Жол
Менин Мекке-Мединам
АМАНСЫҢАРБЫ, МЕН КЕЛДИМ! деп алкымыма ысык жаш кептелип, өзүмдү боз баш бала сезип, алсыз пенде экенимди мойнума алып тизелеп учурашчу, арыз-арманымды, кээде билип туруп мойнума алгым келбеген жаман-жакшымды чын дилден мойнума алып сыйынчу бир Меккем бар. Ал - менин Атам менен Апам жаткан кабыр. Айылдын четирээгиндеги бул мүрзөгө айылга келген сайын учурашып, айылдан кеткенче күндө таң атпай барып куран окуп, алардын рухтары менен кеңешип, жазда көчөт отургузуп, гүл эгүүнү милдетим, парзым, карызым деп билем. Барганда тизем калчылдап көпкө алкымым буулат, кайтканда кадимкидей кайраттанып, дем байлап, тазаланып кайтам. Ата, Апа, мен Президенттикке аттандым. Жеке кызыкчылык, жылуу орун, өлүү дүнүйө, мансап үчүн эмес, Эл үчүн, силердин орундалбай калган тилегиңер үчүн, силердей миллиондогон карапайым адамдардын жакшы жашоосу үчүн, балдардын эртеңи үчүн аттандым. Силер мага ушинтип үйрөткөнсүңөр. АТА, сиз мага АТА-ЖУРТТУ САТКАНДЫ эмес, КӨЗ КАРЕГИНДЕЙ САКТАГАНДЫ, ЭЛДИ ЖЕГЕНДИ эмес, ЭЛГЕ БЕРГЕНДИ, АПА, сиз ЭНЕ-БАЛАГА КОРГООЧУ БОЛГОНДУ, БИРӨӨНҮН АКЫСЫНА КӨЗ АРТПАГАНДЫ насаат кылгансыздар. Мына, ошол насаат, керээздердин аткарылышы үчүн аттанып отурам. Аттанаар алдында сиздерге келдим. Баягы-ы баягыдай кеңешип, акыл сурап алыш үчүн келдим. Адам өткөнүн эстебей калганда көөп, көзүн май басат дешет. Мен ушул жерден өткөндү эстеш үчүн келдим.


Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим...
Жалал-Абаддын жапыз адырларын этектей жайгашкан бак-шактуу Таш-Дөбө айылы кооз, заңгыраган үйлөрү менен эмес, дал ошол бак-шагы, мелтиреген айдоо талаалары менен көзгө түшөт. Ушул айдоо талааларды көргөн сайын айдоонун четинде баягысындай эле мизи күнгө чагылышкан кетменин көтөрүп алып атам суу коюп жүргөнсүйт. Айылга караңгыда барсам, айдоо аңыздарын аралаганда алыста-ан алыстан таш панардын жарыгы көрүнгөнсүп көкүрөгүм өрөпкүйт. Атам панар чырагын көтөрүп алып сугат сугарып, ал эми илмиңдеген туурук таман балдар - биз атама тамак алып бараткан кездер элестеп, ошол атамдын панары азыр менин дилимде жанат. Ошондогу апам жасаган эти бирде бар, бирде жок тамактын жыты каңылжаарымды өрдөп, жылуулугун алаканым сезип жаткансыйт. Азыр да ошол талааларда Күн түнөйт, ошол талаалардан нандын, токчулуктун, берекенин жыты жыттанат. Ошол кутман талааларда менин балалыгымдын издери жатат.

Шайтан көпүрө
Чаңгеттин суусу али да көз алдымда. Тим эле бууркандап аккан чоң сууга көпүрө токточу эмес. Ошондон уламбы, жээгин кемирип кеткен сайын көпүрө кошо урап, анда шайтандын өтмөгүндөй болгон асма көпүрө тураар эле. Андан беш чакырым жерди айлангандан эринген, шашкан зарыл иши бар адам эле өтпөсө, көпчүлүк даай алчу эмес. Бир жолу Арзымат экөөбүз ошол көпүрөдөн өтмөк болдук. Зарыл деле ишибиз жок, болгону балалык кызыгуу, шоктук түрттү окшойт. Орто ченге жетип калганда көпүрө асылып турган зым үзүлүп кетти. Жүрөгүм гана шуу эткени болбосо, коркуу сезими келген жок. Куду агымга өчөшкөндөй өжөрлөнүп, муздак сууга бой бербей жээкке чыкканым эсимде. Калчылдап үшүп жатып кимдир-бирөөгө, көпүрөгөбү, суугабы билбейм, ичимен "шашпагыла, ушул жерге көпүрө салбасам…" деп кекенгенимди али да эстеп, ошол али бала туруп тилектери, максаттары бар бала Камчыбекке азыркы көз менен сыймыктанып карап алам. Ал кезде көпүрөнү кайсы каражатка салуу кыялыма келбеген, билгеним, мен тилеген тилектер кандайдыр бир керемет менен сөзсүз аткарылчудай ишенимде болчумун. Эң башкысы, көкүрөктө ишеним, жигер болушу керек экен көрсө. Айткандай эле арадан көп жылдар өткөн соң ошол балалык тилегимди ишке ашырдым.

