Жумагүл эже:

"Балам киши өлтүрбөгөндө
карыз болмок эмеспиз"
Учурда эки кишинин бири үстөгү менен насыя алгандар. Төлөгөнү төлөп, убагында төлөп бере албаганы карызга белчесинен батып, кимге барып жардам сураарын билбей алапайын таппай жаткандар кадам сайын кезигээрин жашырып болбой калды. Бул балакеттин айынан айрымдары үй-мүлкүнөн ажыраса, айрымдары чет өлкөгө кетип жатышат. Бүгүн бизге кайрылган Чыманова Жумагүл апа да булардын бири.
Кырсык басып…
- Балам 2008-жылдын 2-ноябрында 55 жаштагы бирөөнү маршрутка менен кокусунан коюп алып кырсыктаган. Атасы каза болуп калгандан бери үйдөгү негизги кирешени ал алып келчү. Анан мен балам сүзүп алган кишинин үй- бүлөсүнө ар кимден күнүнө үстөк кошуп берем деген шарт менен 150 миң сом чогултуп алып бердим. Алар менден 2 миң доллар сураган, сүйлөшүп түшүрүп отуруп 150 миң сомго макул кылдым. Соттон баламды эптеп каматып ийбей алып калайын деп дагы карызга акча алып, адвокатка, сотко төлөп баламды алып калдым. Ошентип, жалпысынан 200 миң сомдой элге карыз болдум. Учурунда мага кеңеш берген киши жок эле алапайымды таппай калып, сурагандын баарына тең тигинден-мындан кылып эле акча алып бере бериптирмин. Балам калып калса экен деп жаттым да. Кырсык болгондо окуяга күбө болгон тегеректегилер "ал киши өзү мас болуп дөңгөлөктүн түбүнө жыгылып жатып калган" деп айтышты. Каза тапкан кишинин да туугандарында рекеттер бар экен, алар "соо болчу, балаң өлтүрдүбү, акча бер" деп сотко берип туруп алышты. Эгер мага ошондо жанымда кеңеш берген кишилер болгондо киши өлүкканада жаткан кезинде экспертизадан өткөрүп, ичкилик ичкендигин, жол эрежесин өзү бузгандыгын далилдеп бергенде мынчалык көп акча кетмек эмес экен, карызкор да болмок эмесмин.

Насыянын үстүнө насыя алып
- Эмне кыларымды билбей калып сиңдим Зууракандын Ысык-Атадагы 7 бөлмөдөн турган 40 миң долларлык заңгырыгын үйүн күрөөгө коюп, 2009-жылы "Бай түшүмдөн" 2 жылдык мөөнөт менен 150 миң сом насыя алып, элдеги карызымды таратып бергем. Ошондо деле 50 миң сому калды. Балам соттолгон жок, бирок бир жыл стресс болуп жүрдү. Ооруканага, молдолорго көрсөттүм. Айлам кеткенде кыргызчылыкка салып, эми-эми жакшы болуп калды. Ошондон бери үстөгүн эптеп кыйналсам дагы төлөп келе жаткам, анан негизги суммасы 150 миң сомду 2011-жылдын август, сентябрь, октябрь айларына бөлүп төлөмөкмүн. Ошону төлөй алба кыйналып жатам. Тууму күндөн-күнгө өсүп жатат. "Бай түшүмгө" барып "дагы бир жылга узартып бергилечи, балдарым Орусияга кетти, сиңдимди күйөө балам сабап, жаман акыбалга калтырып жатат" деп сурансам макул болбой коюшту. Жок дегенде 6 айга деп сурансам да болбой жатышат. "Мага демектен сиңдиңди өлтүрүп салсын, биздин акчаны алганды билгенден кийин төлөгүлө" дешти. Башында күйөө балам деле "эже, эптеп кутулуп алыңыз" деп макул болуп күрөөгө койдурган. Ал деле унчукпайт эле, бирок банктан кишилер барып күндө "үйдү бошотуп койгула, үйдөн чыккыла" деп беймаза кылып жатыптыр. Балалуу немелер кыш түшүп келатканда кайда барат эле. Күйөө балам да ошон үчүн сиңдимди урушуп жатыптыр. "Банк 40 миң доллардык үйдү 150 миң сомдун ордуна алып койгону турат, эжекебай" деп сиңдим күн сайын ыйлап телефон чалып жатат. Үч айдан бери күйөө баламдын жүзүн карай албай качып жүрөм. Ал эми мурунку элдеги калган карыздарымдын үстөк акчасы өсүп, төлөгөнгө жетишпей калдым. Же банкты төлөй албай же элге төлөй албай ушул акыбалга калып жатам. Учурда "Бай түшүмдүкү" өсүп кеткен акчасы менен 180 миң сом төлөйсүң деп жатат. Өзүмдүн үч балам бар, бир кызым чет жерге иштегени кетти, бир кызым 2-топтогу майып. Уулумдун 164-маршрутка кирип иштей баштаганына 3-4 күн эле болду. Мен болсо 4-төрөтканада санитарка болуп иштейм. Айлыгым 9 миң сом, бирок ал деле эч нереге жетпейт экен.

