняк тамын күрөөгө коюп алгач 3 миллион, андан кийин курулушка жумшайбыз деп 500 миң сом баламдын наамына каттатып алганбыз. Буга кошумча кичүү уулума 500 миң сомго ипотекага үй алганбыз. Ар кайсы жактан албайлы деп аны деле ушул эле банктан алганбыз. Мурунку карызыбызды өз убагында төлөгөнгөбү, банк да бизге ишеним артып, дароо эле берди. Ошентип, жалпы карызыбыз 4 миллион сом болуп жатып калды. Ал акчага жалпы аянты 198 кв/м болгон "Народный" сыяктуу чоң, заманбап дүкөн салдык. Курулуштан калган акчага товар сатып алып ишибиз жакшы эле жүрүп жатты, банкка айына 120 миң сомдон убагында төлөп турдук.

Өлкөдөгү стабилдүүлүктүн жоктугунан кризиске
туш келдик
- Өткөн жылы болуп өткөн коогалаңдардан кийинки стабилдүүлүктүн жоктугу карапайым элдин жашоо-шартына чоң залалын тийгизди. Көлдүктөрдүн басымдуу бөлүгү туристтер менен жан сакташат. Биз да алардын катарына киребиз. Мындай баш-аламандыктан улам Ысык-Көлгө да меймандар келбей, туристтердин жоктугунан ишибиз жүрбөй токтоп калды. Соода жүрбөй калгандан кийин айлабызды таппай, банктагы карызыбызды жабыш үчүн ар кайсы чоң жана кичи банктардан насыянын үстүнө насыя, андан тышкары элден карыз алып баштадык. Азыр болсо алардын биринин да акчасын төлөгөнгө шартыбыз келбей калды. Андан тышкары РСК банктан да жаңы салынган дүкөндү күрөөгө коюп, 25 000 доллар насыя алганбыз. Анын да 10 миң долларын берип, 15 миң доллары төлөнбөй турат. Айлабыздын жоктугунан биринин топусун бирине кийгизип отуруп эми минтип... Биздин алган сумма аябай көп болгондуктан, пайызы да көп болуп, тууму укмуш өсүп жатат. Акыркы төрт айдан бери банкка акча төгө элекпиз. Ага чейинки негизги суммасы катары төлөгөн акчаларыбыздын баарын туумуна жана пайызына кармап калышты. Ошондо негизги суммасы былкылдабай эле жатат. Насыяны биз 2014-жылга чейин кутулабыз деп келишим түзгөнбүз, бирок биз төрт айдан бери төлөй албай жаткандыгыбыздан, банк бизден бардык сумманы пайызы менен талап кылып жатат. "Шартыбыз жок болуп жатат, келишим боюнча айтылган 2014-жылга чейин кутулабыз, бизге убакыт берип күтө тургула" деп болгон жагдайды түшүндүрсөк да күтпөй жатышат. Үйлөрдүн дарбазаларына "сатылат" деп жазып кетишти.

Сокурга айлантып, жүрөк оорулуу кылган насыя
- Чакан "Айжан" аттуу дүкөнүбүздөн бирин-экин соода кылып, ошону менен жан сактап жатканбыз. Аны да банк сатып жибериптир, бошотуп бербей койсок сатып алган кишилер талкалап кирип келишти. Аны алгандан бери 6 неберем, балдарым күндүн суугунда ачка отурушат. Жолдошум бар, бирок ал ден соолугуна байланыштуу эч нерсе кыла албайт. Булардын баарын көрүп туруп эне болгон соң бир жерде тура албайт экенсиң, темселеп Бишкекке келип барбаган жерим, какпаган эшигим калган жок. Жүрөк ооруга кабылдым, нервден бир көзүм көрбөй сокур да болуп калдым. Ооруканага барсам "тезинен жатып дарыланыңыз" деп жатышат. Кайсы арыма жатам?.. Банктар үйдү күрөөгө койгондо арзан баалашат эмеспи, биз 6 үйдү сатпасак дагы 3 үйдү сатып, кутулуп койчу шартыбыз бар, бирок банк үйлөрдү күрөөгө коюлган баасы менен сатылат деп кулактандыруу берип коюптур. Эгер күрөөнүн баасы менен сатсак, бардык үйдү саткан күндө да кутула албайбыз. Кулактандыруу боюнча кардар келип, сатып алам десе эле биз көчөгө куулганы турабыз.

