Динара:
"Шапкечендердин айтуусу менен ойноп берген ролум үчүн темир тор артында калдым"
Түрмө. Болгондо да аялдардын түрмөсү.Бул жерде күн санап жашап жаткан аялдар башка аялдарга окшоп баласын сабактан, күйөөсүн жумуштан ысык тамагы менен тосуп, жакындарынын ортосунда жаңылык угуп бейкапар олтура албайт. Түрмөдөгү аялдар "Бүгүн мага бирөө-жарым келип калаар бекен? Жакын-арада мунапыс жарыяланар бекен?" деген санаалуу ойлор менен сыртка кулак түрүп жашашат. Бирок аты жаман бул жайга аялдардын баары эле кылмыш кылып туш болбойт. Арасында Динара өңдүү ак жеринен айыптуулар да арбын.

Кадимки эле түн экен десем, каргашалуу түн экен
- Башыма мындай оор күндү туш кылган окуя мындан бир жыл мурун болуп өткөн. Ал эми бул каргашалуу окуянын алдында мен тиричиликтин камын көрүп Россиядан келип, Кызыл-Кыядан батирге квартира алып, анын бир бөлмөсүн чакан дүкөн кылып иштетип жаткан элем. Бардыгы үчүн 5000 сом төлөчүмүн. Аз убакыт эки бөлмөдө жалгыз жашап, кийин акчаны төлөөгө жеңилдик болсун деп жаныма бир кыз алып алдым. Ал жакшы эле кыз болчу. Аты Самара. Самара бир күнү үйгө арык, бою узун, үлбүрөгөн бир кызды ээрчитип келип "курбум" деп тааныштырып, 2-3 күнгө бул жерде боло тургандыгын айтты. Мен аны оор деле көрбөй макул болуп, өз ишим менен алек болуп жүрө бердим. Ал күнү Жыпаргүл менен Самара менин дүкөнүмдөн арак алып ичишти. Эртеси эмне болду билбейм, экөөнө мен да кошулуп калдым да, үчөөбүз менин дүкөнүмдөн эмес, кошуна дүкөнгө барып сыра ичтик. Ал жерде олтурганыбызда "Тико" машинасы менен Нурбек деген бала келип калды. Жыпарүл Нурбекке кечээ аны карызынан куткарып, жеткиргени үчүн ыраазычылык билдирди, машинасында калып калган блокнотун жана 300 сом алып келип мендеги карызынан кутулду. Ошентип, Нурбек Жыпаргүлдү жеткирмек болуп машинасына салып кетти. Биз Самара экөөбүз үйгө келип, дүкөнүмдү кайрадан ачпай эле жатып алгам. Негизи, менин соодам түндө болчу. Ошондуктан, түнү соода кылып, эртең менен кеч турчумун.

