Лунара Мамытова,
"Ала-Тоо"маалымат программасынын алпаруучусу:
"Убактылуу ажырашуу сезимди курчутуп, сүйүүнү бекемдейт экен"
Телекөрүүчүлөрдү сагындырып көптөн бери көрүнбөй калган бир жүз "жарк" этип кайрадан экрандан пайда болду. Бул - "Ала-Тоо" маалымат программасынын алпаруучусу Лунара Мамытова. Баласын торолтуп коюп, билек түрө кайрадан жумушуна киришкен айым менен маек курган элек.
- Лунара, мурун сени диктор катары гана таанычу элек, декреттик тыныгуудан келгениңден бери кабарчы катары да көрө баштадык?..
- Ооба, теледе азыр талап мурункудан башкача. Мурун биз жаңылыктарды алып баруу менен гана чектелчүбүз. Ошондо мен өзүмдү негедир бир чийиндин ичине түшүп калгандай, өнүкпөй калгандай сезчүмүн. Ошол кездеги жетекчиге кирип: "дикторлуктан сырткары съёмкага чыгып, сюжет жасасам болобу?" деп суранганым эсимде. Анда ал: "Силердин милдетиңер - текстти окуу. Андан көрө сергек көрүнүү үчүн тоого чыгып, сууга сүзгүлө. Сырткы келбетиңерге кам көргүлө",-деп койгон. Азыр болсо өзүңдү ар тараптан көрсөтүшүң керек экен. Мага бул майдай жакты. Кабарчы катары иштеген аябай кызыктуу экен. Эки жакка чуркап жүрүп убактыңдын кантип өткөнүн да билбей каласың. Мурун жолдошума "эмне кылып жатасың?" деп бир күндө он жолу телефон чалчу элем, азыр баламды да кээде унутуп калам.
- Бала демекчи, балаң чоңоюп калдыбы? Аны ким карап жатат?
- Уулум 1 жаш 3 айлык болуп калды. Аны сиңдим Мирана карап жатат. Ырдайм деди эле, "бир аз коё тур, баламды карап берсең, өзүм ыр жаздырып берем, клип тарттырып берем" деп жаныма алып алгам. Баланы аябай жакшы карайт, "бул менин балам" деп мени чычалатып калат.
- Ошто жашачу эмес белеңер, эми сенин жумушуң үчүн борборго көчүп келдиңерби?
- Ооба, ошенттик. Жаман жери, мен балам менен борбордо, жолдошум Ошто болуп жатат, анткени, анын жумушу ошол жакта. Экөөбүз эки жакта аябай кыйналып жатабыз. Мурун Бишкекке командировкага десе дароо баш тартчу эле, азыр биринчи мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай учуп келет. Биздин келгенибизге бир жарым айдай убакыт болду, андан бери бир нече жолу келип кетти.
- Оо, жумушуң үчүн чоң курмандыкка барган турбайсыңбы анда. Жолдошуң буга кантип уруксат берди?
- Аргасыздан уруксат берди. Тобокелчиликке барыш керек экен бул жашоодо. Антпесең бир орундан жыла албайт экенсиң. Экөөбүз баш кошуп жатканда ата-энем Урматтын "Лунара жумушун таштабайт" деген убадасын алышкан. Анын үстүнө кайненем менен кайнатам, чоң кайнатам аябай билимдүү, түшүнүктүү, маданияттуу адамдар. Алар дагы колдошкондон кийин күйөөм каршы чыга албады окшойт. Бирок азыр телефон чалган сайын "Лунара, мен сени айла жок эле жөнөттүм",-деген сөзүн кайталай берет. Үй-бүлөнүн экиге бөлүнүүсү болбойт экен, мындай шартка экөөбүз тең көпкө чыдай албайбыз го. Анын жумушун Бишкекке которобуз, балким мен кайра Ошко кетип каламбы... Бирок мунун жакшы жагы да бар экен. Мындай убактылуу ажырашууда сезимдер курчуп, сүйүүлөр мурункудан да бекемделет деген чын экенине көзүм жетти. Биз азыр ушундай абалда жүрөбүз.