Балалыктын даамы
Эсимде, биз кургак нан менен жарты чакмак кантты жеп эле чай ичип алчубуз. Бирок ошол нан менен канттын даамы али да таңдайымда турат.
Атам эшиктин алдына коон-дарбыз эгээр эле. Кучак жеткис коон-дарбыздардын палегинде туруп жарылып кеткенин дагы эле эстей берем. Атам жолдон өткөн адамдарга коон-дарбыздан көтөрүп кетишинче бекер эле берчү. Бизге да "каалашыңарча жегиле, бирок, ашыкча коромжу кылбагыла" деп турчу. Атам канчалык коон-дарбызга тойгузса деле бизге жашырып уурдап жеген жакчу. Кээде атам "коон-дарбызды санап койдум эле, бирөө кемип калыптыр" десе, "алганыбызды билип коюптур" деп коркуп, "ата, мен үзүп жеп койдум эле" деп мойнубузга алып жиберчүбүз. Бала экенбиз да, унутулганда кайра эле атамдан жашырып алып жеген коон-дарбыз ширин сезиле берчү.

Мурас
Кээде "жубайлар окшош болот окшойт" деп ойлоп калам. Анткени, атам деле катуу киши болгону менен жаратылышынан абдан боорукер, ак көңүл, март, шар адам эле. Ошол окшоштугунан улам турмуштун бардык кыйынчылыгына чыдап, он бир баланы тарбиялап бой жеткиришсе керек. Алар бири-бирисиз узак жашай алышпады. Атамдан кийин эле апам жыл айланбай көз жумду. Эже-карындаштарым күйөөнү урматтоону, биз, уул балдар аялды сыйлоону атам менен апамдан үйрөндүк.

Темир канат...
Уядан учуп чыкканды темир канат деп коёт. Алыскы Барпыдан биринчи жолу алыска - Томск шаарына канат кактым. Анда сапарым кандай болоорун билген эмесмин, бирок, байсалдуу болооруна ишенгем. Анткени, бул жолго апам бата берип, атам өзү узаткан. Атам мени Томскиге аттантканда эле мойнума эл милдетин жүктөгөн экен. Антпесе, карапайым дыйкан үчүн менин дал өзүндөй мээнеткеч дыйкан болоорум жетиштүү болмок. Ар бир жооптуу ишке аттанаарда атам дагы эле ошол Анжиян вокзалында узатып калгансый берет. Эсимде, ар дайым окууга кетип атканда Сузактагы теплицадан гүл алып кетип ал жакка сатып, жол киремди чыгарып алчу болдум. Кийин деле майрамда гүл алып кетсем, кышка жакын жылуу өтүктөрдү алып кетип жол киреме, кийим-кечеме акча таап жүрдүм. Бул менин алгачкы бизнесим экен көрсө.
Студент кезде Томскидеги кыргыз балдарды чогултуп, алардын таламын талашып турчумун. Ошондо эле дилимде "бул менин мекендешим, кандашым. Аны калкалоого, жардам берүүгө милдеттүүмүн" деген сезим ойгонгон болчу.

Тагдырлашым - казак сулуусу
Мен тагдырлашымды, балдарымдын апасын Томск шаарынан таптым. Бизде окуган кыргыз кыздар мага бир тууган карындаштай сезилчү. Ошондон улам казак сулуусуна көзүм түштү окшойт. Ал кезде Айгүл казак кыздарынын эң сулуусу наамын жеңип алган уяң, жөнөкөй кыз эле. Биз төртүнчү курста баш коштук.
Алгач атама айтсам, "жакыныраактан табылбадыбы?" деп сөктү. Мен ошондо биринчи жолу атамдын айткан сөзүнө каршы чыктым. Акыры атам көндү. Ошондо атам айылдагы имиш-имиштен "келиндин атасы нефтини кайра иштетүүчү заводдун директору экен" деп угуптур. Жөнөп баратканда "атасынын оозун урайын, кайнатаң мага демектен Чымкенттин губернатору болсун, акыркы малымды сатсам да сени жер каратпайм, балам" деди. Мен деле чын-төгүнүн билбейм. Анткени, бизди мансап, эсептүү кайын күтүү эмес, сезим табыштырган эле. Кийин барсак биздей эле карапайым атасы молдо, энеси үй кожойкеси, он эки баланы тарбиялап чоңойткон жупуну адамдар болгону менен бизге караганда бардар турушат экен. Жупуну барган, жупуну кийинген атамды казак кудалар теңсинбей кабыл алышты. Атам абдан намыскөй киши болчу, жер карабаса да сынып турганын байкап ичимен кан өттү. Менин абалымды сезди окшойт, четке чакырып, "эч нерсе эмес, балам, мунун баары убактылуу. Сен да жетилээрсиң. Байлык топтой албаган мен күнөөлүүмүн" деп кайраттандырып койду. Биздин абалды кыраакы кайнатам сездиби, же чын эле мага ишендиби, кең көөдөн казак инилерине "мындан мыкты адам чыгат. Мен батамды берем, силер киришпегиле. Жакшылап сыйлап узаткыла. Бир кейигеним, кенжем алыска түшүп калды, топурак сала албай калаар бекен" деген эле. Мына ошол пайгамбардай эки абышканын айтканы келди.
Атам айылга келгенде эшикке такталардан стол жасап той өткөргөн. Биздин той ошол кездеги тойлордун алды болгон. Келинчегим ошондо кандай жөнөкөй болсо, азыр деле ошонусунан өзгөргөн жок. Абдан жөнөкөй, акылдуу аял.

Ишеним
Кээде жакын адамдар "Камчы аке, Кыргызстан оңолбойт окшойт" деп калышат. Ошондо мен "антип айтпагыла, көрөсүңөр, Кыргызстан оңолбойт деп көчүп кеткен адамдар Кыргызстан оңолгондо кайра келгенге зар болот" деп айтам. Мен бул сөзгө өзүм ишенип айтам, мен абдан жашоодон кыйналган күндөрдө да ушул сөздү караан кылып, кайраттанам.

Айжаркын ЭРГЕШОВА