Эң жакшы ата ким?
Cиздин жолдошуңуз кандай ата? Бала тарбиялоодо анын ролу канчалык? Жолдошуңуздун болочок ата же учурдагы ата катары катары кандай экенин билип алганыңыз ашыкчалык кылбайт. Ал эми муну билүү үчүн сизге астрология жардамга келет.
Кой-ата
Ал бардык күчүн, бош убактысын бүт бойдон баласына арнап коюшу мүмкүн же тескерисинче, баласы бар экенин "унутуп" калышы мүмкүн. Кой-ата баласына карата чынчыл, талапчыл, ачык жана бирдей деңгээлде болгонго аракет кылат. Ошондой эле ал балага "жок" деп айтканды билбейт.
Букачар-ата
Атасы аны кандай тарбияласа, ал да балдарын ошондой тарбиялайт. Букачар-ата баласын ушунчалык катуу сүйөт, аларды бир мүнөт да кароосуз калтырбайт. Ошондуктан, Букчарлардын арасында балдарын таштап башка үй-бүлөгө кетип калгандар сейрек кездешет. Алар балдарынын тентектигине, туура эмес кылык-жоруктарына жинденишпейт, ак көңүл жана сезимтал болушат.
Эгиздер-ата
Ал балалуу болууга шашпайт, балалуу болгон соң анын акыл-эсин өнүктүрүү үчүн көп аракет кылат. Баланын билимин, жашоого болгон көз караштарынын өнүгүшү үчүн тазай азык берип турат. Эгиздер-ата баласын эң жакшы түшүнөт, ички дүйнөсүндө жана жүрөгүндө эмне болуп жатканын айттырбай сезет.
Бөйөн-ата
Балдарын жана үй-бүлөдөгү өзүнүн ролун сүйөт. Ал өз балдарынын келечегин так пландаштырганды билет. Бөйөн-ата менен баланын ортосундагы байланыш терең болот жана узак жылдарга созулат.
Арстан-Ата
Баласына үстөмдүк кылууну, аны өз менчигиндей көрүп башкарууну жакшы көрөт. Талаптарын кыңк этпей аткарган баласын жакшы көрөт. Бирок ал баласынын билимин өнүктүрүүгө, ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө абдан аракет кылат. Баласына тобокелчиликке барганга, адашууга, кайра алдыга умтулууга мүмкүнчүлүк берет. Арстан-ата баланы тарбиялоодогу айрым ньюанстарга жана баланын психикасына көп түшүнө бербейт.
Бийкеч-ата
Балалуу болууга шашпайт, бирок аталык милдет башына түшкөн соң ага өтө олуттуу мамиле жасайт. Бала тарбиялоо процессиндеги өтө майда нерселерге чейин көңүл буруп, баласынын башкалардан кем калбашы үчүн болгон аракетин жумшайт. Ошондой эле физикалык жактан күчтүү болушуна чоң маани берет. Баласынын назик болушун каалабагандыктан, кичинекей кезинен баштап оор тапшырмаларды берип, күчтүүлүккө, чыдамкайлыкка үйрөтөт.
Тараза-ата
Тараза-ата балдарынын башкалардан өзгөчөлөнүп турушун каалайт. Баласынын ар тараптуу билимдүү болушу үчүн анын каалоосун эске албай туруп бардык аракеттерди жасайт. Ал баласынын ички сезимдери менен эсептешпейт. Ошондуктан, Тараза-атаны балдары сыйлайт, бирок сүйбөйт.
Чаян-ата
Чаян-ата бал тарбиялоодо катуу тартипти колдонушу мүмкүн, бирок ал болгону иреттүүлүк үчүн. Ал чындыгында балага өтө жумшак келет. Мына ушундай касиетинин жардамы менен баланын ага болгон ишеними пайда болот. Мындай атага атүгүл эне да тең келе албайт.
Жаачы-ата
Атанын ролу - ал үчүн оор, түшүнүксүз милдет. Ал баласынын проблемаларына кол шилтеп коюшу мүмкүн. Аталык милдет, жоопкерчилик, аракет, эмгек жана комкордук Жаачы-ата үчүн татаал нерселер. Бирок балдары чоңойгондо баары жакшы жагына өзгөрөт. Эркек баласы болсо, аны менен дос болуп алат.
Текечер-ата
Тарбияга өтө олуттуу көз карашта. Жүрөгүнүн тереңинде баласына өтө берилген. Ал жашоонун көп жактарын баласынан үйрөнөт, баласы атасынан үйрөнөт. Ал идеалдуу ата, тарбиячы, дос.
Суу куйду-ата
Балдарга болгон мамилеси муздак, бирок бул анын өзүнүн стили. Суу куйду атанын бир өзгөчөлүгү бар: ал баланы ачыкка чыгарбай эле сүйө билет жана ошол эле учурда баласы менен дос боло алат. Суу-куйду ата баланын фантазиясын, талантын өнүктүргөнгө шыктуу.
Балыктар-ата
Балдарын аябай сүйөт, аларды көп эркелетет. Тарбиялоодо кандайдыр бир тартипти колдонбойт, баары баш-аламан болуп кетет. Анткен менен баласынын жан-дүйнөсүндө эмне болуп жатканын айттырбай сезет. Баласынын келечеги үчүн кам көрүп, анын бактылуу болушуна аракет кылат.