Космонавт Салижан Шариповдун эжеси Матлюба Шарипова:
"Салижан космоско учуп келгенде "жакшы ойноп келдиңби?"
деп тамашалап калабыз"
Кыргызстандын баатыры, мекенибизден чыккан алгачкы космонавт Салижан Шарипов менен бүтүндөй өлкө сыймыктанарында шек жок. Ал эми анын ата-энеси, бир туугандары үчүн алардын баласынын космоско учушу эки эсе сыймык. Ушуга байланыштуу Салижан аганын бир тууган эжеси, өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары кызматын аркалаган Шарипова Матлюба эже менен жолугуп, иниси тууралуу маек курдук.
- Матлюба эже, Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шариповдун эжеси экендигиңизге сыймыктанасызбы?
- Албетте. Мен иним менен ал космоско учкан күндөн баштап эмес, кичинесинен эле сыймыктанчумун. Себеби, ал кичинесинде эле аябай эстүү, боорукер, ыймандуу бала болгон.
- Совет доорундагы жаш балдардын кимисинен "чоңойгондо ким болосуң?" деп сураба, дээрлик бардыгы учкуч же космонавт болом деп жооп беришчү. Ошол балдардын катарында иниңиз дагы ушинтип кыялданчу беле?
- Ооба. Салижан 4-5 жаш курагында чоң апабыз бизди балмуздак алып берип, ойнотуп келгени Андижанга көп алып барар эле. Ал жактан пахта талааларына жер семирткич чачып жүргөн "Кукурузник" учактарын көп көрчүбүз. Ошондо бир жолу "мен чоңойгондо учкуч болом" деп айтканы эсимде.
- Иниңиз ошол миллиондогон балдардан айырмаланып кыялын иш жүзүнө ашырууга кантип жетишти?
- Салижан эс тарткандан баштап эле учкучтарды даярдоочу орто окуу жайына кирем деп өзүн-өзү даярдап жүрдү. 7-классында аскер комиссариатына барып учкуч болуу үчүн кандай критерийлерге жооп бериш керек, аларды даярдоочу окуу жай каерде бар, баарын сурап, сүрүштүрүп, алардын даректерине чейин алып келиптир. Салижан анда азыркыдай бойлуу эмес, эки агасынан айырмаланып бою кичине эле. Биринчи кезекте ден-соолугуна, дене түзүлүшүнө карашарын билгенден кийин ошол талапка жооп берүүгө аракет кылып эки талдын ортосуна темирден турник жасап алып дайыма тартынчу. Мындан сырткары "Юный техник", "Наука и жизнь" деген журналдарга жазылып алчу. Анан Оренбургга барып окуюн десе, ал жакта деңиз авиациясына окутат экен. Кайра кайтып келип, Орусиянын Приморск крайына аскерге кетти. Ал жакта бир жылга жетпей кызмат өтөгөн соң Украинанын Харьков шаарындагы жогорку аскердик учкучтар орто окуу жайына өтүп, 4 жыл окуду. Андан кийин Токмокко бөлүнүп, Афганистан, Пакистан, Ирандан келген чет элдик студенттер үчүн инструктор болуп иштеди.
Космонавттарды 10 жылда бир жолу тандашар эле. Ошентип, 1988-жылы Гагарин атындагы космонавттарды даярдоочу борборго арыз тапшырды. Арыз тапшыргандан кийин КГБ тарабынан аябай текшеришти. Бир туугандар, дегеле, тууган-уруктун бардыгы текшерилди окшойт. Андан кийин медкомиссиядан өттү дагы, 89-жылы космонавттардын отрядына кабыл алынды. 4 жылда учкуч-космонавт деген диплом алды, андан кийин инженер-экологго окуду. Иши кылып эмнени окуш керек болсо, бардыгын окуп чыкты.
- Кичинесинде кандай бала болчу: тентекпи, жоошпу?
- Аябай оор басырыктуу, токтоо бала болгон. Ошол себептенби, тентектик деле кылбайт эле. Кандай жумуш болбосун, мыкты аткара билчү. Атам үй салганда "чечен кыш" деп коёт эле, ошондой кыштардын бардыгын өзү куйган. Мен студент болуп окууга кеткенимде апама да аябай көп жардам берчү. Апамдын колу ооруганда уй саап, нанга камыр жууруп, апам нан жапканда тандырын кызытып берип, иши кылса, жумушту ылгабай, үн-сөзү жок кыла берчү. Бизде кир машине жок болчу, үйдө болсо көпчүлүк. Бардыгынын кир кийимдерин апам колго жууйт эле. Анда да Салижан суу ташып, кирди сыгышып, кыскасы, мүмкүн болушунча апамдын түйшүгүн азайтканга аракеттенчү. Апам үлгүрбөй баратканда үйдөн өйдө шыпырчу. Аябай таза, тыкан бала эле.
- Эжелик кылып же чоңдукка салып урушуп, колуңуз тийген учурлар болгонбу?
