Тураханова Наркан:
"Эки айлык ымыркайы менен
кызым ак жеринен абакта отурат"
Эч бир эне баласынын күйүтүн көрүп, көз жашын төкпөсүн. Биздин каарманыбыз Наркан эженин кызы ак жерден күнөөлөнүп, 9 жылга эркинен ажыратылган. Абакта жатып көз жарып, учурда баласы менен Степное айылындагы айымдар түрмөсүндө отурат. Жаш болсо да күйүттөн бырыш түшкөн бетине тамчылаган жаштарын улам аарчыган эне болгон окуяны төмөнкүчө баяндап берди:
"Кызымды алдап ала качып кетишти"
- Жолдошум экөөбүздүн тең улутубуз кыргыз, бирок учурда Өзбекстандын Наманган областындагы Чартак районунун Кумрабат айылында турабыз. Мурда Жалал-Абадда жашап, балдарыбыз ошол жакта төрөлгөн. 5 балабыз бар: 3 кыз, 2 уул. Бул кызым Тураханова Гүлайхан 1991-жылы туулган. Ачык, тың, шайыр жүргөн кыз эле, баскан жери күлкү болчу. Жалал-Абаддан мектепти аяктаган соң Таш-Көмүр шаарындагы №111 кесиптик лицейден компьютердик кесипти бүткөн. 2010-жылы Бишкекке келип, катардагы жаштардай эле иштеп, өзүн камсыз кылып жүргөн. Ошол убакта Бегимай деген курбу кызы бар экен, ал экөө Таалай аттуу бала менен таанышып калышат. Бирок кызыма караганда, ал бала Бегимай менен жакыныраак мамиледе экен. Ошентип бир күнү кызым Ысык-Көлдөн эс алып келсе, Бегимай жолугуп: "Досторубуз тосуп алабыз дешти, Жалал-Абадга барып келбейлиби?" дейт. Кызым макул болуп, аларга Таалай кошулуп үчөө жөнөшөт экен. Жалал-Абадга барышса, бейтааныш эки бала эле тосуп алышат. Кызым "досторубуз кана?" десе "азыр келишет" деп алдап, бир үйгө барып олтурушат. Кызым бир стакан шире ичкенин билет экен, ошондон башка эч нерсе билбей калыптыр. Эртең менен ойгонсо үйдө эч ким жок. Эмне кыларын билбей олтурса, Таалай келип: "Мен сага үйлөнөм, сен бүгүндөн баштап менин аялымсың. Азыр өкүл апабыз келет, тааныштырам" дейт. Көрсө, мунун баары Таалай кызымды ала качыш үчүн уюштурулуп жасалган иш экен. Аңгыча эле бир аял келет, кызым "кетем" деп болбойт. Анан Таалайдын агасы келип мылтык такап: "Олтурасың, болбосо атып салам" деп коркутуп отургузуп коюшат. Ошентип, бир ай жашагандан кийин өкүл апасы мага чалып: "Эки жаш табышып калышыптыр, бир туугандары акча чогултса бир кой алып, сизге барабыз" деди. Алар Жалал-Абад областынын Көк-Жаңгак шаарынан болушат. Баланын апасы эң кичүү кызы төрөлгөндө таштап качып кетиптир, аны кыздын атасынын карындашы багып алыптыр. Атасы өзү алкаш экен. Үй-бүлөдө төрт бала, эки кыз чоңоюптур.

