Студенттик күндөрүм, ай!
11.05.11. Кэчээ ал мага кош бойлуулукту текшерүүчү тест алып келип берди. Текшерип көрдүм. Көрүп, көргөн көзүмө ишенбей көпкө олтурдум. Бирок менде өзгөчө бир сезим пайда болду. Кубанып алдым. Ичимди сылап бир башкача жагымдуу сезимде турдум. Бирок ойлорумдун баары мендеги жакшы сезимдерге каршы келатты. Ага чалып бир ооз гана ""ошондой экен... Боюмда бар экен" дедим.
12.05.11. Таң менен туруп айтылган поликлиникага бардык. Кезек күтүп олтуруп оо далайда кирдим. Мурун эле уламдан-улам бошоп бара жаткан муундарым такыр эле шалдырап калды. 4 жума болуптур. Мен врачка ал мага керек эмес экенин айттым. Ал жардам бермей болду.
Кыргыз аял болгондо ансыз да өзүмдү-өзүм жек көрүп тилдеп турганда дагы кандай сөз айтмак эле. Орус болуп калганына кубанып алдым. Сыртка чыктым. Бул жер мага жаман көрүнүп, эрте кетсек экен деп шаша бердим негедир. Сырттагы сумкамдан 1500 сом акча алып, айтылган дары үчүн кайра кирдим. Бутум чалыштап, бетим менен кете жаздачудай бараттым. Ыйлагым келди. Ыйлаган жокмун. Кайсы арыма ыйлайм? Баарын өзүм, өз колум менен жасап жатам да. Анан кайсы арыма?..
Кечээкидей бакыт мага бүгүн сезилген жок. Өзүмдү өзүм тыйдым. Себеби, жигитим экөөбүздүн сүйлөшүүбүздө кандай кылып болсо да андан кутулуу керектиги бекиген эле. Ошол үчүн аргасыздан сезгим келген сезимдерди, туйгум келген бакытты аргасыз тыйдым. Жокко айландырдым.
Үйгө келип жалгыз жатып алып аябай ыйладым. Ичимдеги кичинекей күнөөсүздөн кечирим сурадым. Ыйлап жатып уктап калыптырмын. Ойгонсом курсагым аябай ачыптыр. Арман ай! Эгер мен курсагымдагы кичинекей данекти күтүп ала алгыдай болсом минтип курсагымдын тез-тез ачканын да бактым деп эсептебейт белем! Ушуну ойлоп ичим күйүп, жаным жай таппай кетти. Себеби, ал акыркы сааттарын жашап жатат. Ал эртең түштөн баштап тумчугуп өлө баштайт. Энеси болчу менин, атасы болчу арсыз жигитимдин колунан...
Самара, 4-курстун студенти.


Билбейм неге
Билбейм неге, бирок абдан кусамын,
Билбейм неден, бирок алыс узадым.
Эң жагымдуу болмок эле мен үчүн
Ал ким билбейм, бирок жайса кучагын.

Билегимди оролтсом мен мойнуна,
Бек кучактап жигит кысса койнуна.
Балким анда таш боорлугум арылып,
Мээримдүүлүк аралашмак оюма.

Билбейм неге сүйгүм келип баратат,
Бул эңсөөнү кандай сезим жаратат.
Азаптуу деп айтылган ал сүйүүнү
Эх, жаштыгым билбейм неге саматат.
Гүлайым Калыбекова


Сүйүүм жолдо келатат
Жолугууну койсок гана тездетип,
Жүрбөйт белек азыр мына кездешип.
Сабырдуулук талап кылган сүйүүгө,
Чыдайлы биз, айтпайлычы сен дешип.

Сагынгандан кээде жетпей сабырым,
Чаңкап кетет суу издеген тамырым.
Шашпай келгин, адашпагын бирок да
Сүйүү жолдо ылдам болсун арымың.

Ай тоголок турган кезде асманда,
Бийик учам алыс-алыс жактарга.
Кыялымда сени жерден караймын
Канатыма иле салып качканга.

