Гүлзат:
"Бүт теримди шылып алышса да кайыл элем"
Таластык жубайлар Бейшен жана Гүлзат Эсенкуловдордун беш жаштагы кызы Кундуз менен Бишкектеги №4 борбордук оорукананын күйүк бөлүмүнө түшкөнүнө толук бир ай болду. Кундуз чоң казандагы кайнак сууга түшүп кеткен. Доктурлар болгон күчүн жумшап жатышат, бирок Кундуздун абалы дагы деле оор бойдон. "Башында кызымдын абалы мынчалык оор болот деп ойлогон эмесмин, көп болсо он күн дарылансак айыгып кетебиз дегем. Кызымдын күндөн-күнгө солуп бараткан абалын, алсыздыгын көрүп жүрөгүм сыйрылат..."-дейт Кундуздун апасы Гүлзат көз жашын төгүп.
- Гүлзат, бул каргашалуу окуя кандайча болуп кетти?
- Үйүбүзгө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнбүз. Айылда билесиңер, сууну очокко от жагып ысытабыз. Пол жууганга деп эшиктеги очокко казан асып суу куюп берип, 7-класста окуган уулум бизге жардам берип казанга от жагып жаткан. Бир маалда эле "чар-р" деген кызымдын үнү чыкты. Казан кайдан оюма келсин, жыгылып кетти го деп жанымдагы улуу кызымды жөнөттүм, "карап келчи, сиңдиңе эмне болду экен" деп. Ал кийимдерин чечип салып, "казанга түшүп кетиптир" деп ээрчитип келди.
- Кантип түшүп кетиптир? Казандагы суу кайнап жатты беле?
- Кантип түшүп кеткенин түшүнбөй калдык. Өзү да айтпайт. Эч кандай тентектиги жок жоош, эч кимге зыяны тийбей өзү менен өзү жүрө берген кызым бар эле, кырсык ага деле карабайт экен, кырсык каш-кабактын ортосунда деп ошон үчүн айтылат экен да. Кирпичтен жапыз кылып эле очок жасап, казанды ошого аскан элек. Менимче, артын карап баратып очокко чалынып кеткен да, түшүп калган. Оң колу менен оң бутунун эле айрым жерлери, анан бети соо калган, денесинин калган бөлүгү бүт күйгөн. Ошондон улам оң колу, буту менен казанга асылып калган окшойт деп болжодум. Суудан кайра өзү чыгыптыр. Ошондон 10-15 мүнөт мурун эле ушул кызым келип: "Апа, байкем казанга дагы от жагайынбы деп сурап жатат",-дегенинен: "Жок, токтотсун, ушунусу жетет",-деп койгом. Жакканда суу кайнамак. А бул бир аз мурун кайнап, токтоп калган суу болчу.
- Биринчи эле аракетиңер кандай болду?
- Эмне кыларымды билбей шок болуп калдым. Күйгөндө муздак суу чачса болор-болбосун билбейм, бирок мен эмне кыларымды билбей кызымдын үстүнө муздак суудан куя бердим. Анан дароо эле айылдык ооруканага алып жөнөдүк. Ал жерден врачтар биринчи жардамды көрсөтүшүп, тезинен Бишкекке баруубузду сунушташты. Окуя кечкисин болгон, түнү менен жол жүрүп, эртен менен №4 ооруканага келдик. Доктурлар дароо карашып, 3-В даражадагы күйүк деп аныкташты. Денесинин 70 пайызга жакыны жабыркаптыр.
- Андан бери бир ай убакыт өтүптүр. Азыр кызыңыздын абалы кандай? Жакшы жагына жылыш барбы?
- Врачтарга миң ирет ырахмат. Алар колдорунан келген аракеттерин жасап жатышат. Эң негизгиси, кызыбызды аман алып калышты. Элден айланса болот, алгачкы күндөрү кан керек болуп, өз каалоолору менен донор болуп кан берген адамдар аябай көп болду. Азыр эми эти ылжырап, такай канап турат. Өткөндө доктурлар кургаткыла деди эле, атасы экөөбүз фен менен эки жагынан кургатканбыз. Ишенесизби, баягы ылжыраган дене куду сүрсүгөн эттей болуп капкара болуп калды. Андай болгондон кийин кайра калыбына келбейт экен, этин эле калтырып, ал өлгөн терисин бүт сыйрып салышты. Кечээ жакында эле биринчи операциясы болду. Анда өзүнүн терисинен алып жамашты эле, анысы эч канчага жеткен жок. Терисинин соо жери аз эле да. Эми экинчи операцияда менин теримден алмай болушту. Бирок ал убактылуу эле, өзүнүн териси болмоюнча болбойт экен. Эгер убактылуу жамап турбаса, ашыкча эттер өсүп кетет дейт. Эгер менин теримди жамаса болсо кызым үчүн бүт теримди шылып алышса да кайыл элем.
- Бир калыбында жата берип тажаса да керек, ыйлап, чыргоолонбойбу?
- Чалкасынан эле жата берет. Башка жагына оодарайын десем чырылдап ыйлайт. Памперс колдонуп жатабыз, анысын ыйлатып котором. Кызым өзү эле жоош эле, азыр такыр эле чөгүп, чүнчүп, такыр сүйлөбөй калды. Суроо берсең башын ийкеп же чайкап коёт, же керектүү нерсесин бир сөз менен айтып коёт, болду. Жата берип колу-буту талыйт да, кээде укала дейт. Тамакты да аябай аз жеп калды, барган сайын алсыз болуп эле баратат. Келгенден бери наркоздон башы чыга элек байкуш кызымдын, перевязканы да наркоз менен кылышат.
- Канча балаңыз бар, Кундуз канчанчысы?
- Төрт балабыз бар: үч кыз, бир уул. Улуу кызым 8-класста окуйт, андан кийинки уулум 7-класста. Үчүнчүсү Кундуз 5 жашта, эң кенже кызыбыз 4 жашар. Кырсык болгондон бери күйөөм экөөбүз тең Бишкектебиз, балдарды апама калтырып келгенбиз.
- Дары-дармекке кеткен каражат маселеси кандай болуп жатат? Өзүңөрдүн мүмкүнчүлүгүңөр жетип жатабы ага?
- Биз катардагы айылдык үй-бүлөлөрдөнбүз. Жолдошум иштейт, мен балдар менен үйдө элемин. Өзүмдүн кесибим мугалим, бирок декреттик эс алууга кеткен бойдон жумушка чыга элекмин. Дагы жакшы, башында канды, плазманы жардам катары донорлор берип жатышты. Азыр деле күнүнө миң сомдун тегерегиндеги акчага плазма куйдуруп жатабыз. Дары-дармеги, операциясы болуп бир топ эле акчаны чапчыганы турат. Эмне кылмак элек, балаңдын өмүрү үчүн жерден чукуганга да даяр экенсиң...
Кундузга жардам
берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефондору:
0558 595965 (Гүлзат),
0777 055350 (Бейшен)

Айназик РАИМКУЛОВА