"Тырмагымдын астына ийне саймак болушканда макул болуп жибердим"
- Бирок ал күнү мен адаттагыдай жай турган жокмун. Таң атпай кимдир-бирөөлөр келип эшикти катуу каккылап, мен туруп ачкычакты тепкилеп да жиберишти. Ачсам эки милиционер кирип келди да, мени өзүлөрү менен бөлүмгө барууга буюрду. Мен жеңил пижамачан элем. Эч нерсе оюмда жок эле жок дегенде халат кийип алууну сурандым. Аңгыча эшиктен он чакты милиционер кирип келип мени курчоого алып калышты. Бул аймактын милиция бөлүмү мен жашаган жайга абдан чукул болгондуктан, ал жерде иштегендердин баары мага тааныш эле. Учурашып, сүйлөшүп, айрым тамашакөйлөрү менен тамашалашып деле жүрчүмүн. Ошол адатымча эле "деги эмне болду силерге?" деп күлсөм, Бактияр деген бөлүм башчысы "эмне күлөсүң?" деп жаактан ары күтүүсүз чаап жиберди. Ушуну эле күтүп тургандай бирөөсү кежигеден алып сыртка жөнөдү. Мен халатымды илип алып жамына калууга араң үлгүрдүм.
Самара экөөбүз 3-кабатта Бактиярдын кабинетинде сурала баштадык. Экөөбүз тең Жыпаргүлдүн кеткенден кийинкисинен кабарсыз экенибизди айттык. Мени калтырып Самараны 1-кабатка алып кетти. Бир канча кызматкерлер Самараны дубалга такай тургузуп алып тапанчаларын аткылап ойношуп, шылдың сөздөрдү айтып, сөгүп "Динара түн ортосунда эшикке чыгып кеткен, бир топтон кийин колу-башы кан болуп келип, кайгырып бир далайга олтурган" деген көрсөтмө жазуусун талап кылышыптыр. Самаранын аргасыз берген мындай көрсөтмөсүнөн кийин мени күчкө салып моюнга алдырууга өтүштү. Талабына макул болбогонумда бирөөсү бутума тээп жиберди. Кулап түшөөрүм менен беш милиционердин тепкисинде калдым. Дубинкалары менен чоло жеримди койбой уруп, катуу тепкилерди жеп жатсам да кылбаганымды гана айтып туруп алдым. Ошондо бирөөсү "өлүмүш болуп жатат да. Ийне алып келгиле" деди. Ошондо гана аргасыз макул болуп жибердим. Алардын каалаганындай жооп кылбагандарды аргасыз моюн сундуруучу жол - ушул тырмактардын түбүнө ийне саюу экенин мурун угуп калган жайым бар эле. Эч нерсе жазган жокмун, бирок ар кандай кагаздарга кол коюп жаттым. Анан Бактияр баштаган кызматкерлердин тобу менен видеого тартылдым. Колума манекен карматышып, эмне кылышым керектигин өздөрү айтып берип турушту. Бирөөсүнүн айтуусу боюнча биздин подъездден сүйрөп чыгып ары жактагы гараждын артына алып барып "өлтүрдүм". Анда дагы бирөөсү "жок, бул жол менен кеткен эмес, тиги кичинекей жол менен кеткен, себеби, семичкеси чуурулуп төгүлүп, блоктону түшүп калган" дегенинен кайра экинчи жолу башкача кылып көрсөтүп бердим. "Кыздын каракушуна таш тийип, кулактарынан кан чачырап кеткен" дешти. Бирок мен алып барып "өлтүрчү" жерде таш эмес, бүдүр кум жок экен. Кулагынан кан аккан дешкени менен ал жер таптаза болчу. Мени баарынан күйгүзгөндөрү, Жыпаргүлдүн жансыз денеси тартылган сүрөттөрдө өлүктүн жанында эркектин кепкасы турат, бирок ал тууралы эч кеп жок. Алардын жыйынтыгы менен кызды өлүмгө жеткирген себептин башы ал экөөбүздүн урушуп кетүүбүз болду. Ал мени "шерменде" деп баштаган сөздөр менен ыза кылганынан мен аны уруп өлтүрүп койгон экемин "сценарий" боюнча. Ал эми менин дубинкадан калган көгала тактарым - Жыпаргүл мени сабагандан калган тактар болуп калды. Ошентип, мен кызыл шапкечендердин айтуусу менен ойноп берген ролум үчүн акыры темир тор аркасында калдым.