- Сага эмне көбүрөөк ырахат тартуулайт экен: баланы эркелетип үйдө отуруубу же эфирден сүйлөөбү?
- Экөөнүн ырахаты эки бөлөк. Албетте, эне үчүн балаңдын ар бир кылыгына ичиң элжиреп, анын маңдайында болуудан ашкан ырахат жок, бирок ошол эле учурда иштеш да керек. Такай кыймылда жүргөн адам үйдө отура албай экен. Бала менен болуп убакыттын кантип өткөнү деле билинбей калат, бирок баарыбир көкүрөгүңдө бир бөксө тура берет экен. Акыркы күндөрү энергиям, иштөөгө болгон каалоом ашып-ташып, өзүмө-өзүм батпай калдым. Ушул эле учурду коё берсем, жолдошумдун койгон талабы боюнча балам үч жашка чыккыча үйдө отурсам ишке болгон кызыгуум басаңдап кетчүдөй сезилгендиктен, жогоруда айтылган курмандыкка барууну чечтим. Ал эми үйдө отурганымдын бир пайдасы, бош учурдан пайдаланып жолдошум, уулум үчөөбүз ушул жайда саякаттап келдик. Үлпөт тоюбузда белек катары келген жолдомо менен алгач Антальяга эле барганбыз, саякатка болгон кызыгуубуз ашып кетип, андан ары Израилге, Палестинага, Иерусалимге кетип калдык да, Өлүү деңизге түштүк, тарыхый баалуулуктарын өз көзүбүз менен көрүп, рухий байлыгыбызды толуктап келдик.
- Орган адамдары адатта орой болот эмеспи. Сенин жолдошуңда да ушундай сапат барбы?
- Жумуштагы Урмат менен үйдөгү Урмат таптакыр эки башка. Кээде жумуш боюнча телефондон сүйлөшүп жатканын угуп өз күйөөмдү өзүм тааныбай кетем. А мени менен сүйлөшкөнүн уккан достору таң калышат экен. Көрсө, аларды жумушу орой болууга мажбурлайт экен да.
- Сага Ош көбүрөөк жагабы же Бишкекпи?
- Мага Кыргызстандын бардык жери бирдей сезилет. Өзү кичинекей мамлекетибиз болсо дагы анын эмнесин бөлөбүз, туурабы? Болгон айырмасы, Ошто менин ата-энем бар, а Бишкекте жумушум бар. Негизгиси, мен өзүмдү эки шаарда тең суудагы балыктай эркин сезем.
- Кичине кезиңде популярдуу болууну кыялданчу белең?
- Кичине кезимде популярдуулукту эмес, келечекте ким болуумду деле элестете алчу эмесмин. Анткени, бардык сабактарды жакшы окуп, алардын баарына кызыгуум бирдей болчу. Ошондо эле өзүмдү-өзүм ар тараптуу өркүндөтүүнү каалагандыктан, бий ийримине деле, психологиялык курстарга деле жазылып, ошол эле учурда маданий иш-чараларга активдүү катышчумун. Бирок апам негедир менин диктор болушумду каалачу. Апамды кесиби мугалим, 3-классыбызда бизге орус тилинен сабак өтчү. Бир жолку сабакта "ким кайсы кесиптин ээси болот?" деп сурап калды эле, мен негедир "диктор болом" деп жооп бергеним эсимде. Ал кезде дикторлукка болгон кызыгуум деле жок болчу, эмнеге ошентип жооп бергенимди өзүм деле билбейм.
- Сенин атаңдын белгилүү журналист болгонунан кабарыбыз бар. Анын жолу менен кетипсиң да?..
- Ооба, атам Ош телевидениесине көп эмгеги сиңген диктор, сценарист, жазуучу, кыскасы, көп кырдуу талант эле. Биз үйдө беш бир тууганбыз: төрт кыз, бир уул. Ошолордун арасынан жалгыз мен атамдын жолун жолдодум. Анын артынан жүрүп ар кандай маданий иш-чараларды алпарып, атүгүл 5-классымда балдарга арналган бир телепрограмманын алып баруучусу болчумун. Андан кийин да Ош-3000де, "Алмаз" радиосунда иштедим, бул жаатта "Ала-Тоого" келгенге чейин эле бир топ тажрыйба топтогом.