- Жок. Андай деле урушчу эмесмин. Апам менен атам экөөнүн тең жогорку билими жок болгон үчүн кичүүлөрдү билим жаатында тарбиялоону мага жүктөп коюшкан эле. Биздин үй-бүлөдө бардыгыбыз орус мектептен билим алдык. Мен өзүм жалаң бешке окугандыгым үчүн, инилеримден да ошону талап кылчумун. Ошон үчүн "бешке оку" деп урушканым гана болбосо, андай деле талаша турган нерсебиз болгон эмес. Салижан баанын артынан эч качан түшкөн эмес, ага баага караганда сабактын маңызын түшүнүү маанилүү болчу. Мисалы, эмне үчүн жалбырак жашыл болоорун өз алдынча изилдеп, ушул суроого китептерден өзү түшүнгүчө жооп издечү.
- Азыр иниңиздин кайсы жоруктарын көп эстейсиз?
- Жогоруда айтпадымбы, ал кичинесинен учкуч болууну кыялданчу деп. Бир жолу эсине кирип калганда апам экөө отун жарып жүрүшкөн. Анан кыйналган го, апама: "Апа, мен учкуч болгондо сизге оңой жарыла турган отундарды үйдүн тушуна келгенде самолёттон таштап берип турам" дегенин азыр деле эстеп күлүп калабыз.
- Апаңыз баласынын тилегинин ишке ашканына күбө болдубу?
- Тилекке каршы, космоско учканын көрбөй калды. Апабыз аябай эпчил, тыкан, тыкылдаган аял эле. Тилекке каршы, 60 жашка киргенде 1995-жылы сентябрь айында жакшынакай жүрүп эле кайтыш болуп кетти. Атабыздын болсо көзү тирүү, быйыл 82де.
- Ата-энеңиз ким болуп иштечү?
- Апам үй кожойкеси, атам болсо 11 жашында базарга аралашкан экен, ошол бойдон базарда иштеди. Убагында парторг, базарком болуп иштеген. Жумуш боюнча ар жактан кишилер базарком десе эле норка тумак кийген, чиренген бирөөнү элестетип, анан алдынан жөпжөнөкөй адам чыкса ишенип-ишенбей калышчу. Чындыгында ата-энебиз аябай жөнөкөй адамдар. Үйүбүз деле элдин катарындагы эле үйлөрдөн. Атам беш уулуна үй курам деп, мен билгенден апам жыл сайын уста бакчу. Апам ыраматылык жоош-момун, колу аябагандай ачык, пейили кенен адам болгон. Эсимде, бир жолу кошунабыз сүт сурап келиптир. Ошол учурда бизде сүт жок болуп калып, кошунаны куру кол кетиргенден ыңгайсызданып жумуртка берип жөнөткөн. Ушундай берешен адам эле. Атам болсо жалпысынан 70 жыл базарда иштеди. Көзү көрбөй калып, үйдө отуруп калганына эки жыл эле болду.
- Канча бир туугансыздар?
- Биз жети бир тууганбыз. Мен эң улуусу, менден кийинки инимдин аты Кадыржан. Ал набат цехте иштеп жүрүп, азыр жеке ишкер. Андан кийинки иним Кабылжан дагы жеке ишкер. Андан кийин Салижан, төртүнчү иним - Садыкжан. Азыр ушул иним атамдын жолун жолдоп Өзгөн базарынын "Дан" кичи-базарын иштетет. Кичинесинде аябай бош бала эле. "Бул үй-бүлөлүү болсо бала-чакасын кантип багат" деп баарыбыз сарсанаа болчубуз. Азыр эң тыңыбыз ушул болуп чыкты (күлүп). Бешинчи иним - Сабытжан эле, 2003-жылы көзү өтүп кетти, артында 3 баласы калды. Кенжебиз Зульфия. Өзү фармацевтиканы окуганы менен, азыр үй кожойкеси.
- Салижан ага биринчи жолу космоско учканда бир туугандары кандай сезимде болгонсуздар?
- Чындыгында, аябай корккобуз. 1998-жылы атам, Кабылжан иним жана мен болуп Салижанды биринчи учууга узатканы Америкага бардык. Америкалыктар ушундай ачык айтышабы же бардык эле космодромдордо айтыла турган сөзбү, айтор, бизге "бардык нерсеге даяр болгула" деп эле айтып коюшту. Анда 7 адам учкан. Алты америкалык жана бир кыргызстандык - Салижан. Космоско учканда эң негизги учур - орбитага чыгуу, болгондо дагы 10 секунддун ичинде чыгыш керек экен. Салижандардын кемеси орбитага чыкты. Монитордон бизге бардыгы көрүнүп турду. Биз бардыгына таң калганбыз. Себеби, анда азыркыдай техниканын жетишкендиктерин көрө элек болчубуз.