"Бактияр менден ушинтип өч алды"
- Бир жолу адаттагыдай соода кылып жатып, бир кыз экөөбүздүн ортобузда чыр чыгып кеткен да, мен аны сабап койгом. Бир аздан кийин ал эжелерин ээрчитип келип, бешөө биригип мени сабап, телефонумду да тартып алышкан эле. Ошондо мен милицияканага барып, телефонумду алып берүүсүн Бактиярдан сурангам. Бирок ортодо келишпестиктер чыгып, жыйынтыгында Бактияр экөөбүз катуу урушуп кеткенбиз. Анын ошол жердеги сойку кыздардан 500 сомдон акча алып турарын уккан элем. Ызам менен кесиптештеринин көзүнчө "сен кимсиң? Сен болгону сойкулардын акчасы менен жан баккан бир байкушсуң!" деп айтып салган элем. Ошол ошо болду, Бактияр мага өчөшүп калды. Акыры өчүмдү биротоло алайын десе керек. Карга карганын көзүн чукубайт деген чын экен, актоочу, каралоочу, сот, тергөөчү деп бөлүп караганыбыз менен мунун баарысы бир акырдан жем жегендер экен. Мен көгала болуп токмок жеп, буту-колум шишип жатып калганымда адвокат келсе эле акталып кетчүдөй сезгем. Бирок адвокат иш учурунда да арак ичип алып эч кандай менин актыгым үчүн иш алып барбаганын көргөнүмдө алмаштырам дедим. Анда мени "эгерде ал адвокаттан баш тарта турган болсоң, сага 18 жыл беребиз",-деп коркутушту. Ошентип, баары биригип менин тагдырымды бир делого салып туруп жаап коюшту. Ишти акыйкат изилдейин деген бир адам болгон жок. Болбосо дал ошол түнү саат экиден он сегиз же жыйырма сегиз мүнөт өткөндө мен бир милиционердин чөнтөк телефонуна чалгам. Анткени, уктап жатсам бир мас бала келип дүкөндүн терезесин ургулаган. Ачпай койсом, айланып эшикке келип арак беришимди талап кылып кетпей туруп алганынан айлам кетип, милиционерге чалгам. А окуя 2 менен 3түн ортосунда болгон деп жатышат. "Ал учурда мен үйдө болгом, ишенбесеңер ошол чалууну текшергиле" десем укмаксан болуп эле коюшту. Жыпаргүлдүн моюнунда муунткан колдун изи даана эле көрүнүп турат, аны деле экспертизадан өткөрүшсө болмок да. Аны айтсам, "бизде андайды аныктай ала турган мүмкүнчүлүк жок" деп тим болушту.

"Күбөлөргө таарынбайм"
- Алгач Самаранын берген көрсөтмөсүнө нааразы болуп, "буга чейин киши өлтүрбөгөн болсом, эми Самараны өлтүрөм" деп да ойлогом. Бирок биринчи сотум болгондо Самара "мен бардык жазып бергендеримди оңдойм. Калп жазууга аргасыз болгом. Динара түндө эч жакка чыккан эмес",-деди. Самара бул сөзүн экинчи сотто да кайталады. Андан башка 4-5 күбө болуп баары жакшы гана көрсөтмө беришкен. Жыпаргүл тараптан жалгыз гана апасы келип жүрдү. Ал киши деле башында "Сени соттолуп кетсин деп жаткан жокмун. Болгону кызымды өлтүргөндөрдү билейин, адилеттик болсун деп жатам" деп жүрдү. Бирок мени чоң үмүткөр кылган апа да, Самара да Областтык сотто таптакыр башка сөздөрдү айтып туруп алышты. "Ооба, түндө эшикке чыгып келген" деди Самара. Ушул бир ооз гана сөз мени темир торго 9 жыл камап койду. Бирок мен Самарага кек сактап, таарынган жокмун. Ал да мен сыяктуу эле токмок жеп, кордук көрүп аргасыз болгонун билип эле турам. Ошентип жан аргасы кылган күбөлөр менен жылдыз самаган милиция кызматкерлеринин иштеринин жыйынтыгында мага бейтааныш Жыпаргүлдү мен өлтүргөн болуп калдым. Анык өлтүргүчтөрдү балким алар билеттир, бирок мен биле албай эле калдым.

"Жаман иш жазасын албай калбайт"
- Эркиндикти самап саат, мүнөт санап жашаган бул күндөрүмдө "эмне үчүн ушундай тагдырга туш болуп калдым?" деп эле ойлой берем. Ойлой-ойлой "балким, башка жазыктуу иштерим үчүн Жараткандан ак жеринен караланган жазаны алып жатамбы?" деп ойлоп кетем. Кээде ичимдик ичип, керек жерден кыз, эркек дебей сабап салганымдын кайтарымыдыр?.. Баарынан да менин аял болуп туруп ушундай тагдырга туш болуп калганым атам менен апама өзгөчө катуу тийди. Дароо карып кетишти. Бешинчи класста окуган кызым бар, мектепти бүтөрүм менен ала качып кетип, кызым төрөлө электе эле кайра кетип калгам. Бирок төрөлгөндөн баштап эле кызымды апам багып алганга ал апамдын кызы болуп калган. Ошентсе да мен энемин да, кызыма тарбия бергендин ордуна кылмышкер болуп бул жерде отурганымды ойлосом заманам куурулат.


Гүлайым Калыбекова