Гүлжамила Шакирова, акын:
"Жолдошум менен ажырашканда
бели мертине түшкөн ырларым
кайра түзөлгөндөй болду"
Жолдор акпайт,
жолдо агылып басабыз,
Жаратылыш тескейт
кайда качабыз?
Тоолор калып, жер,
суу калып, күн калып,
Биз адамдар
агып бара жатабыз...
Чын эле биз, адамдар агып бара жатабыз. Турмуш, мезгил агымында ала салып агып баратып жаныбызда канча мыкты адамдар, орошон таланттар, кайталангыс чыгармалар жаралып жатканын байкабай агымга көмүлөбүз, атаганат. Мен буга Гүлжамила Шакированын ырларын угуп, өзү менен маектешип отуруп ынандым, көөдөндө сый калды. Ошондон уламбы, мезгилдин күчтүү агымына жөн гана баш ийип акпастан, артына из калтырып агып бараткан таланттуу акын, күчтүү аял, кайраттуу замандашым тууралуу жазып, сиз менен бөлүшкүм келди, окурманым...
- Сиз акын болуп төрөлдүңүзбү же калыптандыңызбы?
- Акын болуп калыптануу мүмкүн эмес, акын болуп төрөлөт. Ал эми акын болуп калыптанган адамдан акын эмес, мыкты жамакчы чыгышы мүмкүн. Мен акын болуп төрөлгөмүнбү, же калыптанганмынбы кеп акырында бирге жыйынтыкка келеличи. Андыктан, кепти тээ бала кезден баштагым келет. Мен чоң эне, чоң атамдын колунда бой жеттим. Алар малчы болгондуктан, кышында элден окчун сарайларда кыштап, жайында тээ алыскы эл жок жайлоолорго чыгып кетишээр эле. Ошондо менин курбуларым - козу-улак, музоолор, эрмегим - чийден жасап алган куурчактарым болоор эле. Аларга өзүм көйнөк тигип, анан аны саймалап кийгизип коёр элем. Чоң энем абдан уз киши эле, жарыктык. Ошол адамдан сайма сайганды, курак курап кийим тиккенди үйрөндүм. Бул өнөр кийин турмуштун ар кандай жагдайында кереги тийди. Ошо бала кезде эле сайма сайып, куурчактар менен сүйлөшүп, ой бөлүшүү мага абдан жакчу. Кыскасы, менин өзүмө гана тиешелүү ааламым бар болчу. Ошондой өзүм менен өзүм сүйлөшүп кыялдануу, тээ көк тиреп, койнунда булут түнөгөн тоолордун бийиктигин өзүмө багындырып, эч ким билбеген шаар куруп алган ошондогу ажайып аалам, көрсө, ыр ааламы экен. Менин бала дүйнөм акындык өнөр эмне экенин биле элек кезде өзүнөн өзү ыр саптар келип, куюлушкан сөздөр тынчымды алчу болду. Чоң атам да санжырачы киши эле, мүмкүн ошонун таасири беле, ким билет. Андан да мага абдан таасир эткен бир жагдай мен эрте тамга таанып, атама Манас, Семетей, Кедейкан, Курманбек эпос-дастандарын окуп берчүмүн. Ошол эпостор да менин ааламымды байытып, сөз көрөңгөмдү байытты.
- Биринчи ырыңыз эсиңиздеби?
- Бала кезде каникул бүтүп, тоодон кыштоого келгенде мектепти абдан сагынып келчүбүз. Окуу башталганга чейин эле мектепке барып, терезелеринен шыкаалап карап сыр жыттанган класстарга тезирээк киргенге ашыкчубуз да. Эсимде, жетинчи класста да ошентип мектептин жанынан өтүп баратып мага демейде шаңга толгон мектеп томсоруп, ал да бизди сагынып куса болуп тургандай аянычтуу сезим толкутуп:
Мектебимди сагындым го далайдан,
Терезелер сүйкүм көздөй алайган,-деген ыр саптары куюлуп келди. Ошол саптарды улап, пионерлер гезитине жиберип койдум. "Ак-Талаа районундагы Жданов атындагы орто мектебинин 7-"Б" классынын окуучусу Гүлжамила Шакирова" деп астына менин фамилиям коюлган эки куплет ыр чыккан гезиттин барактары дагы эле күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Балдар баары "сен жаздыңбы, ээ?" деп сыймыктана сурашканын айтпа. Анда мен эле эмес, бүтүндөй айыл, мектеп кубанган. Кийин мектептин дубал гезитинен менин ырларым түшпөй калды.
