Орусияда

Кызганычтан өмүр кыйылды
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында пельмен бышыруучу цехте иштеп жүргөн кыргыз жараны өлтүрүлдү. Милиция кызматкерлери көп узабай эле кылмыштын бетин ачышты. Кылмышкер Кыргызстандын, айрым маалымат булактарында Өзбекстан жараны экени айтылууда. Ал суракта 39 жаштагы аялды кызганычтан өлтүргөндүгүн мойнуна алды. Катуу темир менен башына катуу уруп өлтүргөн. Белгилей кетсек, өлгөн аял Орусиянын премьери Владимир Путин каттоодо турган үйдүн жанында жашап келген.

  Ишке киришер алдында

Кудай алдында ант берет
ЖК депутаттары Алмазбек Атамбаевдин 1-декабрда инаугурациядагы антынын текстин бекитишти. Буга чейин Президенттер Конституцияга ант берип келишкен болсо, эми анттын жаңы текстине ылайык, Алмазбек Атамбаев Кудай алдында ант берем деп айтат. Депутат Мыктыбек Абдылдаевдин "качып кетпейм" деген сөздү киргизели деген сунушу колдоо таппай калды. Атамбаев 1-декабрда Улуттук филарманияда салтанаттуу түрдө ант берип, президенттик кызматка киришет.

  Эсеп - чот

Транзиттик борбордон киреше
Тагдыры талашка түшүп жаткан "Манас" аэропортундагы америкалыктардын транзиттик жүк ташуучу борбору 2011-жылы Кыргызстандын бюджетине 150 млн.дон ашык доллар киреше түшүрүштү. Муну транзиттик борбордон билдиришти. Бул сумманын 60 млн. доллары кыргыз өкмөтүнө берилсе, 30 миллиону "Кыргызаэронавигация" ишканасынын инфраструктурасын оңдоого берилген. Имаратты, жолдорду ремонттоп, оңдоого 5 млн. доллар жумшалган. Жергиликтүү калкка гуманитардык жардам катары көрсөткөн жардамы 823 миң 634 долларды түзгөн.

  Сөздөн жаңылган турбайт дейт

Мадумаров жоопкерчиликке тартылабы?
Былтыркы апрель окуясында жабыркагандар тарабынан түзүлгөн "Мекен шейиттери" коомдук бирикмеси Адахан Мадумаровду сотко бергени жатышат. Муну бирикменин жетекчиси Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, шайлоо учурунда Мадумаров Кара-Балтада шайлоочулар менен жолугушууда былтыркы 7-апрель окуясында каза болгондордун дарегине ар намыска шек келтирген катуу сөздөрдү айткан. Тагыраагы, "жырткычтар" деп атаган. Анын видеотасмасы да бар экенин кошумчалады. Ошондуктан мындай сөздөрү үчүн Адахан Мадумаров жооп бериши керек дейт.

  МАИде реформа

Ала таякчандар жоголот
Жакынкы күндөрү Жол коопсуздук башкармалыгы толугу менен жоюлат. Муну өкмөттүн вице-премьери Шамиль Атаханов билдирди. Анткени, бул башкармалык эң коррупцияланышкан деп табылган. Анын ордуна автоунаадагы жол патрул системасы түзүлөрүн айтты. Бул системада жогорку билимдүүлөр гана иштеп, атайын автоунаага отурарда ИИМдин академиясынан эки ай окутулат. Мындан сырткары жарандардын жазган арыздарын каттоочу электрондук систама түзүлөт. Бул ИИМ бөлүмдөрүнө кайрылгандардын бардыгынын арыздарын кабыл алып, каттоого мүмкүндүк берет. Алгач бул иштер сырткы донорлор бергени жаткан 10 млн. доллар акча менен башталып, акырындап мамлекеттик бюджет эсебинен каржылана баштайт.

  Бейиши болгур...

Дагы бир зыяратчы көз жумду
Меккеге кеткен зыяратчылардын дагы бири каза болду. Буга чейин Кыргызстандан барган 3 адам көз жумган эле. Кыргызстандын 62 жаштагы тургуну Зухридин Мойдунов 18-ноябрь күнү жүрөгү токтоп, каза болгон. Туугандарынын макулдугу менен маркумдун сөөгү Меккеде жерге берилди. Буга чейинки көз жумган кыргызстандыктардын баары жаштары улгайган, оорулуу жарандар эле.

  Кылмыш дүйнө

Эралиев эмес, Аскарбеков
"Тумар" радиосунун үн режиссерунун өлүмүнө күнөөлүү деп издөөгө алынган Максат Эралиев фамилиясын өзгөртүп, учурда Максат Аскарбеков делип жүргөндүгүн Бишкек шаардык прокуратурасынан билдирди. Издетип таптырбай жүргөндүгү үчүн эми Максат Аскарбековго карата Башкы прокуратуранын токтому чыгып, ага ылайык, ал хулигандык менен адам өлтүргөн деп айыпталууда.

  Качып кайда барасың?..

Жашынган жеринен кармалды
18-ноябрь күнү уюшкан кылмыштуу топтун 31 жаштагы мүчөсү К.У. колго түшүрүлдү. Ал Түп райондук ИИБи тарабынан талап тоноочулугу үчүн издөө жарыяланып, изин таптырбай жүргөн. Буга чейин киши өлтүрүү, талап-тоноочулук кылмыштары үчүн 4 жолу соттолгон. Ал 17-ноябрь күнү ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгынын опер кызматкери документин сураганда аны 2-3 ирет бычак менен сайгылап, БМВ-530 автоунаасы менен качып кетет. Бүтүндөй Бишкектин оперлери менен биргеликте атайын колго түшүрүү операциясы жүргүзүлүп, аны 8-кичирайондогу батирлердин биринде жашынып жаткан жеринен күчтөп колго түшүрүшкөн. Учурда киши өлтүрүүгө аракет жасагандыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

  Жалган дүйнө

Акмат Бакиев эркиндикке чыгат
Экс-президенттин иниси Акмат Бакиев жакынкы күндөрү эркиндикке чыгаарын анын адвокаты Равшан Максудов билдирди. Учурда Акмат Бакиев №47 колонияда кармалып турат. Мөөнөтү аяктагандыгына, ден-соолугуна байланыштуу бошотулаарын маалымдады. Жалал-Абад шаардык соту Акмат Бакиевди 7 жылга эркинен ажыраткан. Чүй областтык соту мунапыска байланыштуу мөөнөтүн азайткан.Ал МУККнын СИЗОсунда 1 жылдан ашык убактыттан бери жатат. Ал жакта 1 күн 2 күн катары эсептелгендиктен, анын мөөнөтү бүтүп калды дейт адвокаты.

  Кошунада

Россия Тажикстандан өч алып атабы?
Эгерде буга чейин Кремль Россиядагы тажик мигранттарын мыйзамдуулукту сактабай жаткандыктары үчүн Россиядан массалык түрдө депортациялап келген болсо, эми Россия бийлиги Тажикстанга карата башка экономикалык санкция менен чыкты. Тажикстан Россияга продукцияларды экспорттоодо эл аралык санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн убактылуу экспортко тыюу салып койду. Россия бийлиги Тажикстан бийлигине талаптарды бузган тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартуу өтүнүчү менен кат жолдоду. Талдоочулар Россиянын Тажикстанга карата мындай мамилесин Тажикстан жерине аргасыз конгон орус учкучунун Тажикстан соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылгандыгына байланыштырууда.