Жардын кырына,
өлүмгө такаган акча
- Айланайындар, баарыбыз тең эле адамдан жаралган түшүнүктүү элбиз го, эмнеге ушундай жардын кырында, өлүмдүн астында турсам дагы кайдыгер карап түшүнбөй жатышат? Мен "төлөбөйм" деген жерим жок го, 2014-жылга чейин убакыт деле бар да, бул кандай түшүнбөстүк? Балдарым менен тытынып иштесек да төлөп берет элек го. Кайсы бири келип коркутуп жатканын билбейм, балдарым ар кимден кагуу, токмок жеп жатышат. Кыйналып кеттим, ушинтип жүрүп инфаркт болуп өлүп каламбы деп корком. Мен өлгөндө эмне? Балдарымдын эле шору да. Бизге документ иштери жагынан болобу, укук коргоо жагынан болобу жардам көрсөтчү боорукер адам деле чыгып калгысы бардыр. Анын үстүнө биздин колубузга орусча келишимди карматып эле "бул жерге кол кой, тигил жерге кол кой" деп жатса түшүнбөгөн карапайым эл алданып жатпайбызбы. Ушул бардык эле акча берүүчү булактарга айтып кетээр элем, элге алдап акча бергиче жакшылап сабак өтүп, түшүндүрүп туруп беришсе. Мен азыр карызымдын канча экенин эсептеп биле албай калдым, эсептегенге да үлгүртпөй өскөндөн-өсүп, туугандан-тууп баратат…

Кудайдын жазасыбы?
- Айлам кеткенде өзүмдү күнөөлөп, жемелей берчү болдум. "Балким Кудай мага ач көздүгүм үчүн ушул күндү көрсөтүп жазалап жатабы?" деп да коркуп кетем. Мен деле балдарым үчүн чуркап жүрөм да. Болбосо ушул жашка келгенде дүнүйөнү көрүмө алып кетмек белем? Биз көргөн күндү балдарым көрбөсүн деп жатып эле кайдагы насыя деген балекетке малынып алганымды билбейм. Жакшы эле кадыр-баркым бар эле, эми минтип эл караган бетим жер карап, карыздардан карыш баса албай калдым...Биздин акыбалды түшүнгөн бир боорукер жан болсо кайсы жагынан болсо да жардам көрсөтсө жакшы болот эле. Кыйналып уктабай калдым. Айланайын эл-журт, кайдыгер карабасаңыздар биз сиздердин жардамыңыздарды күтөбүз. Сиздердин көрсөткөн жардамыңыздар бир жерине болбосо бир жерине тыгын болуп кетет деген үзүлбөгөн үмүт менен кайрылып жатам. Байланыш телефонум: 0773 14 56 54




"ЮниКредит Банкынын" юристи Данияр Жакыпбаев:
"Акчалай төлөп бере алышпаса, үйлөрүн сатканга туура келет"
Биз Асанбаева Айнагүл апанын арыз-муңунан улам бул банктын юристине да кайрылып, жагдай тууралуу бир нече суроолорго жооп алдык.
- Сиздер элге насыяны кандай максатта бересиздер?
- Биз акчаны эл кыйналып жатканда узак мөөнөттөгү акча алып, акчаны иштетип жашоо-шартын оңдоп алсын деп элге жардам кылуу максатта беребиз. Эгер алар биринчи алганда убагынан кечиктирбей төлөшсө, экинчи жолку алганда сөзсүз жеңилдиктер берилет. Мисалы, анда узак мөөнөткө аз пайыз менен берилет.
- Насыя алгандар эгер кыйналып, төлөөгө шарты жок болуп калса кандай жардамдарды көрсөтөсүздөр?
- Эгер биз кыйналгандардын пайызын токтотуп, мөөнөтүн узартып берип жардам көрсөтөбүз десек, анда элдин баары тең "кыйналып жатабыз" деп келе беришет. Ошондуктан, андай маселе менен кайрылгандар менен атайын жолугушуу өткөрөбүз. Анын насыя алып иштетип жаткан ишин көрөбүз. Абалын жакшылап угуп, эгер чынында эле анда эч кандай абалдан чыгып кетүүчү жол жок экендигин көргөндө гана биз аларга жардам көрсөтөбүз.
- Бизге келген сиздердин кардардын 2014-жылга чейин убактысы бар экендигине карабай үйлөрүн сатууга кулактандыруу берип, акчаны талап кылып жатыптырсыздар, буга кандай түшүнсөк болот?
- Бизде келишимде мындай жазылган: эгер кардар берилген мөөнөткө чейин акчаны убагында төлөп турса, эрежени бузбаса, анда берилген график менен акчаны төлөп кутулат. А эгерде график боюнча убагында төлөбөй кечиктирсе, кечиктирген убакыттан баштап тезинен негизги сумманы пайызы менен берилген мөөнөткө карабай толук кутулушу керек. Сиздерге кайрылган биздин кардардын алган суммасы чоң жана ал 4 айдан бери кечиктирип төлөбөй жатат. Мындай учурда биз келишимдеги жазылган эрежени сактайбыз. Акчалай төлөп бере алышпаса, күрөөгө койгон үйлөрүн сатууга туура келет.
- Үйлөрдү күрөөдөгү баасына сатып жатышат деп нааразы болушууда, кардарлардын өзүнө сатканга мүмкүнчүлүк бербейсиздерби?
- Алар насыя алып жатканда биз баалаган суммага макул болуп кол коюп жатпайбы. Эгер биз баалаган суммага макул болушпаса, анда учурунда келишимге кол койбой коюш керек болчу. Келишимди өзгөртүүгө болбойт. Эгер каалашса, кардарлары болсо кымбат баада сата беришсин, сатып туруп деле бизге акчасын төлөп койсо болот.

Анара Токтосунова