- Биринчи жолу жазылган арзуу ыры кимге арналган эле?
- Университетте окуп жүргөндө бир арзуу келди, бирок мен ал сезимден бактылуу болгон жокмун. Ал адам менин арзуумду кадырлай албады. Тагдыр ушундай беле, мен сүйүүмө жеткен жокмун. Биринчи эле сүйүүдөн көңүл калып, жүрөгүм жараланды. Мен сүйлөшүп, ишенип жүргөн адамым эне-атасынын чечиминен чыга албай башка жанга үйлөнүп кетти.
- Сиз бактыңыз үчүн күрөшкөн жоксузбу?
- Эки тараптан умтулуу, күрөшүү болбогондон кийин, мен аракеттенүүнү, кыз башым менен күрөшүүнү намыс көрдүм. Мен сүйгөн адам да мени мендей сүйүш керек болчу, андай болбогондон кийин, ырас менин арзуумду баалабагандан кийин мен дароо эле баш тарттым, кийин бул кадамыма өкүнгөн да жокмун.
- Ал адам тарабынан өкүнүч болдубу?
- Болду, бирок кеч эле. Бир жолу келип "мен жаңылыпмын" деп кейиди, кейигенде эмне. Мен бычмачылык өнөрдү аркалаган үчүнбү, "жети өлчөп бир кес" деген сөздү турмушумда да пир тутам. Убагында жети өлчөп бир кескен жокпу, бүттү. Кесилген нерсе бүтөлбөйт. "Бактым үчүн күрөшүп жатам" деп артынан чуркап, ар кандай айла-амал колдонуп жеткен бакыттын аябай жарыгын чачып жаркырап тураарына деле көзүм жетпейт, андан да менин ордум андай пастыктан жогору турат. Бакыт келе турган болсо эки тараптан болгон аракет менен, айныгыс көңүл менен коштолгону жакшы. Бири кичине кыйшаңдаса эле экинчисин толуктай албай, андай бакыт жарты болуп калат.
- Мындай өжөрлүгүңүздүн жашоодо терс таасири тийген учур болдубу?
- Өжөрлүгүмдүн таасири жеке сүйүүдө эле эмес, жумушта да көп тийди. Мен бир нерсенин жалган экенин көрүп турсам көз жумуп унчукпай коё албаймын. Кээде көпчүлүктүн "айтпай эле кой" деген сөзүнө кирип айтпай койсом кадимкидей бир жума ооруп калам. Мен көрүп турган эки жүздүүлүктү, калпты, жамандыкты, бут тосууну айтпай койсом, "Кудайдын жолуна каршы чыктым, ал мени айтсын деп көзүмө көрсөтүп, сезимиме салып жатса неге айтпай койдум?" деп түпөйүл боло берем. Ошондуктан, көбүнчө бетке айтып салып азабын тартам да, бирок өзүмдү жеңил сезип жыргап калам. Менин мындай сапатымды адамдар мени алдыга салып коюп колдонгон учур деле болду. Ошентсе да айтылышы зарыл болгон, айтылбаса атасы өлө турган сөз болот, анан кээде жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн эле айтылып, жарыгы жалпыга тийбей турган майда сөз болот. Мен айтылбай калса атасы өлчү сөздү гана айтам.
- Акындан мурун аял катары бактылуусузбу?
- Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт. Бирөөнө байлык, жасалга, кымбат баа кийим, үй-жай бакыт катары эсептелсе, бирөөнө кызмат орун, мансап, бирөөнө күйөө гана бакыт катары саналат экен. Мен турмушум ойдогудай болбой ыр түшүнбөгөн адам менен ыр үчүн ажырашып, чиедей уулумду жалгыз тарбияласам да бактысызмын деген ой негедир кыялыма келген жок. Ырды мага Кудай белек кылып берсе эл сөз кылат экен деп ырымды курмандыкка чалгым келген жок. Качан жолдошум менен ажырашканда бели мертине түшкөн ырларым кайра түзөлгөндөй дүйнөм жеңилдеди, ырдын шамынан жан-дүйнөм улам жаркый берди. Батирден батирге көчүп, "баласы бар экен" деп баланы жериген, өз туулган жерибизде бизди фашисттей караган орустун кемпирлеринин көзүн карап кыйналган кезде мага ыр гана жөлөк болду. Артымдан айтылган ушактардын уусунан, ата-энемдин "неге ажыраштың, ыр үчүн кантип ажырашсын?" деген нааразылыгынан, жокчулуктун азабынан капылет келе калып дилиме нөшөр болуп куюлган ыр гана куткарып кетти.