- Эгер дикторлукка мурунтан шыгың бар болсо башка кесипти тандап кеткениңе эмне себеп болду? Тарых илимин беш жыл казып окуп, бирок аны жашооңдо колдонбой жатканыңа өкүнбөйсүңбү?
- Дикторлукка шыгым бар экенин өзүм да билип, аны окубай туруп эле өркүндөтүп кетсе болоруна көзүм жетти. Ар тараптуу болгондун бир жаман жери, кесип тандай албай чайналат экенсиң. Медик болсомбу, юрист болсомбу, же котормочу болсомбу деп мен 11-классты бүткүчө эле ойлонуп жүрдүм. Эң акыркы учурда гана атам менен кеңешсем, ал: "Кызым, тарыхчы бол. Ошол эле медицина, ошол эле котормочулук мына ушул илимдин ичинде. Тарых кеңири масштабдуу, көп тармакты ичине камтыган илим",-деди. Ошентип, атамдын сунушу менен тарыхчы болууну чечтим. Алгач которулуп кетем деп ойлочумун, бирок 2-3-курстарда бул илимге өтө кызыгып, баш-отум менен кирип кеттим да, кызыл диплом менен бүттүм. Аны бүткөн соң юридикалык факультетке сырттан тапшырып, аны да артыкчылык диплому менен аяктадым. Ал эми тарыхты азыр колдонбой жатам деп ойлобойм. Атам айтмакчы, анын бардык жерде кереги тиет экен. Мисалы, иш сапарым менен Египетке барганымда андагы асылдыктарга тарыхчынын көз карашы менен карап, изилдеп, аларды көрүүчүлөргө жеткирип берүүдө бул кесибимдин пайдасы зор болду.
- Теле жаатында буга чейин эле тажрыйбаң бар болсо да сенин жүзүң Кыргызстанга "Ала-Тоо" программасы аркылуу ачылды окшойт. Бул жакка кантип туш болуп калдың эле?
- "Ала-Тоого" кастинг аркылуу келгем. Ал кезде окуу жайдын акыркы курсунда окуп, ошол эле учурда "Агахан" менчик мектебинде мугалим болуп иштечүмүн. Мындан тышкары, дипломумду коргошум керек болчу, радиодо, телевидениеде, кыскасы, бир эле мезгилде 5-6 жерде иштечүмүн. А КТРге келүү оюмда деле жок болчу, дегдеп, бул тууралуу максат деле кылган эмесмин. Ошондо КТР дикторлукка кастинг жарыялап бир айдай эфирден кетиргенин деле көргөм, бирок маани бербегем. Анан бир эженин сунушу менен орусча, кыргызча текстимди жаздырып, дискти берип жиберсек, эртеси күнү эле "келгиле" деген жооп алдык. Ошол учурда мен атамдан айрылып, башыма жоолук салып жүрчүмүн. Балдарынын ичинен атама эң жакыны мен болчумун да, Ошто ал жүргөн жерлер, тууган-урук аны эстетип, аябай жаман болуп жүргөм. Апам мени бир аз алаксысын дедиби, кастингден өткөнүмдү кубаттады. Жоолугумду башымдан чечтирип, өзү Бишкекке алып келип жайгаштырып кеткен.
- Жогоруда ар тараптуулукту жактырарыңды, дайыма өнүгүп-өсүп турууну каалаганыңды айтып өттүң. Сурайын дегеним, эми ушул эле чөйрөдө кала берейин дейсиңби же дагы башка пландарың барбы?
- Ушул тууралуу азыр ойлонуп жүргөн чагым. Албетте, азыркы жумушумду сүйөм, бирок өмүр бою эле муну менен кала берүүгө болбойт го. Келечекте илим жагына кетсемби деген оюм бар. Же дагы башка кошумча билимге ээ болсомбу дейм... Кыскасы, билимимди, көз караштарымды кеңейтишим керек. Азыр жаш эмесминби, ушундай кезде мүмкүнчүлүктүн жетишинче иштеп алсак, бир орунда отуруп калганга да убакыт келет.

Азиза САТИМБЕКОВА