"Айзат менен Рахат өз кылмыштарын кызыма оодарып коюшту"
- Ошентип кызым менен күйөө балам жакшына эле жашап калышат. Анан бир күнү кызымды өкүл апасы "кашымды терип бер" деп чакырат. Кызым 14 жаштагы кайын сиңдиси Айзат экөө барышат. Кечинде кызым "кетели" десе, өкүл апасы "күйөөм мас болуп келет экен, бүгүн түнөп эле кеткилечи",-деп болбой алып калыптыр. Өкүл апасынын үйүндө лицейге окуганы келген эжесинин Рахат аттуу кызы бар болот. Кечинде Рахат менен Айзат бир бөлмөгө жатышат. Өкүл атасы мас болуп уктап жатса, өкүл апасы кызыма баласын каратып коюп, баягы кызыма мылтык такаган кайнагасы менен кетип калат. Кызым баланы карап уктап калат, Айзат болсо Рахатты ээрчитип барып, өзүн багып алган энеси Матсакова Бурмакандын үйүнөн алтын буюмдарын, акчаларын уурдашып, ошол бөлмөсүн өрттөп жиберишет. Ал бир бөлмө толук өрттөнө электе кошуналары келип өчүрүп калышат. Эртеси күнү кызым үйүнө барса, кайнежеси "үйүм өрттөндү" деп жаңжал кылып келип Айзатты урат. Кызыма "сен эмне билесиң, айт" десе ал өкүл апасынын үйүнө жатканын айтып берет. Анан күйөө балам кызыма: "Булар сенден көрүп жатышат. Сен кетип кал. Мен сени билбейм деп коём"- дейт. Кызым үйгө келип "апа, ушундай болду" деп мага окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Кызым үйгө келип "апа, эми тигилер жашатышпайт окшойт. Бишкекке барып иштей берейин" деп Бишкекке келген. Берки эки кыз кармалып, менин кызымды күнөөлөшөт: "Жеңем бизди керосин тапкыла" деген, биз аны таппай: "тамак жасаган май бар экен" десек, аны бизге зордоп алдырып, үйгө барып бизди айнектен көтөрүп киргизип, "алтын, акчаларын уурдап, өрттөп чыккыла" деп буйрук берген. Биз акча, алтындарды алып берип, өрттөп чыксак качып кетип калыптыр. Үйгө келсек бир бут кийими суу, ал бизге "сууга түшүп кетип алтындарды жоготуп койдум" деп акчаны бөлүп берди" дешет. Анан кайнежеси Матсакова Бурмакан Румыниядан чыккан эки гарнитур, чоң килем, майда килем, жууркан, шифоньер, шкаф, алтын буюмдар, кыргыз сому, орус рубли, үйдүн үстүндөгү чатыры болуп жалпы 677 миң 920 сом зыян келтирилген деп сотко арыз берет. Ошол бир бөлмө үйгө ошончо буюм турчу имиш. Бурмакан мага: "Төшөктөрүм бүт карайып калыптыр, Айзатты каргап жууп чыктым" деп айткан. Эгерде төшөктөрү карайса катуу деле өрт болгон эмес да.

"Ак жеринен 9 жылга соттолуп кетти"
Ошентип анын арызы боюнча Жалал-Абаддан оперативдик топ Бишкекке келип кызымды кармап кетишет. Бир күнү эле кызым телефон чалып: "Таякеме айтып, адвокат алып келгиле" деп жатпайбы, мен эмне болгонун түшүнгөн жокмун. Агама айтсам, дароо эле "милицияга түшүп калган турбайбы" деп билди, ал милиция болуп иштеген да. Аны угуп алып өзүмдү жоготуп койдум. Эртеси агам экөөбүз Жалал- Абад областынын Сузак районуна келдик. Кызым менен бизди учураштырбай коюшту. Ошол күнү санкция бермек экен, адвокат "5000 сом бергиле, чыгарабыз, кызыңар боштондукта жүрө берет, сурак болгондо эле келип турат" деди. Биз эмне болгонун түшүнбөй эле акча албай барганбыз да, чыгара албай калдык. Ал жактан милиционерлер кызымды: "Сен мойнуңа алсаң эч нерсе кылышпайт. Сени жаш келин деп, бул кыздарды жашы жете элек деп бошотушат. Кол коюп берсең, өзүңө жеңил болот. Эркиндикке чыгып кетесиң" деп алдап бир кагазга кол койдурушкан экен. Аны кайра кызым чийип салса, муздак жер төлөөгө алып кирип, жылаңачтап сабашыптыр. Кызым "боюмда бар" десе ичине тээп, уруп моюнуна алдырышкан. Сот болду, биздин айткан сөздөрүбүздү укпастан, кызымды: "Жашы жете элек кыздарды кылмышка тарткан", "Бирөөнүн мүлкүнө кол салган", "Үй өрттөгөн" деген үч оор берене боюнча Сузак райондук соту тогуз жылга эркинен ажыратты. Шарабидин кызы Айзат 14 жашта, жашы жете элек делинип күбө катары эле суралган. Нурланбек кызы Рахат болсо жоопко тартылып камакта олтурган, бирок ал тез эле чыгып кетти. Кийин уксак акча берип бошотуп кетишиптир. Облустук сотко аппиляциялык арыз жазганбыз, алар Сузак райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырып коюшту. Негизи, бул окуя болоордон бир жыл мурун да ошол кыз багып алган апасынын үйүнөн 70 миң сомдой акча уурдаган экен. Аны эжеси кармап алып, бирок кайра кечирим сурашып жашап калышыптыр. Экинчи сотто кызымдын боюнда бар экенин билдик, ошондо ал: "Мен күнөөлүү эмесмин, чыгаргыла" десе, кайнежеси: "Айзат менен Рахатты жашы жете элек деп чыгарышса, муну боюнда бар деп чыгарса, мен күйүп кала беремби? Жок дегенде бирин камап бергиле"- дейт. Андан кийин адвокат Жогорку сотко арыз жазды. Ал арыздын негизинде ушул жылдын 29-июнунда сот болмок болуп, мен Бишкекке келгем. Келсем соту 13- июлга жылды...