- Кайра бактыңызды сынап көргүңүз келген жокпу?
- Ушул күнгө алып келген өмүр жолдо урушуп-талашып жашап жаткан ынтымаксыз үй-бүлөнү, кордолуп токмок жеген, күйөөсүнүн алдында басынып жалтайлап турган кээ бир аялзатын көрүп туруп "жаман эрге тийгенче жайдагым жакшы" деп жүрүп убакыт өттү. Күйөөсүн болоор-болбос жерден кызганып өзүн басынткан аялдарды көрүп боор ооруп, аяп кеткен учурлар болот. Эгер аял өзүн башка аялдан кем сезбесе, күйөөсүнүн өзүнөн башканы сүйбөсүнө ишенсе, анда андай аял күйөөсүн түйтөңдөп кызганбайт. Мен ушундай жагдайлар болгон кезде, "атаңдын көрү, аялзаты ушинтип өзүн басынтпаса" деп кетем. Андайда ансайын башты бийик көтөрүп, башым бош болсо да мындай аялдан бакыт талашкан пастыктан бийик тураарымды, алардан сулуу экенимди, акылдуу экенимди, анын күйөөсүндөйдүн миңине алмашпаган ыр дүйнөм бар экенин туюп сыймыктанам. Ансайын алардын шаңкылдаган үнүм, тоо суусундай сергиткен ырым менен көзүнө көрүнүп алганды жакшы көрөм.
- Азыр эстесеңиз да ууртуңузга жылмаюу сүрткөн окуяларды айтып берсеңиз?
- Биз жаш кезде гезиттен жумуш табуу абдан кыйын болчу. Ошондо чоң энемдин уздугунун жардамы тийди. "Кыял" өндүрүштүк бирикмесинде калпактарды саймалап, саймачылык, уз кол өнөрчүлүк менен алектендим. Муну эскерген себебим, бир жолу маанайым жок жумуштан кийин калпак саймалап жатсам уулум сүрөт тартып отурган. Бир кезде акырын сүрөттү карасам мен тим эле ачууланып турам, сайма сайчу жибек жип, "корком, корком" деп качып баратат. Сүрөттөгү ачуулуу өзүмдү көрүп бир чети уялып, бир чети күлкүм келип кетти. Азыр ачуулансам да ошол сүрөттү эстеп кетем.
- Жетпеген тилектериңиз барбы?
- Адам баласы тилекке тойбойт. Керек болсо күндө бир тилегибизге жетип кубансак, бир тилегибизге жетпей кейийбиз. Болгону ал тилектердин эч качан орундалбай турганы, анан кеч болсо да орундатса боло турганы болот тура. Мисалы, мен качандыр бир кезде жакшы ыр жазам деп тилеп бирок орундата албасам, аны азыр орундатсам болот. Ал эми, жетпеген тилек, мен бала кезде ырчы болсом деп да кыялданчумун. Азыр "мүмкүн акындык менен ырчылыкты чогуу алып кетсем да болот беле?" деп өкүнүп калам. Комузда ойногонду, таңшып ырдаганды абдан жакшы көрөм. Дагы бир кейигеним азыр Рух дүйнөсүнүн көтөрүлө албай, адамдардын сөздүн кадырын баалабай калганы болуп жатат.
Жүрөктөн чыккан обон, жүрөктөн чыккан поэзия адамды дарылайт. Ошон үчүн илгери "сөз - эр өлтүрөт" деп айтышкан. Азыркы кээ бир ырларды уксаң дилиң жылымак түгүл чыйрыгып үшүйсүң. Жаман обон, жеңил сөз адам дүйнөсүн өлтүрөт, жарды кылат. Сөз баккан адамга мындан оор нерсе жок. Сөздү кордогондорду кадимкидей жазаласа аздык кылат. Дагы айтаарым, чыныгы аялдын образы биздин энелерибизде болуптур. Биз болсо ал дараметти баалай албай европаны туурайбыз деп жатып көп асылдыктарыбызды жоготуп алыптырбыз. Ошондой туурамчылыктын кесепетинен туманда калгандай темтеңдеп, же кыргыз эмес, же башка улут эмес апкаарып калдык. Мындан өткөн трагедия жок. Европа биздин өзөктү кыркып жатат. Илгери бекеринен тегин, өзөгүн сураган эмес. Тилегим эле өзөгүбүз соолубаса.

Айжаркын Эргешова