Түн да жылуу жылдыздары жыбырап,
Шагын ийген алма-өрүк шыбырап.
Көпкө турам табиятка жуурулуп
Анан үйгө секин кирем кыбырап.

Не бир сонун кыялдарга батамын,
Уйку эмес кыял даамын татамын.
Аздектеген, аруулаган сүйүүмдү
Жүрөгүмө өчкүс кылып катамын.
Элвира Ташбаева


18.11.09. Кечээ студенттердин күнү деп баары майрамдашты. Университеттен келген соң биз да бул күндү белгилеп, 1-курс кезибиздин бир жакшы элеси болсун деп 4 кыз олтурмак болдук. Аздан акча чыгарып чакан дасторкон даярдадык. Дасторкон үстүндө жакшы маек, күлкү-тамаша болду. Бири-бирибиздин ата-энебиз, алардын иши, жашы, туугандарыбыз жөнүндө ар бирибиз айтып берип сөзүбүз бүтпөй жатты. Анан албетте, таттуу шире менен таттуу тосттор айтылды. "Ата-энебиздин ак эмгегин, үмүтүн актап, бөбөктөрүбүзгө үлгүлүү эже бололу. Кыргыз тилин жогорку деңгээлге көтөрө алган мыкты адистерден бололу. Сабак калтырбаган мыкты студенттердин катарын толуктап, окууну кызыл дипломдун ээси болуп аяктайлы" деген тилек ар бирибиздин сөзүбүздө чын жүрөктөн айтылды. Ошентип олтуруп таң алдында уйкуга кеттик. Планыбыз боюнча бир аз уктап алып эртең менен сабакка барат элек.
А бирок... Ойгонсок саат 11 болуп кетиптир. Ошентип мыкты студент болгусу келген төрт кыз бул күнкү 3 сабакка барбай калды. Студенттик күндөрүм ай!
Айымгүл, 3-курстун студенти. Айымгүлдүн эскерме күндөлүгүнө кол койгондор: Аида, Айзада, Айзат.


17.02.10. Залдан чыккан ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Бөлмөдө эч ким жок экен. Минтип суткасына 5 саат уктасам уктап, уктабасам көр оокат деп жүгүрүп жүргөнүмө үч жарым ай болуп кетиптир. Түнү менен иштегенге көнүп деле калдым. Жаман жери - сабагыма жетишпей, уйкудан кыйналып калып жатам. Эртең мененки Жыргал байкенин сөзүн эстесем азыр да ызаланып кетем. Эшек десе "Идиш жууп күн көргөн жашоо да жашообу? Мага макул болсоң менин аялымдай болуп бир үйгө бийлик кылып жата бермексиң" дейт. Деги ошонун жаман ойлору ишке ашпаса экен. Сөзү күн өткөн сайын эле бузулуп баратат.
Кудай кааласа эптеп апам алган кредиттен кутулуп алсак, санаалуу жумуштан чыгып, окуумду каалаганымдай улантып алам. Тилегеним, апам маңдайымда аман болсо, жалгыз бир тууганым деген иним атамдын жоруктарын кайталабаган акылдуу бала болуп өссө, анан карызыбыздан кутулуп алсак эле калган жашоо өтө берет эле.
Нурзада, 5-курстун студенти.


СМС
Телефондун чыкса добушу,
Козголот бир жүрөк конушу.
Сенин атың көңүлдү бийлеп
А сен болдуң жүрөк оорусу.

Артык көрүп сени башкадан,
Азгырылып сага баратам.
Көрбөсөм да үнүн уксам деп,
Адат таптым күндө самаган.

Сезимимди сүйүү атабай,
Бирок сени ойлойм тажабай.
Калган кезде чындап берилип
Кетпейсиңби мени карабай?

Ак сүйүүгө болчу көмөкчү,
А кийинки суроо төмөнкү:
Телефондун туруп артында
Болобу эмне сүйүп калууга?
Айым Абдыразакова

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА