Кандай үйлөр
ээсине ийгилик алып келет?
Кытай философиясында Ци энергиясы деген түшүнүк бар. Бул - жер жүзүндөгү бардык тирүү нерселердин негизин түзөт. Бул энергиянын таасири астында бак-дарактар гүлдөйт жана тирүү жандыктар жашап келет. Ал эми дал ушул
Ци энергиясы чогулган жерде жайгашкан үйлөр ээсине ийгилик алып
келет дешет.
Алар кандай үйлөр?..


1. Тынч аккан суунун жээгиндеги үйлөр.
2. Туюк көчөнүн башында же ортосунда (аягында эмес!) жайгашкан үйлөр. Туюк көчөлөргө ци энергиясын жакшы чогулат. Андыктан, андагы үйлөр ээлерине ийгилик алып келет.
3. Парктын, бактын жанында же жөн гана көптөгөн өсүмдүктөрдүн арасында жайгашкан үйлөр. Өзгөчө түбөлүк жашыл болуп туруучу өсүмдүктөр өсүүнүн, өнүгүүнүн, көбөйүүнүн белгиси. Андыктан, аларга жакын жашоодо сөзсүз таасири тиет.
4. Азык-түлүк саткан базар, мечит, стадион, мектеп жана башка билим берүү мекемелери да өсүүгө, өнүгүүгө таасирин тийгизет. Ошондуктан, бул имараттарга жанаша жайгашкан үй ээлеринин иштерин ийгиликтер коштойт.
5. Эгер үйдүн жанында суу: кудук, фонтан, булак, арык болсо, булар да үй ээлерине ийгилик алып келет. Суу айрыкча каражат жаатындагы ийгиликтердин белгиси. Эгер суу булганыч болуп, акпай көлкүлдөп турса, анда тескерисинче, үйдө жетишсиздик болот.
6. Унаалар орточо ылдамдыкта өткөн, автотыгын жаралбаган чоң жолдун жээгиндеги үйлөр.
Туруп калган энергиядан
үйдү тазалоо
Энергия үйлөргө чогулуш керек, бирок көпкө туруп калбаш керек. Туруп калган энергиянын таасиринен улам жашоодо ийгиликсиз нерселер, каражат жаатындагы баш-аламандык келип чыгат. Туруп калган энергия үйдөгү иретсиздиктин, андагы көптөгөн керексиз, сынык, бузулган буюмдардын натыжасында пайда болот. Туруп калган энергиядан кантип арылуу керек? Болгону үч нерсени эске алуу зарыл: үйдү керексиз буюмдардан арылтуу, үйдү иреттүү кармоо жана маал-маалы менен энергетикалык тазалап туруу (күн нуру жакшы тийип турган учурда үйдү жууп-тазалап, эшик-терезе, шкафтардын эшигин ачуу).
Жаңы үйгө
кирүүдөгү ырымдар
Жаңы үйгө көчүүнүн өзүнүн ырымдары жашайт. Аларды жасоо - ал үйдө бактылуу жана ийгиликтүү жашоонун кепилдиги деген ишеним бар.
Арча түтөтүү. Жаңы үйгө көчүп келери менен арча түтөтүү - ал үйдөгү жаман духтардын баарын айдап чыгып, көз тийүүдөн сактайт.
Эски үйдөгү шыпыргыны сөзсүз түрдө жаңы үйгө ала келүү зарыл. Анткени, үйдүн ээси шыпыргы менен кошо келет деген ишеним бар.
Жаңы үйгө көчүүгө аба-ырайынын да таасири чоң. Эгерде көчкөн күнү кар жаап турса - акча көп болот, жамгыр жаап турса - кубаныч көп болот. Дүйшөмбү - физикалык күч, шейшемби - акыл-эс жактан өсүү, шаршемби - кумардуулукту күчөтөт, бейшемби - үйгө акча алып келет, жума - сүйүү алып келет.Ал эми ишемби менен жекшембиде көчүү - жумуштагы ийгиликтерди чакырат.
Үйгө келериңиз менен полго тыйын таштаңыз, бул үйдөн эч качан акча үзүлбөсүн деген ырым. Ошондой эле эски үйгө да тыйын таштап келиш керек. Бул ошол үйдүн келечектеги ээсине да, сизге да ийгилик алып келет.
Жаңы көчүп келген үйүңүз таптаза болсо да суу чүпүрөк менен полун, терезелерин аарчып чыгыңыз. Муну менен бир гана чаңдарды эмес, жаман энергияларды сүрүп чыккан болосуз.
Жаңы үйгө көчүп келгениңизди буюмдарды жайгаштырбай туруп белгилешиңиз керек. Жакын досторуңузду чакырып, кичинекей майрам уюштуруңуз. Болбосо үй ээси сизди сараң экен деп кетип калат.





Рапахан Айдаркулова, парапсихолог:
"2017-жылга чейин өлкөдө
стабилдүүлүк болбойт"
(Башы өткөн санда)
- Эже, сизде мындай касиет кандайча пайда болгон?
- Мен өзү бул дүйнөгө аян менен келген экенмин. Атамдын эки уулу болуп, кызы жок экен. Атам Кудайдан ыйлап кыз сурачу экен. Бир жолу эртең менен багымдат намазын окуп бүтүп, бата тилерде көзү илинип кетиптир. Анан эле этегине топ этип бир нерсе түшөт. Караса эле кыпкызыл алма туруптур, көзүн ачса, эч нерсе жок. Таң калган атам эшикке чыкса, таң заарда кошуна Раистин 4-5 жашар кызы "ава, алма жейсизби?" деп ары жактан кыпкызыл алма көтөрүп чуркап келиптир. "Эмнеси болсо да Кудай берди" деп тиги алманы апам экөө бөлүп жешиптир. Анан ошол айда мен жаралып, тогуз айдан соң төрөлүп жатпаймынбы. Жылдар өтүп чоңоюп, козу кайтарып жүргөн секелек кезимде мендеги касиет байкала баштады. Ал кезде колдоочуларым оюнчуктар болчу. Мисалы, булуттун бир үзүмү күчүк болуп, коделек болуп келип, мени мингизип алып бир жактарга кетип калар элек. Көрсө, ошондо 2-3 күнгө чейин жоголуп кетчү экем. Атам өзү ушундай касиеттүү киши болчу, ал билгендиктен, мени чуру-чуу түшүп издешкендерге "келет, жөн койгула" деп койчу экен.
- 2-3 күн жоголуп кеткениңиз өзүңүзгө билинчү эмес беле?
- Жок, мен билчү эмесмин. Бир-эки жолкусун билем. Бир жолу көзүмдү ачсам, эки колум менен эки бутум салаңдап, үйдүн жанындагы жаңгактын чоң бутагында жатыптырмын. Дагы бир жолу арыктын жээгинен ойгонгом. Ошондон бир аз мурун эле мени издеп жүргөн байкем ошол жерден өткөндө мен жок болчу экенмин.
- Ошондо бала чагыңыз жалаң эле ушундай жоголуулар менен өттүбү?
- Өзүм бой жетип бараткан кыз болсом, анан улам эле жоголо бергенимди эп көрбөй бир жолу атам бир чоң молдого алып барып байлатмай болду. Атам ушинтип айтканда "досторум" тим эле чуру-чуу түшүштү. Молдого бардык. Ал бир топ окуган соң биринчи "сүф-ф!" дегенде айланчыктап турган "досторум" менден алыстай түшүп эле томсоруп-томсоруп туруп калышты. Экинчи жолу "сүф-ф!" дегенде тоголонуп-тоголонуп барып эшиктин оозуна барып калышты. А үчүнчү жолкусунда көздөн кайым болуп кетишти. Ошол боюнча көзүмө да көрүнүшкөн жок, мен да жоголгонумду токтоттум. Бир нече жылдан кийин атам каза болгондо кайрадан пайда болду, бирок анда Курманжан датка эненин элеси менен келе баштады.
- Өткөндө 2017-жылга чейинки боло турган окуяларды айтып берем дедиңиз эле...
- Ооба, мага ошол жылга чейинки саясий окуяларды көрсөткөн. Жалпылап айтканда, ошол жылга чейин дагы деле стабилдүүлүк болбойт, майда-чүйдө чыр-чатактар, келишпестиктер чыга берет. Президенттик шайлоодон утулгандардын тынчыганы жакшы болду. Болбосо, кыргынды каалап жаткан сырткы күчтөр даяр турушкан. Эми деле ошол сырткы күчтөр кайсы жерден от тутантып жиберсек деп аңдып турушат. Алардын максаты - мамлекетти экиге бөлүп жиберүү. Ошондуктан, ынтымакты, биримдикти бекем сакташыбыз керек.
Ал эми эч кандай массалык зыян келтирген жаратылыш кырсыктары болбойт. 2017-жылдан баштап Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөт. Ошого чейин жакшылыктан үмүт үзбөй, Кудайдан тынччылык тилейли.

Сауле СУЛАЙМАНОВА