- Салижан аганын үйлөнүү күнү эсиңизде болсо керек. Ал жубайын өзү тапканбы же ата-энеңиздерби?
- Келинибиз Насиба Салижан өзү тааныган кыз, тактап айтканда, экөө бир класста окушкан. Ал эми тапкан - ата-энем болду. Анын атасы өзбек, апасы орус. Окуп жүргөндө Салижандын ага сезими жок болчу, бирок Насиба Салижанды ошондо эле жактырчу. Дегеле, Салижандын артынан чуркаган кыздар көп эле. Мени менен сырдашып, кыздар жөнүндө айтып калчу. Насибаны Салижандын Турсунбай деген досу жакшы көрчү экен. Анан ал Насибанын апасынан кызын досуна сурап барса, "мен кызымды досуңа эмес, өзүңө берейин дегенмин" деп айткан экен. Ошентип, ал сөз ата-энебизге угулуп, алар дагы караштырышып, ата-энеси жакшы адамдар деп келин кылып алдык. Салижан Харьковдо мамлекеттик сынак тапшырып жүрөт, а биз болсо Өзгөндө той баштап алганбыз (күлүп). Ошентип, үйлөнүп калышты. Азыр кудайга шүгүр, бири-бирин сүйүп, бактылуу жашап жатышат. Эки баласы - бир уул, бир кызы бар.
- Балдары жөнүндө айтып калдыңыз, уулу атасынын жолун жолдоюн дебейби?
- Жок. Азыр ал Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (МГИМО) экономикалык факультетинде 4-курста окуп жатат. Аты Жахонгир. Кызы Нигора дагы ошол окуу жайдын эл аралык мамилелер факультетин аяктап, азыр турмушта, 1 уулу бар.
- Космонавт жердешибиз туулган жерине канча убакытта бир келип турат?
- Жылына бир жолу. Атам карыгандан бери тез-тез келип жатат. Быйыл 3 жолу келип кетти. Мына,акыркы жолу келип кеткенине бир ай болду.
- Жумушу кайсы жерде?
- Москвада. Дипломатиялык академияда, анан Гагарин атындагы космонавттарды даярдоочу борбордо космонавттардын отрядынын командиринин орун басары болуп иштейт. Ал эми келинибиз Насибанын жогорку билими бухгалтердик болгондуктан, ошол жакта сактоочу банкта иштейт.
- Иниңиз космоско учкандагы таасирлери жөнүндө сиз менен бөлүшкөнбү?
- Көргөндөрүн айтып берген. Ал жакта жерде жок түстөр бар экен дейт. Кара түс таптакыр башка экен. Анан дагы "планеталардын бардыгынан сулуусу - биздин Жер, аны эч бир планета менен салыштырууга болбойт" деп айтат. Албетте, космосто жүрүү абдан эле кыйын. 6 саат уктап, 18 саат иштешет. Миң түркүн тажрыйбаларды жасашат: медициналык, техникалык... Иши кылса, аларга берилген тапшырмалардын бардыгын аткарышат. Керек болсо алардын ар бир мүнөтү бөлүштүрүлгөн. Мындан сырткары, ар кандай авариялык жагдайлар болуп турат экен. Мындайча айтканда учууда өмүр менен өлүмдүн ортосунда эле жүрүшөт экен. Бир жолу тамак-ашы түгөнүп калып, арпанын талканы менен эле калышкан экен. Дааратканасы бузулуп калган учурлар дагы болуптур, андагы кислотасы төгүлүп кетип. Салижан келгенде "жакшы ойноп келдиңби?" деп тамашалап калабыз. Ал эми экипажды топтогондо дагы көп факторлорго карап тандашат экен. Мисалы, психологиялык төп келишүү дагы чоң ролду ойнойт экен. Элестетип көргүлө, 6 ай бою бир түтүктүн ичинде 7-8 адамдын жашаганын. Анан негизгиси, иним жасаган эмгектерин "Кыргызстаным, Өзгөнүм үчүн жасайм" деп айтат. Өзгөнгө келгенде Карадарыянын боюнда эс алганды жакшы көрөт. "Ушинтип эс алганым түшүмө да кирет" деп айтып калат.
- Кичинекей балдардын "жылдыз ала келиңиз" деп "заказ" бергендери же ээрчигендери да болсо керек?
- Ооба, болот. Андан сырткары, кичинекей жээндери учуудан келгенде "Инопланетяниндер бар бекен? Аларды көрдүңүзбү, учураштыңызбы? Кайсы тилде сүйлөйт экен?" деп дагы сурашкан. Анан Салижан космоско учуп келгенден кийин биз тарапта балдарына Салижан деп ат койгондор аябай көбөйдү. Сиз айтмакчы, "чоңойгондо ким болосуң?" деп сураса, "Салижан болом" дегендерин угуп жүрөм. Тамаша-чынга салышып ээрчигендер да бар, алар деле баягы эле жээндери (күлүп).

Гүлкан Тойчубекова