"Неберем абакта төрөлдү"
Кызым абакта жатып кыз төрөдү, кызынын атын Жаркынай койдук. Бала кыйынчылыгы жок, 3кг 400грамм салмакта төрөлдү. Эки күндөн кийин кызым баласын карай албай титиреп жатып калды. Көрсө ичинде уюган кан калыптыр, абдан кыйналып, укол алгандан кийин жакшы болуп кетти. Андан кийин неберем саргайып ооруп, балдар ооруканасына алып бардык. Бизди эки конвой карап жаткан, элдер кир жайган, айнеги ачык кенен бөлмөгө жаткырып коюшту. Ал жерде 8 күн жаттык, неберемдин дене табы эч түшпөй бир колу менен бир буту иштебей калды. Дарыгерлер ага "сөөгүндө ириң бар" деген диагноз коюшкан. Кымбат, күчтүү дарыларды алып жатып, эки айга аз калганда ооруканадан чыгып, кайра абакка барды. Бул жакта балалуу энелерге өзүнчө бөлмө берип, жакшы карашат экен.

"Боорукер адамдар"
Бишкекке келип жакшы адамдарга жолуктум. Бир күнү Степное айылына маршруттук такси кете турган аялдаманы издеп таппай, "Ош базары" жакта айланып жүрсөм, жолдо бир эже кетип жатыптыр. Андан аялдаманын каякка жылып калганын сурасам, "мен да ошол жакка барам, жүр" деп ээрчитип алды. "Ал жакка эмнеге барасың, аялдардын абагы бар, ошого барасыңбы?"- деп сурады эле, баарын айтып берип, "эже, колуңуздан келген жардамыңызды бериңиз, кыйналып жатам. Кайда барышты да билбейм" десем, жардам берерин убада кылып, телефон номерин берди. Ал Сокулук районунун аялдар кеңешинин жетекчиси Дарыйха деген эже экен. Анан бир күнү мени ээрчитип "Сезим" кризистик борборуна алып барды. Барсак жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мени кабыл алып сүйлөштү, "Сезим" кризистик борборунда жашап туруума уруксат беришти. Эртеси Бүбүсара эже мени ээрчитип кызыма келдик. Мен Дарыйха эже менен Бүбүсара эжеге ыраазымын, алар мага көп жардам беришти. Учурда кызымын иши боюнча чогуу чуркап жүрөбүз. Бүбүсара эже "Сезим" кризистик борборунун адвокатын да берген. 13-октябрда сот болду, арыздануучу тарап келбей коюп, сот 9-ноябрга жылдырылды. Эми ушул сотто акыйкат чечип беришет деп ишенем. Анан кайра эле ушундай болсо, анда билбейм... Мындан ары чыдай албайм го. Эч бир эне мендей болуп, көз жашы төгүлүп, баласы ак жерден күнөөлүү болбосун дейт элем.


Сауле СУЛАЙМАНОВА