Темперамент жана кесип
Ар бир мектеп окуучусунда эртеби-кечпи кийинки жашоосун - кесип тандоо маселеси келип чыгат. Тилекке каршы, бир нерсеге болгон кызыгуу жаш кезде улам өзгөрүлө берет, а темперамент өмүр бою бизди коштоп жүрөт. Андыктан, кесипти аныктоодон мурун адам өзүнүн темпераментин аныктап алуусу кажет. Анан ошого жараша кесип тандаса, ал ишинен сөзсүз ийгилик жаратары шексиз.


Флегматик
Ишенимдүү, бирок жай кыймылдаган кызматкер. Жай кыймылдаганы менен бардык иштин майын чыгара жасайт. Өрт чыгып жатса да ызы-чуу кылбай, шашпай анализ жүргүзүп, анан жыйынтык чыгарат. Андыктан, булардан мыкты экономисттер, бухгалтерлер чыгат. Бул сапат алардын хирург болушуна тоскоол болушу мүмкүн, бирок булардан эң мыкты терапевт чыгат. Актёрдун, коммерсанттын, телеоператордун жашоолору алар үчүн оор болуп калат.
Сунуш кылынуучу кесиптер: механик, электрик, инженер, агроном, айдоочу, илимий ботаник, астроном, физик, математик.
Флегматик деген ким? Аны күлдүрүү да, капалантуу да кыйын. Айланасындагылардын баары каткырып жатса да ал унчукпай отура берет. Же болбосо кандайдыр бир кайгылуу учурларда да өзүн тынч, токтоо алып отурат. Анын мимикасы да, сөз байлыгы да жок. Тапкыч эмес, жаңы кырдаалга кыйынчылыктар менен көнөт. Бирок энергиялуу, жумушка жөндөмдүү. Сабырдуулугу, токтоолугу менен айырмаланат. Ал жаңы адамдар менен тез тил табыша албайт, аларга таасир бере албайт.

Меланхолик
Меланхоликтерге адамдар менен такай сүйлөшүү керек болгон кесиптер жараксыз. Андан көрө аларга компьютер менен "сүйлөшүү" жакшы. Анткени, алар эмоционалдуу, сезимге тез алдырган адамдар болушат. Алардын жумушка болгон мамилеси маанайынан түздөн-түз көз каранды. Маанайы көтөрүңкү болсо - кылган жумушу менен элдин баарын таң калдырышы мүмкүн, маанайы жок болсо - баарына кош көңүл карап коюшат. Тилекке каршы, бул кызматкерлердин маанайын түшүрүш оңой. Меланхоликтер жалгыз иштегенди жакшы көрүшөт. Доктурдун, айрыкча хирургдун, учкучтун, куткаруучунун иши меланхоликтин нерв системасына доо кетирип, ден соолугуна залал келтирет.
Сунуш кылынуучу кесиптер: педагог, искусство ишмери, сүрөтчү, модельер, композитор, жазуучу, геолог, агроном, бухгалтер ж.б.
Меланхолик деген ким? Өтө сезимтал адам. Ошондуктан, ал болбогон жерден ыйлап жиберет, өтө таарынчаак, назик. Үнү да жумшак, мимика, кыймыл-аракети аз. Ал өзүнө көп ишенбейт, тез сынып калат. Бир аз эле кыйынчылык болсо өзүн таштап коёт. Меланхоликтин энергиясы аз, туруксуз, тез чарчайт жана жумушка жөндөмсүз. Бирок тынч, өзү көнгөн кырдаалда ал көп нерсе жасап коюшу мүмкүн.

Сангвиник
Сангвиник - тубаса жетекчи. Кол алдындагыларынын көз карашында ал эң жакшы жетекчи болот. Анын күчтүү жагы - өзүнө макулдата билүүсү. Кайталанма, тажатма жумуштар ал үчүн эмес. Мындай жумуштар ага бир гана кызыксыз болбой, мындан ал жумушка болгон жөндөмүн бүт ббойдон жоготот. Мындай адамдар такай алга жылып, профессионалдык жактан өсүп туруусу кажет, а жумуш аларга улам жаңы таасирлерди тартуулап турушу керек.
Сунуш кылынуучу кесиптер:менеджер, мугалим, доктур, психолог, сатуучу, официант, инженер-технолог ж.б.
Сангвиник деген ким? "Тирүү", кыймылдуу адам. Маанайы тез-тез өзгөрүлүп турат. Анын маанайын же адамдарга болгон мамилесин жүзүнөн оңой эле билип коюуга болот. Өтө активдүү жана энергиялуу болгондуктан, ал жаңы ишти оңой эле алып кетет жана чарчабай көпкө чейин иштей алат. Эгер кааласа, өзүнүн эмоциясын сыртка чыгарбай да коюшу мүмкүн. Башкалардан тез кыймылдаганы, тез сүйлөгөнү, ийкемдүүлүгү, тапкычтыгы менен айырмаланат. Сангвиник жаңы адамдар менен тез эле мамиле түзүп, тил табышып кетет, жаңы кырдаалга, жаңы талаптарга тез көнөт.

Холерик
Холериктер энергияны көп талап кылган жумуштардан ийгилик жарата алышат. Алар - лидерлер. Стресске оңой менен алдырбагандыгы менен башкалардан айырмаланат. Зарыл болгон учурда алар тез күч топтоп алышат. Бирок бир тараптуу, кызыксыз жумуштарды холериктерге сунуштоонун кажети жок. Алар жумуштун көптүгүнөн чарчашпайт, кайнап турган энергиясын ичке катуудан чарчашат. Холериктерге китепканачынын, бухгалтердин жумушу карама-каршы келет.
Сунуш кылынуучу кесиптер: журналист, артист, дипломат, ишкер, хирург, айдоочу, машыктыруучу, менеджер, куруучу, режиссёр, ашпоз, геолог, электрик ж.б.
Холерик деген ким? Сангвиник сыяктуу активдүү. Сезимдерин ачык билдирет. Бирок ал чыдамсыз, бир нерсени ичине батыра албайт. Жарылма. Жаңы жумушка жан-дили менен көңүл буруп, баш-оту менен берилет. Холерик бир жерде тынч отура албайт, жок дегенде позасын тез-тез алмаштырып турат.

Сауле СУЛАЙМАНОВА