Багы жокко дагы жок
- Балам менен кызымдын наамына да "Мөл булак" микрокредиттик компаниясынан 40 миң сомдон 80 миң сом алганбыз. Аны да Көк-Жар жаңы конушундагы 164-маршруттун акыркы аялдамасынан повильон алып иштетип, карыздарды төлөйлү деген ой менен алганбыз. Багы жокко дагы жок болуп ал жерден да банкрот болдук. Жаныбызга дагы эки дүкөн ачылып, атаандаштар көбөйгөнү соодабыз болбой, ал жактан да ишибиз жүрбөй аренданын акчасын бере албай калдык. "Мөл булактыкы" дагы өсүп жатканда эки жактан кайра эле карыздап кутулдум, эми 20 миң сому калды. Бирок, ага ар кимден алып бергем, алар мени карыш бастырбай жатышат. Жүрөгүм ооруп, эмне кылышты билбей турам. Карыздарымдын кайсы бирин төлөп, кайда барам?..

Карыздын айынан балдарым үй-бүлөсүз калды
- Карыздын айынан эки кызымды күйөөлөрү, баламды келинчеги "сенин апаңдын карызын качанкыга чейин эле төлөп отурабыз" деп таштап кетип калышты. Улуу кызым майып дебедимби, ал эки баласы менен менин колумда калган. Аларды да багыш керек. Балам күндө "апа, эшикке чыгып баскым келбей калды, кезиккен ар бир таанышка карызбыз, ар кандай сөз угуп жатып тажап кеттим. Андан көрө өлүп калганым жакшы болчу, сизди аяганымдан гана басып жүрөм" деп ыйлап күндө маанайы жок. Туугандарыбыз деле каралашкан жерлери жок. Мындайда туугандарың да алыстап качып калат тура. Алар "ушунча карыз болгончо балаңды түрмөгө эле каматып ийбейт белең, өз жаныңды тынч бакмаксың" дешет. Бала алардыкы болбогон соң түшүнүшпөйт да.

Айлам кеткенде чет өлкөнү пландап...
- Айлам кеткенде кимге кайрылаарымды билбей калып, көп кирешелүү жумуш издеп да убараландым. Тааныштар аркылуу Түркияда жумуш бар дегенинен тиешелүү адамдарга жолугуп, 5 жылга келишим түзүп жатам. Айына 1000 доллардан 1500 долларга чейин төлөп беришет экен. Кылчу ишим - карыган чалды багуу деп жатышат. Тамагын берип, жуунтуп-тазалантып, массаж жасап, кыскасы, баладай бапестеп багыш керек экен. Айлам кеткенинен макул болуп жатам. Эмне кылсам да эптеп эле карыздан кутулуп, эл аралап бассам деп турам.

Жардам сурап…
- Жардам сурап барбаган жерим калган жок. Акыры "Ауирдин" компанясынын алдында түзүлгөн "Жарандардын укугун коргоо" комитетине кайрылгам. Алардын да канчалык аракет кылгандары менен "Бай түшүмгө" алдары жеткен жок, бирок калган банктагы акчаларымдын мөөнөтүн узартчусун узартып, үстөгүн токтотуп берди. Ыраазычылык билдирем. Азыр менин коркконум - сиңдимди үй-бүлөсү менен суук кирип келатканда үйүнөн чыгырабыз деп жатканы болуп жатат. Эми эмне кылам билбей турам. Азыр төлөп бергидей менде кичине да шартым жок. Мен башкаларга эч качан, эч кимден насыя албай эле оокат кылгыла демекчимин. Насыя - бул балакет…

Анара Токтосунова